Төр маек

Бермет АКАЕВА:
"Атам келгенде эл жакшы тосуп алышын каалайт элем"
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
- Шайлоолорду бурмалоорлор, жеке ишкерлерге салык салуу Аскар Акаевдин убагында деле орун албады беле?
- Албетте, менин атам бийликте турган кезде дагы бир топ кемчиликтер кеткен. Аны жашырууга болбойт. Бирок мынчалык аша чапкан эмес да. Коррупция тууралуу айтып атышат, коррупция болгон. Бирок, ортоңку звенодо болгон. Айрым чиновниктер Президенттик администрация жетекчилерине чоң суммадагы акчаларды сунушташып, кызматка отурууга аракет кылган фактылар бизге жеткен учурлар болгон. Атам катуу чараларды көргөн. Ал эми бизге жетпегендери канча? Албетте, бул жерде бир үй-бүлө тууралуу эмес, мамлекет тууралуу сөз болуп жатат. бир мамлекеттин бийлик системасын жалгыз бир адам көзөмөлдөп отура албайт. Ал үчүн бийлик системасындагы бардык күчтөр абийирдүүлүк менен иш алып барышы керек.
- Сиз убактылуу өкмөттүн иш-аракетин сынга алып жатасыз, буларга альтернативдүү күчтөрдү атай аласызбы? Деги барбы андай күчтөр?
- Тилекке каршы учурда мамлекеттеги бардык жетекчилик кызматтарга ишке болгон жөндөмүнө карабастан профессионалдуулугу төмөн кадрларды алып келип жатышканы өкүнүчтүү. Мындайча айтканда ким көбүрөөк кыйкырса ошол жетекчи болуп жатат. Канчалаган мыкты кадрлар кызматтан алынып, алардын ордуна деңгээли төмөн популисттерди алып келишти. Мындай учурда мамлекеттеги туруктуу экономикалык саясат тууралуу сөз кылуу бекер.
Ал эми сенин берген сурооң туура, андай күчтөр бар. Эгер мен айрым адамдардын аттарын атасам, коомчулукта ар кандай сөздөр жаралышы мүмкүн. Ошондуктан ишенимдүү түрдө айта алам. Андай күчтөр бар. Бирок, коомчулук аларга мүмкүнчүлүк берип, туура баалашы керек. Кечээ жакында куралган техникалык өкмөттүн курамына дагы ишке жөндөмү күчтүү, тажрыйбасы мол Амангелди Муралиев сыяктуу адамдар кирди. Эми аларга иштегенге мүмкүнчүлүк беришеби, кеп ошондо. Аларды дайындагандары кайсы, биягынан туруп алып Убактылуу өкмөттөгүлөр декреттерди чыгарып жатышат. Анда президент менен өкмөттүн эмне кереги бар? Айтор ар ким өз билгенин кылып атышат. Мындай саясат жакшылыкка алып келбейт.
- 2005-жылы дагы эл Акаевдик үй-бүлөлүк башкаруусуна нааразы болбоду беле?
- Коомчулукта ошондой айтылып келет. Туура, мен танбайм. Бирок, Бакиевдердикиндей кантип болсун? Бир баласы СНБда, бир баласы параллелдүү өкмөттүн башында, бир иниси күч органдарын тейлеп, дагы бири элчи, бирөөсү тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп, туш-туштан тырмактарын матырышты го?! Биздин убакта ошондой болду беле? Болгону Айдар иним Финансы министрлигинде кеңешчи болуп иштеген. Ал дагы мамлекеттен айлык алган эмес. Ал эми мени болсо, парламентке келип спикер болот деген сөздөрдү чыгарышты. Бирок, менин андай ниетим болгон эмес. Болгону, элибиздин келечеги үчүн бир катар маанилүү мыйзамдарды кабыл алсак деген ниет бар эле. Тилекке каршы анын баары ишке ашпай калды. Менин таң калганым, ошол убакта эле менин атам президент болгону менен парламентте өзүнчө эч кимге баш ийбеген, популисттерден куралган мафия бар болчу. Биз экономика боюнча, билим берүү жана жаштар саясаты туурасында бир катар маанилүү мыйзамдарды парламенттен өткөрө албай койгонбуз. Ал эми кээ бир популист депутаттар, болбогон эле мыйзамдарды жазып өткөрө беришчү.
- Эл арасында өлкөнү Аскар Акаев эмес, Майрам Акаева башкарды деген сөздөр тараганын уксаңыз керек?
- Ооба, андай сөздөрдүн далайын уктук. Менин апам тууралуу коомчулукта ар кыл кептер чыгып келди. Бирок, андай сөздөр суу кечпейт. Албетте, апам атамдын айрым саясий кадамдарына кеңешин айтчу. Айрыкча, анын айланасындагы айрым чиновниктердин былык иштерин жактыра берчү эмес. Анткени, ал киши дагы атамдын командасында жакшы адамдар болушун каалайт да. Апамдын мындай кеңештери көп чиновниктердин түн уйкусун бузду. Анткени, апам Таластын кызы болгондуктан мүнөзү да таластыктардай бетке чапма. Көп нерселерди ачык айтчу. Мунусу көптөрүнө жага берчү эмес. Анан ошондон улам, баарын Майрам Акаева чечет деген сөздөр чыкчу да. Бирок, бир нерсени тактап коеюн, муну атам да айтып жүрөт. Кандай гана кеңеш болбосун атам ойлонуп туруп, өзү гана чечим кабыл алчу. Эгерде кимдир бирөөнүн кеңеши жакпай калса ал киши жакыны болобу, же даражасы бийикпи, ага карачу эмес. Көгөрүп туруп алчу. Ал мындай мүнөзүн тээ 90-жылкы реформаларды жүргүзүүдө, ГКЧП болгон учурда ачык көргөзгөн. Анткени атамдын өзүнүн айныгыс принциптери бар.
- Сиздин атаңыз ар бир интервьюсунда 2005-жылдагы бийлик алмашуу үчүн АКШны жана Батышты күнөөлөп келет. Буга кандай негиздер жана далилдер бар?
- Ошол 2004-2005-жылдарда, тагыраак айтканда эки жылда АКШ өкмөтүнүн чакыруусу менен кырктан ашык оппозиция өкүлдөрү барып келиптир. Анан биз данныйлардын баарын карап отуруп "Алга, Кыргызстан!" партиясынын атынан айрым адамдарга чакыруу берүүсүн өтүнүп, АКШдагы бир топ эл аралык уюмдарга кайрылуу жибердик. Тилекке каршы анын бирөө да колдоо тапкан жок. Анткени, Акаевдин бийликте турушу АКШга жаккан эмес. Ушунун өзү эле АКШнын Кыргызстандын бийлигин алмаштырууга болгон аракетин көргөзүп жатпайбы! Анан мен бул маселе боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчисине бир-эки ирет кайрылып сүйлөшкөм. Ал киши болсо, биз демократияны колдоп жатабыз деген шылтоо менен сылык жооп кайтарды.
-2005-жылы Акаев дагы бир мөөнөткө калууга аракет кылып жатат деп күнөөлөшпөдү беле?
- Ооба, ошондой күнөөлөөлөр болгон. Анткени, оппозицияга бийликти алуу үчүн шылтоо керек болгон. Негизи атам, кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын бир нече ирет билдирген. А түгүл, президенттик шайлоонун качан өтөөрү да белгилүү болчу. Атам шайлоону калыс өткөрүп берип кетем деп айтып эле жүргөн. Анткени саясаттан тажап, өзүнүн илимий изилдөөлөрүн баштайм деп жүргөн. Бир катар эл аралык уюмдардан дагы чакыруулар келип жаткан. Бирок, тилекке каршы баары тескерисинче болуп кетти.
Ал эми 2005-жылдагы бийлик алмашуу үчүн жалгыз эле Бакиевди күнөөлөгөнгө болбойт. Анткени, ал жөн гана марионетка болчу. Анын артында Кыргызстанды каалагандай ойноткусу келген АКШ баш болгон күчтөр турган. Биздин оппозиция лидерлери болбогон шылтоолорду бетке кармап, будуң-чаң кылып жиберишти. Ошол эле Бакиевдин жанында көптү үмүт кылып, бийликке чогуу барган адамдар кийин түшүнүштү баарын.
- Аскар Акаев кыргыз элинин алдында күнөөсүн моюнга алып, кечирим сураганга даярбы?
- Атам буга чейин бир нече жолу эл алдында өзүнүн кемчиликтери үчүн кечирим сурап келген. Ал кандай гана кырдаал болбосун, кылмышты кимдер гана жасабасын, ар дайым жалпы жоопкерчиликти өзүнө алып келген. Мисалга Аксы окуясын алалы. Ал жерде атамдын түздөн-түз тиешеси болбосо дагы атам Аксыга барып, каза болгон адамдардын жакындары менен жолугушуп, алардан ар кандай ачуу сөздөрдү укканына карабай, карыган эненин келтек менен чапканына карабай баарынан кечирим сураган. Ар бири менен өз алдынча жолуккан. Бул адамгерчилик эмеспи? Болбосо, андан кийинки эки бийликтин учурунда тең бир топ адам өмүрүн алган коогалаңдуу окуялар болгон. Алардын айрымдарына президент өзү күнөөлүү болгон учурлар болуп атты. Бирөөндө дагы алар барып, күнөөлөрү үчүн кечирим сураштыбы? Эмнеге журналисттер ушундай нерселерди изилдебейсиңер? Ар бир нерсени калыс карайлы да туурабы?
Ал эми Аксы окуясын болсо, дагы деле атама жабыштырышып жатышат. мен бир чындыкты айтып коеюн. 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир ирет Бишкекке келгенимде, атын айтпай эле коеюн, белгилүү эле саясатчы айтып берген болучу. Анын айтуусунда Аксы окуясын чыгаруу үчүн Үсөн Сыдыковдун кеңеши менен Курманбек Бакиев атамды жаманатты кылып, бийликти алуу үчүн атайын операцияга кол койгон. Баарынан таң калыштуусу ошол окуяда тынч элге ок аткан чет өлкөлүк снайперлер болгон. Муну мамлекеттик комиссия дагы аныктаган. Баарынан кызыгы, булар окуяны атам чет өлкөгө расмий иш сапар менен кеткен учурда башталып атпайбы, кашайып. Мен бул окуяны Курманбек Бакиев атайы жасады дегенге ишенем. Анткени, тээ мурда эле ыраматылык Апсамат Масалиев аксакал "мындан кийин бийликке түштүктүктөр келиш керек" деп Курманбек Бакиевге бата бергенин, ал болсо, бийликти алууга шымалана киришкенин билебиз да.
- Эгерде Аксы окуясынын башкы күнөөкөрү Курманбек Бакиев болсо, аны эмне үчүн жазалашкан эмес?
- Ал киши түндүк-түштүк маселесине өзгөчө көңүл бурчу. Регионалдык саясатты, тышкы саясатты өтө кылдаттык менен жүргүзчү. Курманбек Бакиев түштүктүн лидери катары бул маселеде жазадан оңой кутулду десем болот. Эгерде ал камала турган болсо, анда түштүктө нааразычылык жаралмак да.
- 7-апрелден кийин Акаев Кыргызстанга келүүгө ниеттенип жатыптыр деген сөз тарады эле…
- Албетте, ал кишинин Кыргызстанга келүү ниети бар. Канткен менен өз эли, жери. Ал киши дагы сагынат дегендей. Бирок, качан келээри тактала элек. Бирок, Бакиевдин убагындагыдай эле азыр да эч кандай гарантия жок болуп жатпайбы. Албетте, юридикалык жагынан маселе жок. Бирок, коопсуздук жагынан алганда азыр деле ал кишиге карата ар кандай провокациялык иш-аракеттер жасалышы мүмкүн.
Ошондуктан, ал кишинин мындай кырдаалда Кыргызстанга келишин каалабайт элек. Менимче арадан убакыт өтүшү керек го. Мамлекетте стабилдүүлүк орноп, эл ичиндеги антиакаевдик маанай басаңдагандан кийин гана, ал киши Кыргызстанга келгени туура болот. Атам келгенде эл жакшы тосуп алышын каалайт элем.
- Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу демилгесин көтөрүп келе жатат. Буга кандай карайсыз?
- Биринчиден кол тийбестикти парламент гана ала алат. Экинчиден бул Азимбек Бекназаровдун өзүн көрсөтүүгө болгон популисттик аракети. Эгерде Азимбек Бекназаров ушундай аракеттерин уланта бере турган болсо, Акаевди да жактаган, колдогон эл бар. Алар көтөрүлүп чыгып, өз сөзүн айтууга аргасыз болот. Ошондуктан мындай популисттик кадамдар менен алектенбей мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасаш керек. Ансыз да элди кыйнап бүтүштү.
- Ыңгайсыз болсо да бул суроону узатпасам болбойт. Сизди жолдошуңуз Адиль Тойгонбаев менен ажырашып кетиптир деп айтып жүрүшөт ко?
- Эч ким кабатыр болбой эле койсун. Үй-бүлөм менен жапжакшынакай эле жашап жатам. Андай сөздөрдү мен да угуп жүрөм. Бирок ал жалган.
Убактыңызды бөлүп маек курганыңызга ыраазычылык билдиребиз!
Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ
adilet77@mail.ru