Коррупция Топчукени топтой тоголотту

7- апрелдеги Элдик ыңкылаптан кийин Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине келип, корруцияны кокодон ала баштаган Топчубек Тургуналиевди акаев-бакиевчилердин "калдыктарынан" түзүлгөн өкмөт курмандыкка чалып тынды. Жыйырма жыл бою коррупциянын каймагын калпыгандарды колдоого алып, чындык үчүн чыркыраган Топчукени топтой кулаткандардын ана башында азыркы кадр саясатын капшыра кармаган Каптагаевдин турганы айтылууда. Эмикенин көл өрөөнүндөгү токой чарбасын жетектеген тууганын кызматтан алганы үчүн кастарын тигип, жакындарын улам митинг-пикет өткөрүүгө көкүтүп отуруп, акыры демократтын түбүнө жетиптир. Декрет алуу мүмкүнчүлүгү менен гана чектелген УӨнүн лидерлери Э.Каптагаевдин мындай кылыгына нааразы болушуп, чоо-жайын сурашса, куу киши Р.Отунбаевага шылтап кутулуптур. Негизи, чиеленишкен чырлуу коомдук чөйрөлөрдү көңүл, акча деп отурбастан, тыкыр тазалаганга жөндөмдүү адамдар да болот. Андай адамдардын катарына Кыргызстандан М.Эшимканов менен Т.Тургуналиевди кошсок болот. КТРди Эшимканов тазалгандай, Топчукебиз токойчуларды коррупция деген балакеттен куткара албаса да, коррупцияга кекиртектен малынган алкымдуулардан тазалап, жаңы адамдарды апкелип бермек. Тилекке каршы, Акаев-Бакиев мезгилиндеги токойчулардын азуусу курч экен, Элдик революциянын каарманын челип түштү. Өтө өкүнүчтүү...


Акыйкатчы Аркарованы коргоп жүрү...

Закиржан Бакиев заманындагы журналисттик өлтүрүүлөрдөн тайманбай сүр көрсөткөн кесиптешибиз, "Ачык саясат" гезитинин саясий баяндамачысы Сабыр Муканбетовду "Бакиевге өмүр бою ыраазы болгон" Акыйкатчы Турсунбек Акун соттотуп жибергенине бир топ болду. Учурда апелляциялык арызды шаардык сот кароодо. Түбүң түшкүр бу заманда биздеги соттор акылына келээр түрү жок, баягысындай эле даңгыр жол менен кетип жатыр. "Көнгөн адат калабы дегендей" Туке да мындан пайдаланган көрүнбөйбү. Сабыр мырзаны соттоп ийген Аркарова аттуу айым Бекназаровдун жок кылынуучу сотторунун тизмесине түшүп калып, Азикенин алдына бүгүлүп-чөгөлөп отуруп, аны Акыйкатчы чийдирип чыкканы туурасында кеп тарады. Кесиптешибиздин соттолушуна жооп иретинде Аркаровага жасалган "услугабы" деп турубуз. Тукени Кудай урганы калган го?!


Акылбектин "акылы" канчалык?..
БШК төрагалыгына конуп, референдум жайгарылгандан бери Акылбек Сариев дегендин таскагы катуу чыгып, үнү өктөм угула баштады. Кайдан келип БШК "креслосун" кучактаганын, кимдер ал жерди ыроологонун, андан да Элдик төңкөрүштү унутуп бараткансыйт. Закиржанды кууп чыгууда элдин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, башын канжыгага байлаган азаматтардын вазийпасы аягына чыгалектигин билип туруп, билмексендикке салган Сариев, мыйзам деген обон созо баштады. Акылбектин акылына карасак, Шайлоо кодексин декрет аркылуу өзгөртүүгө болбойт имиш. Сатылып кеткен мамлекеттик объектилер декреттер менен кайтып, президент жана Сариев өзү декрет аркылуу кызматка отуруп алып, эки тизгин бир чылбыр колго тийген соң, минтип декреттин күчү жок дегендерге эч түшүнбөй турубуз. Анда таза шайлоо өткөрөбүз деген мурунку БЭКтин, кечээги Убактылуу өкмөттүн лидерлеринин сөзү кайда калат? Кыргызстанды көрүнгөндүн кызыкчылыгы үчүн башкаларга көк бөрү кыла турган оюңуз бар окшойт. Чебердесеңиз экен!


Жерге түкүртпөчү канайым!

Калк бир нерсеге бушайман, коомдун тазаланбаганына. Баягы эле адамдар, баягы эле жүздөр. Айрыкча, Айгүл Рыскулова менен Өктөмхан Абдуллаеванын бийликке келиши Отунбаеванын кадырына көлөкө түшүрдү. Ушулардан башка адам таппай калганбы деп, жерге түкүргөндөрдү кадам сайын жолуктурасың. Элдин нааразылыгы каргыш аркылуу жетээрин турмушта көрдүк, мындай кадамдын арты дурус болбостугун эстерине дагы бир жолу салып коелу. Ооба, Роза айым билбей калды, кадрлык жүрүштөрдү жасоодо Каптагаев өзүм билемдикке барды дегендер жок эмес. Муну жокко чыгара албайбыз. Бирок, чоң саясатта жүрүп такшалган айым бирөөнүн жетегине жетеленип, бир адамдын айтканын аткарбаса керек эле. Албетте, эл шайлагандан кийин кимди коюп, кимди алуу өзүнүн иши, бирок 87 азаматтын арбагын сыйлоо башка маселе болчу. Элди уруп ойнобосо дагы ошол азаматтардын арбагын сыйлап койсо болмок, аттиң. Айтып коюш биздин милдет, аткарып же аткарбоо өзүнүн абийиринде эмеспи, "чачы узун, акылы кыска" дедирбес.


Жалпы мусулман журту жардамга
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев июнь айында Дүйнөлүк мусулмандардын илимпоздор союзунун президенти Юсеф аль-Карадави мырзаны өлкөгө чакырганын укканбыз. Дүйнөгө белгилүү лидер Юсеф аль-Карадави Өмүрбек мырзанын сунушун кабыл алып, өлкөдөгү кыйын кырдаалга карабастан июль айынын ортосунда Египет, Сауд Аравиясы, Катар, Турция, Сирия, Россия сыяктуу ар кайсы 11 өлкөнүн окумуштууларынан куралган делегация Кыргызстанга баштап келип, бийлик өкүлдөрү жана жөнөкөй жарандар менен жолугушуп кайтты. Элди биримдикке, ынтымыкка чыкырган дүйнөгө абройлуу Юсеф аль-Карадави тынчсызданганын билдирген кайрылуу жасап, дүйнөдөгү бүткүл мусулмандарды Кыргызстанга жардам берүүгө чакырды.


"Алиби" пресс