Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
Акыркы күндөрү арааны жүрүп, арышы катуулай баштаган "Ата-Журт" партиясы чечкиндүү күрөшкө өткөнү жашыруун деле эмес. Ошентсе да, бийликке жетүү үчүн эт-бетинен кетишип, акча таратуу жагынан алдыга киши салдырчудай эмес. Кара-Буура районунун ылдыйкы айылдарында номери жок кымбат баалуу машинелер менен айылдык активисттерге акча таратышып, "атажуртчуларды" ашыра мактаган "Апта" гезитин элге бекер берип жүрүшөт дейт. Анан дагы, "Кыргызстанды баткактан сууруп чыкчу жалгыз гана "Ата-Журт" партиясы" дешип, ооз көптүрүп коюшат дейт. Болбосо, ушул партиянын анабашы Суваналиев мырза өзүнүн кичи мекенинде кадыры өтпөй акча таратууга аргасыз болуп жатса, башка аймактар колдоп жыргатабы деп сурай турган киши жок.


Акча кана, Аскар аке?
Талас мамлекеттик университетинин ректору бар Аскар Жылкычиев деген. Акаев убагынан бери айкыргандын акесин таанытып, жаңжалчылардын жаагын басып, келген бийликтин этегине намаз окуп, кызматтын кынуусун таап алган кези. Мындан бир нече жыл мурун карачечекей баласы, чолпондой жаркылдаган Нурдин Чолпонбаев аттуу жаш жигитти атып салганда, "акылынан айныган" дедиртип, баласын жиндиканага жаткыра коюп кутулуп кеткен. Жалгыз перзентинен айрылып зар какшаган Нурдиндин атасы Каныбек Чолпонбаев уулунун күйүтүн көтөрө албай жүрүп каза болуп кетти. Ал эми Аскар мырза болсо, кылы кыйшайбай кызматында отурат. Бул эми өткөн чак экен. Жок дегенде, ректорлук кызматында абийирдүү иштесе да мейли эле. Болор-болбос нерсе үчүн бечара студенттерден акча жыйнап, келген чоңдорду аттап-тондоп узатуу менен алек. Кечээ редакциябызга университеттин Аскердик кафедрасынын студенттери кайрылышты. Баарысы бүтүп калгансып, эми аскердик машыгууга бара турган 40 баланын 10 күндүк тамагына деп бөлүнгөн 40 000 сомду сугунуп коюптур. Учурда болор-болбос шылтоо менен орун басарларына тапшырма берип коюп, качып жүрөт дейт. Бул Аскар мырзанын жоруктарынын чети гана. Анын айланасында чубалган фактылар, студенттердин пикирлери тууралуу гезиттин жакынкы сандарынан окуй аласыздар.


Кыргызчаны кыйратып, англисчеге асылганда…
Кайсы заман болбосун, жарытылуу сөз укпаган улуттук теленин багы ыңкылаптан кийин ачылган. Демейде, кемпир-чалдан башкасы көрбөгөн бул каналдын көрүүчүлөрүнүн катары калыңдап дегендей. Азыр деле ыңкылаптын деми менен ар тараптуу болумуш этип атат. Бирок, баарынан таң калыштуусу, акыркы кездери англис тилиндеги жаңылыктарга күбө боло баштадык. Жетекчиси Кубат Оторбаевдин буга чейин "Азаттыктын" анабашы болуп келгенин эске алсак, шамалдын кайдан согуп атканы түшүнүктүү дечи. Ошентсе да, "жылкыңа ченеп ышкыр" деген накыл кепти эске алып коюшса, Кубат мырзанын эртеңине жакшы болор беле деген кеп да…


"АТА ЖУРТ" ТОЛУКТАЛДЫ
Ырас, азыр партиялардан башың адашат. А бирок, алардын ар биринин алдына койгон максаты, ачык-айкын программалары бар. Бардыгынын программасында Кыргызстаныбызды алдыңкы өлкөлөрдүн катарына теңөө үчүн, кандай аракеттерди жасоо керектиги ачык-айкын жазылган.
Датка энебиздин даңкын чыгарып жүргөн, коомдук ишмер Жылдыз Жолдошева: "Мен ойлонуп, өзүм менен өзүм эчен ирет кеңешип отуруп, акыры "Ата Журт" партиясын тандадым. Кыргыз эли үчүн күйүп-бышкан патриот адамдардын катарын толуктагым келет", -дейт.
Ооба десең, Ата Журтубуздун башына кара күн түшүп турган убакта ар бир уул, ар бир кызыбыздын көкүрөгүндө патриоттук сезим ойгонбосо, анда, Ала-Тообуз ак калпак элине тескери бурулуп кетет го. Кыргыздын улуу акыны Жоомарт абабыздын "Ушундай апаат күндөрдө, уяттан уят эмеспи, уулуңдун үйдө жатканы!" деген саптары ушу бүгүнкү күндүн девизине окшоп тургансыйт


"Акшумкарга" мүчө бол, 300 сом аласың!
Өткөн саныбызда "акшумкарчы", "миллионер" акча министри Темир Сариевдин жосунсуз жоруктарын бир аз сындап койдук эле, токтолгондун ордуна ансайын күчөп баратышат. Демейде ак эшендей жасанып алып, акыйкаттыкты айтып акылдуусунган Темикебиздин партиясы өзүн-өзү мактаган жагынан алдына ат салдырчудай эмес. Референдумдун алдында калп эле элди үндөгөн болуп, борбордук көчөлөргө "Акшумкардын" жарнамаларын илип баштаганда "кың" деген жан болгон жок. Демейде гезиттеги бир сантиметрлик жарнама туура эмес кетип калса жүгүрүп келчү надзор-падзор дегендеринин бирөө да унчуга алышкан жок. Болбосо, күн сайын УТРКдан бирдемелерди сүйлөп келип этегинде "Акшумкар" партиясы" деп аяктаган жарнаманы баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы. Кыскасы, Темикебиздин технологдору кыйын. Буга дагы мейли дейт элек. Бирок кашайып, өзүмчүлдүгү чектен ашкан Темикебиз жер-жерлерде дагы партиянын шайлоо штабын ачып, кууратып жатпайбы кишини. Болбосо, шайлоо башталмак түгүл карааны да көрүнө элек. Анысы аз келгенсип, "атажуртчулардан" үлгү алышканбы же акчалары ашып-ташып атабы, айтор Манас районунун айрым айылдарына "акшумкарчылар" баш багып, "ким биздин партияга мүчө болсо 300 сомдон беребиз" деп, жортуп жүрүшөт дейт. Же, кой-ай деген киши жок.


"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??