Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

PRESSKG.COM



PRESSKG.COM

 "Беспредел"

Буйрутма адам өлтүрүүлөргө ким жооп берет???
Учурда өлкөбүздө болуп жаткан башаламандык ар бир жарандын, ар бир кыргыздын көйгөйү экенин жүрөгүбүз менен туюп турабыз. Ошондой эле акыркы мезгилде Кыргызстанда криминалдык күчтөрдүн, топтордун басымдуулук кылып келгени түйшөлтпөй койбойт! Акыркы беш жылда биздин өлкөдө криминалдар жакшы эле чардап жүргөнүн жашырууга мүмкүн эмес. Учурда жаңы бийликтин келиши менен өлкөдө башаламандыкты уюштуруп, элдин канына забын болуп жаткандарга мындан ары биздин мамлекетте орун жок! Алар беш жылдын ичинде Бакиевдердин канатына калкаланып алышып, адам терисин жамынган айбандарга айланышкан.


Буга чейин криминал менен бийлик ачыктан ачык сүйлөшүп, чай үстүндө маек куруп, пландарды түзүп, күч структуралары алардын үстүнөн коргоп келген. Демек, мындан ары Жаныш Бакиевге иштеген башкесерлердин тамыры талкаланганда гана жашоодо тынчтык орноп, бейкутчулук болот. Учурда кыргыз эли өтө чоң коркунуч менен жашап калды. Бүгүнкү күндө кыргыздын, Кыргызстандын тынчтыгына бүлүк салгандар толугу менен колго түшүрүлүп, тийиштүү жазасын алганда гана шейит кеткендердин арбагы ыраазы болоор. Азыр ар бир кыргыздын жүрөгү канап, Ош, Жалал-Абад шаарлары талкаланып, жыйырма жыл мурдагы тарыхыбызга кайтып келдик.
Акыркы беш жылда эмне болдук? Кыргыздар бийлик үчүн бирибиздин башыбызды бирибиз жуттук! Рысбек Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Анвар Алиев, Медет Садыркулов өңдүү азаматтарыбыз кимдердин буйругу менен жана кайсы жаналгычтардын колу менен курмандыкка чалынды? Бул бейкүнөө өлүмдөргө ким жооп берет? Анын баарысы алаканга салгандай белгилүү болсо да, ачык жар салууга мүмкүн эмес.
Кандай болгон күндө да, Бакиев бийлигинин буйругу менен жогорудагы азаматтарга кол салган канкорлор жазаланып, чыркыраган чындык ачыкка чыгуусу керек!
Учурда, түштүк элинин жарааттары карттана элек. Аргабыз калбай калганда, айла жоктон Конституцияны да кабыл алып, мыйзамдуу талаага да келдик. Эми, эң башкысы, кадр саясатын туура тандоо. Тууганчылыкты, жердешчиликти коюп, жыйырма жыл бою тайраңдагандардын катыгын берип, татыктуу профессионалдарды кызматка тартуу. Жаштарга жол ачуу. Ошондой эле, ар бир бийлик башында турган лидерлер жеке кызыкчылыктары менен кызганычты коюп, кыргыздын, Кыргызстандын келечеги үчүн ынтымакка барууга милдеттүү! Акыркы беш жылда күч алган буйрутма адам өлтүрүүгө бөгөт коюу.
Алгач түштүктө Ош, Жалал-Абад областтарында иштеген күч структураларынын башчыларын алуу керек. Башчыларын гана эмес, кылмыш-иликтөө, тергөө бөлүмдөрүнүн башчыларын да алмаштыруу зарыл. Мына ошондо гана криминалдар бири-биринен талашып жаткан наркобизнестин жолуна бөгөт коюлат. Анткени, наркобизнестин башында Жаныш Бакиев көзөмөл кылып келгени айдан ачык белгилүү. Демек, түштүк жергесинде күч структуралардын башчылары, дегеле укук коргоо кызматкерлери наркобизнеске түздөн-түз байланышы бар болгон. Аларга тезирээк чара көрүлүп, кызматтарынан тазаламайынча, түштүктө абал жакшырышы күмөн. Айрым маалыматтарга караганда, Жаныш Бакиевди материалдык жактан камсыздоо - дагы эле Ош аркылуу болууда. Анткени, анын түштүктө криминал чөйрөсүнө аралашкан өтө ишеничтүү "фигурасы" бар. Учурда ал "фигура" эки ортодо чайналууда. Жаныштан кол үзөйүн десе, аны бир кезде Жаныш адам кылган. Үзбөйүн десе, өмүрү коркунучта болуп, алапайын таппай турган учуру. Кандай болгон күндө да тарых баарын таразалайт. Эл алдында "мен акмын" деп актангандар Кудай алдында актана албайт! Бул дүйнөнүн сотунан байлык, акча менен качып кутулгандар Кудайдын сотунан эч кайда качып кутула албайт!!!

Назгүл МАМЫТОВА,
kyrchyn@mail.ru




  Көнгөн адат калабы

ЭЛ ЧАГЫМГА АЛДЫРГАН ЖОК
Жоон чынжыр менен бутунан байланып турган пил бошоном деп аракет кылып, улунуп-жулкунат да, бошой албасын билгенден кийин тынчып туруп калат. Ошентип, бир нече күн тургандан кийин чынжырды чечип, анын ордуна жумшак эле жип байлап койсо да, көнүп калган пил үзөм деп аракет кылбайт.
Анын сыңары, адамдар да көнүп калган жагымсыз адаттардан бошоно албай жүрө беришет. Президенттик башкарууга көнүп калган өлкөлөр Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүүсүнө колдон келишинче каршылык көрсөтүшүүдө. Эгемендүүлүк алган жылдан бери эле Кыргызстан Орто Азия өлкөлөрүнө көп жагынан үлгү болуп келген. Кыргыз элинин мындай эркиндикти сүйгөн, эр көкүрөк тайманбастыгы кошуналарыбызга анча деле жага бербей жатышынын да толгон -токой себептери бар. Бийликтегилер элди кыңк дедирбей башкарууга, ар кандай коррупциялык иштерди жашыруун ишке ашырууга президенттик башкаруу өтө ыңгайлуу. Анан дагы сыныктан башканын баары жугуштуу дегендей алар өз элинен, өз оппозициясынан ачык эле чоочулап жатышат. Кырдаалды карапайым элге караганда жакшыраак түшүнгөн, революциядан кийин бийликке илинбей калган кыргыздын бир ууч олигархы да дал ушул учурду пайдаланып калууга жан үрөштү. " Өздөн чыккан жат жаман " экенин дагы бир ирет көрдүк . Референдум күнү эл көп чогулган жайларда жардыруулар болот деп, ар кандай провокациялык ушак-айыңдарды таратып, элдин добуш берүүгө барышына тоскоолдук кылышты. Тилекке жараша эл чагым кепке алдырбады. Кагылайын, көсөм элим, бар болгула, бар болгула!




  Эсен болуп, эстей жүр

"ДАЙНЫҢ БАРБЫ, барбы,БАР - БЫ…"
Адамдын адамдыгы бир жакшылыкта, бир жамандыкта билинет тура. Жетинчи апрелде элибиздин башынан өткөн каргашалуу окуя саясий элитада жүргөндөрдү да, карапайым адамдарды да электен өткөзгөндөй болду. Бирөөлөр шыр эле жүзүн өзгөртө коюп, эл тарапка өтүп кетсе, бирөөлөрү (айрыкча кызматка илинбей калгандар) ич күптүсүн жашыра албай, Убактылуу өкмөткө ачык эле "оппозиция " болуп чыга келишти. Айтор, анык жүзүн көрсөтүп коюшту. Бул жакшы нерсе. Дегеним, душмандын душмандыгын билсең андан сактанасың, ниети таза адам менен сен да түз мамиледе болосуң. Бирок, арабызда өзүнүн ким экенин билдирбегендер да бар экен. Эң коркунучтуусу ошол. Коңулга кирип алып эмне ойлоп, эмне план түзүп жатканын билбейсиң. Ал эмес кайсы күнү кай жагыңдан чыга калаары да белгисиз. Кулунчак кезинен эле тапан чыгып, алчы - таасын жеп, жүрө-жүрө элдин ишенимине кирип алып, депутаттык трибунадан бакылдаса, кара кылды как жарган калыс болуп көрүнүп жүргөн Мелис аттуу "мырзанын" үнү эмес, бул күндөрү аты-жыты да жок. КТРге барганы 180 градуска өзгөрүп, ал жерди өз менчигиндей пайдаланып, эмгеги сиңген далай теле жана радио журналисттерди, режиссерлорду, башка чыгармачыл адамдарды жумушунан кууп чыкты. Мунусу аз келгенсип, областтык телерадио компанияларын, А.Жумакматов жетектеген симфониялык оркестрди, камералык хорду, "Учур" телетеатрын КТРдын тутумунан чыгарып, КТРди Максимге менчиктештирүүгө жол сала баштаган. Ушул эргулду, бул күндөрү артынан арызданып жүргөн бир ууч топтон башка эч ким эстеп да койбогону кызык. Кайтып кеткен адамдарды деле кырк күн бою унутпай, кыркын окутушуп жаткан эл, Мелисти бир эле күндө эстеринен чыгарып, сызып салышканы анын ким экенинен, буга чейин ким болгондугунан кабар берет. Эл эмес, Мелис өзүнөн -өзү түңүлүп, болгон дарамети ушул гана экенин сезип, дымып жатса го жакшы. Бирок, эртеңки күнү дагы бир ууруну, канкорду мактап, кылтыйып коңулдан чыга калбайт, кайсы бир партияга кире койбойт деп ким ишенет. Кумурсканын кыбыраганын, жөргөмүштүн шыбыраганын туя билген бул эргул кырдаалды байкаштырып, ызы-чуу басылганын күтүп жатабы? Аны буйруса бүгүн -эртең билип каларбыз. Болгону, ушундайлардын колуна кайрадан бийлик берип, көңдөй бакылдагандарга кайрадан алданып калбай, келечектин кадрларын туура тандасак деген эле тилек.

Ак Байыр




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
29-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Пора, пора, пора-дуй-емся!
2-бет
"КЫРГЫЗСТАН - НАШ ОБЩИЙ ДОМ" ЭМЕС!
3-бет
Азикенин токточудай түрү жок
4-бет
Ишеним добушу
5-бет
Өзүбүздөн жат чыгып, өзөгүбүздө өрт күйдү
6-бет
Буйрутма адам өлтүрүүлөргө ким жооп берет???
7-бет
Садык ШЕР-НИЯЗ:
"Азыр иттин уулу байгара деле оппозиционер боло алат"

8-бет
Жетим-жесирдин укугун коргоодон органдагылар эмнеге уялышат?
9-бет
Ж.Жолдошева:
"Бийликтин негизги милдети - Өлкөдө тынчтыкты орнотуу"

10-бет
УСМАНОВАны КЫРГЫЗДЫН ТУЗУ УРБАЙБЫ?
11-бет
Ай-наама
12-бет
АЛЛО-ОО,
"АЛИБИ" БЕКЕН?

13-бет
"Түштүк жергемде эмне үчүн өрт чыкты?"
14-бет
КОМУ И ДЛЯ ЧЕГО НУЖЕН ХАОС В КЫРГЫЗСТАНЕ?
15-бет
Көлөкө
16-бет
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата





Яндекс.Метрика