Жаңы бийликке - жаңы сунуш

"КЫРГЫЗСТАН - НАШ ОБЩИЙ ДОМ" ЭМЕС!
Кыргызстандын 2 миллион 700 миңден ашуун шайлоочуларынын көпчүлүгү жаңы Конституцияны кабыл алып, жаңы система курууга жол ачуучу жаңы Кыргызстан деген мамлекетке жашыл жарык күйгүзүп беришти. Эми Конституциясы бар, мыйзамдуу бийликке ээ болгон КРнын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаева жаңы шайлануучу парламенти, жаңы түзүлүүчү өкмөтү, жаңыча тартип менен куралып иштөөчү сот бийлиги, көз карандысыз басма сөзү аркылуу Кыргызстанды "общий домго" айлантпайт деп үмүт кылалы.

"Кыргызстан" деген өлкөдө биринчи кезекте титулдук улуттун (кыргыздардын!) эркиндиктери менен укуктары тийиштүү деңгээлде корголсо гана калган башка этносторго тынч, бейпил жашоо камсыз болоорун түштүктөгү улуттар аралык окуялар көрсөттү окшойт. Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарын сактап,түпкүлүктүү улуттун тили менен маданиятын, басып өткөн тарыхый тажрыйбасы менен бай руханий мурасын урматтаган, сыйлаган, керектүү жерде, керектүү учурларда артыкчылык берген башка этносторго ошондон кийин гана артыкчылык берилсе, көңүл бурулса. Бизде болсо, буга чейин Кыргызстанды "общий дом" кылабыз деген саясат жүрүп, мамлекетибизди жок кылып жибере жаздап, араң сактап калдык. Кыргызстанда кыргыздар менен бирге жашап жаткан башка улуттарды Манас бабабыздын кең пейилдигине салып, боорубузга тартып, курама журт болуп ынтымакта жашайлы дегенибизди курсагы кампайып калган ал туугандарыбыз анча барктабай турганы, бизди анчалык теңсинбей баратканы билинди. Көз карандысыздыкты алып жүрүүчү кыргыз эли эмес, Кыргызстандын эли экен деп жүрсөк, көрсө кыйын-кысталыш учурда "кийиз кимдики болсо, билек ошонуку" деген принцип иштеп кетет экен. 6-7-апрелде авторитардык тартипке каршы күрөштө жаныбызда биз менен кошо орустар менен дунгандар, уйгурлар менен татарлар, өзбектер менен казактар, кореецтер менен ингуштар, күрттөр менен даргиндер бирге жүрөт экен, жылан өлтүрүп жаткан кыргызга таш алып берет экен десек, баары баштарын катып,кара жандарын калкалап,терезелеринен шыкаалап турушпадыбы. Айрымдарынын табасы канып, "бириң өлүп, бириң кал" деп алакандарын асманга жайган имиш. Анан айла жок, "башка каран күн түшкөндө өтүк менен суу кечип, ооздук менен суу ичип" дегендей, түндүк-түштүгүң, оң-солуң унутулуп, каныңдагы "кыргыз" деген уктап бараткан, өчүп бараткан, мокоп бараткан Манас атабыз сиңирген сезим (ген) өзүнөн өзү ойгонот экен. "Сен кыргызсың" деген мындай сезимди Акаев да, Бакиев да, Отунбаева да өчүрө албайт экен. Мындай сезимдерди балким, НАТОнун же ЖККУнун танкалары да тебелеп өчүрө албастыр. Анан ошончолук өчпөй турган улуу, ыйык нерсени эмне үчүн өчүрүүгө, басууга аракет кылышыбыз керек?! Тескерисинче, андай сезимдердин оргуштап атырылуусуна жол ачып, жалпы улуттук адреаналинге,б.а. идеологияга ээ болбойлубу? Ак үй тараптан атылып жаткан октон сестенип, коркуунун ордуна кайра төшүн тоскон жаштарыбыздын оргуштаган ошондой күч-кубатын өнүгүп жаткан илим-билимдин алдыңкы технологиясын өздөштүрүүгө, өнөр жайыбыз менен айыл чарбабызды, транспортубуз менен туризмибизди, кайра иштетүү менен тейлөө, соода-сатык, бизнес, ишкерлигибизди өнүктүрүүгө бурбайлыбы?
Эгерде мындан ары да Кыргызстанды "жалпыбыздын үйүбүз" кыла бере турган болсок, анда ошол үйдүн жыргалы менен кууралын, ысыгы менен суугун, ачуусу менен таттуусун анын мүчөлөрү тең тартпайлыбы? Анда суусу аз Баткен областына да дунган менен өзбектерди аралаш жашаттырбайлыбы, дыйканчылык, багбанчылык менен бирге алектенбейлиби? Бийик тоолуу Нарынга же Таласка орус менен уйгурларды, ингуш, даргиндерди аралаштырып,алар менен биргеликте мал багып,төө буурчак өстүрбөйлүбү? Жайда салкын, кышта жылуу коммуналдык үй менен ысык сууга ар күнү киринүүнүн жыргалын, газга тамак бышыруунун жеңилдигин башка улуттарга окшоп алыскы айылдардагы, ал турмак Бишкектин чет жакаларындагы кыргыздар деле сезсе болбойбу, жарашпайбы? Же, президент деген аты бар К. Бакиевге окшоп, кыргыздарды мындан ары деле "тезек тергиле" дей берелиби? (Орус менен дунган, уйгур менен өзбек,ингуш,күрт,даргин, кореец эч качан тезек тербесин К.Бакиев эң сонун билген. Мына, өз улутун, өз элин - кыргызды кыргыз президенти өзү дискриминация кылуунун, шылдыңдоонун, экономикалык басмырлоонун айкын фактысы. Мындан артык далилдин эмне кереги бар.)
Эми жаңы бийлик Кыргызстанда жашаган улуттарды ынтымакка ширелтип, кайгы-кубанычын, ийгилик-кемчилигин теңештирип башкара албаса, анда экинчи бир сунуш айталы. Ал Кыргызстандын бардык аймактарын бир кылка,тегиз өнүктүрүүгө байланыштуу сунуштар. Кыргыздардын, анын ичинде кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин ошол ыкмалар аркылуу да тең салмактаса эмне үчүн болбосун. Ал эми маселенин илимий негизделишин окумуштууларга, экономисттерге, олчойгон айлык-маяналары бар экономикалык өнүктүрүү сыяктуу министрликтерге, илим-изилдөө жана долбоорлоо, прогноздоочу институттарга табыштаса неге болбосун.
Экономикабызды бүт аймактар боюнча бир кылка өнүктүрүү аркылуу ички миграцияны жөнгө салып, элдин баарын эле Бишкек шаарына, Чүй аймагына топтой берүүдөн, натыйжада ушундан келип чыккан бир топ социалдык (демек саясий) баш оорулардан арылса болчудай. Бул боюнча алгачкы сунуштарды ортого салалы.
***
22-июнь күнкү басма сөз жыйынында Алмаз Атамбаев кайра эле ишке ашпай турган, экономикалык жактан негизделип, ырасталбаган бир нерсени - "суук түшкөнчө Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтиребиз" деп айтып таштады. Айткан сөзүн аткарыш анын иши деңизчи, бирок, ушундан улам ой кетет: Ош менен Жалал-Абаддагы өзбек, кыргыздар жашаган жепирейген үйлөрдүн ордуна заңгыраган көп кабаттуу үйлөрдү куруу керек. Демек А.Атамбаевдин айткан сөзүн ишке ашыруу үчүн Жалал-Абад же Ош областына 1 же 2 цемент заводу, 1 же 2-3 үй куруу комбинаты, кыш чыгаруучу бир нече ири заводдор керек экендиги талашсыз. Акаев заманындагы өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиевдин бул багытта баштап койгон иштери бар экенин укканбыз. Качып кеткен өкмөт башчы Данияр Үсөнов куруп баштаган Кызыл-Кыядагы цемент заводун экс-спикер, экс-губернатор Айтибай Тагаев бүтүрөт болду бекен?
Баткен областына да бир-эки үй куруу комбинаттарын, кыш заводдорун куруп, Ноокаттын борбору, Баткен шаары адам качпагыдай кылып газ, ысык суусу менен камсыз болсо? Элди эмне иш менен камсыз кылса болот? Пахта, жүзүм, тамеки, күрүч, жашылча-жемиш, мөмө өстүрүү жана эчки багууну эл унута элек. Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Кадамжай, Айдеркендеги көмүр, сурьма, сымап кендери элдик жаңы бийликтин экономикалык чапчаң пландарын күтүп жаткан учуру. Мындан башка да орто, чакан ишкерлик боюнча элди жумуш менен камсыз кылса болот. Ал эми манты, самсы, лагман, аш-лямфу, нан бышырып сатуучулар жөнүндө сөз кылбай эле коёлу. Аларың эл каерде көп болсо, ошол жерге жетип бара калышат, пайда боло калышат.
Кызыл-Кыяда сигарет чыгаруучу фабриканын иши башталып калганын эстесек, демек Ноокатта тамеки өстүрүү жанданса, миңдеген адамдар дээрлик 8-9 ай бою иш менен алектенет. Демек Ноокат шаарына тамекини кайра иштетүү, сигарет чыгаруу адистиктерин даярдоочу институт, орто же кесиптик окуу жайын ачуу балким, жылына 50-60 студентке мыкты турмуштук путевка да берээр беле?
Жалал-Абад областы гидроэнергетиканын борбору. Демек, Кара-Көл шаарына ушул багыттагы адистерди даярдоочу институт, техникум, кесиптик окуу жайын, ал эми Таш-Көмүр шаарына отун-энергетика министрлигин көчүрсө. Бул кадам менен бери дегенде Бишкектен 10 миңдей адамды алып чыгып кетсе болот. Бирок жылуу орундан жылгысы келбегендер чыгаар. Анда, кайра жакшы. Ал кызматтарга жергиликтүү калктын кадрларын тартуу жана даярдоо керек. Чаткал, Токтогулда кой, Аксыда эчки багуу салтын, анан да кирешелүү болуп бараткан кара өрүктү кайра иштетүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлсө, ушул 4 тармак эле элет жеринде жок дегенде 2-3 миң адамды иш менен камсыз кылмак. Камбар-Ата -1,2 ГЭСтерин куруу, курулуп бүткөндө аларга кошуп Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтерин толук кубаттуулукта иштетүү канча миңдеген жумушчу күчүн, адистерди, окумуштуу, илимпоздорду, демек ошого ылайык инфраструктура түзүүнү талап кылат. Банкрот абалына атайылап жеткирилип сатыла баштаган Таш-Көмүрдөгү "Крисстал", Майлы-Сайдагы электр лампаларын чыгаруучу заводдордун ишин жандандырса болбойбу? Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларындагы өнөр жайын, Сары-Челек, Падыша-Ата, Салам-Алик, Арсланбап туристтик жайларын иштетип, Жалал-Абад, Кара -Шоро минералдык сууларын өнөр жайлык негизге которуу да жүздөгөн жумушчу күчтөр менен адистерди талап кылар. "Мамлекет начар менеджер экен" деп К.Бакиев ушулардын көбүнө көзөмөлдү өз бир туугандарына бере баштаган. Эми ушулардын баарын кайра мамлекет өз колуна алып жандандырып, эл үчүн кызмат кылдыра алабы? Өкмөттүн экономикалык тармагын тейлеп жаткан мыкты өндүрүшчүбүз Алмаз Атамбаев, мыкты "бухгалтер", кыйын менеджер, санагандан жаңылбаган финансист Темир Сариев кыйындыгын көрсөтө турган учур келди.
(Уландысы кийинки санда.)

Машакбай
РАХМАНКУЛОВ