Улут үчүн үн катыңыз!

Абдрахман Алымбаев, Жазуучулар союзунун төрагасы:
"Улутчулдук шОвинизмге, майда улуттар сепаратизмге жетпеши керек"
(Маектин уландысы.
Башы өткөн санда)
- Кырдаалды жөнгө салып, мындан аркысынын алдын ала алабызбы?
- Ушундай окуя кайталанбасы үчүн дагы бир басым жасап айтарым, 1990-жылдагыдай унутта калтырбай окуяга баа беришибиз кажет. Ал баа менимче, сепаратисттик кыймылдын уюштурган чагымы деген жыйынтыкка келет. Ал эми азыркылар өйдөгө чыгарып, улам айтып жаткан "үчүнчү" күч анчалык мааниге ээ эмес. Ооба, Бакиевдин тобу, панисламисттик идеядагылар жүргөнүн эч ким танбайт. Улуу державалар тарабынан түзүлгөн күчтөр болгону тууралуу да сөздөр болуп жатат. Ушундай кырдаалдан пайдаланып, кыргыз мамлекетин жок кыла турган түрлүү топтор өлкө ичинде жойлоп жүргөнүн тана албайбыз. Бирок, анын чыгышына 70-80 пайыз себепкер болгон башкы фактор сепаратизм экенин, окуя кыргыз-өзбек ортосунда кагылыштан улам курчуганын мойнубузга алышыбыз кажет. Ага күнөөкөр өзбек диаспорасы, анын ичинде өзбектерди көкүткөн топ экенин ачык айтып, аларды жазалоо зарыл.
- Эмне үчүн ушундай улуттук кагылыштар, улут аралык араздашуу биздин гана өлкөдө кайталанууда?
- Бизде туура эмес жүргүзүлгөн улуттук саясат дал мына ушуга алып барууда. Акаевдин тушунда 15 жыл бою "Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз" деген саясатты жүргүздүк. Ошондо кыргызга кыргыз эмес улуттар тең ата болду. Мен аларды кыргыздардын алдында басылып турсун дегим келбейт. Оболу кыргыз адамын көтөрүп, анан калган өзбек, дунган, уйгур, түрк адамдарын кыргызга теңейли деп жатам. Зээнди кейиткени, бир нерсени айтсаң эле, адам укугу кордолду деп кыйкырган укук коргоочу адамдар, уюмдар көбөйдү. Бирок, алар канчалык көбөйгөн сайын адамдардын укугу, анын ичинде кыргыздын укугу кордолуп жатат. Мамлекетти талап-тоногондор соттолбой, күнөөсүз жерден күнөөлөнүп, ак жеринен караланып, тоок же индюк уурдагандар түрмөдө жаткан адилетсиздикти көзүбүз менен көрүп туруп, анан кантип адам укугу корголду деп айта алабыз. Ал эми өлкөдөгү кыргыз улутунун укугу жөнүндө сөз кылууга да болбойт. Муну сөз кылдың дегиче, кыргызды башка этноско каршы үгүттөгөн адамдай кабылдашып, "улутчул" деп чыккандардын саны арбыды. Муну түшүнбөй же атайын эле жасагандары да бар. Бул улут деген түшүнүктү жаман көрсөткөн СССР саясатынын саркындысы. Ооба, учурунда туура саясат болгон. Бирок, биз азыр унитардык, улттук негизде түзүлгөн кыргыз мамлекетинде жашайбыз. Биз сөзсүз улуттук саясатты жүргүзүшүбүз кажет. Себеби, бул өлкөгө биз, кыргыздар жоопкербиз. Жыйырма жыл бекер коротулгандай мамлеттеги улуттук саясатты башаламан кылбашыбыз зарыл. Болбосо, өлкөдөгү 80 улут теңтайлашканын токтотпойт. Маселен, кечээги Түштүктөгү окуяда мамлекеттик саясатта, коомдук турмушта, биз менен бирдей жашап келген этнос жаңжал чыгарганда дүйнө коомчулугу жаман сөздү кыргыз улутуна гана айтты.
- Демек, өлкөнүн тагдыры жалгыз кыргыздардын колундабы?
- Мамлекетти кыргыз улуту түзөт, кыргыздар баштайт. Кыргызстандын бар болушуна же жок болушуна кыргыздар гана себепчи болобуз. Башка этносторго баары бир, кээ биринин өз өлкөсү бар, кыйналса кетип калат. Айрымдары ким менен болсо да жашай берет. Азабын бир гана кыргыз тартат. Ушул мамлекетти кыргыз улуту түзгөндөн кийин аны сактоого, өнүктүрүүгө биз милдеттүүбүз, жоопкербиз. Ал эми турмуш чындыгында милдет кыргыздарга тагылат, бирок, кыргыздардын укугу ошол деңгээлде корголбой келүүдө. Бирөөнүн мурду канаса да, үй ээси болгон кыргыз күнөөлүү болгону туурабы? Мисалы, бир үйдө жашаган бакма балаң сени атып жатса, аны уруп койгонуң үчүн күнөөкөр болуп чыкканың адилеттүүлүккө жатабы? Бул кыргыз жетекчилеринин түшүнүгү тайкылыгынын, жыйырма жылдан берки тарыхта улуттук саясатты туура жүргүзө албагандыгынан келип чыкты. Кыргыздын духу менен кыргыз эместердин духунун күрөшү жүрүүдө. Мамлекетте улуттук саясаттын жоктугуна байланыштуу кыргыздын көкүрөгүндө катылган улуттук духу каршы чыкты. Октон да кайра тарттырбаган, кыргыздын духу. Ал көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн кагылыштарды алып келүүдө. Ал нерселерди ачык айтып, саясатты ордуна коюп, жакын арада улуттук идеологиянын программасын иштеп, мамлекетти чыгышка же батышка карата бир тарапка багыттап, улуттук саясаттын негизинде жолубузду аныктабасак, экономика деп кыйкыргандан эч нерсени утпайбыз. Экономиканы бүгүн түптөп, эртең кайра талкалай беребиз. Мындай жүрүш кыргыздын аң-сезимин бузуп, улутту деградацияга алпарат. Улут деградация болгондон кийин мамлекеттин талкаланышы заматта. Биз аз элбиз. Дагы эки, үч кагылыш болсо, кыйын эле болот. Мисалы, апрелден бери расмий маалыматтар менен 500дөн ашуун, расмий эмес булактарга таянсак миңге чукул жараныбыздан айрылдык. Улутту тебелеп, тепсеп, анан кыра беребизби? Биз кыргыз улутун көтөрүшүбүз керек, муну улутчулдук деши мүмкүн. Бул улутчулдуктун жакшы жагы. Шовинизмге өтүп кеткенде ал жаман жагына айланат. Башка этностордун жашашы үчүн шарт түзүп берүүбүз кажет. Бирок, алар кыргыздарга каршы курал көтөрүп, сепаратисттик кыймылга өсүп жетпеши керек. Ошондуктан биз туура улуттук саясатты карманбасак, кейиштүү абалга кептелебиз. Жыйырма жылдагы улуттук саясаттын жүрбөгөнү мамлекетке олку-солкулукту, этникалык кагылыштарды, жарандардын ортосундагы араздашууну алып келди. Муну сабак катары кабылдап, андан жыйынтык чыгарууга милдеттүүбүз. Бүгүн да мамлекет кимге карап түзөлүшүн, кайсы тарапка карап өнүгүшүн аныктай элек. Жүргүзүлгөн саясат жалаң кыргызды жок кылуу негизинде ар кандай формаларда кайталанууда. Ал диндик, тилдик, тарыхты бурмалоо, дүйнө таанымды өзгөртүү, улуттук салттарды жокко чыгаруу, шоу деген жарнакта аң-сезимди өлтүрүү, партиялар формаларында келүүдө. "Ата Мекен", "Ата Журт", "Ак Шумкар" ж.б. партияларынын бири биринен айырмасы эмнеде экенин билбейсиң. Бардыгы улутту өнүктүрөбүз дейт, бирок ал программалары жокко эсе, болсо да өтө начар иштелген. Анткени, биз өтө азбыз. Бүгүн ар бир кыргыз уулу-кызы улутчул болор мезгил жетти. Шовинизм эмес, башка улутту басынтпастан өз улутуңду көтөргөн улутчулдукту айтып жатам. Аз эл болгонубуздан кийин улуттук өзгөчөлүктөрдү өзөк кылып кармап, ошого карай өйдө карай көтөрүлүшүбүз керек.

Зулпукаар САПАНОВ




Осмонбек АРТЫКБАЕВ,
Энергетика министринин милдетин аткаруучу:
"Ачык эле "сени криминал өлтүрөт" деп айтышкан"
(Башы 11-бетте)
Бирок, мен өзүмдүн оюмдан кайтпадым. Ошол мезгилде Жаныш Бакиев мени үч жолу чакыртты. Үчөөндө тең барганым жок. Мен барбай койгондон кийин, Бакиевдер ого бетер тиш кайрап калышты. Ошентип, ар тараптан команда берилип, ишиме байланыштуу үч-төрт тараптан чабуулдар башталды. Ачык эле келип, "парламенттен кетесиз" дегенге чейин барышты. Муну мен сизге биринчи жолу айтып жатам. Бир күнү даяр текстти жазып келишип, "ушуну сессияда окуп туруп, мандатыңызды тапшырып, депутаттыктан кетесиз" дешти. Антип айткандар атактуу эле кишилер, аттарын айтпай эле коёюн кимдер экенин. Текстти окусам, фракцияны жамандаган, ошондой эле "мен бул фракцияга туура эмес кошулуп алыптырмын" деген сыяктуу сөздөр экен. Мен "жок, анте албайм, партиялаштарымды сатып кете албайм" деп, өз оюмда кала бердим. "Анда өзүң бил" деп ызырынып калышкан. Ошондон кийин финполиция, ИИМ, шаардын, республиканын прокуратурасы, салык инспециясы келип, катуу текшере баштады. КГБ болсо, аркамдан биротоло ээрчип алды. Келгенде да, чүмбөт кийген, автоматчандар менен келишип, эшиктерди талкалап, кабинеттерди өрттөгөн учурлар болду. Андай учурда, Роза Отунбаева баш болгон депутаттар жана саясатчылар келип, мени коргоого аракет кылып жүрүштү. Бул көрүнүштөр, айрыкча, президенттик шайлоонун алдында аябай күчөдү. Бардык аракеттери майнап бербеген соң, алар менин туугандарымды камайбыз дегенге өтүштү. Туугандарымдын кээ бири аргасыз чет өлкөгө качканга мажбур болушту. Акыр аягында, ачык эле "сени криминал өлтүрөт" деп айтышты. Ошондон кийин гана партиялаштарым менен акылдашып, алардын кеңеши менен мандатымды тапшырдым. Партиялаштарым, "убактылуу жашырынып, коомдук ишке ачык аралашпай тур" деп айтышты. Ошентип, "мен бизнес менен алектенем" деп билдирүү жасап, депутаттыктан кеткем. Бирок, мен бардык оппозициялык акцияларга катышып, жардам берип келдим. Эми анын баарын айтыштын кажети жок. Кыскасын айтканда, биз көргөн күндү Кудай эч кимдин башына салбасын деп айтаар элем. Мени сүйүндүргөнү- акыры келип, элдин жеңишке жеткени. Бирок, ал жеңишти ар бирибиз тикебизден тик туруп коргоп калбасак, акыбал дагы да болсо кооптуу. Мен азыр энергетика тармагына келип көрүп атам, кээ бир маселерди түп тамырынан бери чечиш үчүн али көп күч жана убакыт талап кылынат. Биз Конституцияны алмаштыруу менен, болгону негизин гана өзгөрткөнгө жетиштик.
- Парламенттик шайлоого катышасызбы же министр болуп иштей бересизби?
- Аны партия чечет. Бирок, бир нерсени айтып коюшубуз керек. Азыр акылдуулардын баары, "мындай кыйын учурда бийликке барып, өзүмдү булгап албайын, жаман көрүнүп калбайын" деп четте карап турушат. Ушундай оор шартта партиялаштар тапшырма берип, энергетика тармагын көтөрүп бер деп суранышкан.

Маектешкен
Заирбек БАКТЫБАЕВ