Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Оош-кыйыш замана…

Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!

Мамлекет кыйын күнгө кабылып, деңгээли төмөн жетекчилердин айынан өлкөдө башаламандык кулачын жайып, олку-солку кырдаалда жүздөгөн кандаштарыбыз бейкүнөө шейит кетти. Бейкапар жаткан кыргызга капилеттен урулган сокку миңдеген улутташтарыбызды майып кылды. Шордуу кыргыз кырылганыбыз аз келгенсип, дүйнөлүк коомчулукка караланып кала бердик. Тактап айтсам, маалымат согушунан уттуруп жибердик. Окуялар көз көрүнөө бурмаланып, маалыматтар бир жактуу берилгени, "улут" деген элет кыргыздардын намысын ойготпой койбоду. Дүйнөгө жар сала албаса дагы, мамлекет ичиндеги басма сөздөрдөн үн катканга жарашты. Тилекке каршы, улут патриоттору өз өлкөсүндө караланып, киргиздешкен өз улутташтары тарабынан басым-кысымга тушугуп отурат. Көрсө, кыргыз урпактары жетимиш жылдык орус идеологиясынын алкагында (улуу жазуучубуз жазгандай) маңкурт болуп калган окшобойбу. Болбосо, "кыз боозуп энесин коркутат" болуп, урушту өздөрү баштап, кыргызды кырып, анан туруштук бералбай калганда артына карабай качкан бөтөн улуттарды чогуу, бирдикте ордуна койсок болбойт беле. "Өздөн чыккан жат, өзөктөн чыккан өрт жаман" дегендей, кечээ тил үчүн, улут үчүн өз өмүрүн арнаган чыгаан жазуучуларыбыздын балдар-кыздары, кыргыздарга каршы чыкканы т.а. "улут" дегендердин оозуна бергени, маңкуртташканыбыздын күзгүсүн көрсөтүп койду. Өз атасы калтырып кеткен изден чанып, кыргыздын кусурунан коркпогон мындай улутбезерлерди, аталардын арбагына койгондон башка арга калбады.

Өлкөбүздү өнүктүрбөй, кыргызды улам төңкөрүшкө түрткөн эң негизги маселе - бул өз улутуна болгон кайдыгерлик. Эгемендүүлүккө ээ болгонубузга карабай, кыргыздар өз өлкөсүндө кемсинтилип, басмырланып келүүдө. Кыргызстандын борбору Бишкектин өзүндө кыргызча сүйлөгөн адам дале экинчи сорттогулар катарында калып келе жатканын ким танат. Буга Турдакун мырзанын салымы чоң. А кишинин 25 жылда тарбиялаган маңкурт интеллигенциясы кыргыздын кендирин азыркыга чейин кесип, өзөгүн соолутууда. Ушул сындуу улутка жасалган кайдыгерлик мамиле азыркыдай туруксуз кырдаалдарды шарттады. Дегенибиз, биздин катарда эгемендүүлүккө ээ болгон коңшу элдер өз арабасын тынчтыкта кылдыратып келишинин башкы маселеси өз улутунун орду өйдө коюлгандыгында жатат. Кыйын турмуш баштан кечирилип жатса дагы, улуттук идеология биринчи планда болгондугу үчүн, элдин калың катмары бейкапар өмүр сүрүүдө. Маселен, Тажикстанда эки миллион өзбек же Өзбекстанда алты миллион тажик жашаганына карабастан, аларда улут аралык келишпестиктер, жаңжалдар дээрлик жокко эсе. Бардыгы титулдук улутка карай түзөлүп, аларга карай мамилелерин өзгөртүп келет. Өзбекстандагы боордошторубуз болсо улутун өзбек деп жаздырып, арасына сиңип кетти. Эмне үчүн? Ансыз ал мамлекетте кызматка көтөрүлүп, жашооңду дурустап өткөрө албайсың. Башка улуттар үчүн бардык тосмолор коюлган. Бир гана өзбектер колдоого алынат. Тажикстанда тескерисинче, жада калса кафе-ресторандарда өзбекче ыр коюуга тыюу салынган. Булар улуттун духун көтөрүү маселелерин эгемендүүлүктү жаңы алган жылдары эле чечип, өздөрүнө пайдасы жок улуттардан ошол учурда арылышкан. Маселен, Тажикстандагы атуулдук согуш миңдеген орустарды өз өлкөсүнө качырса, Өзбекстан күрттөрдөн тазаланып алган. Ал жактан качкан түрк, күрт улуттары учурда Кыргызстандын түрдүү аймактарында өз жашоолорун кечирип, атургай чектен чыккан адепсиз кылыктарына күбө болуудабыз.
Мамлекеттин лидери болуу үчүн бир гана улуттук маселени көтөрүү керек. Ансыз лидер боло албашыңды Кыргызстандын жыйырма жылдык тарыхы көрсөттү. Кыргыздар менен бирдей шартта, мүмкүн бизден кыйын жашоодо жашап жаткан коңшу өлкөлөрдө төңкөрүш болбой турганы жетекчилеринин улуттук маселени туура чечкендигинде. Тилекке каршы, Орто Азияда бир гана кыргыздын падышалары өз улутуна чыккынчылык саясатты карманып, ата-бабалар аздектеген кыргыз жерин "общий домго" айлантышып, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө доо кетирүүдө. Акча гана маселени чечкен коррупциялык системанын айынан эл-жеринен безген бөтөн улуттар маанилүү кызматтагы жетекчилердин колтугунан орун таап, жең ичинен далай мамлекеттик, жеке маселелерди чечип келди. Дале чечилип жатыр. Акча жүгүргөн жерлердин дээрлик баарын башкалар ээлеп, кыргыздар аткаруучу кызматтарды гана ээлеп калганы, улуттун намысын ойготуп, рухун жөн жаткызган жок. Тентигени аз келгенсип, өз жеринде өгөйлөнүшү кыргыз демин козгоду. Улут эмес, уулдарын гана ойлогон эки падышаны жанын берип, өмүрүн садага чабуу менен кууп түштү. Жаңы жетекчилерди бийликке чыгарышты. Бирок, улутсуздук көйгөйдөн арыларыбыз күмөн жаратууда. Анткени, мамлекетти еврейлер ээледи, элибиз тентип-тозуду, казактар кыргыз кулдары менен мактанып жатат, улуттук идеология жок, кыргыз тили өнүкпөдү сындуу жарнактарды көтөрүп, кыргыздарды снайпердин алдына тосуп берген бүгүнкү жетекчилердин оозунан кыргыз, улут жөнүндө сөз угууга зар боло баштадык. Ооба, Закиржан Бакиев деле элди алдоо максатында улут дегенди кайрылууларында көп кайталачу. Бирок, иш жүзүндө башкача болгонун көрбөдүкпү. Тилекке каршы, бүгүнкүлөр, кыларга иши жок калгансып, Конституцияны өзбек тилине которуп жибериптир. Урматтуу жетекчилерди улуттун, кыргыздын кусуру уруп кетпес бекен. Мындай иш жагымпоздуктун, кошоматчылыктын жеткен чеги эмей эмне… Кандай болсо да, кыргыз жеринде жашаган өзбектердин кыйын экендигин моюндаганыбыз оң болуп калды. Жетекчилерди чөгөлөтүп, өзбекче сүйлөткөндөн кайра тартышпады. (Өзбекче которгондор, сүйлөгөнгө барабар эмеспи). Башка өлкөдө турса дагы, бизден өйдө болушуп, өз улутуна күйөрүн далилдеп жатышат. Өз тилин, автономиясын сураганы ар биринин улутчул экенин көрсөтүп турбайбы. Башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын автономия, тил статусун сураганын уктуңар беле?
"Жеңдик" деген куру сөзүбүз гана болбосо, турмуш чындыгында жеңилүүдөбүз. Улут ураанын көтөргөн экинчи жээктеги саясатчылардын сөзүнө ишенип, эки президентти кулаттык. Алардын Кыргызстандан куулганы эле болбосо, кыргыз элинин жон терисинен тилген акчалар менен аман-эсен бардар турмушта өз өмүрлөрүн өткөрүшүүдө. Эки президенттин үй-бүлөсүнүн бир тал чачы түшпөдү. Жүздөгөн кыргызды жер кучактатып, чырактай жигиттерибизди жаштайынан жайрап калган эл жеңилди. Анткенибиздин себеби бар. Элди аткан канкорлор өз жазасын албай, "жең ичинен" сүйлөшүүлөрдүн негизинде, чекесинен кутулуп кетти. "Карга карганын көзүн чукубайт" дегени чын белем, ишке кыйыр жана түз тиешелүү болгон адамдардын баары бошотулду. М.Конгантиев, К.Жороев, О.Малеваная, И.Масалиев ж.б. айтпай ак коелу, Түштүктөгү контрреволюциялык чабуулду уюштуруп, онго чукул адам өлүмүнө, миңдеген адамдардын майып болушуна себепчи болгон Үсөн Сыдыковдун түрмөдөн бошотулганын кантип түшүнөбүз. Көрсө, жүздөгөн кыргыздардын өлүмүнө эч ким жоопкер эмес турбайбы. Минтип отурушса, кыргыздын шоруна жаралган лидер сөрөйлөр карапайым кыргыздын баарын кырып-жоюп жок кылышат. Ар бирин бийликке жеткирүү үчүн жүздөгөн жигиттер окко уча берсе, ким калат? Түрмөдө жалгыз Санжар Бакиев калыптыр, аны деле жакында күнөөсү жок турбайбы деп, бошотуларына шек болбой калды. Өзүмбилемдик менен мыйзам сыйлабаган өлкөдө, башаламандык боло берет.
Ош, Жалал-Абад окуяларында деле кыргыздар утулду. Кыргыз шаарлары, үйлөрү, эң алды экономикасы талкаланды. Шейит кеткендердин дээрлик көпчүлүгү кыргыздар экенин да ката албайбыз. Окуядан кийин Түндүк өрөөнүнө жер которуп, Чүй бооруна карай же Россияны көздөй кыргыздар көчө баштады. Ансыз араң турган Өзбекстан жана Тажикстан жарандары "асмандан издегени жерден табылып", Кыргызстанды көздөй агылууда. Документим жоголду десе, биздикилер жаңы күбөлүктү дароо карматат. Маалыматтык айдың дагы бизди эңшерип кетти. Кыргыздар дүнүйөгө жапайы, мыкаачы катары көрсөтүлүп, жаман сөзү бизге тийди. Окуянын чындыгын чагылдырган кыргыз журналисттери улутчул катары каралып, караланууда. Чындыгында кыргыз интеллигенциясы "киргиздешип" калгандай, өлкөдөгү Медиа айдың орус тилдүү, бөтөн улуттардын туткунунда калганын айтып коюу кажет. Муну жетекчилердин баары билет. Бирок, ошону жоюуга чара көрбөйт. Мамлекеттик маалымат жыйындары орус тилинде өткөрүлгөнү токтой элек. Кыргызча жооп берип коюңуз деген суроолорго жетекчилердин итиркейи келе баштаганын көрүп жатабыз. Демек, булар деле жыргатаарына көз жетпей калды. Улутту уруп ойношпой.
Зулпукаар Сапанов




5-июль күнү "www.fergana.ru" сайтына жарыяланган өзбек улутундагы Мухаммадкадыр Карабаевдин маегиндеги сөздөрдөн:
"…Не знаю, что это за люди... Так это нельзя оставлять. Это надо до конца… Хоть наша жизнь в опасности, мы пойдем до конца.
… Я не знаю, как их можно наказать, ну, Бог знает… Они не люди, они звери…
…Они ведь даже приехали в Ош с дальнего Алая, в горах, с Советского района, ну, к нам приехали с Аксы, с Кызыл-Ункюра даже пустили, чтобы ограбить всех узбеков и сжечь их дома".








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??