Кошуна
- Тарс! Тарс! Тарс!
Каалганы ушунча катуу такылдатканынан улам кошуналардын баары баштарын чыгарып "булар кимдер?" дегенсип карап жатышты. Бир гана - алар такылдатып жаткан эшик ачылбады. Кайрадан такылдатып киришти.
- Ай, эшик ачылбаган соң, демек, үйдө эч ким жок да! Эмнеге биздин тынчыбызды алып, тарсылдатасыңар, ыя! - деп кыйкырды кошуна кемпир. Анын чүрүшкөн бети жагымсыз жыйрылып, ансыз да тынчы кетип турган жигиттердин жинин ого бетер кайнатып жиберди.
- А сен тынч жата бер, үйүңө кирип. Биз сага келген жокпуз! - деп зоңк этти тартайганы. А экинчиси чыйт түкүрүп: "Жүр, кеттик!" -деп, анысына жооп деле албай алдыга түштү.
ХХХ
Бул квартирада бир жигиттин жашап жатканына төрт-беш ай болуп калган. Кошуналары менен башын ийкеп гана учурашымыш эткени менен, оозунан сөз чыкпайт. Анан деги, шаар жеринде ким менен кимдин иши бар... Ар ким өзү менен өзү. А бирок, ошол адамдардын ичинде канчалаган проблемалары бар экенин бир өзү гана билет. Антсе да, бул жигитти шектүү көз менен караган кошуналары да бар болучу. Ооба, дайыма кечке чейин тымып уктап жатып, кечинде көчөгө чыгып кеткенине таң кала беришчү. Анан калса, бул үйдө киши жашайбы-жашабайбы, ал дагы эч билинчү эмес. Дайыма тымтырс, кирип-чыккан киши көрүнбөйт. Качан да болсо жапжалгыз кетип аткан жигитти көрүшчү. А качан кайра келгенин көргөн деле жан жок.
Анчалык деле узун бойлуу эмес, чап жаак, арыкчырайынан келген бул жигиттин өңү кубарып тургандай сезим калтырчу. Кудум жууган чүпүрөктөй болуп турган өңүнө карап, аны ачка жүргөн жандай сезишчү. А бирок, өзүн алып жүргөнү, кийген штатский кийимдеринен карап туруп, ал өзүн өзү таарынта турган жан эместигине ынанышчу.
Кошуналардын тынчын алышкан экөө эртеси да келишти. Дагы тарсылдатышты каалганы. Баягы эле баштар эшиктерден соксоюп чыгып, тиги балдарга ирээнжүү менен карап турушту.
- Саламатсыздарбы,- деп саламдашты бүгүн ал экөө.
Кошуналар баштарын ийкешип, эшиктерин жаап алышты. Баягы эле кемпир турду алардын бет маңдайында. Эки бөйрөгүн таянып алган.
- Энеке, бул квартирада жашаган жигитти көрдүңүздөрбү?- деп сурады бири.
- Көргөн жокмун. А силерге ал аябай керекпи?
Кемпир алардын суроосуна кайра суроо менен жооп берип турду.
- Ооба, керек...Абдан керек.
- Бул жигиттин келгенине аз эле убакыт болду. Биз анын атын да билбейбиз. Кечинде кетет. А күндүз үйүндө болобу, жокпу, аны деле билбейбиз. Дайыма тымтырс.
- Ал жалгыз жашайбы?! - деп үнүн бийик чыгарды бири.
- Ооба, жапжалгыз. Өзүнөн башка эч ким жок үйүндө. Эч кимди ээрчитип келгенин да көргөн жокпуз.
- Да-аа!..
Шалдырап туруп калышты экөө тең.
- Аны менен ээрчишкен эч кимди көргөн жок белеңер?
- Жок, жок!
Шашып жооп берди ошол замат тиги кемпир.
- Анда, иш чатак! А бул кимдин квартирасы?
- Мунун ээси - Таня байкуштун каза болгонуна беш айдан өтүп калды...Элүүлөргө барып калган. Ооруган жок. Бир күнү эле жүрөгү токтоп калды.
- Балдары жок беле?
- Бар болчу. Жалгыз кызы Оксана башкырга турмушка чыгып, ошол жакта. Келип, апасын көөмп кетти...
- Анан бул үй сатылдыбы?
- Жок, сатылган жок. Оксана айткан, "квартирага бердим. Эми ошолор келип жашап турат. Алты айдан кийин келип, квартираны өзүмө жаздырып алам" деп
Кемпир бир топ божурап турду.
Тиги эки жигит кемпирдин колуна акча карматып, бул аты-жөнү белгисиз жигиттин сырын тартууга тапшырма берип жолуна түшүштү.
ХХХ
...Кечинде чыгып бараткан жигитти колундагы оор баштыгы бар кемпир тепкичтен тосуп туруптур.
- Балам, муну көтөрүшчү,- деп суранды кемпир.
Жигит кемпирди жалт карап алып, унчукпай баштыкты көтөрүп тепкич ылдый жөнөдү. Сыртка алып чыгып, "эми каякка?" дегендей артынан келаткан кемпирге бурулду.
- Ушул жерге эле кой, азыр келип алып кетишет, -деди кемпир.- Мына, карылык деген ушул, уулум, - деп акыркы тепкичтен калтаңдап түшө албай алдыга колун сунду. Кемпирдин калчылдаган колун кармап, сүйөп, ылдый түшүргөн жигиттин жүзүнө үңүлгөн кемпир:
- Рахмат, рахмат... ушунча жашап, бири-бирибизди билбейбиз. Менин атым - Лида. Лида эне дегин, - деп өзүнчө кобуранып атты. Жигит кемпирдин сөзүнө күлкүсү келгендей жылмайып баш ийкей:
- Сардар,- деди. Анан баштыкты жерге коюп тезинен шыпылдай басып кетти.
Оор баштыгынын жанында оо бир топ турган кемпир сырт жактан кирип келаткан эркектердин бирине баягы баштыгын кайра көтөртүп чыгарып, үйүнө кирип кетти.
- Негедир тааныштай сезилип жатканын карасаң...- деп өзүнчө катуу ойлонду кемпир. -Качан, каерден көрдүм эле? Мурда бир жактан көргөн сыяктанам...
Түнү менен ойлоно берип кемпирдин башы да катып кетти. Эртең менен туруп, так каалганын түбүнө коюп койгон баштыгын көрдү.
- Ту-у, болбогон эле нерсеге мынча баш катырдым. Мен тим эле сыщик болуп кетсем да не болуптур. Ким болсо - а болсун! Аты ким эле, Са-а... туй ата!
Убара тарткан кемпир кечээги баштыктан өзүнүн чаң соргучун чыгарып ордуна коюп жатып, кошуна жигиттин атын эстей койду:
- Сардар эмес беле...
ХХХ
- Сар-дар...- деди кечинде чыгып бараткан жигитти токтотуп Лида эне. - Мен куймак куйдум эле. Даамдуу...
Кошуна кемпир калчылдаган колу менен кичинекей тарелканы кармап турду.
- Ой, эне, жөн эле коюңуз...
Жигит ыңгайсыздана алакан жайды.
- Жо-ок, балам, ал. Мен даамдуу бышырам!
Кары кишинин өтүнүчүн четке кага албаган жигит кемпирдин колунан тарелканы алып кайра үйүнө кирип кетти.
- Даамдуу экен...- деп кайра тарелкасын берип жатып, кемпирге күлүмсүрөй карады жигит.
Кемпир дагы бүшүркөй түштү. Жылмайса эле бирөөгө окшошуп атканын кара. Ким эле ошол?.. Дагы көпкө отуруп ойлоно баштады. Жылмайса эле бирөөгө окшошуп кеткенин кара.
Кечки тамагын ичип отурган кемпир бир убакта селт дей түштү! Тобо-оо, чын эле окшошуп турат. Чын эле ошого - маркум Таняга окшош! А эмнеге окшош болуш керек? Бул бала - кыргыз болуш керек, өңүнө, атына караганда. А Таня орус эмес беле...
Байкуш кемпирдин башы айлана түштү. Өңү да кубарып кетти. Жанында эле канча жылдан бери жашап жүргөн кошунасын ал эң жакшы билемин деп ойлочу. Анан калса, кошуналардын ичинен ушул экөөсү эң жакын болучу. Сырдашып, кирип-чыгышып, чай ичишип турушчу. Бирок, бир да жолу анын башкача бир, түйүндүү сырларын байкаган эмес экен...
Бүкчүңдөп туруп, эскирген альбомун алып чыгып барактай баштады. Мындан канча жылдар мурун түшкөн сүрөттөрдүн ичинен кошунасы маркум Таня экөө түшкөн сүрөттү да тапты. Аны чап жаак, арыкчырай кошунасы күлүмсүрөп карап туруптур, сүрөттө...
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА.