Өз өлтүрбөйт, жат жарытпайт

Борбор Азиялык интернет булактар жана Россиянын айрым ММКлары Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды "этникалык тазалоо" деген сыяктуу бир жактуу бергени, кыргыз жеринде байлыкка-бийликке жеткен өзбек тыңчыкмаларынын бет тырмоочулукка барып, "өзбектерди геноцид кылышууда" дешкени, шейит кеткен адамдардын 80 пайызы кыргыздар болгонуна карабай ала допучандардын ырчысы Ж.Усманованын бир тараптуу обон созушу митайымдыктын жеткен чегин көрсөтүп, улут деген адамдардын намысын ойготпой койбоду. Баарына тегиз, бирдей караган кечиримдүү айкөл кыргыз журту экономикасы, шаарлары эң башкысы кандаштарынан айрылып, жеңилүүгө дуушар болду. Бирок, кечиримдүү, боорукер кыргыз дале айкөлдүгүнө салып туру.


Кыргызды өзбек сепараттары кырды
Карт тарыхта "Азиянын арстандары" атыккан кыргыздар бир козголсо өлүм гана токтоторун дүйнө элине өнүккөн доордо эки, үч эселеп көрсөттү. Кошуна элдердей бир үй-бүлөнүн алдына чөгөлөп, бир адамдын этегине намаз окубастыгын бир эмес эки жолу далилдеди. Ушундай эл экенин билип туруп, ажалга тике карап, көзгө атар снайперлерден жалтанбаганын көрүп туруп, анан кандай негизде кыргызга кол салган "туугандарга" түшүнбөйсүң. Негизинде, пиала менен чайнегин көтөрө чуркап жашоосун өткөрүп келгендердин мынчалыкка барганы ойго келбеген иш болду. Же жоо жүрөк кыргыздын арасында жашап, эрдемсип калганбы деген ойго келесиң. Бирок, өздөрүнө окшоп баарын бир жактуу күнөөлөй берүү туура болбойт, эл арасында жакшы-жаманы болот эмеспи. Кыргызстан кыйын, капсалаңдуу учурду башынан кечирип жатканда, капилеттен кол салып, арам максатын ишке ашыруу сепараттык идеяны карманган топтун колунан келди. Анын запкысын жөнөкөй эл, карапайым кыргыз тартты. Мамлекет чоң жоготууга учурады. Эң негизгиси кыргыз кан жутуп, кыргыз мамлекетине зыян болду. Уюштуруучулар четке чыгып, кээ бирөөлөрү кайра саясатка башын батырып алды. Алардын жазаланышы эми арсар, аягына чыкпай калышы мүмкүн.
Албетте, сепараттык идеяга сугарылган өзбек лидерлери кырдаалды "жүда-ям" тандаган экен. Саясий өңүттө кыргыздар бири менен бири кырчалдашып, эки жаатка бөлүнгөнү "бөйрөктөн шыйрак чыгарганга" ыңгай жаратып, Түштүгүн эңшерсек, Түндүгү болушпайт деген ишенимде бир мезгилде т.а. түн ортосунда салют атып, азан чакырып баштап жибергени Жаратканга да жакпай калды. Жыйынтыгында кыргызды Кудай колдоп, өз жерин сактап калды. Өкүнүчтүүсү, жүздөгөн жаш жигиттерибизден, күнөөсү жок кыздарыбыздан айрылып калдык. Жерибиздин бүтүндүгү үчүн башын аябаган Алай жана Чоң Алай кыргыздарына терең таазим кылып, ыраазычылык билдиришибиз керек. Сепаратисттердин колунда калган Ош шаарын жогорудагы эки райондун эли бошотуп, мамлекеттин колуна салды. Эгер алар болбогондо, баррикада кылган өзбек айылдарына бүгүнкү күнгө чейин кире албай турган мамлекеттин жүүнү бош армиясы менен күч структурасынын колунан эч нерсе келмек эмес. Бийликке жеткиче улутчул, жеткенден кийин интернационал боло калган кыргыз жетекчилеринин колунан коко тыйын да келбейт болчу. Сепараттар койгон талаптарга макул болуп, Конституцияны кайра баштан жазышмак. Муну бөркүңүздөй көрсөңүз болот. Анткени, өзбек лидерлери Ош шаарынан кыргыздарды сүрүп чыгарып, баррикада кылып алып, анан өз талаптарын коюу планы түзүлгөнү так билинди. Ага алдын ала чагылдыруу боюнча ММКлар, куралдуу күчтөр даярдалганы окуядан соң ачык байкалбадыбы. Болбосо, ок жеп, мууздалып, өрттөлгөн бир да кыргыз жигити же зордукталып анан жан жери кескиленип өлтүрүлгөн бир да кыргыз кызы айтылбай, жөө-жалаңдап качып бараткан, үйү өрттөнүп ыйлап отурган өзбектердин сүрөттөрү мисал кылынышы пландын максатын көрсөтүүдө. Чындыгында эле "кылаарын кылып, кыл жип менен бууп", алгач кыргыздарды мыкаачылык менен кырып, зордуктап, анан жолдун тактасын алганын, ошол сүрөттөрдүн өзү тас-тыктап жатпайбы. Бүгүнкүгө чейин өлгөн балдарынын денелерин жерге берип, кесилген башын издеп жүргөн кыргыздарды, бир эле жерде зордукталып өлтүрүлгөн он кыргыз кызды, чогуусу менен күйгүзүлүп өлтүрүлгөн кыргыздардын сүрөттөрүн көрсөк да, чек арадан курал ташыган өзбектердин аты-жөнүн билсек да улут биримдиги үчүн деп жашырып, жарыя кылуудан уялып отурбайбызбы. Ушундай сыйды, өзбектерге болгон урматты качан түшүнүшөт болду экен?! Же, булар "жаманга жакшы айткыча, жаактан ары бирди тарт" дегенди күтүп жатышабы. Эдиреңдей бербей, эси барда этегин жабышпайбы, ала допучан туугандар.
Зулпукаар САПАНОВ




Алдыда
Кыргыздын кадырын кыргыз билип,
Кыргызстандын тагдырын кыргыз чечсин!
Кыргызстанда эки айдын ичинде алаамат болуп кетти. Ушул аралыкта Кыргызстан мамлекет катары жоголуп кетет дешип, кошуна мамлекеттер да биз тарапка кулактарын жапырып турушту. Түштүктө чуу чыгып, кыргыздардын жарымы жабыркап, башыбызга каран күн түшүп турганда айла жоктон, мыйзамдуу алкакка келүү максатында бардыгыбыз жаңы даярдалган Конституцияны кабыл алууга кадам таштадык. Буюрса "убакыт бергиле" деген Убактылуу өкмөттүн эң бир орчундуу маселесин кыргыз эли ишке ашырып берди. Эми азыркы өкмөттүн элде эч кандай энчиси калган жок. Бакиев сексен алты адамдын өмүрүн кыйса, азыркы өкмөт миңден ашык адамдын өмүрүн алууга жол берди. Демек, алма сабагынан алыс түшкөн жок. Бул да болсо бийликтегилердин шалаакылыгы, жеке амбицияларынын күчтүүлүгү, кайдыгерлиги. Мына ушул сыяктуу бири-биринен кызмат талашуунун жана кызганычтын кесепетинен түштүк жергебиз бүлгүнгө учурады. Буга эмне себеп болду дээрсиз окурман? Албетте, анын эң негизги себеби, кыргыздар башка элдердин алдында өзүбүздү өзүбүз тебелеп, басмырлап келгенибизде. Тагыраак айтканда, өйдө чыккан кыргызды ошол эле кыргыз этектен тартып турганыбыз жалганбы? "Ырыс алды - ынтымакты" эстен чыгарып, байлык, мансап үчүн башка элдерге ырысыбызды тебелетип, ата-бабаларыбыздан калган ыйык жерибизди булгап "Кыргызстан - наш общий дом" кылып ийгенибиз жалганбы? Мунун баары өз көкүрөгүбүзгө бычак болуп сайылды. Кучактап боорго тарткан өзбек туугандар кыргызды кырып салууга аракет жасашты.
Экинчи маселе, 7-апрелде мамлекеттин эркиндиги үчүн курман болгон эр жүрөк адамдар тез унутта калып, алардын арбагын сыйлабастан Убактылуу өкмөт дароо эле (мурдатан даярданып алышкандай) кадр саясатына чабуул жасоого өтүштү. Биринин койгон кадрын бири жактырбай, бардык мамлекеттик структураларда ызы-чуу болуп, нааразычылык күчөдү. Ал аз келгенсип, миллондогон долларларга кол салуу башталып, кадр маселесин соодалашууга өтүштү. Алар курман болгон баатырлардын арбагын нааразы кылгандарын сезишкен жок! Алардын намысына бир заматта түкүрүп, миллиондорду "сол чөнтөккө" жашырууга аракет жасашты. Бул туурасында эки күн журналисттерди чогултуп, эфирде сүйлөгөн Алмазбек Атамбаев негедир баштаган ишинин аягына чыкпай дым-дым болуп калды. Атамбаев чындык үчүн чыркырап, "миллионду уурдагандар жазага тартылсын" деп жатканда Роза Исаковна баш болуп, муну жокко чыгарып туруп алды. "Ооруну жашырсаң - өлүм ашкере кылат" эмеспи! Кудайым бир жерден болбосо да бир жерден эсибизге келтирип коерун таназар албай дардаңдап калдык эле, түштүк окуясы далай адамдын өмүрүн алды. Ошол себептүү "өлгөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбай" турганын эске алып, эркиндик үчүн шейит кеткендердин арбагына таазим кылып, Кудай деп жаңы мамлекетти курууга кадам таштайлы. Мурдагы өзүмчүлдүк, тууганчылык адатка салып кыргыздын, Кыргызстандын тагдырын "өз алдынча" чечүүсүнө шейит кеткен боордошторубуздун арбагы жана "Мен кыргызмын" деген патриот жаштарыбыздын духу жол бербейт. Ал эми башка улуттар кыргыздын белин сындырабыз дешсе, анда алар терең жаңылышат. Кыргыз жаштары өлкөбүздүн келечеги үчүн баш көтөрүп, бир муштумга биригип, мамлекетибизди сактап калууга мезгил келип жетти. Биринчи кезекте кыргыздын кадырын кыргыз билип, кыргыздын тагдырын кыргыз чечсин!
Назгүл МАМЫТОВА