ААламдын алпы

Айтматов Өзбекстанга эмне
жамандык кылды эле?!
Эки-үч күн мурун Өзбекстандын көз карандысыз "Харакат" интернет басылмасы Өзбекстандын расмий бийлиги улуттук телерадио компания жана басылмаларда Чыңгыз Айтматовдун атын атоого жана ал жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салынганын билдирди! Бул акылга сыйбас кабарды угаарым менен менин оюма агайдын "Чыңгызхандын ак булуту" деген чыгармасы келе калды. Өзүңүздөр билесиздер, анда башкы каарман Чыңгызхан жортуулга чыкканда табияттын мыйзамына каршы - аялдар төрөбөсүн деген буйругун чыгарат эмеспи! Ошол сыңары Өзбекстандын официалдуу бийлиги Чыңгызханды туурап, Айтматовдун атын атабоого чечим кабыл алышы маңкурттукка жатат. Азыр ойлоп отурам, Айтматов Өзбекстанга эмне жамандык кылды эле?! Эгерде Өзбек бийлигинин Айтматовго ич күптүсү болсо, эмне үчүн Айтматов тирүү кезинде алып чыга алышкан жок?! Жок, тескерисинче, Айтматов Өзбекстанды дүйнөлүк жана союздук басма сөздөрдөгү маектеринде, макалаларында Өзбекстандын социалдык, маданий, адабий жактан жеткен ийгиликтерине кубануу, толкундануу, сыймыктануу менен баса белгилеп жүрбөдү беле! Өзбек элинин кайратман эмгекчилдигин даңазалабады беле! Навоинин, Миртемирдин, Зульфиянын чыгармаларын барган жеринде көкөлөтүп мактап жүрбөдү беле!

Ч.Айтматов өзбек жазуучусу П.Кадыровдун 50 жылдык юбилейин мындайча куттуктаган эле: "...Сен экөөбүз турмушта жана адабиятта курбалдаштар гана эмес, ошондой эле пикирлештербиз, мен ушундай деп эсептейм. Сенин прозаң азыркы өзбек адабиятын бийик көтөрүп турат". Ал эми Миртемирдин чыгармачылык өнөрканасына назар салып, анын ыр саптары бир тууган калктардын эстетикалык талабын канагаттандырып келгендигин айтат. "Миртемир биз, кыргыз окурмандары үчүн, кыргыз адабиятчылары үчүн өзгөчө мааниге ээ жана биздин жүрөгүбүздө өзгөчө орунду ээлейт. Ал өз мезгили жөнүндө, адамдар жөнүндө, Өзбекстан жөнүндө көп нерсени айтууга үлгүрдү, ошол эле мезгилде ал тили боюнча, теги боюнча, тарыхы боюнча боордош өзүнө коңшу элдерге да зор көңүл бөлгөн. Ушунусу менен ал өзгөчө биздин Кыргызстанда кеңири белгилүү болуп, сүймөнчүлүккө татыды".
Кайра куруунун капшабында калып, пахта чуусу көтөрүлгөндө өзбек эли, бийлиги дүйнө элинин алдында "коррупционерлер, алдым-жуттумдар, зыянкечтер, алдамчылар" деген тескери коомдук пикир жаралып турганда Айтматов гана СССР Жогорку Кеңешинин, КПССтин пленумдарынын трибунасынан коркпой-үркпөй актап, коргоп, өзбек элине жана анын жетекчилерине өз намысын алып бербеди беле! Өзбекстанды Борбордук Азиядагы маданий цивилизациянын борбору деп жар салбады беле! Мына ушуларды кантип өзбек бийлигинин жетекчилери унутуп, маңкурт болуп калышат. Өзбек эли Айтматовду жакшы көрүшкөн, жакшы көрүшөт, сыйлашат, урматташат. Нечендеген макалалар жазылып, диссертациялар коргошкон. Айтматов өзбек окурмандарынын жан дүйнөсүнөн орун алганы өзбек бийлигине жакпай жатса керек.
Айтса, айтпаса чындык, 1990-жылдагы Ош окуясын Айтматов өзүнүн өзбек калемдештери Адил Якубов менен Пиримкул Кадыров менен эки элдин ынтымагын, тынчтыгын сактап калбады беле!
Айтматовду өзбек бийлиги да абдан көп пайдаланды. Айтматовдун авторитети алар үчүн калкан болду, тизеге чабылып, өксүп, аксап, чөгүп турган бийлиги Айтматовдун түздөн-түз жардамы менен туруп кетти. Мындан он беш жыл мурун Чыңгыз агай мага Батыштан телефон чалып, Өзбекстандын президенти И.Каримовдун атайын өтүнүчү менен "Борбордук Азия элдеринин ассамблеясын" түзө тургандыгын билдирип, Кыргызстандан аттуу-баштуу отуздан ашуун маданий ишмерлерди, акын-жазуучуларды тандап тизмелөөнү тапшырган эле. Чыңгыз агайдын суроо-талабын канааттандырып, биз Ташкент шаарына чоң делегация менен барганбыз. Өзбекстандын президентинин сунушу менен Чыңгыз агай ассамблеянын төрагасы болуп бир добуштан шайланган эле. Ошондон бери өмүрү өткөнчө өзбек бийлигине кеңеш берип, жардамдашып келген эле. Ал гана эмес Өзбек Президенти И.Каримов Ч.Айтматов жөнүндө официалдуу түрдө бир топ пикирлерди айткан жагдайы бар. Бүткүл дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн кайтканда өзбек элинин, окурмандарынын жан дүйнөсү бошоп, кабыргалары кайышканы чын. Президент И.Каримов да төмөндөгүдөй телеграмма берген эле: "С глубоким прискорбием воспринял весть о тяжелой утрате в связи с кончиной выдающегося писателя, мыслителя и общественно-политического деятеля Чингиза Айтматова.
Отражая действительность в художественных образах, глубоко воздействуя на наши чувства и переживания, Чингиз Айтматов своими произведениями внес большой вклад в сокровищницу мировой литературы. Всей своей жизнью и творчеством он ратовал за дружбу и единение народов, взаимообогащение культур и развитие духовных ценностей.
Чингиз Айтматов был и будет близок узбекскому народу, навсегда останется в нашей памяти как символ беззаветного и самоотверженного служения своей Родине.
Выражаю глубокие соболезнования и прошу передать слова искреннего сочувствия родным и близким покойного". "Айтматов и узбекская литература" деген эскерүү китебин басып чыгарышкан. Анан эмне болуп кетти?! Кантип түшүнүксүз кадамга барышты?! Ош окуясынан улам кыргыз-өзбек элин карама-каршы койгон кара күчтөр эми минтип бүткүл дүйнөлүк жазуучу, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун арбагын сасык саясатка аралаштыргылары келип отурат. Бул популисттик жеңил-желпи саясат эки элдин, эки мамлекеттин ортосуна чок салышы мүмкүн жана жалпы трагедияга алып келиши мүмкүн. Бирок, мен ишенем, Чыңгыз Айтматовдун өзбек окурмандары өзбек бийлигинин чечими менен келише алышпайт жана келишпейт. Алар өздөрүнүн позицияларын, көз караштарын протест катары билдиришет. Өзбек бийлигинин Айтматовду куугунтуктоосунан моралдык жеңилүүгө учурагандыгы азыр эле көрүнүп турат. Дүйнөлүк окурмандардын алдында жууса кеткис уят болушту. Ойлоп көрүңүздөрчү, эгер биз, кыргыздар Ош окуясынан кийин Навоинин чыгармаларын окубайбыз, мектеп, жогорку окуу жайлардын программаларынан алып таштайбыз десек өзбек, дүйнөлүк окурмандар эмне демек?! Сөзсүз айыпташмак. Айтматовго тыюу салуу менен өзбек бийлиги кыргыздардан да, Айтматовдон да өч ала албайт. Күндү кол менен калкалаганга болбогон сыяктуу эле Айтматовдун кадыр-баркына, даңкына көлөкө түшүрө албайт, ал эми өзбек окурмандарынын арасында Айтматовдун күйөрмандары азаймак турсун, көбөйө берээрине толук ишенем. Өзбек калкы Айтматов менен ар дайым бирге болгон, боло берет.
Абдылдажан Акматалиев

P.S.:
Мен Чыңгыз агайдын чыгармачылыгын изилдеп жүргөндө 1982-жылы Ташкент шаарына илимий командировкага барып калдым. Белгилүү акын-жазуучулар, окумуштуулар Камил Яшен, Зульфия, Асил Рашидов, Пиримкул Кадыров, Лазиз Каюмов, Адыл Якубов ж.б. менен таанышып, Чыңгыз агай жөнүндө жылуу сөздөрдү угуп, аларды басма сөзгө өз убагында жарыялагам. "Айтматовдун өзбек адабияты менен маданиятына тийгизген таасири зор" деп бир ооздон айтышкан эле. Кийинки жаштар да "Айтматов мектебинен окуп чыктык" деп айтышар эле. Мен ишенем бул сөздөр азыр да актуалдуу. Өзбек эли Айтматовду жакшы көрүшөт.
Кызык, кечээ ушул кабарды уккандан кийин Чыңгыз агай түшүмө кириптир. Биз жашаган эски Тимирязев көчөсүндөгү үйгө келиптир. Үстүндө аппак көйнөк. Жамгырдан кийин суу болуп калгандай, бир аз чыйрыгып, бүшүркөнүп тургандай абалда экен. Бир аздан кийин "үйүмө кетем" деп калды, мен болсо "дагы суу болосуз" деп, башка бөлмөдөн аппак костюм алып чыгып берем. Бирде бул костюм агайдын бир кезектеги өзүнүн кийип жүргөн костюмундай сезилет. "Кайдан алдың?" - деп сурайт го деп ойлоп коём. Бирок, костюм меники болгондуктан, агайга чак келсе экен деп тынчсызданам. Агай кийсе далма-дал келип, агайга костюм жарашып калды. Ошол элеси агай сүрөткө түшкөндөй көз алдымда турат...