Орозо он биринчи августта башталат
7-апрелден бери карай Кыргызстандагы мусулмандардын башын кошкон муфтияттагы чырга 26-июлдагы Уламалар Кеңешинин жыйынында чекит коюп, талашка түшкөн муфтийлик орунга Чубак ажы Жалилов шайланды. Жабык эшик артында өткөрүлгөн добуш берүүдө 6 адам талапкерлигин коюп, 33 добуштун 21 Чубак ажыга берилип, 1-турдун жыйынтыгы менен эле Муфтийлик кызматка бекиди. Мындан сырткары Уламалар Кеңеши 11-август, шаршемби күндү Рамазан айынын биринчи күнү кылып, 10-сентябрь, жума күнүн Орозо айт майрамы деп бекитти. Фитир-садака 14 сомдон бериле турган болду. (Орозо календары 16-бетте)


Эмгегиңиз эл үчүн болсун!
Эл кызыкчылыгы үчүн эски режим менен элдешкис душманга айланып, алты баштуу ажыдаардын башын жулгандардын бири, көктөгөнүн бербеген өжөрлүгүнөн элдин алкышына арзыган биздин мурунку Баш редакторубуз Жээнбеков Бабырбек Субанович Президенттин 27-июлдагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин деректири болуп дайындалды. Калк кызыкчылыгында ак жолунан тайбаган агабыздын эл үчүн эмгек кылаарына толук ишенебиз. Кыргызга, мамлекетке, элге жасаган мээнетиңиздин акыбети кайтып, ар дайым ак эмгегиңизден баар табыңыз. Ишиңизге ийгилик!


Барктабасовдун баркы багалектеби?
Закиржан Бакиевдин бийлиги кимдин ким экенин аныктап ылгаганы менен бирге суу жүрөктөрдү деле баатыр көрсөткөн тура. Дегенибиз, "куугунтук" деген сөзгө жамынган коендор арстан, чымчыктар бүркүт болуптур. Колунан коко тыйын келбей, алыста жатып баатыр болгондорду мисалдай берсек огеле көп. Маселен, четелде жүргөн Барктабасов менен өз жериндеги Барктабасовдун "баркы" асман менен жердей айырмаланды. Кыргызстанга жетсе эле тоону томкоро салчудан бетер алыстагы атагы катуу чыккан акебиздин мекенине келгенден кийинки аптарикаты жөнүндө сөз козгоого болбой калды. Урмат дегенде көкүрөгүн окко тосчудай болуп, анын атын атаганда көгүш акчаларды көзгө элестеткен жактоочуларынын маанайы пас. Араб тарапка карыз болуп, аргасыздан качып келиптир деген сөздөр да тарады. Эмнеси болсо Урмат мырзага ишеним арткандардын үмүтү жалп өчтү.


"АТА МЕКЕНГЕ" АГЫЛГАНДАР АРБЫДЫ
7-августта "Ата Мекен" социалисттик партиясынын республикалык сьезди өтөөр алдында партияга өтүүчүлөрдүн жана партияны жактоочулардын катары чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү менен толукталып,партиянын саны күн санап көбөйүүдө. Дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова шайлоого "Ата Мекендин" тизмеси менен катышаарын билдирди. Акаев доорунда биринчи вице-премьер-министр болгон илимдин жаш доктору, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕБРР) кеңешчиси Жоомарт Оторбаев партияга мүчөлүккө өтүп, элинин ысык-суугуна партиялаштары менен бирге күйө турган болду. Илимдин доктору, транспорт министринин орун басары болуп иштеп кеткен Жаннат Бейшенов, тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп кеткен Аскар Бешимов, "Сорос-Кыргызстан" фондусун жетектеп, азыр Борбор Азиядагы Америка университетинде (АУЦА) иштеп жаткан профессор Медет Тюлегенов, президенттин алдындагы башкаруу академиясынын профессору Төлөн Абдыров да мындан кийинки тагдырларын "Ата Мекенге" байланыштырышты.Мүчөлүккө өтүп жатышкан чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын мындай өкүлдөрүнүн тизмесин санай берсек, узак. Партиянын Бишкек шаардык жана республикалык кеңсесинин алды жарандарга толо.
"Спартак" стадионунда өтүүчү "Ата Мекендин" кезектеги сьездине Социнтернге кирген дүйнөнүн он чакты өлкөлөрүнөн, Россиянын "Адилет Россия" ("Справедливая Россия"), АКШнын бир нече штаттарынын ар кайсы партияларынын өкүлдөрү келүүсү күтүлүүдө.


Акимдер да шайлоого аттанып...
Бакай-Ата районунун акиминин милдетин аткаруучу болуп иштеп келе жаткан Таалай Жоробеков кызматынан кетип, анын ордуна Марат Рыскулбеков аким болуп дайындалды. Таалай Жоробеков кызматтан кеткендигин парламенттик шайлоого аттанып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Белгилей кетсек, ал "Замандаш" саясий партиясынын мүчөсү. Ал эми жаңы аким Марат Рыскулбеков "Ата-Мекен" партиясынан экен.


"Ата-Мекендин" арышы кеңейүүдө
Өздөрүн лидер сезгендер, амбициясы ашынгандар чама-чаркына карабай шашылыш түрдө эки адамдын башын бириктирип, партия чүргөй салышканын көрүп жатабыз. Кичине рекламалап, анан үлкөн партияларга кошулуу үчүн чуркай жүгүргөндөрдү көрүп күлкүң келет эй! Эми алдыда мындай кызыктын дагы далайы бар. Эл болсо тазаланууну күтүп жатат. Кайсы партия жаштарды, жаңы жүздөрдү алып чыгаар экен дешип. Бул жаатта партиялардын кимиси өйдө болоорун алардын тизмеси жарыяланганда күбө болобуз. Маалыматтарга караганда эски бийликтин акыр-чикиринен тазасы "Ата-Мекен" партиясы дешүүдө. Алар Акаев жана Бакиевди жата калып колдоп, элге каршы саясат жүргүзгөндөргө жол жок дешиптир. Кечээ "Ата-Мекендин" катарын ТИМде такшалган Аскар Бешимов менен коомчулукка аты дайын Жоомарт Оторбаев толуктаптыр. Азырынча азамат дей туралы.


КАРЫЗДЫН АРТЫ - КАН ТӨГҮҮ
Талас шаарында элдин үрөйүн учурган окуя болду. 1940-жылы туулган, көп жылдан бери жалгыз жашап, ишенимдүү кошуна-колоңдоруна гана процентке акча берип жашап жүргөн Тамара Ивановна Агееваны болжол менен түнкү саат бирлер чамасында ага жакын тааныш эле адамдар эшигин ачтырып, алгач башка таш менен уруп, анан ич көйнөгүн башына каптай салып мууздап өлтүрүп, артынан үйүн өрттөп жиберген. Бул факты боюнча кылмыш иши ачылып,тергөө амалдары аяктап баратат. Кылмыш боюнча шектүү деп 1988-жылы туулган, Т.И.Агееванын кошуналарынын бири Мелис Турдуевич Үмөталиев 33 күн өткөндөн кийин кармалып,көрсөтмөлөрдү бере баштады. Алдын ала божомолдор боюнча Т.И.Агеева кошуна-колоң, жакын тааныштарына берген процент акчасы миллион сомго жакын суммага чаап барат. Шектүү деп сурак берип жаткан Мелис Үмөталиевдин карызы 70 миң сомдой болуп калган.
Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү, милициянын капитаны Бактыгүл Турусбекова жаштыгына карабастан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн бул кылмыш боюнча тергөө ишин сапаттуу аяктап келатат. Бул анын тергөөчүлүк иш тажрыйбасындагы адам өлтүрүүгө байланыштуу бешинчи гана тергөө. Буга чейинки тергөөлөрүнүн бири да кайра тергөөгө жиберилген эмес.
(Бул кылмыш боюнча оперативдүү иликтөө, шектүүлөрдүн ичинен кылмыш жасаганга жакыныраак делген адамды кармоо операциялары туурасында кийинки сандардан окуңуздар.)

"Алиби" пресс