Төр - маек

Ж.Жолдошева:
"Бийликтин негизги милдети - Өлкөдө тынчтыкты орнотуу"
- Жылдыз Айтибаевна, түштүк окуясы өз убагында, туура чагылдырылбай жатат дегенге кошуласызбы?
- Албетте. Биздин өлкөбүздүн түштүк аймагында болуп өткөн кандуу окуя азыр ар бирибиздин жүрөгүбүздү канатып, канчалаган аталар, энелер балдарын жоготсо, жаш келиндер жесир калып, балдар жетим калышты. Ушундай бир чоң трагедия болду. Бул трагедия кээ бир чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттары тарабынан бир тараптуу берилип калды. Мындайча айтканда, кыргыз эли күнөөлүү деген маалымат тарап кетти. Бул өтө өкүнүчтүү. КР ЖК нын экс-депутаты Алишер Сабиров 21- июнда республикабыздагы улуттар аралык Ассамблеясында бүт улуттардын арасында туура эмес сөз сүйлөп, "кыргыздар өзбектерди геноцид кылып атат, мына мен Россия Думасына барып, ушул фактыларды айтам" деп бир тараптуу сөз сүйлөгөнү бизге маалым болду.
- Демек, кандуу окуяга обьективдүү баа берилбей жаткан экен да...
- Бул кандуу согушта эки тарап тең чоң жоготууларга учурады. Жөнөкөй элдин, карапайым калктын гана балдары каза болду, бир сөз менен айтканда, карапайым калк жабыр тартты. Ошондой кандуу окуяда биздин экс депутат болобу, кыргызы болобу, өзбеги болобу, аттуу-баштуу биздин көрүнүктүү саясатчыларыбыз бул нерсеге этият болуп, обьективдүү баа берсе жакшы болмок. Себеби, элдин баарынын жан дүйнөсү кашайып турган маалда так, адилет маалымат берилип, эки тарапты тең ынандыра алса гана, мына ошондо - чыр андан ары тутанбайт. Ушуну эске алсак.
- Балким, 90-жылкы кандуу окуяга калыс баа берилсе, ал экинчи кайталанбас беле дегиңиз келип турат окшойт.
- Ооба, 90-жылкы кандуу окуяга ким күнөөлүү экендигине терең анализ жасалбай, күнөөлүүлөр жазасын албай калган болучу. Мына эми 20 жылдан кийин ошол окуянын тамыры терендеп, мыкаачылык кайрадан баш көтөрдү. Өкүнүчтүүсү - өтө көп жаштар каза болду. Ансыз деле силер билесиңер, бизде жигиттер аз. Ошондуктан, бул өкмөткө мен өзүм да кайрылдым, дагы айткым келет: "Ырас, Алишер Сабиров бир тараптуу маалымат берип келгенден кийин, биздин Кыргызстандан дагы бир өкүлдөр барып туура маалыматты коомчулукка жеткиришибиз керек. Ош облусунда жети күн болдум, райондорду кыдырдым, кыргыздар менен да өзбектер менен да жолуктум. Көзүм менен көргөн акыйкат маалыматты кайрадан Россия Думасына жеткирүү керек деп ойлойм. Себеби, биздин көп жарандар Россияда иштешет. Аларга бир тараптуу берилген маалыматтардын залакасы тийбей койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Экинчиден, абдан катуу, терең анализ талап кылынат .Бул трагедиянын масштабы өтө чоң. Бул трагедияны тышкы күчтөрсүз эч ким жасай алмак эмес. Эгерде бул кандуу трагедияны Акаевтерби, Бакиевтерби, же кээ бир Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү биргелешип, Өзбекстан ислам кыймылы менен жасаганбы, же дагы башка кыймылдарбы, айтоор кимдер жасашса дагы, кудай алардын жазасын берсин деп, айтаар элем. Элдин каргышы сөзсүз кудайга жетет деп ишенем.
- Бул окуяга наркобарондордун катышы бар дегенге ынанса болобу?
- Наркотрафик Ош облусунан өтөт. Жер шарынын 70%ын баңгизат менен камсыз кылган Афганистан Ош территориясыз чыгара албайт, өзүнүн сырьесун. Башка жол жок, демек, тышкы жана ички наркобарондордун да кийлигишүүсү бар десек жаңылышпайбыз. Ар түрдүү версиялар айтылып жатат. Анын ичинен, алтындан да кымбат биздин мөлтүр кашка суубуз Өзбекстан менен Казакстандын талааларын гана сугарбастан, электр энергиясын чыгарат. Өзүңөргө белгилүү, электро энергиябызды жакынкы Кытай ж.б. өлкөлөргө да сатсак болот. Дагы бир версиянын бирин ушул суубузга байланыштырып айтып жатышат, суубузду контролго алабыз деген кызыктар өлкөлөр бар экенин унутпасак. Бирок, бир сөз менен айтканда, ушул кандуу окуяга күнөөлүүлөр - сөзсүз жазасын алыш керек жана мындай окуя экинчи кайталанбашы үчүн чындыкты айтып, баарыбыз аракет жасашыбыз зарыл.
- Кандуу окуяга чоң саясатчыларыбыздын канчалык деңгээлде күнөөсү бар дейсиз?
- Чоң саясатчылардын күнөөсү такыр жок деп айта албайм. Аларга кайрылып кетким келет: Эгерде бийлик талашуу болсо - конструктивтүү жол менен, же болбосо, саясий күчтөр биригип туруп, 5 жылдан кийин ким президент , ким спикер, кимиси Өкмөт башчысы болот, ошону акыл калчап ич ара чечишсе. Кандуу жол менен бийлигин беришпей, бийликке келишпей. Мындай жол менен бийлик алмашылса карапайым элдин эле шору экенине Өлкө жарандарыбыз экинчи ирет күбө гана болбостон, аябагандай, тарых кечирбей турган кандуу күндөрдү башынан өткөрүшүп жатышат. Карапайым элге бир гана тынчтык керек. Тынчтык болсо, эл пахтасын да эгет, тамекисин да эгет, жашылча-жемиштерин да жыйнайт, бизнесин да жасайт бир сөз менен айтканда ар бир жаран өзүнүн оокатын алып барышат. Бийликтин эң негизги милдети - өлкөдө тынчтыкты сактап берүү. Саясий оюндарга жөнөкөй, карапайым элди аралаштырбаш керек. Элдин каны башка төгүлбөшү керек. Мындан ары эч бир саясий күчтөр кыргызстандыктарды өздөрүнүн саясий максаттарына жетүү үчүн карапайым калкты курал катары колдоого моралдык укуктары жок, ага эл өзү да жол бербеш керек.
- Арбакты ыраазы кылып, анан бир чоң иштерди баштачу эле..
- Ооба, мусулман элинин шариятында бар: "Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши жүрбөйт"дейт."Төгүлгөн кандын бир тамчысы калбай жуулуп, курман болгондордун сөөгү жерге берилип, кыркы өткөндөн кийин, анан референдум өткөрүлсө - жакшы болмок- эле " деген элдин оюн массалык маалымат каражаттарына жеткирсем, мени туура эмес түшүнгөн Текебаев жыйырмадай " Ата мекен" партиясынын аялдарын мага жибериптир. Аларды баштап келген Алиман деген аял жалалабаддык, келип аябай ызылдашып, чатак чыгаргысы келишти. Бирок, арасында түшүнүктүү аялдар бар экен, каза болгон балдарыбыздын сүрөттөрүн көрүшкөндөн кийин, ачуу чындыкты - угушкандан кийин, кайра ыйлашып, өкүнүшүп, жүрөгүн карманышты. Чындыкты айткан сөздөрүм чыккан гезитке кысым көрсөтүлдү... Баягы Бакиевдин заманындай эле болуп жатат. Үсөн Сыдыковдун иштери кайталанып жатат... Эмнеси болсо да Текебаев алардын жердеши эмеспи...
Дагы бир айтып кете турган нерсе, " Жолдошованы коркутуп, кысым жасасам, өзүнүн "Пресс Kg " гезити аркылуу ушактарды таратсам Жолдошованын оозу басылат" десе, анда Текебаев жаңылышат. Элди ушунчалык кандуу окуяга алып келүүдө - Бакиевдердей эле Текебаевдин күнөөсү бар десем, акыйкат болоор эле. Себеби, ал өзүнүн амбициясына, өзүнүн "гордынясына" такап, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн тарых кечиргис абалга гана алып келбестен, кандуу окуянын болушуна түрткү берди. "Ак жол" партиясынан бата албайм - деп текеберленгени аз келгенсип, 2005 жылы "Алга Кыргызстандан" бата алганын унутуп, же болбосо Конституциялык сот аркылуу 93-жылкы Конституцияга таянып Убактылуу Өкмөткө легитимдүү болууга мүмкүнчүлүк бергенде, мындай кандуу окуя болбойт эле. Экинчи анын кетирген күнөөсү - Кадыржан Батыровду 14-майдагы Жалал-Абад облусун коргоодогу кызматына таянбаш керек эле. Үчүнчүсү "Конституциянын долбоорун өзбек тилине которуп, шайлоо бюллетени кыргыз, өзбек, орус тилдеринде жарыяланат" деп Республикабыздын элинин ою менен эсептешпестен, мамлекетибизди өзүнүн менчик фирмасындай калчабашы керек эле. Дагы башка жасаган иштери, эгерде Текебаев мага көрсөтүп жаткан кысымдарын токтотпосо, анда алар да жарыкка чыгат. Ошондуктан Өмүрбек мырзага айтып коеюн, ушул кандуу окуянын болушуна сенин да үлүшүң бар. Өкүнүчтүүсү, сенин абийириңде да көп нерсе турат. Аялдарды жиберип, гезитиң аркылуу бир эмес, эчен ирет менин артымдан ушак таратып... мындай бет тырмоочулук - жигиттерге жарашпаган иш. Эгер эркек болсоң, анда мени менен эркекче эле сүйлөш. Мен аял болсом да анча-мынча эркектен жогору туруп, кандай маселе болбосун эркектердин көз карашы менен карап чечип жүргөнүмү билесиң.
- А сиз кайсы партиядасыз?
Мен азырынча бир да партияга мүчө эмесмин. Экинчиден Акаев, Бакиев жана азыркы УӨ тарапта да эмесмин. Саясий ишмер да эмесмин, коомдук ишмермин. Албетте, улуу Курманжан Датка энебиздин атын алып жүргөндөн кийин коомчулукка зыян алып келген көрүнүштөргө кайдыгер мамиле жасабай, өзүмдүн жарандык, атуулдук парзымды аткарып, колуман келишинче элиме кызмат кылып келе жатам.
14-майдан бери айтып келе жатам. "Ош окуясы кайталанып кетет деген сөздөр айтылып жатат, ага жол бербегиле" деп. Мына, биздин укук коргоо кызматынын комитетинин төрагасы Дүйшөбаевге да айтып келе жатабыз, тилекке каршы ал уккан жок, укмак турсун кандуу окуяга жол берди. Ошондуктан Текебаев, экөө тең отставкага кетиши керек. Алардын моралдык укугу жок, мындан ары эл тагдырын чечип кайсы бир кызматта олтурушка! Алар тарых жана мыйзам алдында кайсы бир убакытта жооп берерине ишенем. Мен Текебаевге бир нерсени айткым келип турат: Сен мен жөнүндө гезитиңе коркутуп, үркүтүп жазба. Мен өзүм биринчи болуп эч кимге тийишпейм, тийишкен адамга жообун бере алам. Азыр бөөдө каза болгон, бийлик талашуудан чыккан кандуу трагедияда, тууган-уругумду жерге берип, ыйыбыз, көз жашыбыз кургай элек.
(Уландысы 11-бетте)