Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Алтын чыры

Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
2010-жылдын 1-июлунда "Акипресс" сайтына чыккан ЖАК "Жерүйалтындын" пресс-релизине ЖАК "Талас Голд Майнинг Компанинин" Генералдык директорунун комментарийи.

ЖАК "Талас Голд Майнинг Компанинин" Генералдык директору Э.Кубатов өзү башкарган компания жөнүндө ЖАК "Жерүйалтындын" пресс-релизинде туура эмес айтылан маалыматтар боюнча өзүнүн пикирин билдирип биздин редакцияга кат жолдогон. Анда төмөндөгүдөй жазылат:
Биринчиден, көпчүлуккө маалымат берип койгонго уруксат этиниздер. ЖАК "ТГМК" 2009-жылдын сентябрынан тартып өндүрүш жана ресурстары боюнча дүйнөдөгү алтынкен компанияларынын лидерлеринин бири болгон эң чоң Россиянын ААК "Полюс золото" алтынкен компаниясынын карамагына кирет.
ЖАК "ТГМК" Жерүй алтынкенинде жылына 1 млн. тонна руданы иштеткен 70% даяр болгон алтын чыгарган фабриканы, керектүү энергетикалык, административдик, өндүрүштүк инфраструктураларын куруп койгон. 2006-жылы ЖАК "ТГМК" курган объектилеринин жарымын мыйзамсыздык менен ЖАК "Жерүйалтын" тартып алып, ушу күнгө чейин колдонуп жүрүшөт.
ЖАК "Жерүйалтындын" пресс-релизи боюнча төмөнкү жагдайларга токтоло кетели:

1. Пресс-релизде ЖАК "Жерүйалтынды" сатып алган инвестициялык группа жөнүндө айтылат. Чындыгында ЖАК "Жерүйалтындын" ар кайсы оффшорлорго жашынган чыныгы кожоюндары эч качан элге ачык чыгарылган эмес. 2006-жылдан бери "Жерүйалтын" эки ирет сатылганы кимдин кызыкчылыгы үчүн белгисиз. Ушул убакытка чейин ЖАК "Жерүйалтындын" чыныгы кожоюндары боюнча ачык маалымат жок. Жерүй - бул миллиарддык проект, анан кожоюну белгисиз, бат эле түзүлгөн компания ээ болуп жүргөнү таң калыштуу.
2. ЖАК "Жерүйалтын" убагында Жерүй проектисин сатып алганда, ал оор кырдаалда болчу деп билдиришет. Айтып кетсек, 2005-жылы ЖАК "ТГМК" ээлик кылып турганда, Жерүй проектисин иштеткенге 70% өндүрүштүк даярдыкка чыккан. Аны тастыктаган, курулган фабрика жана керектелүүчү өндүрүштүк жана башка инфраструктура, план боюнча 2006-жылы биринчи алтынды өндүрүп алмакпыз. Тилекке каршы, лицензияны "Жерүйалтынга" берип салгадыктан ал пландар ишке ашпай калды.
3. ЖАК "Жерүйалтын" 4 жылдан бери Жерүйдүн алтынын казып алуу лицензиясына кожоюн болуп жана ар бир этабында өзүнө тез арада Жерүй проектисин иштетебиз деген милдеттемелерди алып келе жатат. Бирок, бүгүн биз өзүбүз күбө болгондой "Жерүйалтын" ушул убакыттын ичинде үч лицензиялык келишимдердин бирин дагы убактысы жагынан дагы, чечими жагындагы аткарган жок. Өзүнүн иштей албай, жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөп салган аракеттери биздин оюбузча жоопкерчиликсиз жана уятсыздык.
4. "Жерүйалтындын" фабрикасын жана калдык сактоочу жайды карьердин жанына курган проектиси боюнча тоо-кен тармагында иштегендер жакшы билишет. Бирок, бул проект хвостохранилищенин Чоң-Чычкан - Талас сууларынын башына курулушу экологиялык жактан коркунуч алып келет жана муну ишке ашыруу үчүн көз карандысыз экологиялык экспертизадан өткөрүлүшү керек жана ошол жердин тургундарынын тастыгы керек, анткени, бул проект жаратылышты коргоо жагынан ачык коркунуч алып келип жана түздөн-түз Талас регионунун тургундарынын кызыкчылыгына доо келтирет.
5. ЖАК "Жерүй-алтындын" социалдык милдеттемелери жөнүндө. Алар пресс-релизинде ар кандай социалдык программалар жана социалдык төлөмдөр жөнүндө айтып жатышат. Алардын бирөөсүнө эле токтойлук - өз эрки менен Кыргыз Республикасынын бюджетине 5 миллион АКШ долларын төлөгөнү жөнүндө. Чындыгында, 2009-жылы "Жерүйалтын" 5 млн. АКШ долларын, лицензиялык келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн мамлекетке штраф катары төлөнгөн. Анан каяктагы өз ыктыяры менен төлөгөндүгү жөнүндө айтышат, эгер бул мамлекеттин мажбурлоосу менен болуп жатса.

"Жерүйалтындын пресс-релизи боюнча сөздү уланта бергендин кажети жок - дейт ЖАК ТГМК нын Генералдык Директору Эдуард Кубатов. Ошол эле маалда ЖАК ТГМК жана биздин акционерлер - россиялык ААК "Полюс Золото" Жерүй проектисинин ишки ашыруусу ачык, айкын жана адилеттүү, мамлекеттин, инвестордун жана эң негизгиси ошол жердин тургундарынын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилерине үмүт кылабыз" - деп билдирди ал.

Баймырза Накай




Чолпон Баекованын эрке "Эписи" ким?
Өткөндө, күтүүсүздөн жарык дүйнө менен адилеттүү түрдө "кош" айтышкан легитимсиз парламенттин дээрлик көпчүлүгүн түзгөн "Ак Жол" фракциясынын коомго "белгилүү", активдүү депутаттарынын алдыңкыларынын бири болгон "улуу урматтуу" Баекова Чолпон Турсуновна экс депутат кайда?, Эмне кылып жүрөт болду экен?-деген суроолор пайда болуп, кээде эске түшө калат. Ал айымдын өткөндөгү чиновник жана депутат катары коомдогу кылган "кылык-жоруктарын" эскергенде эсибизге эмнелер гана келбейт..

Эсиңерде болсо керек, же эсиңерден чыгып кеттиби, айтор, жакынкы эле өткөн убактарда коомго айрым ММКлар аркылуу "Ак Жолчу" "темпераментный" депутат Баекова Чолпон, бир нече катындуу-"темпераментный" президент Бакиев Закиржандын (Курманбектин) "темпераментный" уулу Максим Бакиев менен өтө тар чөйрөдө жолугушуп, "Максим мени кучактап, кысып туруп бетимен аймалап өптү, укмуш бала турбайбы"-деп, Максимге өтө "ыраазы" болуп жүрөт деген. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы"-деген ушу турбайбы" деп, коомчулуктун бир бөлүгү ыраазычылыктарын билдиришкен эле. Депутат Баековага "поддержка" катары.
Дегенимдин себеби, илгери-илгери Баекова Чолпон генпрокурор болуп "эл үчүн" кызмат кылып турганда, ошол Максимдей болгон сүтү оозунан кете элек, прокуратуранын "оперативдүү" кызматкерлеринин арасынан да өзүн өтө назик сыйлаган "темпераментный" айрым кызматкерлери болоор эле деп "древний", "карышкыр" прокурорлор ушу күнгө чейин ооздорун ачып, тамшанып эстеп жүрүшөт. Кантсе да "карышкыр" прокурорлор да дегеним да.
Ошондой жолдуу, Баекова Чолпон дегенде баарын унутуп койгон "оперативный" , "темпераментный" азаматтардын бири бүгүнкү Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Токтомамбетов Эркин деген эргул болоор эле деп, аны да эстеп калышат айрым "карышкыр" прокурорлор. Себеби, бул Токтомамбетов Эркин деген юрист-прокурор, генпрокурор Баекова Чолпон үчүн өтө тар чөйрөдөгү назик жана керектүү кызматтарды кылган сүйкүмдүү "оперативниги" болуп берилип кызмат өтөө менен, генпрокурор Баекова Чолпон тарабынан кылган "эмгеги" зор бааланып, "Эпи" деген эрке атка конгонун баягы эле карышкырлардын бири кашкайтып айтып берген. Ошондуктан, жогорку соттун төрагасынын бүгүнкү орун басары Токтомамбетов Эркин эрке аты "Эпи" деп кличкаланган эргул, айрым "чиновницалар" менен эбин таап "эпилдешкенге" өтө маш болуп бүткөн окшойт?-деген жөндүү суроолор да пайда боло калат кээде.
Кийинчерээк, "Эпи" сот системасына өтүп, ал жерден "мужик" чиновниктерге кызмат кылганды да аябай өздөштүрүп, качып кеткен экс премьер министр Данияр Үсөновдун оту менен кирип, күлү менен чыга баштаганы бар. Ошентип, натыйжасында кыргыз мамлекетинин стратегиялык маанидеги мүлкү болгон Канттагы "Кант-Шифер" заводун айрым чиновник-коррупционерлер ит бекер менчикке чыгарып алышына өтө зор эмгегин жумшаганын, бирок, ошол эле убакта кыргыз элине жана мамлекетке эң чоң зыян келтиргенин бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, бир кездеги радикал оппозиционер урматтуу Бекназаров, убагында өтө катуу сын пикирге алуу менен бир нече жолу коомчулукка жарыя кылып, "баарын тең коррупционерлер, буларды жазалаш керек" деп, эң туура юридикалык баа бергени бар. Бүгүн, "эки чылбыр, бир тизгин" Бекназаровдун өз колунда. Ошондуктан айткан сөздөрүнүн аягына чыгарарына ишене туралы.
Ал эми Баекова айымга кайрылып кете турган болсок, илгери, илгери ЦК КПнын 1-секретары маркум Абсамат Масалиевдин тушунда "мен Өзгөндүн кызымын" деп созулуп түштүктүк боло калса, экс президент Аскар Акаевичтин убагында, "жок мен Кеминдин эле кызы экенмин" деп кубулуп, мелтиреп, түндүктүк болуп чыккан эле. Бүгүн ал жөнүндө бир да маалымат булактары булактай таза болуп кеткенсип бул айым жөнүндө деги бир ооз ачышпайт. Казып муну жазышса, анын кылыктары боюнча кимдир бирөө кандидаттык жактап, жеп-ичкич жетеленме, кубулма анан курутма жагынан докторлугун тоготпой отуруп эле жазат.
Автандил САКЫБАЕВ, адвокат








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??