Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"
(Башы 12-бетте)
- 6-7-апрелде Таласта болгон тополоңдун башаты эмнеден чыкты?
- Көпчүлүгү окуянын башатын Болот Шерниязовдун камалышынан көрүп жатышат. Мен ага кошула албайм. Бул бир нече жылдан бери элдин ичинде ириң сымал жарылайын деп араң турган мыйзам ченемдүү коомдук процесстердин жеткен чеги десек туура болот го. Эмне үчүн Таласта башталган процессти башка аймактар дароо колдоп кетти? Анткени, жалпы мамлекеттин багыты ошого бараткан. Акыркы күндөрү дээрлик кыргыз калкы Бакиевдин караанын да көргүсү келбей калган.
Албетте, жаштар айрым ашыкча кызуу-кандуулукка жол берип коюшту. Бирок, негизги багыт эң туура болду деп эсептейм.
- Өзөктү өрттөгөн Ош коогалаңын кандай кабыл алдыңар?
- Биз абдан өкүнүү менен кабыл алдык. Мамлекетибиздин бир ыптасы канга чыланып жатканда, тынч отуруп калуу чыныгы эр жигитке эч тарагыс ызаны жаратаарын мен ошондо жон терим менен сездим. Түштүктө жашаган досторум менен жарым саат сайын байланышып, "Баланча адам каза болду. Түкүнчө адам жаракат алды" деген сыяктуу сөздөрдү угуп алып ызабызды ыйдан чыгарып отурдук. Улутум деген сезим кыргыз баласынын канында кандай ойноп тураарын ошондо мен эле эмес, баары чындап туйгандай болду. Таластын военкоматына 500дөн ашуун адам ыктыярдуу кошуунга жазылышты. Бир жарым күндүн ичинде облустун аяк-башынан 15 "Камаз" гумжардам жөнөтүлдү. 40 тай жеңил машина менен ыктыярдуу адамдар жөнөп кетишти. Борбордук аянтта көздөрүнө жаш алып, Ошко кетсем дегенде эки көзү төрт болуп турган кандаштарымды көрүп, түндүк-түштүк деген бул жөн гана куураган саясатчылардын амбициясын канааттандыруу үчүн жасалган аракет экенин баамдадым.
- Убактылуу өкмөттүн иш-аракетине жаштардын өкүлү катары кандай баа берет элең?
- Бул орган - учурдагы зарылчылыктан келип чыккан тарыхый фактор. Андагы адамдардын көбү узак убакыт мамлекеттик башкаруудан алыс жүргөндүктөн иштеринде жетиштүү мүчүлүштүктөр кетти. Шалаакылык байкалып жатат. Бирок, жакшыбы-жаманбы, Убактылуу өкмөт өзүнүн абалында, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша тарыхый миссиясын аткарууда. Биз учурдагы бийликти сындоодон мурда анын акыбалын туура түшүнө билсек жакшы болмок. Жакшыны жакшы дегенди үйрөтсөк. Жаңыдан кас-кас туруп келе жаткан бийликти буттан чалганыбыз, пастыкка жатабы деп ойлоп кетем.
- Кумир туткан адамың ким?
- Негизинен, адам адамга кумир боло албайт деген пикирдемин. Ошентсе дагы, тарыхый инсандардын ичинен Исхак Раззаковду жогору баалайм.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетчү нерсе, күнөстүү мамлекетибиз оор кыйынчылыктарда сыналууда. Ушул сыноолордон мамлекетти татыктуу алып чыгуу - жалгыз гана бийликтегилерди эмес, баарыбыздын ыйык парзыбыз. Коомдогу болуп жаткан бардык көрүнүштөргө ар бир кыргыз баласы чечкиндүү пикирин билдириши керек. Бүгүнкү кырдаал чакан мамлекетибиздин тагдырын аныктоочу өткөөл. Биз мындан сабак алышыбыз зарыл. Биз таштай уюган ынтымак, көлдөй чалкыган пейил, анан албетте түбү көрүнбөгөн акактай таза ыйман менен гана чексиз бакытка жете алабыз. Биздин эл ар дайым бактылуу жашоого татыктуу. Менин элимдин тынч жашоосун бүлүнткүсү келген кара ниет адамдар тарых алдында катаал жазага кириптер кылынышы керек. Баарыбызга жараткан бейпилчилик, ден соолук берсин! Бар бололу, бир бололу, касиеттүү кыргыз калкым!

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА