Ыр дүйнө

Тоолор турсун кылым бою былк этпей,
Мына менин жашоомдогу тилегим.
Негизи, ак халатчандардын ичинен аруу дүйнөсүн ырга айланткандар аз кезигет. Анын бири - Кыязбек. Бул хирургдун ар кыл темада жазган макалалары басма сөз беттерине жарыяланып келет. Ал эми кээде отура калып ой толгоп поэзия дүйнөсүнө сүңгүйт... Эмнеси болсо да, анын ыр саптарынан эл-жерге, тууган-доско болгон ысык илеп уруп турат.


СОҢ-КӨЛГӨ КАЙРЫЛУУ
Соң-Көлүм, берметисиң көлдөрүмдүн,
Сагынып, сапар тартып келдим бүгүн.
Толкунуң толкуп турса желде ойноп,
Тоо суусу черткен сымал чоң
кербезин.

Ала-Тоом курчап турат айланаңды,
Ардактап ата-бабам көз салганбы.
Чөйчөккө куюп койгон кымыз сымал,
Чайпалбай сыр катасың же жалганбы?

Кыргызым карегиндей сактап келген,
Кадимки хан Жантайды эңсеп көргөн.
Кадырлап-барктап келген Соң-Көл
жерин,
Хан Жантай жер соорусу деген экен.

Атыңдан каглайын Соң-Көл деген,
Эл-журтум сыймыктанат сени менен.
Көөдөнгө курган жүрөк согуп турса,
Душманга топурагың тебелетпейм!

ТААЗИМ САГА, БААТЫРЛАР!
Ңтүп кеткен апаат күндү эскертип,
Сумсайыңкы тиктейт мени эстелик.
"Көрбөй калдың кандуу
согуш күндөрдү,
Бактылуусуң бейпил жашоо
туш келип…"

Тээ батышта кандуу майдан согушта,
Жалтанбадык ажалдан да ок учас.
Талкаладык далай фашист желдетин,
Бузуп кирген чек араны доңузча!"

Мекен үчүн курман болду далайлар,
Арасында Кадыркулдай агам бар.
Чыркыраган огу тийип фашисттин,
Дон жээгинде болгон экен жарадар.

Башымды ийип таазим кылам,
эстелик,
Келдим эле мен агамды эскерип.
Чындыгында мен бактылуу экенмин,
Таалайыма бейпил жашоо тиуш
келип.

Эл-жер үчүн курман болгон
баатырлар,
Эч убакта унутулбас атыңар.
Ата-Мекен аман-эсен турганда,
Айкелиңе алтын тамга жазылаар.

БОЛСОңЧУ ПЕРИШТЕСИ
ТЕҢИР-ТООНУН
(Врач-педиатр Жамилага)
Аралап шибер чөбүн Көк-Кыянын,
Терчү элек тоо гүлдөрүн, сарымсагын.
Тентек жел согуп турса бетти аймалап,
Саамайы желде ойночу Жамиланын.

Арадан өттү күндөр, өттү убакыт,
Алыстан даңкыңызды көп угабыз.
Ал доктур, профессор борбор шаарда,
Айталы, ишмерлигин сиз сураңыз.

Ак эмгек адамзатты коштоп келет,
Алла да эмгектенсең өзү берет.

Алма быш, ачтым оозум,
мынакей, деп,
Сен жатсаң ырыскыны кимдер берет?

Жамила жаратыптыр бир топ эмгек,
Даңкына ал адамдын ким теңелет?
Ийнелеп кудук казып күүнү-түнү,
Илимпоз аталыптыр биздин жердеш.

Эл үчүн эмгектенчи күнү-түнү,
Тилейбиз аман-эсен жүрүшүңдү.
Мүнөзүң жылуу-жумшак жоодураган,
Балким сен Теңир-Тоонун гүлүсүңбү?..

ТООЛОР - МЕНИН ТИРЕГИМ
Тоолор, тоолор, Тоолор менин
тирегим,
Тоо деп согот тоого окшош жүрөгүм.
Тоолор турсун кылым бою
былк этпей,
Мына менин жашоомдогу тилегим.

Ата-бабам мекендеген тоолорум,
Бийик аскаң, бүркүт учкан зоолоруң.
Адыр толгон атыр жыттуу чөптөрүң,
Билем анын дартка даба болоорун.

Кыргыз элим карегиндей сактаган,
Тоолор бар деп сыймыктанам,
мактанам.
Ак мөңгүлүү, күмүш түстүү Ала-Тоом,
Бир сендейди таба албасмын
башкадан.

Тоолор-тоолор,тоолор менин
тирегим,
Тоо койнунда жашап өмүр сүрөмүн.
Кылым бою кыймылдабай турса деп,
Тоолор, сен деп согуп турат жүрөгүм.

Кыязбек
ДҮЙШӨНОВ,
врач-хирург.




Кордолгон кайран тил
(Расмий тилге расмий ыр)
Эне тилим, эми кандай кылайын,
Жүрөгүмдү эзип салды убайым.
Улутубуз урап бара жатса да,
Унчукпайбыз, атаңоозун урайын!

Көкүрөк көр, сокур болуп көзүбүз,
Тепселейбиз өзүбүздү өзүбүз.
Миң жыл мурда Манас
бабам сүйлөгөн,
Тилибизди кордоп жаткан кезибиз.

Жетет бүгүн миң бир амал, азгырык,
Аты калып, заты башкы азбы улут?
Чала кыргыз болгучакты алалы,
Метиркеге оруспуз деп жаздырып.

Кайран тилим, кордодук ээ
кордодук,
Жаман үйдүн коногуна зордолуп.
Апрелдин жетисиндей жабыла,
Атаганат, бир силкинип койбодук.

Тургунбек БЕКБОЛОТОВ,
Кара-Буура району