Азикенин токточудай түрү жок
Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров эл үчүн, мамлекет үчүн бир топ дурус иштерди жасоодо. Акаев жана Бакиев бийлиги менчиктештирген ири ишканаларды улутташтыруу т.а. мамлекетке кайтаруу ишин улантууда. Жакында Ширшовго тиешелүү Як-40 учагы, ЖЧК "Континент", ЖЧК "Каприз" жана "Аалам сервис" өкмөткө берилерин билдирип, А.Акаев жана К.Бакиев тарабынан казактарга берилген пансионаттар дагы улутташтырылыш керектигин баса белгиледи. "Эмне үчүн Бакиевдердин мүлкүн улутташтырып, ал эми Акаев менен Бакиевдер казактарга берген пансионаттарды улутташтырууну карабай жатабыз? Мен мындай маселени көтөрөм. Казакстанга берилген 4 пансионатты улутташтырабыз" деди А.Бекназаров.


Ачалов Акаевдин оозун Ошту каратты
Бакиевдер кан төгүү аркылуу болсо да бийликке келүү максатында болгонун 1990-жылдагы Ош коогалаңын баскан Россиянын генерал-полковниги Владислав Ачалов жакында ММКлардан ачыкка чыгарды. Ачалов мырза Оштогу азыркы окуяны кантип чечүү керектиги жөнүндө жооп берип жатып, К.Бакиев 2005-жылы "жоогазын революциясында" күч колдонулуп калса, кеңешип, уюштуруп, жетектеп берүү өтүнүчү менен кайрылганын, ага макул болбогонун айтыптыр. Журналисттин "Сиз баш тартканыңыз менен ыкманы билген башка адамдар макул болгондур?" деген суроосуна, "Ооба, аны билем. Алар азыр да "крутой" машиналарды тээп жүрөт. Аты-жөндөрүн айтпайм, офицерликке жатпайт" дептир. Орустардан кыпындай жамандык күтпөгөн А.Акаев мындай маалыматты укканда төбө чачы тик туруп, атайын кызматтарды күнөөлөгөн маегинде Бакиевдин ошол кездеги үзөңгүлөштөрү А.Атамбаев, Р.Отунбаева, А.Бекназаров ж.б. аныгын сураш керектигин билдириптир. Өкүнүчтүүсү, президенттикке жете элек кезинде ушундайларды ойлогон Бакиев, миллиондорду бөктөрүнө кеткен азыркы шартта эмнелерди максат кылып жатты экен. Кыргызстанда анын куйруктары да аз эмес, бир Кудай эле сактасын.


Жаман үйдү коногу бийлейт…
Кечээ жакында түштүктөгү кырдаалга тынчсызданган мекенчил кыргыздардын тобу Ошко барышып, жабыркаган өзбектерге гумжардам тараталы дешсе өзгөнүн жеринде кожоюн болуп көпкөн ашыналарыбыз: "Биз кыргыздардын жардамына муктаж эмеспиз, эгерде казактар, орустар же эл аралык уюмдар келсе алардын жардамын алабыз, силер бизге уу берип коюшуңар мүмкүн" дешип жолго салышыптыр. Аны уккан кыргыз атпайдын жүрөгү зыркырап ачуусу келип турган кез. Кечээ эле кыргыздардын алдына желектерин таштап "биз багындык" дешип бүжүрөп калган туугандарыбыз Юлдуз Усманованын жазган ырынан кайрат алып калышканбы, айтор, дымактары күч дейт. Кантсе да, кыргыздын момундугунан пайдаланышкан эпчил туугандарыбыз "балтыр бит башка чыгат" болушту го.


Орус бийлигинин ою кыйшыкпы?
Кечээ эле Бакиев бийлиги кулаганда энеси эркек төрөгөндөй сүйүнгөн орус бийлиги, бир боор экенин далилдемиш этип, ат тезегин кургатпай Кыргызстанга каттай башташкан. А түгүл бир нече миллион жардам дагы бергендей болушкан. Тополоңдун эртеси жаңы түзүлгөн бийликти таануудан чочулап, бир Бакиевге, бир Убактылуу өкмөткө кылчактаган дүйнөлүк коомчулуктан озунуп, Роза Отунбаевага телефон чалган орус премьери Путиндин сүйүнгөнүн айрымдары жактыра беришкен эмес. Бирок, алардын кубанычы узакка созулган жок. А түгүл, парламенттик башкаруунун караанын да көргүсү келбеген орус бийлигинин, түштүктөгү тополоңду уюштурууга түздөн түз катышы бар деген пикирлер да жок эмес. Анын чын төгүнүн эч ким билбесе дагы, орус президенти Дмитрий Медьведевдин кечээги билдирүүсү, Убактылуу өкмөткө шаабайы сууп калганын айгинелегенсиди. Медьведевдин айтымында, ал кыргыз бийлиги куруп жаткан парламенттик башкаруунун эффективдүүлүгүнө ишенбейт имиш. Себеби белгилүү да, тынч уйкуда беймарал уктап аткан Орто Азиядагы диктаторлордун сары суусун алып, элдик бийлик орнотууга болгон далалатыбыз түшпөс хандардын түшүнө кирип жаткан го сыягы…


Конституция кабылданып, Президент шайланды
Жаңы Конституцияны кабыл алуу жана Өткөөл мезгилдин президентин шайлоо боюнча 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдум жыйынтыкталып, кыргыз журту жаңы Президент менен Парламенттик системага кадам шилтеди. Өтүшү күдүк ойлорду жараткан референдумга жалпы шайлоочулардын 69,48 пайыздан ашууну катышып, алардын 90,86 пайызы "макул" деген добушун берсе, 7,82 пайызы каршы болду. Эски бийликтин калдыктарын, ичтен чыккан ириткичтерди эске албаганда, кыргыз эли тоодой болгон тоскоолдуктарга карабай жеңишке жетти десек болчудай. Жалпы жыйынтык менен караганда Убактылуу өкмөт сунуштаган жаңы Баш мыйзамды кабылдап, Роза Отунбаеваны 2012-жылга чейин президент кылып шайлап алышты.


Эсиң барда этегиңди жап
Өлкөбүздүн түштүгүндө кырдаал дале тынчыбай жатканын Ош жана Жалалабаддан телефон аркылуу редакцияга билдиришүүдө. Кыргызстандан барган жардамдарды өзбектер албай, кайра кайтырып беришкени аз келгенсип, кыргыздын бей-бечараларынын балдарын барымтага алып, ар кандай кыйноолорго барып жатышканын билдиришти. Кечээ түнү өзбек улутундагы жарандар 17 жаштагы кыргыз жигитин барымтага алганын жана түн ичинде кыргыздарга карата ок чыгарып турганын да кабарлашты. Орусия ж.б. чет элдик журналисттер жалаң өзбектер жыш жашаган махалаларында жүрүп, кыргыздар тартып жаткан кордуктарды көз жаздымда калтырып жатышканы өлкөнүн аброюна шек келтирүүдө дешет. Кызыгы, ала допучан туугандар аксакалдарын элдешүүгө, достошууга жөнөтүп, жаштары кыргызга карата келишкис чараларга барып жатканы жакшылыкка алып барбастыгын эскерткибиз келет. "Эсиң барда этегиңди жап" дейт кыргызда. Азиянын арстандары бир ойгонсо, тарыхы жокторду жер менен жексен кыларын унутушпаса.


"Алиби" пресс