Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Садырбек Чериков, эксперт:

"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
Кийинки кезде, айрыкча Кыргызстанда апрелде элдик революция ишке ашкандан бери негедир эзелтен бир туугандай ымалада жашаган коңшулаш Казакстан менен мамиле кыйла салкындап кеткен сыяктуу таасир берип, чек аймактарыбызда түрдүү окуялар болуп өттү. Мына ушул мамилелер туурасында Борбордук Азия чөлкөмүнө "Centracia ru" маалымат агенттиги аркылуу ачык-айрым айтып чыккан белгилүү эл аралык журналист жана эксперт Садырбек Чериковду кепке тарттык.


- Садырбек мырза, кыргыз коомчулугунда, боордош Казакстан менен болгон мамиледеги акыркы кездеги айрым бир түшүнүксүз кадамдар ар кандай бүдөмүк ойлорго жем таштап жатат?
- Кыргыз коомчулугунун тынчын алган жагдайды түшүнсө болот. Биринчиден, коңшу боордош мамлекетибиз апрель окуяларынан кийин дароо чек арасын жаап салды. Дээрлик 45 күн бою экономикалык алакага зор доо кетип, миңдеген унаа чек арада турушту. Чындыгында бул аябагандай чоң чыгымдарга алып келди десем жаңылышпайм. Экинчиден, кошунабыз чек араны ачтык дегени менен чектөө биротоло алынып салынган жок. Айталы, азык-түлүк, дары-дармек гана өткөрүлүп, калган товарлар бүт бойдон эки өлкөнүн ортосунда ташууга жол бериле элек. Талды-Курганда эл кеңири керектөөчү товарлар менен кармалган 54 машинанын тагдыры бүгүнкүгө чейин чечиле элек.
- Кыргызстандын миңдеген мигранттары Казакстанда иштеп, жашап жүргөнү жашыруун эмес. Мамиленин сууй түшкөнү биринчи кезекте ошолордун турмушуна таасирин тийгизип жатпайбы...
- Ырас, ушул тушта турмуш-тиричиликтин айынан Казакстанда жүргөн Кыргызстандыктарды кармап, депортациялоо чаралары көрүлдү. Эгерде буга чейин кыргызстандыктар коңшу мамлекетте 90 күн каттоосуз жүрүүгө акылуу болсо, эми ал мөөнөтү 5 күнгө чейин кыскартылды. Чындыгында бул мамлекеттик деңгээлде көрүлгөн катуу чектөө десек болот. Мындан тышкары Казакстан өзбек улутундагы жарандарды киргизбөөгө чечим кабыл алды. Ага кошул-ташыл Казакстанда соода-сатык менен тирлик кылып жүргөн 300дөн ашуун мекендеш өзбек туугандарыбызды Кыргызстанга депортациялап салышты.
- Мындай катуу чаралардын көрүлүшүнө эмне негиз болду деп ойлойсуз?
- Арийне, ар бир мамлекет өз саясатын өз алдынча, өз кызыкчылыгынан улам аныктайт деңизчи. Ошентсе дагы, менимче, мындай чаралардын түпкүрүндө саясий негиз жаткансыйт. Кошуна боордош мамлекеттин жетекчилиги Кыргызстандагы ыңкылаптын таасиринен боюн оолак кармоого аракеттенип жаткандай түрү бар. Революция, төңкөрүш сыяктуу коомдун эволюциялык өнүгүүсүнүн негизин солкулдаткан окуяларды Казакстан кыртышы сүйбөй турганы сезилүүдө.
- Туугандын туугандыгы кыйынчылыкта билинет демекчи, Кыргыз эли мамлекеттүүлүгү, эртеңки келечеги туурасында кабыргасы кайышып турган чакта, боордошторунун мындай салкын мамилеси кыргыз коомчулугунун тынчын алып, "эмне үчүн?" деген мыйзам ченемдүү суроону жаратууда?
- Кыргыздарда "атадан алтоо болсоң дагы ар жалгыздык башка келет" деген кеп бар эмеспи. Эгемендиктин бир сыноосу ушул, ар мамлекет өз киндигин өзү кесет. Бирок, менин жеке оюмда коңшу мамлекеттер ар качан жакшы коңшулаштык мамилелеринен жазбашы керек эле.
Эгерде чындыкка тик карасак, апрель окуяларынан соң биздин коңшу мамлекеттер менен жолубуз эки ача түшө баштады. Биз президенттик башкарууга каршы туруп, үй-бүлөлүк кланды кууп тындык, парламенттик башкарууга ык койдук. Мындай модель мурдагы СССР аймагында азырынча колго алына элек. Ошондуктан мындай башкарууга алар бир аз сактык менен мамиле жасоодо.
- Көз караштар ар кандай болгону го мейли деңизчи, бирок, өткөндө Казакстандык политолог Досым Сатбаев: "АКШ менен Россиядан айырмаланып, Кыргызстан биз үчүн "жумшак курсагыбыз" сыяктуу болгондуктан, аларды көзөмөлгө алсак жаман болбос эле" деген текебер кебин ыргытып жатпайбы. Муну сиз кандай баалар элеңиз?
- Ал кесиптешибиз Астананын акырынан жем жеген, расмий уюмдар менен ымаласы бар саясий серепчи экени белгилүү. Ошондуктан, кожоюндарынын макулдугу жок минтип айтпас эле деп ойлойм. Бирок, кандай болгон күндө дагы Кыргыз калкы эркиндикти туу туткан эр көкүрөк эл экендигин дүйнөгө бир ирет эмес, эки ирет катуу жар сала алды.
- Кийинки кезде Кыргызстан коомчулугунда Казакстан кезектеги дагы бир чектөөлөрдү киргизиет деген каңшаар кеп тарады. Мунун кандай негизи бар?
- Кечээ жакында базарлар, соода ишканалар жана тейлөө тармактарынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев "Кыргызстан-Казакстан чек арасын жабуудан улам эл кеңири керектөөчү товарларды ташууга салынган тыюунун кесепетин баалаш абдан кыйын" деп айтып жатпайбы. Экономикалык алака дээрлик 50 пайызга төмөндөп кеткен. Аны го цифра менен өлчөсө болот. Бирок, эки элдин эзелтен келе жаткан бир туугандык мамилесине кеткен доону кантип өлчөйбүз? Кеп мына ушунда.
Эми муну эки мамлекеттин өкмөт башчылары гана чече алат. Ошондуктан менимче эки элдин башчылары ийри отуруп, түз кеңешип дегендей чече алаарына ишенем. Анткени биздин боордоштугубуздун тамыры абдан терең. Бизде пикир келишпестиктерге караганда жалпылыктарыбыз арбын. Тамырыбыз бир. Ошондуктан кыргыздарда жакшы кеп бар эмеспи, "туугандар таарынышканы менен кайрылышат" деген. Биз дагы бардык маселелерди чечүүнүн жолдорун, ыкмаларын таба алабыз деген үмүттөмүн. Не дегенде, Кыргызстанга Казакстандан жакын мамлекет жок. Кайсы жагынан албасаңыз дагы. Чек ара жагынан дагы, тамырлаштыгы жагынан дагы. Ошондуктан, дүйнөдө бардык элдер мамилелерин чыңдап, тереңдетип жатканда биздин арага салкын жел аралаганы туура эмес деп ойлойм. Кандай гана болбосун Казакстан Кыргызстандан, Кыргызстан Казакстандан алыстай албайт. Буга далил кечээ эле президенттер Отунбаева менен Назарбаев жолугуп, бир катар маселелерди тууганчылык багытта сүйлөшкөнү болбодубу.

Маектешкен
Баймырза Накай




  Каяшанын арты, сабырдын алды

ДОСУМ, ДОСУМ ДЭЭРСИҢ...
Кыргыз тилинде жарык көрчү газеталарда түштүк окуясы, кыргыз-өзбек маселеси байма-бай чагылдырылып, аягы басылбай келе жатканы чын. Орус тилдүү гезиттер кесиптештерине тийишип, чымчып өтүп жатышат. Бардык нерсенин себеби болот. Андай майда-чүйдө нерсени да кыя өтпөй байкап турган, чычканга кебек алдырбаган кесиптештер бул саам оркойгон нерсени көргүлөрү келбей жатканына бир чети нааразы болсоң, бир чети таң каласың. Андан бери дээрлик бир ай убакыт өтсө да, бул тема күндүн актуалдуу темасы бойдон калып келет. Коомчулукта ушуга байланыштуу тынчсыздануулар байкалууда. Ал тургай СМИлердин кызматкерлерин чогултуп , ийри олтуруп, түз кеңешип бир пикирге келип, мындай көрүнүштү жыйынтыктасакпы деген идеялар да бар. Жакшы идея. Бирок, ишке ашаар бекен? Дегеним, интернет сайттарына ат тезегин кургатпай биринин артынан бири чыгып жаткан жалган ушак, жалаа жабуулар, "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын " деген бөтөн улуттардын бет тырмалыктары өчүп бараткан отту улам жаңыртып, өрт коюп жатканы токтомоюн, жогоркудай идеялар ишке ашаары күмөн. Кечээ эле досуңмун деп "токочуң алдап жеп" жүргөн Усманованын ырынын илеби сууй электе, интернет сайтындагы "кыргыз мыкаачы, силердин денеңер чыркырап тозок отунда күйсүн"деген "каалоо-тилеги " журналисттер эле эмес намыс-ары бар, бул коогалаңга кенедей да тиешеси жок ар бир кыргыздын канын кызытпайбы. Алар деле сезими, ачуусу, ызасы бар кадимки эле адамдар да. Болбосо өзү тийишмейин эч кимге озунуп тиш салбаган, койнуна сексен улуттун өкүлүн батырган, "таш менен урганды аш менен урган" кыргыз эми өзбек маселесине келгенде эле канкор аталып , жаман атты болуп олтурат.
Бирок, бул жерде "көл толкуса көбүгү бетине чыгат, заман толкуса тентеги четине чыгат" болуп жатпасын. Өзбек туугандар чындап туугандыкты каалашса кыргыз элинин башына кыйынчылык келип турган тарыхый мезгилде колуна кол, бутуна бут болуп коюунун ордуна, ушул моменттен пайдаланып калалы деп, ишке ашпай турган өз кызыкчылыктарын көтөрүп чыкпайт эле го. Ишке ашпай турган дегеним, аларга автономия кылып бере турган кыргыз жери ашып-ташып жаткан жок. Ансыз да 20 жыл бою ыйманын ичип-жеген президент сөрөйлөрүбүз четинен кертип сатып олтуруп, элдин кыжырын чегине жеткизди. МЕКЕН деген бул- топурак. Ушул жерден Расул Гамзатовдун бир икаясын айтып коюуга аргасызмын. - Жолоочу адам авар жигитинин үйүнө түнөп калат. Эртеси үй ээси узатканы чыкса, алдыларынан суу көтөргөн сулуу келин чыгат. Конок жигиттин ага көзү түшүп, кылчая карап, мактап жиберет. "Ал, алып кет,- дейт үй ээси,- Бизде конокту өтө сыйлайт, анын жактырган нерсесин сөзсүз берет. Ал сулуу келин менин колуктум ". Ошентип, чек арага жеткенде коноктон бут кийимине жабышкан топуракты түшүрүп кетүүсүн суранат. "Келинчегимди ала бер. Бирок, топурагымды бербейм. Ал менин Ата Мекеним"дейт жигит.
Башка улуттагы туугандарыбыз сүйлөшсө эле "ушул жерге киндик каным тамган, ушул жерде ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат" дешип, кыргыз жеринин топурагын ыйык тутуп сүйлөшөт. Анда алардын мындай жосунсуз жоруктарын кыргызча эле ошол ата-бабаларынын арбагына коелубу?
Ак БАЙЫР.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??