Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бир собол

Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөнүнө карабай АКШ менен Россия баштаган бир катар мамлекеттер кыргыз бийлигине сыртын салууда.
Буга кандай карайсыз?
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

- Мен мындан эч кандай өөнчүлүктү көргөн жокмун. Биринчиден, президенттин инаугурациясына бир катар мамлекеттердин дипломатия өкүлдөрү катышты. Ушунун өзү таануунун белгиси деп эсептейм. Сөзсүз эле, Обама же Медведев телефон чалышы керек эмес да. Ал мамлекеттердин элчилери аталган иш-чарага катышкандан кийин, кадимкидей дипломатиялык аракеттер улана берет.


Мукар Чолпонбаев, экс-спикер:
"Менин пикиримди Америка менен Россия колдоп жатат"
Албетте, булар мыйзамдык талаадан четтеп кетишти. Менин пикиримде, дагы бир топ кыйынчылыктарга туш келебиз го деп ойлоп атам да. Татыктуу Конституциялык реформа өткөрө алышкан жок. Референдум өткөрүп жатканда, конкреттүү түрдө, ушу киши президент болушу керекпи деген суроо коюлган эмес. Мунун өзү алардын легитимдүү эместигинин белгиси. Референдумдун өтүшү менен эле, президент шайланып калды деген маселенин коюлушу, бул өзү башынан туура эмес болуп калды. Мен өткөндө Текебаев менен "Ыңгайсыз суроолорго" чыкканда айтпадым беле, бул референдум легитимсиз деп. Мына ошол менин айткандарым орустар, Америкалыктар тарабынан колдоого алынып жатат.


Сагынбек Момбеков, ырчы:
"Жакында эл өзүнүн сөзүн айтат"
Эл аралык коомчулук деле булардын келечеги тайыз экенин сезип атат да. Болбосо, 14 киши келип эле эч кимден сурабай туруп, өз билгенин жасаганы бул акылга сыйбаган жорук да. Болбосо, элдин атынан сүйлөгөнгө ким укук берди буларга? Анысы аз келгенсип, бир суроонун ичине 3-4 маселени бириктирип өткөрүп алышты. Мен бүгүнкү бийликти толугу менен мыйзамсыз деп эсептейм. Жакында эл чогулуп, өз сөзүн айтат. Ошол баа гана татыктуу, калыс баа болот деп ойлойм.


Дастан Сарыгулов, экс-мамкатчы:
"Аны Америка менен Россиядан сурагыла"
Муну билбейт экенмин. Алардын өзүнөн сураш керек. Мен кантип жооп берем алар үчүн? Билбейм. Бирок, себеби бар болуш керек. Мен муну ойлонбоптурмун, билбептирмин. Эми изилдеп аткандан кийин силер балекеттин баарын билесиңер да. Мага ал маанилүү эмес. Негизги маселе түштүктөгү кырдаалды жайгаруу. Ал эми тигилердин мамилеси, бул онунчу маселе. Анан момундай маселени мен ойлонбоптурмун. Билбейм, Америка менен Россиянын өзүнөн сурагыла. Рахмат чалганыңарга. Түүт-түүт-түүт...


Мирхамид Токтогулов, жаштардын өкүлү:
"Баары акырындык менен өз ордуна келет"
Мындан саясат издөөнүн кажети жок деп эсептейм. Биздин өкмөт легитимдүү эмес жол менен келгендиктен алар чоочулап, дагы кимиси келип калат деп сырттан карап турушту да. Эми президент шайланып, расмий кызматка киришкенден кийин акырындап кол сунууларга күбө боло баштайбыз. Менимче бул эл каралык мамилелердин тарыхында боло келчү жагдай.


Айбек Бузурманкулов, "Ак-Шумкар КУТ" жаштар бирикмесинин төрагасы:
"Булар татыктуу башкаруучу боло алышпайт"
Мен бүгүнкү бийликтин саясатын колдой албайм. Анткени, учурда мамлекетти башкарып жаткан адамдар өз улутун сүйө алышпайт. Менимче сырткы мамлекеттер дагы ушундай критерий менен мамиле жасашса керек. Эгерда кайсы бир мамлекеттин бийлиги өз элинен колдоо таппаса, шалаакылык кылса, ынтымагы жок болсо, анан кантип мындай бийликти эл аралык коомчулук жактырат. Элдин баарын коркутуп, Текебаев баш болуп, эгер референдум өткөрүп албасак өлүп калабыз деп элдин үшүн алышканы туура эмес да. Булар ишенимдүү кадам таштай албай жатышат. Элге үмүт бере алышпай жатышат.


Даярдаган Адилет Айтикеев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??