Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ук, бурадар!

Кишенден бошонгон рухтун ырлары
Советбек Байгазиев

Окумуштуу-публицист Советбек Байгазиевди акын катары адабий сахнага чыгат деп эч ким күткөн эмес. Бирок, ал ыр храмынын босогосунда талапкер акын болуп жүрбөстөн эле, поэзиянын эшигин капыстан шарт ачып, ишенимдүү кирип келди да, өзүнүн адабий көнүмүштөн бөлөкчө жазылган руханий-интеллектуалдык, патриоттук, философиялык ырлары менен окурмандарды кыйла ынандырып да, үмүттөндүрүп да койду. Себеби, ал өзүн поэзияга өмүр бою тымызын даярдап келиптир. Ишенимдүү кирди дегеним анын 2007-жылы жарыкка чыккан "Бүркүттүн көз жашы" аттуу ыр китеби окурмандардын арасында резонанс жаратып, филолог адистердин, адабиятчы, сынчылардын, калемгерлердин жакшы баасына арзыды. "Бүркүттүн көз жашы" китебин окуп чыккан такшалган таланттуу акын Карбалас Бакиров "Бунтарь акын" ("Эркин Тоо" - 18.03.08.) деген макаласында толкунданып: "ал ушул бир китеби менен кыргыз поэзиясында өзүнчө орунду ээледи деп ойлоймун" деп жазса, китепке болгон талкууда белгилүү сынчы - С.Тиллебаев жыйнакка "окурманды моюткан мыкты ырлар топтолгондугун, ой менен эмоция айкалыша келгендигин", көрүнүктүү сынчы Санарбек Карымшаков "Бүркүттүн көз жашы" баягы "белестеги беш ыргай" дегендей эмес, ойго чакырган интеллектуалдуу поэзия, "бүркүттүн көз жашы - биздин көз жашыбыз" экендигин, филология илимдеринин кандидаты А.Кадырмамбетова "С.Байгазиев аталган ыр китебинде сөз менен кылдат иштеген мыкты чебер катары көрүнгөндүгүн, поэзиядагы далай көнүмүш штамптарды жарып өткөндүгүн", илим доктору Н.Ишекеев "Бүркүттүн көз жашы" окурманды тар алкактан алып чыгып, дүйнө, жашоо, өмүр, тагдыр, айланада болуп жаткандар, улут жөнүндө кеңири кулач менен ойлонууга аргасыз ырларын" белгилешкен. ("Адабий Ала-Тоо" - 15.04.08.). Ал эми публицист жана акын Болотбек Таштаналиев "Советбек Байгазиев "Бүркүттүн көз жашы" ырлар жыйнагы аркылуу өзүн таланттуу акын катары көрсөтө алды" деп баа берген ("Кыргыз руху" - 12.12.08.). Мындай баалар басма сөздө көп айтылып, көп жазылды.
Ушундай баалардын жөн жерден эмес эендигин С.Байгазиевдин жаңыдан жарык көргөн "Кишенден бошонгон рухтун ырларын" окуганда, дагы бир ирет ынанасың. Бул китептен окурман цивилизация жана көчмөн дүйнө, атуул жана улут, бу жашоонун жаркын жана трагедиялуу жактары, ошондой эле, башка толгон-токой кубулуштар жөнүндө күчтүү ой-сезим менен көркөм жазылган, мазмуну орошон ырлар менен кездешет. Мурдагы китебинин биринчи бетиндеги бүркүттүн, азыркы китебиндеги аргымактын арыштаган сүрөтү С.Байгазиевдин ырларынын "догмалардын чынжырларын" үзө тепкен эркин духун жана кең чабыттуулугун символдоштуруп турат. Эмесе, урматтуу окурман, "Кишенден бошонгон рухтун ырларын" окуп, сиз да ойлонуп, толгонуп, бааңызды берип көрүңүз.
Жумабек Дүйшөналиев
искусство таануучу





Абийир соту
Бүгүн менин көрүм жакын төрүмөн,
бурадар эй, тиктеп көрчү,
не байкадың какбаш чалдын өңүнөн?
Ооба, ооба, санаа басып,
купкуу менин иреңим,
бу неликтен?
Неге минтип ант ичкендей кумсарып,
бир укмуштуу көрүнөм?
Неге минтип жаш кылгырат көзүмдөн?
Оор үшкүрүк чыгат неге сөзүмөн?
Айтайынбы ал жайымдын,
арманымдын жөнүнөн.
Кабар айтсам угасыңбы?
карыганда капысынан,
какыраган сайга айланган
жан дүйнөмдүн чөлүнөн…
О бурадар,
бүгүн дүйнөм бүлүнүп,
ич жагымдан ыдыраймын… сөгүлөм…
Чамам жетпейт карманарга,
айла жоктон алдыңарда
чарт жарылам …
Капыс төккөн нөшөр сындуу төгүлөм!..

Энем мени бөлөктөргө,
окшошпоо үчүн төрөсө,
өзүң издеп тапкан жолдон,
бакыт тапкан эрен бол деп,
тилек кылып,
ак бешикке бөлөсө,
а мен болсом өз бактымды
башкаларга окшошуудан көрүпмүн.
Бороондорго төшүм тосуп,
өз чыйырым өжөрлөнүп издебей,
өзгөлөрдүн көндүм ишин,
башкалардын баскан изин
жата калып өбүпмүн.
Даяр жолдо, даяр жөөктө
бапестелип багылыпмын, өнүпмүн.
Аптаптарга куйкаланбай,
албууттанган бурганакта
азап чегип уйпаланбай,
о мен ойрон,
Жашоо ыңгайын көздөгөнгө көнүпмүн.
Акырында бүгүн киммин?
Чынымды айтсам,
жер үстүндө басып жүргөн,
Мен бир тирүү өлүкмүн!..

Эшмат менен кошо болуп,
Ташмат менен кошо конуп,
эмне болсо ошо болуп,
топтой кошо тоголонуп,
бөрү болсо бөрү болуп,
түлкү болсо түлкү болуп…
Өзгөнү ээрчип, өмүр-жашоом эптепмин.
Ачык сөздү айтпаганда нетмекмин.
маңкурт болуп башкаларга кошулуп,
акыйкатты мен да кошо тепсепмин.
Эл намысын талашып,
күйгөн оттой жалбырттаган эрлерди,
мансаптуулар душман көрүп жектесе,
куюшканга кыпчылып,
мен да кошо кектепмин…
Ах, кантейин, кул экемин ээрчиме,
ок атыпмын акка каршы,
түкүрүпмүн адалдыктын бетине.
Кызарбаган жүзүм менен жылмышма.
о кудай ай! Астыртадан,
катышыпмын кечиримсиз кылмышка.

Кайран башты этектердин астына,
колтуктарга катыпмын.
Коңулдарда жаан тийбей,
кургак бойдон жатыпмын.
О бурадар,
абийиримди көр оокатка сатыпмын!

Бу жашоонун тузун, кутун,
жалгандыкка кабыландай катылган,
арамдыкка Ак келтедей атылган,
көрбөптүрмүн жалындаган күрөштөн.
Аңдасамчы, кураларын өмүрдүн,
Ак жашаган ар бир ирмем, мүнөттөн.
Ай арман ай,
Кара башты калканчтарга далдаалап,
бу дүйнөнү тешиктерден шыкаалап,
канчалаган намысы жок күн өткөн.

Каңгайларга жер берем деп,
Хандар элди кыйнап турса,
күйүт күчөп ырбап турса,
Үзөңгү-Кууш чырлап турса,
мөңгүсүнөн жаш агызып,
мөгдөп тоом ыйлап турса,
кытай тарап ич жагынан,
кытмыр күлүп жыргап турса,
ыйык тоом бөтөндөргө кетсин деп,
көтөрүпмүн, сынып калгыр,
Мобереки колумду.
Кожоюнум көзүн кысса,
колдоптурмун чоңумду.
Колтугунда төрөлөрдүн,
көрмөк болуп сонунду…
Ойронмун го ошо менен
опол тоодой олжо таап,
мен ары жок,
толтурупмун жогумду.
Ушундайча уркум менен
о кудай ай,
астыртадан мээлеп туруп,
Ата журтка
атыптырмын огумду!..

Бу заманда ыймансыздык
ташкындады жазгы кирген дайрадай,
буркулдады кышкы кирген буурадай,
Неге мынча бу балекет тайраңдады көрүнөө?
Ойлочумун: мындан менде не күнөө?

Көрсө… көрсө…
Кечир мени, о азаптуу мекеним!
Жамандыктын миллиондоп,
"төлдөшүнө" катышуучу экемин.
Бул жагынан мен алдыга озупмун.
Коңулдарда, колтуктарда "тынч" жүрүп,
арамдыкты көбөйтүүгө
астыртадан үлүшүмдү кошупмун:
Калдайлардын бет алдында,
калтыраган түрүм менен,
"мыеологон" үнүм менен,
мансап, байлык, наамдарга
майдаланган сүйүүм менен,
кур шаңданган күнүм менен,
сыртта акыйкат улуп турса,
чындык ыйлап куруп турса,
тынч уктаган түнүм менен…

Мындай жашоо
неге зарыл айтсаңчы,
бу жалганың ушундайга
алмустактан муктажбы?
Жарык дүйнөң мына ушуга курсантпы?..
Андай болсо жемиштери,
натыйжасы кайсы анын,
Мына мобу бокко толгон курсакпы?..

Карачы эй, мобереки тоолорду,
көөдөн керип, көкөлөшүп бийикке,
өргө карай, өйдө карай жүргүн деп,
үндөйт сени көрөр менен дароо эле.
Тоом турса бийиктикке чакырып,
айткылачы, пас болушка
кандай акым бар эле?..

Улуу тоолор өргө үндөсө,
куштай эргип,
бийиктерге канатымды какпапмын.
Кайра ылдыйга балчыктарга секирип,
бака болуп кир көлчүктө чардапмын.

О катүгүн,
бу жашоодо булганыпмын, кирдепмин,
дүйнө менден башталарын билбепмин.
бу дүйнөнүн тазалыгы ар жандын,
актыгында сакталарын билбепмин.
Көңкү журттун чындыгына,
тик караган эки көз,
түз сүйлөнгөн жети сөз
аруу күнгө алпарарын билбепмин

Ата Мекен өз тагдырын,
Ар атуулга тапшырарын билбепмин.
Ата журтум ар инсандын,
Абийиринен жакшырарын билбепмин.

Бүркүт болуп төрөлсөм да энемден,
кошулбаймын бүркүттөрдүн сабына.
Бүркүт болом айтчы, кайсы арыма!
Өмүр бою аңыздарда аң уулап,
тоюп келсем чычкандардын канына…

Турам минтип карыганда өкүнүп,
баскан изим бүт жаратпай өчүрүп,
бүт жан дүйнөм ыйлап турат өкүрүп!..

О чоң кудай,
кантип мени кечесиң,
жетти мына кирер чагым көрүңө.
Кантип мени өткөрөсүң,
бейишиңдин төрүнө?
А мен чочко,
өмүр бою өзүмдү өзүм тозокко
даярдасам көрүнөө!..








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??