Чайпалдык, төгүлбөйлү!

Сыртбай Мусаев, ф.и.доктору, профессор:
"Түштүк жергемде эмне үчүн өрт чыкты?"
(Башы өткөн санда)
Экинчиден, ушул маанай 90-жылы Ош окуясынын чыгышына себеп болгондугу талашсыз. Анткени, ошол мезгилде өзбек улут өкүлдөрүнүн лидерлери ар кандай саясий талап менен чыгышканы, автономия сурашканы, өзбек тилине мамлекеттик тил статусун берүүнү талап кылганы муну далилдейт. 90-жылкы Ош окуясына саясий баа берилбеген бойдон калып кеткени, ошол окуяны чыгаргандар жоопко тартылбастан кала бергени, жер талашуу чоң саясий пландын жөн гана шылтоосу экендигин ачык айта албагандыгыбыз, ошондогу биздин бийликтин алсыздыгынан Кыргыздар күнөөсүз жерден күнөөкөр болуп калышыбыз ичи таза эмес, чагымчыл маанайдагы өзбек лидерлеринин чырагына май тамызып койгон. "Ушинте берсе, боло берет турбайбы" деген маанайдын күчөшүнө алып келген, ушул маанай улана, өзбектерге сиңе берген. Элдин тымызын тиреши ого бетер курчуган, кичине эле учкун болсо, жалын дүрт этчү абалга келип калганбыз.
Баарыбыздын эсибизден кете элек, мындан үч жыл мурун Кыргызстандагы өзбектердин лидеримин деген Кадыржан Батыров деген неме өзбек тилине мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндөгү талабын Кыргызстандагы өзбектердин атынан койду го. Бул чоң пландын башы гана болучу. Ушуга Бакиев бийлигинде турган чиновниктердин, өзгөчө идеологиялык саясатты тескөөчү мамлекеттик катчы сөрөйдүн башы жетпеди го, башкы прокурор оозуна талкан сугунуп отурду го. Эмне үчүн ошолор, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө саясий доо кетирип жаткандардын иш-аракеттерине саясий баа бергенге жарашпайт. "Жаман айгыр энесине тап" болуудан башка колдорунан эч нерсе келбесин көрсөтүштү, булар өңдүүлөр. Кыргызстан элдеринин ассамблеясы да бул ишке кийлигишпей, андай идеологияны четке какпай тымызын колдоп отурушту өңдөнөт.
Бакиевдин бийлигиндеги ушул алсыздык, чечкинсиздик, саясий эрктин жоктугу, коркоктук, башка улут өкүлдөрүнүн башын бириктирген ассамблеянын унчукпаган макулдугу, колдоосу тигилерде "ушинте берсе боло берет турбайбы" деген идеологиянын өзөгү болуп калды.
Үчүнчүдөн - бул биздин Убактылуу өкмөттүн алсыздыгы болду. Бул алсыздык - субъективдүү факторлор менен коштолгон объективдүү алсыздык эле. Криминалдашкан, кландык, үй-бүлөлүк пайдубалга түптөлгөн Бакиевдин жана анын бир туугандарынын, балдарынын жүзүкара бийлигин кууп чыгышкандан кийин, бийликке келгендер, бир жагынан өзүлөрүнүн чабалдыгын, биримсиздигин, ичтеринин тардыгын, бийлик кумарына азгырылып кеткендиктерин көргөзүшсө, экинчи жагынан, реваншисттик маанайдагы ар кандай топтор аларга мүмкүнчүлүк бербей жакалай берип айласын курутушту. Бул топторго Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бийлик, байлык, кызмат бөлүштүрө баштаган кылык-жоруктарына нааразы болгондор, Конституцияны өзбек тилине которобуз деп демилге көтөргөн текебаевчилерге каршы болгон жаштар, башкалар да кошулуп, кырдаал татаалдана баштады. Буга кызматка жетпей калган Мадумаров өңдүү саясатчы сөрөйлөр, саясий партиялардын айрым лидерлери да, Кулов, Ниязов сыяктуу генералмын дегендер да өз салымдарын кошушту. Мындай шартта, мындай башаламандык күчөп турган маалда "бейиш төрүнөн" куулган Бакиевчилердин ана башы Үсөн Сыдыков, Файзулла Рахмонов, жакшы атанын начар уулу атыгып жүргөн Ыскак Масалиев ж.б.у.с. реваншисттер момоюп, кой оозунан чөп албай тынч отурат беле. Ошондуктан түштүктө майдагы окуяны чыгарышты. Ошол окуяда да баягы Кадыржан Батыровдун почеркине таандык арам иштер жасалды. Гезиттер белгилегендей Кыргыз Республикасынын туусу өрттөлдү Батыровдун кишилери-өзбектер тарабынан. Өзбекстандын гимни ойнолду. Буга эмне реакция болду, өкмөт тарабынан. Арсланбапта жаткан Батыровду биздин Исаков баш болгон генералдар таба албай "убараланышты", тапкысы, кармагысы келбеди. Анткени, биздин стаждуу партияларыбыздын биринин кожоюну өзбектердин добушун алгысы келет имиш, Батыров аркылуу. Батыровду кармап кел деп талап кылган шордуу Кыргыз элинин талабы дагы аткарылбады. Аткарылбайт дагы, Батыров керек окшойт.
Эми, Кыргыздар айтат: "болоору болду, боеосу канды" деп, мындай нерсе болбосо болот эле. Кийин болтурбоонун аракетин көрүшүбүз керек. Ал үчүн 90-жылдардагы окуяга саясий баа берилбей калган сыяктуу эле 11-июндагы окуяга да саясий баа бербей, күнөөлүүлөрдү кармап жоопко тартпай койсок, саясий талап койгон башка улут өкүлдөрүнүн лидерлерин тайраңдатып койсок, чындыкты ачык айтпай бүгүнкүдөй эле сыйпалата берсек, жалдырап-жагалдана берсек, кыргыздарды эле күнөөлөй берсек маселе чечилбейт. Мамлекетпизби, өкмөт барбы (мейли ал убактылуу болсун) маселеге принциптүү мамиле кылышыбыз керек. Мындай ишке мамлекеттин түпкү кызыкчылыгынан чыгып мамиле кылышыбыз керек. Биз - унитардык эмес, улуттук мамлекетпиз. Улуттук мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө шек келтирип, саясий талап койгон адам ким экендигине карабай мамлекеттин атынан жоопко тартылышы зарыл. Казакстанда, Өзбекстанда мындай акмакчылыкка жол берилбейт. Анткени Казакстанда казак, Өзбекстанда өзбек улутунун кызыкчылыгы баарынан жогору турат, ал улуттарда мамлекеттин, жер-суунун ээсимин деген патриоттук, мекенчилдик сезимди калыптандырган, жетекчилеринде да ошондой сезим күчтүү. Бизде көрүнгөн, каны-жаны таза эмес жетекчилер келе берип, кыргыздын шорун катырышты.
Түштүктөгү окуянын чыгышынын сырткы фактору - бул Республиканын ичиндеги жогоркудай жагдайды пайдаланып кеткен Бакиевдер: Жаныш, Марат, Максим, Курманбек жана булардын сапырылган акчалары, ал акчага кызмат кылган жалданма жанкечтилер. Буларды үчүнчү күч, чагымчылар деп жатпайбызбы, атын айткандан айбыгып, аларды тергеп. Булар мамлекеттин ичиндеги кырдаалды пайдаланып, ичибиздеги да, сырткы да күчтөрдү уюштуруп, өрт чыгарганга жетишишти. Эки элди бирине-бирин каршы коюп, улут аралык жаңжалды тутантууга аракет кылышты. Ушул тапта өкмөттүн алсыздыгына дагы бир ирет күбө болуп отурам. Кыргызстандын башкы маалымат катчысы, маалымат боюнча Убактылуу өкмөттүн координатору Фарид Ниязов деген неме "по всем параметрам проиграл информационную войну". Кыргыз геноцид уюштурган, этникалык чистка кылган улут катары аталып жатса, бир ооз каяша айта албай, ага жарабай отурат, чындыкты айта албай отурат. Убактылуу өкмөт чындыкты жашыра берип, өзбектердин кылганын ачык айтпай сыйпалата берип, кыргызды геноцид уюштурган кылып көрсөтпөгүлө. Токтоткула мунуңарды!
Роза Исаковна, эгерде дагы эле бул окуяларга туура саясий баа берилбей, жымсалдап, жумшартып, орду жок бирдемелер менен элди алдап, чындык ачык айтылбай жабылып калса, мындай өрт, кайгылуу окуя дагы бир мезгил өткөндөн кийин кайра башталбайт деп, ким кепил боло алат? Ушу маселени таккесе чечкенге аракет кылыңыз. Сиз, Ош жергесинде эл менен кездешкенде эл койгон талап: өзбектердеги ок атчу куралды алууну өз ишиңиздеги негизги маселе катары караңыз, ал курал бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү атылат. Саясий талап койгондорго катуу жаза нормасын кийириңиз. Ансыз Түндүк, түштүк эле эмес, көптөгөн автономияга бөлүнүп, бирдиктүү Кыргыз мамлекетин жоготуп алабыз. Тегерегиңиздеги айрым эркектердин духу жетпеген, колунан келбеген ишти жасаңыз, Сиз - энесиз!
Утурумдук кыйынчылык
ынтымакташсак унут болоор,
Эл, жер үчүн башын сайып,
шейит кеткен ыйык болоор,
Айткан сөзүбүз элибизге жагып,
сөөлөтүбүзгө жарашсын,
Кылган кызматыбыз калкыбызга
жагып, дөөлөтүбүзгө жарашсын,
Элибизден узун бата чыксын,
Жерибизден касиеттүү
ата чыксын,
Элибизди ырыс-кешикке
бөлөйлү,
Жерибизди бекем
бейкутчулукка жөлөйлү,
Элибиздин тамырын
табыпчыдай кармайлы,
Жерибиздин тамырын
байтеректей жалгайлы,
Бир ууч элибизге, алакандай жерибизге суктанып, сугун артып сурдангандар, алкымын агытып аңдыгандар аңга түшүп, арабыздан оолакташсын.
Оомалуу ойрон дүйнөдө орошон ойчулдугубуз элибизди өргө жетелесин,
Заман ооматын көрө билген көсөмдүгүбүз элибизди төргө жетелесин,
Улуу иштин устаты бололу, чоң намыстын туткасы бололу,
Биримдиктин толтосу бололу, агедилдиктин нускасы бололу.
Оо, касиеттүү Кыргыз элим.! Бизден дөөлөт кетпесин, элимдин ынтымагын бузам дегендер, максатына жетпесин, келечегибиз эсибизден чыкпасын, Зоболобуз бийик, акылыбыз тунук, ар-намысыбыз терең, аймагыбыз бөлүнбөс, байлыгыбыз түгөнбөс болсун. Оомийин!