Арманым аттын башындай...

"Экономикалык эркиндик болот"
дейт, анын мааниси Бакиев айткан эле сөз эмеспи?
НПОнун, бизге демократияны үйрөткөн кызматчы юристи айтты эле: "бизде игра в демократии" деп. Демократия биринчи кезекте тартип экенин ойлобой "создавать видимость" болуп жатат. Артында мурдагы эле абал паракорлук, эки жүздүүлүк, мансапкорлук...


Эми менин айтайын дегеним мен жана менин үй-бүлөм башынан кечирген ишти "Бөөдө кырсыкта калгандарды, алардын аргасыздыгын көрүп жүрөбүз, ошолордун бири экенбиз да" деп калган элек. Андай десек бул кыйноонун, басымдын, кордуктун, жалаанын аягы бүткүдөй эмес.
Мен 60 жашка чыктым, анын 9-10 жылы соттук процесстер алардын төмөндөн жогору, кайра-кайра тажатма чечимдери, адвокаттар, кымбат акы алып ишти бүтүрөм дегендер, адам укугун коргойбуз деген НПОдун юристтери, журналисттер, көз каранды эмес журналисттер, укук коргоочумун дегендердин артынан ээрчип, аларга ишенип жүрдүм. Алардын кеп-кеңеши менен президенттерге "танкаларга" кат менен кайрылдым. Алардын кээ бирлерине Т.Тургуналиев, К.Айдаров, Масалиевдерге Бишкекке барып, көп кыйынчылыктар менен иш кабинетине кирип, арыз-муңумду айтып жолуккандан кийин анан өзүмчө бир жыйынтык чыгардым, көрсө, мен 1965-1966-жылдардагы мектептин бүтүрүүчүсү катары "Коммунизмди куруучулардын моралдык кодекси" дегенди 5 деген баага тапшырып, ошол дилиме сиңип калган экен.
"Адам жарыктыктын коногу" делинет экен, ал конок артынан эмне калтырат, изи калбаса сөзү калбаса, анан эми жөн эле далбаса кылып жүрүп, өтүп кеткендер дагы бар. Мен Ф.Кулов "Элдик фронтко" деп чакырык таштаганда Бишкек шаарына барып, Юдахина 70 ти таап, офисине кирсем Бөдөш Мамырова деген журналга каттап "сиз ошо Жалал-Абадга парк Токтогул, интернет-кафе "Эркиндик" Султанова Мукадам дегенге жолугуңуз, ал жерде дагы элдик фронт уюшулуп жатат" деди. Келсем ал жер жабык, печатталган көрсө, Бакиевдин туулуп өскөн жеринде ага каршы эч ким чыкпаган экен.
Урматтуу редакция, бир нерсени баса белгилеп айткым келет, ал сөз дайым эле айтылып жүрөт, мына айталы: "Бей-бечара Мелиске колуңду сун" дегенинен ага ал депутат болуп турган мезгилде кайрылгам, ал М.Султановго жөнөтүп ошо менен жооп болбоду. А.Бекназаровго Генпрокурор болуп турганда ага кайрылдым, ал дагы тез эле өз ордунан түшүп калганына байланыштуубу же башкабы жооп болбоду.
В.Шекспир: "Дүйнө жүзү чоң сахна андагы адамдар баары актерлор" дегени ырас, себеби мен жогорудагы айткан саясатчылардын биринин "подопечнигин" мен көрүп билип жүрөм, анан ойлойм ушундай ыпылас адам менен ушундай чоң саясатчы кандай максатта, мамиледе экен же орустар айткандай "столкни зло на зло" деген максатта кармап жүрөбү деп ойлойм.
НПОнун, бизге демократияны үйрөткөн кызматчы юристи айтты эле: "бизде игра в демократии" деп Демократия биринчи кезекте тартип экенин ойлобой "создавать видимость" болуп жатат. Артында мурдагы эле абал паракорлук, эки жүздүүлүк, мансапкорлук эмеспи?
К.Бакиев өз убагында "частный бизнести колдойм" ага жол ачык деген. Азыр Т.Сариев: "Экономикалык эркиндик болот" дейт, алардын мааниси ошол Бакиев айткан эле сөз эмеспи. Убагында акча жаңы алмаштырылып 1 тыйындык кагаз акчада "Кыргызстан 1 тыйын" деп жазылып калган эле. Ал эл арасында сөз болгон, эми андай бекер сөздөн алыстап, азыркы Убактылуу өкмөткө кимдер келсе, алар демек татыктуу деп эсептейли.
9-10 жылдап чечилбей жүргөн маселе, бул бир эле мага тиешелүү маселе эмес элдин баарына керектүү нерселер. Мына менин 5 кыз 2 балам бар. Анын ичинен 2 кызымды турмушка бердим бала-чакалуу, кудайга шүгүр, 1 кызым 1-группада инвалид уулумду (кичүүсү) карап, акмалап ошого байланган, калган 2 кызым мектепте окуйт, аялым II группадагы инвалид, ал эми үйлөнгөн үч балалуу балам акыркы 3-4 жылдан бери пайдасынан зыяны 10 эсе көп, кыскасы, социализм мезгилинде мындай үй-бүлөнү "иждивенцы" дешет эле. Азыр мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө деп айтышабы, билбейм. Бирок, азыркы убакта кимдин ким менен кандай иши бар, кайра бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы дейби, кимиси болбосун кытмыр сөзүн бизден аянбайт.
Ушунчалык үйдө ишке жарактуу адам 60 жаштагы мен, 12-9 жаштагы секелек кыздар болсо дагы өкмөткө жыл сайын 10 миң сомго жакын салыкты квитанция эмес банк аркылуу салык төлөйбүз. Салыктан ажалдан өлүп кутуласың деген сөз бар, ошондой дейли бирок, маселенин башка ойлонто турган жактары бар. Жаңылбасам академик, Т.Койчиев "салыкты населениенин жогорку жана төмөнкү катмары төлөбөйт, ортоңку катмар гана төлөйт дегени" азыркыга чейин актуалдуу. Чиновниктер, анын туугандары эч кандай салык дегенди билбейт, төмөнкү катмар белгилүү себептен улам төлөшпөйт.
Электр энергиясына 100% налог көбөйтүлсө жалпы калайык жок ал туура эмес деп, салык мурдагы өлчөмүнө келсин деп көтөрүлдү. Анан эле жакынкы жайыттын налогу 400% ке өссө эч ким эч нерсе дебегени кандай? Эми бул ишти жеринде болуп салык өндүрүү кандай механизмдер менен ишке ашырыларын мониторинг кылган ким бар?
Өткөөл мезгилде салык жана башка чечилсе керек деп, малым менен көчүп алар көпүрөдөн, "налогду төлөбөсөң өтпөйсүң" дегенинен нөшөрлөгөн жамгырда, кыздарым менен туруп, акыры натуралай төлөп өттүк. Келгиле ушул биздин айыл өкмөткө ким канча салык төлөөрүн (банк аркылуу) мониторинг кылалы, арткы 5 жылды карап көрөлү. Эгерде менин күмөнүм туура чыкса, анда мен чиновникмин дегендер Ак үйдүн алдында курман болгондорду жөн эле жаза басып жыгылып өлгөндөр деп билишеби? Дагы бир жагдай 30-20 га жерди арендага алган жаран, ал бизнеси бар ишкердей эле пайда табат. Эми ушунчалыкка баргандан кийин жеке проблемаларымды да айта кетейин.
1. Эмне үчүн 20 жылдан бери арендага 1 сотик да жер ала албайм, жок дешет?
2. Эмне үчүн I группа инвалид балам 20 жаштан ашты бир дагы гумпомощь дегенди билбейбиз. Жалган болбосун бизде жер көчкү болгондо А.Акаев вертолет менен келип, биздин айылга конгон ошол жылы 5 кг ун, дагы май берсе керек эле. Мен кардыма ыйлабайм, эгерде балама сага ушуну өкмөт бериптир деп бергенин көрсөтсөм балам сүйүнүп калат беле?
3. Эмне үчүн ушул балам ооруп калган учурда же атайылап көргөзүп коёлучу деп (Жалал-Абад обл. оорукананын) невропотология бөлүмүнө барсам дээрлик орун жок, эптеп гл.врачтын орун басарынан орун алдырсам 2 күндөн кийин сенин балаң учук оорусу бар экен деп ошо жакка жөнөтөт, ал жакка алып барып, алар текшерип сенин балаң таза эле экен кайра алып бар дейт, жөн эле буларга карап туруп сөз таппайсың, аларга акча керек экенин кийин түшүнүп калам.
4. Сокурду жарга кыстагансып мен балам менен убара болуп жүрсөм, үйдө оорулуу аялым кызым ыймансыз адамдардан ашыкча зыянга учуратышты.
Силерден сураныч, менин айткандарымды жүйөөлүү деп тапсаңар жакындан жардам берип койгулачы?

Мукалбек Казиев,
Жалал-Абад областы
Сузак району
п/о Сок-Таш
Кызыл-Туу айыл өкмөтү
Алмалуу айылы