Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
Кайсыл бир сандарыбызда КГУСТА университетинин ректорун жумуштан кетирүү боюнча атайын кайрылуу жолдогон тараптын пикирин берген элек. Алардын катарын азыркы убакта ал университетте иштеп жаткан окутуучулар жана мурунку иштеп кеткен окутуучулар эмгек жамаатынын ысымдары бар эле. Ага карата азыркы күчүндө иштеп жаткан окуу жайдын окутуучулары жооп жазып айтор, эки тараптын эрөөлү биздин гезиттин бетинен орун алган. Азыр бизге жеткен маалыматка караганда ошол арызды жазган окутуучуларга ректор тараптан кугунтук башталып, болбогон иштери үчүн кол коюп бербей, ары-бери сүйрөп ашмалтайын чыгарып жатыптыр. Райымбек Усупжанов ал университеттин башкы инженери, анын иштерине проректордон тартып, ректоруна чейин кастарын тигип, каяша айтканың үчүн катыгыңды ал дегенсип, анан акырын пара сурагансып бир нерсенин учун ыргытышыптыр. Муну укканда, ошол кайрылуунун чындыгы бар тура деп жакабызды карманып, катыгүн кимге ишенип, кайрылууну кайдан бердик эле деп отурабыз.


Кара-Суунун милициясын өлтүргөндөр кармалды
"Интерфакс-Казахстан" агенттиги Алматынын жанынан Кыргызстанда милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө жана түштүктөгү башаламандыкка катышты делинип, издөөдө жүргөн адам кармалды деп билдирди.
22 жаштагы Кыргызстан жараны Кара-Суу РИИБнин жетекчиси жана анын айдоочусун айбанчылык менен өлтүргөнгө катышканы үчүн эл аралык издөөдө болчу. Ал Казакстанга мыйзамсыз келип, алыскы тууганынын үйүндө жашырынып жүргөн экен.Ал жакында Кыргызстанга жиберилет.


Бакиевдердин туугандарын кармоо уланууда
Башкы прокуратура тергөө органдары тарабынан Сузак районунун тургуну Базарбай Арзыкулов кармалгандыгын кабарлайт. Ал, мурунку президент Курманбек Бакиевдин колдоочусу катары 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында болгон окуядан кийин Сузак районунун Тейит айылында бир тууган Бакиевдер, алардын жакын туугандары Нуруев Замирбек, Кубатов Илязбек менен бирге өздөрүнүн жактоочуларын жана айылдын элин топтоп, ар түрдүү жыйындарды уюштуруп, топтолгон элди Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө, Бакиев Курманбекти коргоого, өлкөнү түндүк жана түштүк аймактарга бөлүнүүгө чакырык жасаган.


Тургуналиев кетсинби?
Жогорку Кеңештин алдына Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин төрагасы Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетишин талап кылган адамдар, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына бир топ күн митинг уюштурушту. Алардын көбү агенттиктин Ысык-Көл облусунда иштеген кызматкерлери. Митингчилердин айтымында, аларды Тургуналиев мыйзамсыз жумуштан алган. Ушундан улам, Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Капатагаевдин буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, аларга бир жуманын ичинде абалды карап чыгуу милдети жүктөлдү. Чындыгын карап, Бакиевчилерден тезинен арылышыбыз керек деген чоң ураандын алдында ой жүгүртө турган болсок, анда Топчукеңден мыктысы болгон жок. Кароолчусуна чейин "сен Бакиевчисиң" деп тазалоону ушул Топчукең өтө көп иштегендерден болду.


Кыргыз эли мурунку муфтийинен айрылды
7-июль күнү кыргыз коомчулугу чоң жоготууга учурады. Айрыкча, диний чөйрө үчүн бул орду толгус , ат көтөргүс оор кайгы болду. Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жуманов 7-июлдун таңында саат беш жарымда бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Ал муфтий болуп турган мезгилде, Кыргызстан мусулмандарынын аброю бир топ жогорулаганын жана элдердин ынтымагы күчөгөндүгүн айта кетүү ашыктык болбос. Муну ишенимдүү түрдө айтсак болот. Айрыкча, муфтияттын бүгүнкү абалын көргөндө, Мураталы ажы Жумановдун ишмердүүлүгү кыйла жемиштүү болгондугун жокко чыгара албайбыз. Ал муфтий гана эмес, чебер дипломат эле.
Анын сөөгү кечээ өзү туулуп өскөн Ноокат районунун Ынтымак айылында жерге берилди. Ал 7-апрелдеги кандуу окуядан соң, муфтийлик кызматын өз арызы боюнча тапшырып берген болчу. 3-4 айдан бери ашказан рагы илдети менен ооруп, Москвага барып, дарыланып келген эле. Артында үч кыз бир уулу калды.
Мураталы ажы Жуманов 1973-жылы Ноокат районунун Ынтымак айылында туулган. Кыргыз, өзбек, орус жана араб тилдеринде эркин сүйлөчү. Бир нече эл аралык конференциялардын катышуучусу жана көптөгөн китептердин автору болгон. "Алиби" гезити Мураталы ажы Жумановдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??