Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

 Китепкана



п»ї

 Китепкана

  Мыйзам алкагында

Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек
2005-жылдын жаз айларынан тарта өлкөдө криминалдык күчтөрдүн ташы өйдө кулап, ошол эле жылдын август айында Ош облусунда элүү криминал колго түшкөн. Акаев доорунда криминалдык күчтөрдүн иш-аракеттери байкалбай келсе, Бакиевдин келиши менен криминалдык чөйрөнүн адамдары өлкөгө ачык оюн сала баштаган. Мына ошонун кесепетинен көптөгөн бейкүнөө кыргыздын эр азаматтары кара жер алдына берилип, жакындары чындыкка жете алышпай чыркырап кала беришкен. Биз төмөндөгү макалабызда өмүр бою эркинен ажыратылып, учурда абактын ачуу даамын татып отурган Ош областынын Кара-Суу айылына караштуу Кожомбак айылынын кулуну Давранбек Каимов тууралуу сөз кылабыз.
Давранбектин татаал тагдырга кабылышынын себеби төмөндө кыскача берилет.

Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан Кара-Суу базары Орто-Азиядагы эң ири базарлардын катарына кирип, жалпы аянты 15 гектарды түзгөн. Анда иш жүргүзгөн жеке ишкерлердин саны 15миңден ашык болуп, жеке эле кыргыздар эмес, өзбектер, кытайлар, түрктөр, пакистандыктар да соода жүргүзүшкөн. Такталбаган маалыматтарга караганда, базардан түшкөн бир күндүн акчасы 500 000 долларды түзгөн. Күн сайын базарга Орто-Азиянын ар кайсы өлкөсүнөн 50 000 адам келип турган. Мындай ири өлчөмдөгү каражат түшүп турган соода түйүнүнүн кожоюндары - биринчи Баяман Эркинбаев болсо, андан кийин Абдалим Жунусов болгон. Мындай кирешелүү булакка көз арткан адам Баяман менен Абдалимдин ортосуна катуу кармаш жараткан. Ал биринчиден, өтө таасирдүү фигура болгон. Эмнегедир мурда тынч иштеп жаткан соодагерлер революциядан кийин базардын аренда акысын түшүрүүнү талап кылышып, базар мыйзамсыз катталган деген жеке айыптары менен бир топ акцияларды өткөрүшкөн. 2005-жылдын 13-июнунда Баямандын Ош шаарындагы кеңсесинин алдына акцияга чыккандар чогулуп, күтүлбөгөн жерден эки тарап ок атышып, натыйжада 6 адам жаракат алып, Кара-Суу базары Баямандан Абдалим Жунусовго өткөн. 2005-жылдын 5-сентябрында Кара-Суу базарынын жаңы кожоюну Абдалим Жунусов өз үйүндө атылып өлтүрүлгөн. Аны менен бирдикте жан сакчысы Санжар Абдиев кошо набыт болгон. Өз учурунда бул кылмыш иши боюнча жергиликтүү укук коргоо органдары жашыруун тергөө жүрүп жатканына байланыштуу ачык маалымат берүүдөн баш тартышкан. Ошондой эле алар тергөөнүн жыйынтыгында Ош шаарына караштуу Кара-Суу районунун Кожамбак айылынын тургуну 1985-жылы туулган Давранбек Каимовду күнөөлүү деп табышкан. Каимов мурда 2001-жылдын 16-ноябрь күнү Кара-Суу райондук соту тарабынан КЖКнын 170-берене "вымогательство" менен төрт жылга соттолгон. Ал эми Абдалим Жунусовдун өлүмүнө тиешеси бар делип, 2008-жылы 3-июнда КЖКнын 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Соттолгон Давранбектин атасы Ином аксакал уулуна чыгарылган өкүм негизсиз экенин айтып, барбаган жери, арызданбаган адамы калган эмес. Бирок, Абдалим Жунусовдун өлүмү өтө чоң резонансты жараткандыктан, мындай ишти далилдөө абдан кыйынга турган. Анткени адам өлтүрүүгө түздөн-түз криминалдык чөйрөнүн катышы болгон. Ином аксакал уулуна кайрат айтып, башка салган оор ишти сабырдуулук менен жеңүүгө аракет жасап келишет. Мына ушундай күндөрдүн биринде Каимов Давранбек Иномович 2009-жылдын 26-ноябрынан 27-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы №5 СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жеринен качып кеткен. Анын тергөөдө берген көрсөтмөсү төмөндө кыскача түшүндүрүлөт.
Давранбек 2009-жылы Ош шаарындагы №5 СИЗОго келип, ар кайсы камераларда жашаган. Андан соң, жаза аткаруу абагынын жертөлөсүнө жайгаштырылган. Өзү менен кошо жаткан камерасына "НАБЕК" аттуу кичинекей түстүү телевизорун алып жүргөн. Ал камерада өмүр бою эркинен ажыратылган Нурмухаммад Мулажанов, Союз Калдаров да болгон. Алар күндөгүдөй телевизор көрүп отурушуп, Жогорку Кеңештин депутаттары өмүр бою эркинен ажыратылгандарды атып салуу керектигин талкуулап жаткандарын көрүшөт. Үчөө сүйлөшүп отуруп, "бекер атылып кеткиче качып чыгып, өлүм жазасына татыктуу эмес экенибизди далилдейли" дешип, качып кетүү планын түзүшкөн. 2009-жылдын 26-ноябрынан 27-ноябрына караган түнү түнкү саат: 03:30дар чамасында СИЗОдон качып чыгып, Кара-Суу районунун Фрунзе колхозундагы бир үйгө бекинишет. 27-ноябрь Курман айт күнү саат:09:00 чамасында алар жашырынып жаткан үйдү милициялар курчоого алышып, кармашкан. Ошону менен өмүр бою эркинен ажыратылган үч жигитке өлүм жазасы чыгарылган. Давранбек Каимовдун Абдалим Жунусовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши далилдүү же далилсиз болгондугун редакция өз иликтөөсүн жүргүзүп бүткөндөн кийин ачыкка чыгарат. Анткени, Каимов тууралуу документтерди көрүп, тергөөдө бир топ мыйзам бузуулар болгондугун байкадык. Ал эми абактан качуунун эң негизги себеби, №5 СИЗОнун кызматкерлеринин өз ишине кайдыгерлигинен болгондугу айтпаса да түшүнүктүү. Анткени, өмүр бою эркинен ажыратылгандарды атып салуу боюнча Жогорку Кеңештин талкуусун көргөн абактагылар албетте кооптонушат. Дагы ошондо бир Кудай өзү сактаптыр. Эгер ошол талкууну өмүр бою эркинен ажыратылгандардын баары көргөндө башаламандык болуп, абактагылар бүт көтөрүлсө эмне болот эле? Мына ушундай кайдыгерликтин айынан өлкөбүздө кылмыштар өсүүдө.

Назгүл
МАМЫТОВА




  Жан дүйнө жабырланбаса

Рысбүбү БӨЛӨКБАЕВА, жазуучу:
БАТАГА БАСЫП КЕЛБЕГЕН РЕКТОР
Жазуучу, окумуштуу Дайырбек Казакбаев Москвадагы А.М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтунун жана Л.М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын бүтүргөн. Философия илимдеринин кандидаты. КМШ мамлекеттик эл аралык жазуучулар уюмунун Биргелешинин, КР Улуттук жазуучулар Союзунун жана башкармалыгынын мүчөсү. Он бештен ашык көркөм китептери кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн, бөбөктөр үчүн жазылган жомоктор жыйнактарынын ээси. "Тайлак-улуттук баатыр", "Чыгыштан чыккан жети ГЕН" аттуу илимий публицистикалык жыйнактарынын ээси.
Аброю артып, чыгармачылыктын туу чокусуна келгенде капысынан дүйнөдөн өтүп кетти.

- Рысбүбү эже, кийинки жылдарда Таласта жашап калдыңыздар беле?
- Ооба, 2005-жылдан баштап, Талас мамлекеттик университетинин чакыруусу менен кафедра башчысы болуп эмгектенип жүргөн. Студенттерин өз балдарындай эле көрчү. Жаш окутуучуларга көмөгүн аябай, "Өзүбүздүн ичибизден эле илимдин кандидаттарын чыгаралы, сырттан чакыртпай" - деп, аларга Бишкектен илимий жетекчилерди таап, кимге болбосун колунан келген жардамын аябай, жакшылык кылганга шашып турчу.
- Азыр эмне менен алектенип жатасыз?
- Алектенген нерселер көп. Дайырбектин "эки томдугумду чыгарам" деген максаты бар эле, ошол тилегине жетпей калды. Мен ошол эки томдукту басмага даярдап жатам. Ал ортодо сот иштери убактымды да нервимди да алмай болду.
- Ал эмне болгон сот иштери?
- Талас университетине которулуп барганда бизге жер там беришти эле. Юристтердин, адвокаттардын айтымында КРнын турак жай Кодексинин 112-беренесине ылайык там бизге тиешелүү экен. Анда минтип жазылыптыр: "Граждане, выселение которых не допускается из служебных жилых помещений без предоставления другой жилой площади...
- члены семьи умершего работника, которому было предоставлено служебное жилое помещение."
Ага карабай шаардык жана областтык соттун чыгарган токтомдору да университеттин пайдасына чечилди. "Эми там меники" деп батага басып келбеген университеттин ректору эки күндүн биринде өзү баш болуп, түрдүү опузалоого өтүп, мени тамдан чыгармай болуп жатат. "Алдыда Жогорку Соттогу териштирүү бар эмеспи, күтө турбайсыңарбы" дегениме көнбөдү. Дайырбек өмүрүндө бирөөнү жамандачу эмес, ректор Жылкычиев өзүнөн көп кичүү болсо да сиз деп, атынан атачу эмес эле. Эми болсо, арбагын сыйлагандын ордуна, "өлдү-бүттү" деген мамилеге өтүп, кайгыда жүргөн жанымды ого бетер кейитип жүрөт.
- Тамды музей кылам дейт экенсиз го, кандайча?
- Музей иштерин да реформалоо керек. Музей десе эле кээ бирөөлөр "Бул мамлекеттин иши" деген түшүнүктө. Маданий-адабий, тарыхый жакшы нерселерди ким эле четке каксын.
Дайырбек Казакбаевдин атын өчүрбөй калуу аракетинде мага ушул идея келди. Музейди бир эле кишиники кылбастан, Талас дубанындагы татыктууларды да кошом.
- Сиз деле жазуучусуз. Университетке иштейин деген жоксузбу, анда соттошуп-оттошпой эле тамда кала берет элеңиз да?
- Туура айтасыз, мен деле ушинтип ойлоп, "Дайырбектей боло албасам да өз тажрыйбам бар, калган жылын мен иштеп берейин" деп арызым менен баргам. "Сиз илимдин кандидаты эмессиз" деди.
(Уландысы 11-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
9-июль, 2010-ж.:
1-бет
Ч.БАЕКОВА: "МАКСИМ МЕНИ КУЧАКТАП,
КЫСЫП ТУРУП БЕТИМЕН АЙМАЛАП ӨПТҮ,
УКМУШ БАЛА ТУРБАЙБЫ..."

2-бет
Ата-Журттун абалы оор, башыңды көтөр кыргыз!
3-бет
Каражаттын арааны, Каттанинин карааны…
4-бет
КГУСТАда куугунтук башталыптыр
5-бет
АБЫСЫН ГЕЗИТ АСЫЛЫП ЖАТАТ,БЕТИН ТЫТАЛЫБЫ?
6-бет
Андай эмес мындай же компаниядан короз кат
7-бет
"Казак чек аралары ачылган менен чектөөлөр алынган жок"
8-бет
Кишенден бошонгон рухтун ырлары
9-бет
Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер:
"Сөзсүз эле Обама же Медведев телефон чалыш керекпи?"

10-бет
Өлүм жазасы же өмүр бою
эркинен ажыратылган Давранбек

11-бет
Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
12-бет
Керектөөчүлөрдүн укугу корголууга тийиш
13-бет
Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!

14-бет
Мирбек АЙТИКЕЕВ:
"Менин кыргызым - кудай сүйгөн эл,
аны эч ким жок кыла албайт!"

15-бет
Кошуна
16-бет
Ыймандан дилиң тазарат










??.??