Кошуна

(Уландысы.
Башы өткөн санда).
Баарынан кызыгы, бул квартирант жигиттин Таняга окшоштугу болуп жатпайбы...Баса, үйдүн документтери кайда жоголду болду экен?
Кошуна кемпир ушуларды ойлоп өзүнчө бушаймандана түштү.
...Тиги, ким эле, Сардар, ооба, Сардар келсе аны чекмелеп сурабаса элеби...Баса, маркум Таня сүйгөн адамынын атын Санжар деген болуу керек эле. Сардар - Санжар... экөөнүн окшоштугун карасаң эй! Деги булар кимдер?!
Кары кемпирдин башы ооруп чыкты.
- Ой, мен деги эмнелерди гана ойлоп жаткан жокмун? Мага эмне азап десең, кимиси ким болсун! - деген ал этегин кагып туруп кетти.
Антсе деле көңүлү тынган жок. Өзүнөн өзү эле ар кимден шектенип, кошуна жигитти күтүп отурду. Тиги бурчтан бери бурулуп келатканда эле жигиттин алдынан тосуп чыкты.
- А, Сарда-аар.
Кемпир анын атын кыйынчылык менен айтты. Андан озунуп салам берген жигит бир азга токтой калды.
- Эмне болду, эне? - деди кемпирге суроолу тиктеп.
- Аа, эч нерсе деле болгон жок. Кечээ күнү сени бирөөлөр издеп келишти...
- Кимдер, кандай эмелер экен?
Кемпир кечээ келген экөөнү сүрөттөп берди.
- А, менин классташтарым окшойт го. А сиз эмне дедиңиз?
- А мен айттым, сен өзүң жалгыз эле жашайт деп айттым. Анткени алар " бирөөлөр менен жашайбы?" деп сурашты.
Жигит күлүп жиберди.
- А-аа, түшүнүктүү. Алар менин үйлөнгөнүмдү сурагысы келишкен тура.
- А сен үйлөндүң беле? - деп сурады кемпир кызыга.
- Жо-ок эне, мен аларды алдап койгом, тамаша кылып койгом да...
Кемпир менен жигит кошулуп күлүп калышты.
- Cен жалгыз жакшы деле тамактанбайт окшойсуң. Кир үйгө. Мен борщ жасадым эле ...- деп каалгасын ачып башын ийкегиледи кемпир.
- Ой, жөн эле коюңуз, рахмат, эне, -деп кысынган кошуна болуңкурабай турганда:
- Кир. Уялбай эле кире бер, - деп болбой эле колунан тартты.
Улгайган адамдын суранычына туруштук бере албай, жигит эшик аттады. Тамагын куюп, кошунанын алдына койгон кемпир кайра сөз баштады.
- Мен сени мурда көргөн эмес элем. Квартирага киребиз деп бир аял келген, ошону көргөм...- деди.
- Ооба, ал менин апам болучу. Мен кийин келдим.
- А апаң качан келет?
Оозуна кашык алып бараткан жигит токтоп калды. Буйдала түштү.
- Апам кийинчерээк келет...
- Аа...-деп койду кемпир.
Карап отурган кемпир бет маңдайында отурган жигиттин негедир өңү өзгөрүлүп, кабагы бүркөлө түшкөнүн байкады. Эми сөздү башка жакка бурганга аракет кылды.
- А сен каякта иштейсиң деги?
- Түнкү клубда.
- Ал кандай клуб?
- Ал жерге жаштар, байлар барат. Оюн-зоок болот, ыр-бий...
- Аа, жаштар иштей турган жер турбайбы. Акчасы жакшы элеби?
- Жакшы эле,- деди ишине ыраазы болгондой башын ийкеп. Кемпир экөө сүйлөшүп отуруп тамактанышты. Кетээринде рахмат айтып, "апам келгенде үйгө чакырам" деди
- А апаң жакында келеби? -деп сурады кемпир.
- Ооба, жакында,- деди кошуна жигит.
ХХХ
Кошуна жигиттин апасы келип, үй ичин бир сыйра ремонттошуп, жасалгалап жатканын бардык эле кошуналар көрүп-билип атышты.
- Булар биротоло отурукташканы жаткан сыяктуу,- деди бет маңдайында жашаган аял.
- Чын эле...-деди дагы бирөө.
Кемпир "билбейм" дегенсип бүшүркөдү.
Ошондой күндөрдүн биринде жигит кемпирдин эшигин каккылады:
- Эне, биздин үйгө кириңиз, апам сизди конокко чакырып жатат...
Бул чакырууну күтүп жүргөн кемпир ошол замат эле кирди алардын үйүнө.
- Келиңиз, отуруңуз...-деп жан-алы калбаган кыргыз аял кемпирди чоң конок күткөндөй тосуп алды. Чын эле үйдү кыргызча жасалгалап алышыптыр.
- Алыңыз, жеңиз,- деп сыйлай отурган аял бир аз аны-мунуну сүйлөшүп отургандан кийин кемпирге сыр ачты.
- Сиздер таң калып жатсаңыздар керек ээ, бул квартиранттар биротоло бул жерге отурукташып алды деп? - деген суроого кемпир баш ийкеп "ооба" деди.
- Эми чынын айталы сиздерге. Бул үйдү Сардарга Таня өзү оформить этип берген.
- Ия?!- деп чоочуп кетти кемпир.
- Ооба, сизди Таня айткан. Кошуналардын ичинен эң жакынбыз, - деп сизди айткан. Анан, эң биринчи сизге айтып коюубуз керек го.
- Качан, кантип оформить этти эле? Танянын жалгыз кызы келип-кетти эле го. Ал кайра келип, бул үйдү сатып кетем деп айтпады беле...
Кемпир таң кала өзү билген нерсесин жашырбай айтып алды.
- Ооба, Оксана менен телефон менен сүйлөштүм. Ал да келет, жакында, Сардар үйлөнгөндө...
Кемпирдин оозу биротоло ачылды да калды.
- Апа, мен жумушка кеттим. Сиздер шашпай отура бериңиздер,- деген жигит кийинип алып чыгып кеткенде экөөнүн сөзү андан ары уланды.
ХХХ
... Таня менен Санжар бир мектепте окуган. Кыргыздардан башка да он чакты улуттун өкүлдөрү жашаган бул чоң селодо кыргызча-орусча класстарда параллель окушчу. Үч класс өйдө окуган Санжарды Таня биринчи жактырып калган. Мектепте кайсыдыр бир майрамда өткөрүлгөн дискотекада Санжар Танянын классындагы кыздар менен чогуу бийлеп калган. Ошондо, бийге түшүп атканда кой көздүү, чачтары толкун болуп артка таралган сары чийкил жигитти кыздардын көбү жактырып калышкан.
Кийинки күндөрү мектептен жолугушуп калган убактарда бири-бири менен баш ийкеп учурашып жүрүштү. Акыры, кичинекей кыздын сүйүүсү Санжардын жүрөгүнө жол салды. Ошентип, кыз - жетинчи класста, жигит 10- класста окуп жүргөндө эле алардын ортолорунда чоң адамдардын ортосунда боло турган сүйүү оту жанып, экөө айласыз абалга туш болушту.
Курсагы төмпөйө баштаган окуучу кыз сабагына бара албай, же башка жакка кете албай катуу кыйналып кетти. Танянын апасы эле бар болучу. Ошо, апасынын кеңеши менен болду баары. Санжардын апасына жетелеп барды кызды. "Эмне кылсаң да өзүң билгин. Сенин балаң..." деди. Санжардын апасы оозу ачылып эле отуруп калды. Эми эмне кылат? Катуу ойлонду. Ичи төрсөйгөн Таня көзүн тоодой шишитип отурат тигинде. Ушинтип отурганда, айылдап сиңдиси келип калбаспы. Ал башка районго турмушка чыккан.
- Эми эмне кылам? Балдар - балалык кылышыптыр, эми буларды урушкан менен деле эч нерсе чыкпайт...- деп оор үшкүрүндү.
Сиңдиси да катуу ойлонду. Анан:
- Бу кызды мен алып кетейин,- деп өзү менен кошо алып кете берди. Акыры, боюнан бошонгон Таня бир нече айдан кийин кайра үйүнө эч нерсе болбогондой келип калат. Ошону менен анын артынан ар кандай имиш-имиштер таралып, кайра бат эле унутулуп кеткен...
Бир гана эскирбеген ушул болду - Санжардын атына уйкаш ат менен Сардар деген кызыл эт бул дүйнөгө келип, ал таежесинин колунда торолуп жаткан. Аны Таня көрбөгөнү ырас. Көзүнө көрсөткөн да эмес. Жалгыз эле уулу бар Салийка ымыркайды кубануу менен багып алган. Санжардын атына уйкаштырып коюуну Таня ыйлап суранган...
Ошол күздө Танянын апасы кыздары менен шаарга көчүп кеткен. Бир эле түндө. Кечинде эле көргөн кошуналары эртеси алардын короосунан жан киши чыкпаганын алгач байкаган эмес. Анан, жумуштап барган дагы бир кошунасы дарбазаны каккылап туруп-туруп, анан, түртүп жиберсе - ачылып кетет. Короо ээн сыяктуу сезилет. "Тирүү адам барбы?!" деп тамашалай короого кирген кошунасы чын эле эшик-терезеси аңгырап турган үйдү көрүп таң калат. Үйдө учук жип калбаптыр. Бул кабар тез эле көчөнүн баш-аягына чыга түшөт. Алардын каякка, качан кетип калганын эч ким ошентип билбей калган...
(уландысы бар)
Нурбүбү
БӨДӨШОВА.