Кошуна
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
...Алардын каякка, качан кетип калганын эч ким ошентип билбей калган.
Жылдар өткөнү менен жүрөктө калган изди эч ким өчүрө албайт экен. Байкуш Таня ичтен чыккан ийри жыланды өмүрү өткүчө иликтеп жүрдү. Албетте, ошол, боюнан бошоор замат эмес. Анда эмне, жаш болучу. Аруу махабаты бетине чиркөө болот экен деп ойлобоптур го балалыгы менен... Анан, кайра үйүнө барып, өзүнүн эле тууган апасы, бир туугандарынын жекирүүсүнө кабылганын айт. "Биздин эл караган бетибизди жер караттың..." деген сөздөн кутула албады. "Керек болсо, мен силерден минтип эле кутулайынчы" деп мойнуна жип салып да көрдү. Анда кайра чырылдаган апасы ортого түшүп, "жүргүлө, бул жерде жашап турганда биз баарыбыз мындай сөздөрдөн кутулбайбыз" деп алдын ала сүйлөшүп, анан бир түндүн ичинде эч кимдин көзүнө көрүнбөй көчүп кетишкени да ошондон.
Башка районго, башка селого көчүп, башка мектепке окуганы барганда - сүйүнгөнүн айтпа! Ал үчүн турмуштун жаңы барагы ачылгандай болгон. Эмне, Санжардан башка бала табылбайт бекен? Алгачкы махабат деген деле - балдардын оюнуна окшош да. Али алдыда чыныгы махабаты күтүп тургандыр. Эх! Таня дагы кайрадан бирөөлөрдү сүйгүсү келди, сүйдүргүсү келди кимдир бирөөлөрдү!

ХХХ
Ошентип, жаш кыздын көкүрөгүндөгү алгачкы махабат өчүп, дымып калгандай болду. Далай жигиттер менен дос болуп, далай жигиттен көңүлү калып, далай жигиттердин көңүлүн калтырды. Эми, бул - адам тагдырында жолукчу анчейин эле нерселер дечи. Ошентип тагдыр жаралат эмеспи... А бирок, жүрөгүндөгү ийненин көзүндөй болгон чекитте анын эң кымбат адамы - өзүнө да көрсөтпөй этек алды алып кетишкен баланын ысмы кала берди. Анын ысмын деле билбейт. Бирок,"Санжарга уйкаштырып койгула" деген бир өтүнүчү аткарылмак. Кичинесинен кыргыздар менен аралаш жашаганынан ал кыргыздардын аттары кандай экенин жакшы билчү. Анан да, Санжардын таежеси жашаган айылды, таежесинин Алима экенин да билчү. Ушунун баарын эсинен чыгарбай, дилинде миң ирет кайталап келген. Өмүр бою.
Жашоо токтобойт, жашоо улана берет. Таня да үй-бүлө күттү, кыз тарбиялады. Жашоонун оош-кыйыштарын башынан өткөрдү. Акыры, өмүрүнүн аягында кызы менен калды. Ошондо да кызына "лам" деп ооз ачкан эмес. Деги эч кимге башынан өткөргөндөрүн айтканды каалачу эмес. Кичинесинен көңүлү калып калгандан го, сыягы. Бир эле жолу мастык менен кошунасына жанагинтип айтып алганына эртеси күнү оозун кармана өкүнгөн.
Антсе да, өмүрүнө күз түшүп, өзү да оорулуу болуп баратканда, кызына билдирбей, тагдырынан өткөн кишилерин издеди. Эми, кызы күйөөгө тийип, алыска кетип калганда, аны карап отурган ким бар экен. Бир кезде, кичинекей кезинде жашаган айылга атайын барып, Санжарды издеди. Оо, Санжар да үй-бүлөлүү,балалуу-чакалуу, неберелүү болуп калыптыр. Алгач, бири-бирин тааныбай турушту.
- Мен - Танямын, - деди ал Санжарга.
- Ким? А Таня деген ким эле? - деди Санжар элейе карап.
Танянын күйбөгөн жери күл болуп кетти.
- А менин балам каякта?!- деди ызалана.
- Кайсы балаң? - деп сурады Санжар ого бетер таң калтыра.
Эми чындап ачуусу келди Танянын.
- Ой, сен чын эле мени унутуп калдыңбы? Мындан канча жыл илгери, мектепте окуп жүргөндө...-деп баштаганда, Санжар аюудай бакырып жиберди.
- Токтот! Мен ал окуялар жөнүндө уккум да келбейт. Мен эч кимди тааныбайм!!!
Алдында зиркилдеп турган адамдын бир кезде сүйгөнү Санжар экенинен күмөн санап кетти шордуу Таня. Эми аны менен сүйлөшүп деле кереги жоктугун түшүндү да, баягы, аны алып кеткен Санжардын таежесин издеп жөнөдү. Бат эле тапты. Баягы өзү барып төрөгөн үй ошол бойдон туруптур. Алима карып кеткендей көрүндү. Алгач барганда тоңдоосун "Эмнеге келдиң?!" дегендей кабыл алганы менен, аял, эне да, бир аз унчукпай отурушкандан кийин өзү сөз баштады.
- Кудайга шүгүр, Сардарым чоңоюп калды. Эстүү, кагылайын. Ушу баламды үйлөнтүп-жайлантып, келинимдин колунан чай ичип, неберемди жыттасам экен деп кудайдан тиленип отурам,- деди. Анан кайра:
- А сен аны менден алып кеталбайсың!- деди кайраттуу.
Таня шашып калды.
- Жо-ок, эже! Мен антип келген жокмун. Мен андан кечирим сураганы келдим. Өмүрүмдүн акырында, бир да жолу энелик милдетимди аткарбаганымды моюнга алуу үчүн келдим.
- Мен сени менен аны тааныштыра албайм!
- Эже...
- Жок, айтпадымбы. Ушу бала үчүн Санжар менен канча кырылышып, акыры, туугандыктан кетиштик. Экинчи ирет босогомду аттап келип, же балага көз кырыңды таштаба -деп ант ичиргем ага!
Танянын жана эле Санжардын аюудай айкырганын эстеп жүрөгү мыкчыла түштү. Андан катуу көңүлү калып кетти эле. Көрсө, кеп башкада турбайбы. Көрсө... көздөрүнө ысык жаш келип, көөдөнүндөгү эчен жылдар бою тоңуп жаткан муз көлкүлдөп эрип баратты...Ушундай бир уңулдап ыйлагысы келди. Дал ушул маалда сырттан чап жаак бала шыпылдап кирип келди. Танянын жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Сардарды ал бир көрүп эле тааныды!

ХХХ
Ушул эки аялдын тагдырын бир түйүнгө байлап койгон Сардарга алар эч нерсени билдиришкен жок. Эки-үч саат өздөрүнчө көп нерселерди күңкүлдөшө сүйлөшүп, кеңешишти. Акыры, таежеси өзү эле шаарга барып, алар сүйлөшкөн иштерди бүтүрүүнү чечишти. Бардык иш бүткөн соң, анан гана Сардарга баарын айтып беребиз деген тыянакка келишкен эле. Бирок, алар ал мүдөөсүнө жетпей калышты. Үйүн "Сардарга мурастап белекке берем" деген тилкатын калтырган бойдон Таня о дүйнөгө аттанды. Эгерде мурдараак ачык айтып койсок, бала неме чычалап, экөөнө тең терс карап басып кетеби дешип экөө тең коркушкан. Кичине болгондо - үйдү оформить этип бүткөн соң бардык нерсе ачыкка чыкмак.
"Бири кем дүйнө" деп коет экен. Ушинтип, өзүнүн апасы таштап кеткен үйгө квартирант болуп жашап жүргөнүн Сардар кийин билди. Билгенде эмне?! Анын жүрөгү эч нерсени сезген жок.
- Апа, мага жомогуңду айтпачы. Кантип эле бир баланын эки апасы болсун? Менин апам - сен! Сенден башка мен эч кимди апа деп билген эмесмин жана билбейм!- деген Сардар бир ирет бул квартирадан чыгып айылга да кетип калган. Антсе да, баарын түшүндүрүп ыйлап-сыктаган апасынын сөзүнө көнүп кайра келген. А келгени менен кудум эле квартиранттай болуп жүргөнүн карабайсыңбы. Анын минтип жүрүшү жакпай, "Муну үйлөнтүп туруп, ушул үйгө киргизип койбосом болбойт" деген акыл калчаган апасы. Уулу сүйлөшүп жүргөн кызга жуучу жиберип, ата-энесинин макулдугун алып,минтип келин киргизгени отурганы да ошондон.

ХХХ
...Үйдү жыйыштырып жатып, Таня алыстагы кызына жазган катын таап алган Алима аны кызыгып окуп чыкты. Анда алгачкы махабаты Санжар тууралуу, уулу Сардар тууралуу жазылыптыр. Бирок, жиберилбептир. Алима ансыз да эмне кыларын билбей жүргөн. Кызы келип "силер ким элеңер?" деп сураса, аны кантип далилдеп беребиз деп убайым жеп жүргөн болучу. Ошол эле күнү ал кат менен бирге Сардардын үйлөнүү тойго чакыруу сүрөтүн кошо бандероль кылып салып жиберди Оксанага.
Андан көп өтпөй Оксана телефон менен сүйлөшүп, апасынын бул сырын билбегенин, бирок, азыр угуп алып таң калса да аябай сүйүнгөнүн айтып, тойго сөзсүз келээрин билдирди...
Бул кабар ошол эле күнү кошуналарга жетти. Алгач укканда баары уккан кулагына ишенбей улам-улам сурашып такташып,бу, адам тагдырынын татаалдыгына бир сыйра тан беришти.
Ал эми жаңы кошуна тойго кызуу даярдана баштады...

Нурбүбү БӨДӨШОВА.