Оюмдасың, Ошум!

Жаман үйдү коногу Бийлейт
Ошентип "Болоор иш болду, боёсу канды" дегендей, акыркы 20 жыл ичинде түштүктө экинчи жолу улут аралык кандуу кагылышуу болуп, анда миңдеген күнөөсүз адамдар өлдү, үй-жайлар өрттөлдү. Эми буга ким күнөөлүү? Баягы эле 90-жылдардагыдай этеги жаман жеринен жыртылган "кыкеңдер" деп айтылууда. Деги кандай жамандык болсо да кыргыздар анын бетине калкып чыгып, күнөөлүү болуп келатат. Ал эми бул кагылышууну уюштурган чыныгы күнөөлүүлөр-өлкөбүздөгү өзбектердин байлары, сепаратисттери болду. Мен мындай ойго "Алиби" гезитинин №38 (103) 2.07.2010-жылдагы санында жарыяланган Зулпукаар Сапановдун "Куралданган диаспораны көрүп туруп, куралы жок кырылган элди күнөөлөгөнүбүз туура эмес" деген макаласын окуп чыккандан кийин келдим. Бул кандуу кагылышууну баштап коюшуп, өзбектин байлары аста секин Өзбек Республикасына качып өтүп кетишип, ушул убакка чейин тайраңдап жүрүшүүдө. "Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымындар кырылат" дегендей, ортодо карапайым калкка абдан оор болду. Ошентип Ошто 10-июнда башталган улут аралык кандуу кагылышуу 13-июнда Базар-Коргондо уланды. Айылдын Сайдуллаев жана Осмонов көчөлөрүндө колдорунда эч кандай атуучу куралы жок жалаң орок, балка, лом, бешилик, таяк көтөрүшкөн жүздөгөн кыргыз жаштары өтүштү. Эки-үч күн катары менен үйүбүзгө тынч жата албай күнү-түнү кудайлап көчөдө жүрдүк.
Дегеле ушул тапта өлкөбүздөгү өзбектерге эмне жетишпейт? Алар үчүн заңгыраган мектептерди, окуу жайларын ж.б. салып бердик. Өз тилинде окуйт, өзбек тилинде гезиттери чыгат. Катардагы өзбектер бизге караганда бир топ эле бай жашашат. Элибизде "Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырда" деген акылман сөзү бар эмеспи. Анын сыңарындай өзбектер Кыргызстанда жашагандан кийин, анын нанын жеп, суусун ичип, абасы менен дем алып келаткандан соң кыргыздын ырын ырдашы керек. Аравия өлкөлөрүндө жашаган башка улуттун өкүлдөрү жергиликтүү калкка теңата боло албастан, аларга тике карап сүйлөшкө да акысы жок экен. Биз кыргыздар дагы ушул ыкмага тезинен өтүшүбүз зарыл. Болбосо өзбектерди тайраңдатып, өтө эле көптүрүп ийдик. Алар биздин айкөлдүгүбүздөн, кең пейилдигибизден ашкере пайдаланып "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" кылып келатышат. Өздөрү "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп"-дегендей, кандуу кагылышты алдын-ала катуу даярдык көрүп, биринчи баштап коюшуп, эми айыпты кыргыздарга оодарып, "осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат" болуп жатканы кандай өкүнүчтүү.
Эми ушундай улут аралык кандуу кагылыштын алдын-ала билип, аны болтурбай коюуга болот беле? Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болсо карапайым калкты эч ойлобой эле жалаң папке бөлүштүн камы менен болуп келди. Ал эми маалында чычканга да кебек алдырбаган улуттук коопсуздук комитети кайда, алар эмне менен алектенип жатышат? Эми "айта берсек арман көп"-дегендей, учурдагы башаламандыктарды бир четинен тизмелей берсек ага кагаз да түт келбестир.
Эми сөзүмдүн акырында айтаар сунушум төмөндөгүчө:
1.Бул кандуу кагылышка туура саясий баа берүү керек. Эгер андай кылбай 90-жылдардагыдай жымсалдап, жумшартып, орду жок бирдемкелер менен карапайым элди сооротуп, нукура чындык айтылбай жабылып калса, мындай өрт кайгылуу окуя дагы бир мезгил өткөндөн кийин кайра башталбайт деп ким кепил боло алат?
2.Учурда бизде 500 миңге жакын өзбектер, ал эми Өзбекстанда 200 миңге жакын кыргыздар жашайт. Өзбекстан жетекчилери менен макулдашып, ушул 500 миң өзбектерди Өзбекстанга көчүрүп, 200 миң кыргыздарды республикабызга көчүрүп алышыбыз керек.
3.Түштүктө жашашкан бардык өзбектерди (эгерде экинчи вариантты иш жүзүнө ашырууга мүмкүн болбосо) өлкөбүздүн түндүк тарабына көчүрүп, республикабыздын бүткүл региондоруна бирдей санда кылып чачыратып таратуу зарыл.
Болбосо "жаман үйдү коногу башкарат" болуп кожоюндук кылууга көнүп калган өзбектер бир күнү болбосо дагы бир күнү адатынча кандуу кагылышты баштап ийиши ыктымал.

Апсамат НУРКАМИЛОВ,
Эмгек ардагери, Кыргызстан Журналисттер
союзунун мүчөсү
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон айылы
Осмонов көчөсү 100




  Пикир

Шайлоого шайдоот баралы
Күздө боло турган парламенттик шайлоолорго камылга көрүү азыртадан эле жүрүп жаткандай. ММКларга көз жүгүртсөк, ага даярдык көрүү жана өткөрүү жаатында көптөгөн кайчылаш пикирлер жаралууда. Алардын эң орчундуусу шайлоочулардын тизмесин жашаган жери же катталган жери боюнча түзүү жөнүндөгү талаштар.
Эң оболу мен өз оюмду да ушул маселеге байланыштуу билдирет элем.
Биз көптөгөн шайлоолордун күбөсү болуу менен шайлоочулардын укуктарынын кайсы мезгилде көп бузуларын көрдүк. Кыргызстан эгемендик алган күндөн баштап элдин ички жана тышкы миграциясы күчөгөн. Жумуш издеп аймактардан Бишкек, Чүйгө оогон калктын катмары басымдуулук кылат. Мына ушундай шартта алар мурдагы каттоодон чыкпай эле кетишкен. Каттоодон чыккан күндө да жаңы жерде катталууга эч мүмкүнчүлүк болбогон. Андай болгон соң прописка боюнча шайлоолордун убагында алар шайлоо укугунан толук ажырап, басмырланышкан жана натыйжада кайдыгерлик жаралып шайлоого кол шилтеп калышкан.
Ал эми жакында болуп өткөн референдумда шайлоолордо жашаган жери боюнча добуш берүү элди шайлоого массалык түрдө катыштырууга мүмкүндүк берип, алардын жигерин арттырып, духун көтөрдү. Жумурткадан кыр издеп, шайлоо системасына өзгөртүүлөр декрет аркылуу болбош керек эле деген шылтоолор суу кечпейт. Эгер элди катталган жериңе барып шайла десең, жашоонун айынан алыскы аралыкка ооп кеткен адамдардын бири да муну жасай алышпайт, натыйжада дагы эле шайлоочунун укугу бузулары анык. Жогоруда айтылгандарга карата дагы бир божомолдор өкүм сүрүүдө.
Алардын ою боюнча шайлоочулар жашаган жери боюнча шайласа эле көрүнгөн участкаларга чуркап калат имиш. Өзгөчө бүгүнкү күндө ар бир абийирдүү адам буга барбайт. Экинчиден байкоочулар менен кварталдык кызматкерлердин көзөмөлүнөн мындай көрүнүштү жаап жашырууга болбойт.
Ал эми кызыкдар партиялардын дал ушундай ыңгайлуулукту пайдаланууга атайын жасаган аракеттерине бөгөт коюу башка маселе.
Жакында өкмөттүн жыйынында, "Эгерде кимде-ким шайлоо учурунда жарышка түшүп жаткан партияларга жардам көрсөтүп, анын кызыкчылыгын көздөй турган болсо, андай адамдарды токтоосуз жумуштан кетирем. Биздин өткөөл өкмөт, анын аппараты шайлоо кампаниясына такыр кийлигишпейт жана кийлигишүүгө акысы жок",-деп президент өз оюн өтө кескин билдиргени баарыбызга белгилүү болду.
Демек, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн баштап өкмөттүк жетекчилерге чейин алдыдагы шайлоолордун таза өтүшүнө тоскоолдук кылбашы үчүн мезгил бышып жетилген көрүнөт.
Ал эми азыркы убакта парламенттик башкарууга өтүүнүн опурталдуу экендиги жөнүндө да ойлор пайда болууда.
Мен буга карата биз жыргагандан жылкычы болдукпу демекчи, бир эмес эки президенттин башкаруусун көрбөдүкпү деп айтат элем. Учурда президенттик башкаруудан тажаган үчүн, эл парламенттик башкаруу чечимин референдум аркылуу бекитип алышпадыбы. Биз бул чечимибиз менен башка мамлекеттерге өзүбүздүн жаңыча эркибизди, эркиндикти көксөгөн дилибизди көрсөтө алдык. Аны бекемдөөгө бар күчүбүздү жумшайлы демекчимин.
Бейшебай МУРАТОВ,
бажы кызматынын ардагери.