Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Кыргыз Мамлекетинин эгемендүү мамлекет катары сакталып калышына кыйчалыш мезгилде анын оор түйшүгүн тартып азап-тозогунан элиңизди баштап өнүгүү тарабына чыгып келишиңизди терең баалайбыз жана биз сиз менен бирге экендигибизди билдиребиз. Кыргыз элинин гүлдөп өсүшүнө карай, коррупцияга, бөлүнүп жарылуучулукка, алдым-жуттумдуулукка, зордук-зомбулукка каршы жан аябастан күрөшүүгө, элдин арасында калыстыкты, урмат-сыйды, өз ара баалашууну, каада-салтты, эне тилди сактоого жана өнүктүрүүгө даяр экендигибизди мамлекет башчысы катары сизге колубуздан келген жардамыбызды сунуштайбыз.
2005-2009-жылдар аралыгындагы Президенттик жана Парламенттик шайлоолордо Ак-Талаа районунун эли-журтуна, "Кыргыз Алтын" мамлекеттик концерндин жетекчиси Алмаз Сейталиевич Жакыпов "Ак Жол" партиясын, К.С.Бакиевдин саясатын колдоо керектигин элге жеткирип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү менен элге ири суммадагы акча тараткан. Натыйжада экономикалык оор шартта турушкан Ак-Талаалыктар акчага алданышып А.Жакыповдун артынан ээрчигенбиз. Жыйынтыгында Бакиев-Жакыпов бизди кандай оор шартка таштап кетишкени дүйнө элине маалым. Ак-Талаалык элдин Бакиев-Жакыповго байланышкан жүрөк дарттарын айыктыруу, дарылоо зарыл. Ал үчүн "Кыргыз Алтын" мамлекеттик концерндин жетекчиси Алмаз Жакыповду бошотуу керек деп эсептейбиз. Себеби: өз иниси Жолдошбек Жакыповду "Ак Жол" партиясынан ЖКга депутат кылганы аз келгенсип Максим Бакиевдин капчыгын толтурууда элдик байлык, алтынды уурдап тоноонун башчысы кызматын эң жогорку деңгээлде аткарган деп билебиз.
Андыктан Бакиевдердин катарында Жакыповдор да мыйзам алдында жооп бериш керек. Аты аталган Жакыповдор да Ак-Талаа районунун жарандары. Биз ак жеринен аларды күнөөлөгүбүз келбейт. Жогорудагыдай күнөөлөрүн көрүп-билип туруп билмексен болгубуз да келбейт. Качан гана эл арасында акыйкатчылык, калыстык дооран сүрсө, ошондо гана шейит кеткендердин кунун алган болобуз. Биздин бул ой-максаттар сиз тарабынан колдоого алынат деп үмүттөбүз.

Сизди терең урматтоо менен,

Ак-Талаа фермерлер ассоциациялар союзунун төрагасы Э. Беделов
"Жумадил ата" ОЭУнун жетекчиси

Жумадилов Н.
"Келечек" дыйкан чарбасынын жетекчиси Сыдыков М.
Дөң-Булак айыл чарба кооперативинин төрагасы
Абдылдаев А.
"Токон" дыйкан чарбасынын жетекчиси Акматов Т.
"Орто-Сырт" жамааттык фондунун жетекчиси Турусбеков Т.




Кыргыз Республикасынын президенти Отунбаева
Роза Исаковнага, " Алиби " газетасынын баш редактору Момоконов Күнболот Аргынбековичке
Кайрылуу
Биздин кайрылганыбыздын себеби төмөндөгүдөй: 27-июндан кийин Кыргыз Республикасынын Конституциясы күчүнө кирди деп эсептейбиз. Революциядан кийин ушул убакка чейин мурдагы Бакиевдин учурунда кландык жана тоталитардык бийликтин, үй-бүлөлүк жеке кызыкчылык саясатын ишке ашырганга жана алардын камчысын чабып "бөрк ал десе баш алганга " чейин барган айрым жетекчилер бүгүнкү күнгө чейин ээлеген кызматтарынан кетпей элдин кыжырдануусун жаратууда. Элдин алдында Убактылуу өкмөткө, анын башында турган Сизге элдин ишенимин кетирип жатат. Мунун баарына себеп болгон Декреттин 9-пункту. Бул биздин 3- (үчүнчү) жолку кайрылуубуз.
Сизден суранаарыбыз 12-апрелде чыккан Декреттин 9-пункутуна өзгөртүүлөрдү киргизип, Бакиевдин кылычын чаап жүргөн жетекчилерге саясий баа берүүгө шарт түзүп бериңиз.
Райондун аймагында азыркы бийликке нааразы болгондор жана ага каршы чыгууга даяр адамдар, мындайча айтканда Бакиевдин куйруктары баш көтөрө башташты. Убагында Сиздер: Р.Отунбаева, А. Сасыкбаева, Б. Жээнбеков Б. Бешимовдор эл менен жолугушууга келгенде Бакай-Ата районунун "жумурткачан аялдар" командасы сиздерге антимитинг уюштурушкан. Ошондогу "жумурткачан аялдардын" демилгечиси Соцфонддун төрайымы Шүкүева Дамира болгон. Алардын башында Райкеңештин төрагасы Бабыров Өмүркул жана райондун аймагындагы айыл өкмөттүн башчылары болгон. Булардын жумуштан кетпей жаткандарынын себеби, айланып келип эле Декреттин 9-пункту болуп жатат.
Эми Конституция күчүнө кирди, Сиз жана Убактылуу өкмөт чечкиндүү чара көрбөсөңүздөр, стабил-дүүлүккө шек кетип калабы деген кооптонуудабыз. Биз, Ревком, колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз.
Бир топ жылдан бери Сиздер менен оппозицияда башыбызды тобокелге салып, Мекендин келечеги үчүн жакшы ниетте аракеттенип келе жатабыз.
Сиздердин колдооңуздар керек болуп жатат. Алдын ала ыраазычылыгыбызды айтабыз.
"Бакай-Ата" Элдик Революцияны коргоо кыймылы.





Кыргыз Республикасынын президенти
Роза Исаковна Отунбаевага "Нортон" компаниясынын
негиздөөчүсү Т.К. Турдакуновдон

КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Роза Исаковна!

Биздин компаниянын сизге кайрылуусунун себеби, азыркы учурда Жаратылыш кендеринин министрлигинде Жумалиев Кайрат мырза тарабынан жасалып жаткан иш. Компаниянын астыга койгон максаты болуп Кыргыз Республикасынын экономикасына жана жалпы кыргыз элинин жашоо турмушун жакшыртуу үчүн, чет элдик татыктуу инвесторлордун акча каражаттарын, тоо кен өндүрүшүнө тартуу болуп эсептелет. Азыркы саясий жана экономикалык татаал убакытта, Ата Мекенибиздин экономикасын көтөрүүгө жана аны менен бирге элет жериндеги жумушсуздукту азайтуу максатында, өзүбүздүн акылыбыз жана талыбас эмгегибиз аркылуу өз салымыбызды кошууга аракет кылуудабыз. Өзүңүз жакшы билгендей, Кыргыз Республикасынын территориясында Советтер Союзу убагындагы жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөрдүн аркасында, көптөгөн минералдарга бай кендер табылган. Өзүбүздүн эгемендүүлүгүбүздү алгандан тарта, бул кен байлыктар ар кыл ортомчулардын чөнтөгүн толтуруучу капчык болуп келүүдө. Бул шарттын түзүлүшүнө мурунку журт башчыларынын шалаакылыгы, келечекти көрө албастыгынан жана алардын жанында топтолгон өз камынан башканы ойлобогон кеңешчи сөрөйлөрдүн катасы түрткү болгон. Ортомчулардын аркасында, элибизге тиешелүү кен байлыктарды изилдөөгө жана иштетүүгө берилген лицензияларды алган компаниялардын уставдык капиталдары, туруксуз эл аралык деңгээлдеги "алдамчы" инвестор сөрөйлөргө сатылып, базарга айланып калды. Бул тууралуу канча убакыттан бери басма сөз кызматтарында жарыяланып, бирок жогорку тараптан эч көңүл бөлүнбөстөн калууда. Кыскача жогоруда айтылган министрликтин тегерегинде болуп жаткан абал ушундай, бизде бул жерде реформа жүргүзүүгө абалды оңдоо үчүн сизге эгер керек болсо кеп кеңеш, ой пикир бар.
Жогоруда айтылган Жумалиев Кайрат мырзага келсек, бул адам мурунку "качкын" журт башчысынын калдыгы, эмне себептен, ким аркылуу жана кандай жол менен министр болуп келүүсү ар кыл журналисттердин ой толгоосунан бөлөк бизде далил жок. 2010-жылдын июнь айынын жыйырма бешинде болгон Министрликтин комиссиясында "Чакуйрук Акжылга" алтын кенинде геологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн, конкурс өткөзүлөт (бул объектте эгемендүүлүктөн бери канчалаган ортомчулардын аркасында иш жүргүзүлбөй келүүдө). Конкурска катышуу үчүн үч компания заявка тапшырат. Алардын бири биздин компания, биздин компаниянын бул конкурска катышуусуна чет элдик биздин текшерүүбүздөн (акча каражатынын жетиштиги, ички башкаруусунун азыркы учурдун талабына ылайык келүүсү, тоо кен өндүрүшүнө тиешелүү тажрыйбасынын жана жогорку классификациядагы жумушчуларынын бардыгы) өткөн инвестордун бул кенге кызыгуусу себеп болду Комиссиянын заявка алуу тартиби боюнча заявка тапшырган компания геологиялык изилдөө үчүн түзгөн программасына ылайык программада көргөзүлгөн акча каражатына дал келген банктан справка тапшырылышы керек. Бул жерде "Ноэлия Групп" ЖЧКнын программасында 1млн 500миң АКШ доллары көрсөтүлгөн, ал эми банктан алган справкасында болгону 15миң АКШ долларына жакын акча каражаты көрсөтүлгөн српавканы тапшырган. Бул мыйзам бузууга көз жумуп, министрликтин комиссия мүчөлөрү жана министр макулдугун беришкен. Комиссиянын чечимине ылайык "Чакуйрук Акжылга" алтын кенине геологиялык изилдөө үчүн лицензия "Ноэлия Групп" ЖЧКнын мыйзам бузуу жолу менен берилди. Айта кетчү нерсе бул "Ноэлия Групп" коому, "Турук" алтын кенинин лицензиясынын №1811 АР лицензиясынын 2008-жылдын он тогузунчу майынан берки ээси. "Турук" алтын кенинде бул компания лицензиялык келишимдерде көргөзүлгөн, геологиялык иштерди жүргүзбөй, жалган отчетторду тапшыруу, акча берүү жолдору менен лицензияны кармап, кенди сатууга жан далбас уруп инвестор издеп келет. Биз бул чечимге каршыбыз, бир лицензияны канча жылдарга кармап, иштете албай келе жаткан компанияга кайрадан башка лицензия берүү бул туура эмес, акылга сыйбаган нерсе. Бул министрдин катасы, анын геология тармагында тажрыйбасынын жоктугу, ал чечим чыгарууну комиссиянын мүчөлөрүнө шылтаган күндө дагы, элибизде "балык башынан сасыйт" деген сөз бар. Лицензияны берүү үчүн министрлик тапшырылган документтерди олуттуу карап чыгып, керек болсо кошумча документтерди талап кылыш керек эле, а бул айтылган окуяда болсо бардыгын акча деген балакет чечип, "Чакуйрук Акжылга" алтын кени кайрадан дагы бир ортомчунун акча табуу үчүн кол оюнчугу болуп калгандыгы өкүндүрөт. Бул биз катышкан, башыбыздан өткөнү гана, а башка болуп жаткан тымызын иштер толтура.
Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү үчүн, биз жогору жакты карап тура бербестен, ар бирибиз өзүбүздөн баштасак, алда канча жеңил болот жана сизге кайрылуумдун негизги себеби ушул. Сизге болгон өтүнүчүм, геология тармагына, тоо- кен өндүрүшүнө олуттуу түрдө карап, министрликке олуттуу, тажрыйбалуу ушул тармакты өнүктүрүшүнө көзү жеткен, өзүнө ишеничтүү курамы болгон кыргыз элинин патриоту келсе, тоо-кен өндүрүшү өлкөнүн өнүгүшүнө зор салымын кошоору баарыбызга белгилүү.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??