Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Бөөдө дөөдөй балээ бар

Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
Көпчүлүктүн эсинде болсо керек, Совет бийлигинин доорунда, соода түйүндөрүндө: "Сатылган буюмдар алмаштырылбайт жана артка кайра кабыл алынбайт!"-деген кулактандыруу жарлыктары, ар бир кадам сайын, соода жана тейлөөчү түйүндөрүндө жайнап турчу. Чынында эле, ошол мезгилде сатып алган кымбат баалуу буюмдарды соода түйүндөрүнө же тейлөөчү жайларга кайтарып бериш, керектөөчүлөрдүн оюна да кирчү эмес.


Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамыбыздын ченемдерине ылайык, сатып алуучуларга сапаттары начар товарларды соода түйүндөрүнөн кепилдик убактары сакталган убакытта, алмаштырууга, төлөнгөн акчасын кайра алууга толук мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Бирок, керектөөчүлөргө ушундай шарттар түзүлгөнүнө карабастан, дагы деле болсо, кээ бир азем маркеттерде (супер маркеттерде), соода жайларында, эскиден көндүм калдыктардан калганбы, ошол эле: "Сатылган буюмдар алмаштырылбайт жана артка кайра кабыл алынбайт!"-деген сөздөрдү кездештирүүгө болот.
Жогорудагы аталган мыйзамыбыз Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн биринчи жылдары эле кабыл алынган. Ошол кырдаалда, ар бирибиздин жашоо турмушубузда базар экономикасы жөнгө салынып, өлкөбүздүн соода-сатык түйүндөрүндөгү толгон-токой буюмдардын көпчүлүгү сапаты начар, стандарттык талаптарга туура келчү эмес.
2007-жылдын ноябрь айына чейин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери жогорудагы көтөрүлгөн маселелерди өз алдынча текшерүүгө, тескөөгө толук укуктары болсо, ошол жылдын 6-ноябрындагы №533 Өкмөттүн токтомунун негизинде жеке ишкерлерди өз алдынча текшерүү тизмесине кирбей калгандыктан, көптөгөн көйгөйлүү маселелерди керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмелер менен биргеликте чечүүгө туура келгендиктен, кээ бир арыздагы көтөрүлгөн маселелерин тез арада карап чыгууга мүмкүнчүлүктөр болбой калууда.
Ошондой тоскоолдуктарга карабастан, Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын адистери, жалпы маалымат каражаттары (гезит, сыналгы, ж.у.с.) аркылуу керектөөчүлөргө тиешелүү мыйзамдарды туура колдонуу боюнча укуктук консультацияларды, кеңештерди, сунуштарды берүү менен биргеликте, товарлардын сапатын ынтаасыз иштешип чыгарышкан жеке ишкерлер, чала сабатсыз тейлөө кызматкерлери жөнүндө, кээ бир соода-тейлөө уюмдарын административдик комиссияда, каралып, жаза пул айып төлөгөн чагылдыруу аркылуу элибизге жеткиликтүү маалыматтарды чагылдыруу менен тиешелүү мыйзамдарыбыздын маңызын элге жеткирүүнүн аракетинде.
Азыркы убакта биздин дарегибизге сапаты начар буюмдарды (көбүнчө: бут кийим, уюлдук телефон ж.б.у.с.) соода түйүндөрүнөн, базарлардан сатып алышып, мыйзам чегинде ушул көтөрүлгөн маселелерди чечише албай, жардам сурагандары жөнүндө көптөгөн арыздар менен керектөөчүлөр кайрылууда.
Мисалга, былтыркы жылы биздин дарегибизге расмий түрдө керектөөчүлөрдөн 454 арыз түшүп, адистерибиздин мыкты аракеттеринин негизинде арыз ээлерине 328 462 сомдук материалдык зыяны кайтарылып берилип, кээ бир мыйзамдарыбызды одоно бузган жеке ишкерлерге, соода-тейлөө жетекчилерине 140 миң 462 сомго жаза пул айыбы салынса, быйылкы жылдын биринчи үч айынын ичинде эле 260 арыз менен кайрылышып, 138 000 сомдук элдин материалдык зыяндарын кайтарып берилип, 223 миң 500 сомго жаза пул айыбын, тиешелүү актылардын ченемине ылайык, мамлекеттик бюджетке толугу менен төлөттүрүп, кийинки жолу да ушундай мыйзамдарды бузбаш үчүн алдын ала иштерди жүргүзүүдө.
Мисалга, жакында эле керектөөчүлөрдүн бири, белгилүү эле азем маркеттен кымбат баалуу бут кийим сатып алып, бир жума өтпөй ошол бут кийимдин өкчөсү түшүп калганына байланыштуу, ал жактагы соода жүргүзгөн ишкерлерге кайрылса, "биз бул соода түйүндө ижарада турабыз, ижаранын акысы аябай жогору, элге сатылып жаткан бут кийимдерди дүң сатып алабыз, доо-талабыңыздар менен ошол жакка кайрылыңыздар"-деген шылтоону айтышкан. Расмий түрдө керектөөчүлөрдөн түшкөн арызды кароодо, Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамыбыздын 5-жана 24-беренелерине таянып, биздин адистердин сатуучулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракеттеринин жыйынтыгында, арыз ээсинин талабын канааттандырдык. Мындай көрүнүштөр күн сайын ондоп эсептелет. Кээде, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмелери кээ бир жеке ишкерлерге, же соода-тейлөөчү кызматкерлерге тиштери өтпөй калган кезде, биздин дарекке кайрылууга мажбур болгон учурлар да болот.
Жакында эле, "Манас" коомдук бирикмесинин жетекчиси керектөөчүнүн арызын биздин дарегибизге жөнөткөнүнө байланыштуу арыз ээси менен биргеликте дүң базарларынын бириндеги жеке ишин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк ишмерге биздин тиешелүү мыйзамдарыбыздын ченемин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен биргеликте, тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде, сапатсыз түстүү телевизордун ордуна, төлөнгөн 12 миң сомун кайтарып берип, керектөөчүнүн талабын канааттандыра алдык.
Ушундай эле тыгыз байланышта керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча: "Айкын", "Юстин", "Вигенс" жана "Темир-аба, автоунаа жолдорунун керектөөчүлөрүнүн" укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмелер менен биргеликте жигердүү иштерди жүргүзүүдөбүз.

Жогоруда көтөрүлгөн көйгөйлүү
маселелер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын соода, кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Жаныбек Ботоевден маалыматтарды алып, даярдаган
Геннадий ХОЛКИН




Жаш толкун
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"
Коомдогу болуп жаткан бардык иш-чаралардын локомотиви жаштар экенин моюнга алганыбыз менен, акыркы убактарда аларга азыраак көңүл бурулуп калганын баамдап, бул ирет жаштардын өкүлдөрүнө дагы азыноолак сөз берүүнү чечтик. Алардын бири - Мирбек Айтикеев аттуу жигит. Жашы 23тө. Апрель айында дүйнөгө дүң болгон Таластагы элдик көтөрүлүштүн активдүү катышуучуларынын бири. Учурда Таластагы NextFM радиосунда журналист. Мындан тышкары, Талас мамлекеттик университетинин студенттик парламентин, социал-демократтар партиясынын облустагы жаштар канатын жетектейт.


- Мирбек, коомдук иштерге аралашканыңа канча убакыт болду жана эмне себеп болду?
- 2007-жылы агам Адилет Айтикеев СНБнын СИЗОсуна камалгандан кийин коомдун бардык катмарына тамырлап, мамлекеттин канын мите курттай соруп аткан Бакиевдик системага каршы күрөшүү үчүн саясатка активдүү аралашуу маанилүү экенин сездим. Ошол жылдын декабрь айында, болуп өткөн парламенттик шайлоодо өзүмдүн саясий принцибиме туура келген Алмаз Атамбаев жетектеген Соцдем партиясын тандадым да, ага жардам берүүнү туура көрдүм. Ошол убакта чынын айтсам, мени менен саламдашуудан тартынып калган айрым санаалаштарым бул аракеттеримди колдоого алышкан эмес. "Агаң камалып атса, сен ага дагы, өзүңө дагы ор казып жатканыңды байкап атасыңбы?" дешип университеттеги айрым окутуучуларым ормон опузага өтүшкөн. Алардын мындай мамилелерин тар кызыкчылыктан чыккан түшүнбөстүк деп эсептеп, өз ишимди уланта бердим. Убакыт өтүп, кимдин тандаган жолу туура жана натыйжалуу болгонун турмуш көрсөттү.
- Сен жетектеген партиянын облустук жаштар канатында канча адам бар?
- 350дөн ашты. Мен партияга кирген кезде жаштар канатынын аты да жок эле. Учурда анын кадыры билинип, катары калыңдап баратат. Баарынан да, жаштардын басымдуу бөлүгү идея үчүн партияга кол сунганы кубана турган нерсе. Албетте, мындай жаш мууну бар улуттун гүлдөөр келечеги алдыда.

(Уландысы 14-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??