Көлөкө
(Уландысы. Башталышы өткөн санда)
Дамира менен Сарпектин ортосундагы сүйлөшүү көпкө узаган жок.
- Мен баладан кечип кете албайм. Сага деген сезимимди да ката албайм. Байбичем, балдарым баарын туура түшүнөр. Эми сөз - сенде калды, Дамиш.
- Мен бир гана Төлөгөнүмдөн чочулап турам. Али көп нерсени түшүнбөйт да...- дейт Дамира башын жерге салып.
- Ошо кичинекей болгону жакшы. Өз балдарымдан кем көрбөйм Төлөгөндү. Мага ишен, өмүр бою сен айткандай болот... А башкалар айтса айта берсин. Чегирткеден корккон - эгин экпейт.

ХХХ
Ошентип, Сарпек Дамирага нике кыйдырды. Дамиранын атасы - Сарпектин досу да. Алгач укканда бир секирип алып басылды.
- Кой, абышка. Шордуу кызым эми эмне кылсын. Гүл-гүлүнөн жанып турган маалында эринен ажырап кара жамынды. Ал дагы бул дүйнөнүн таттуу даамын татып жашоого укуктуу да. Эмне, бул дүйнөдөн куурап өтсүнбү?
- Ой, куурасын деп жаткан ким бар? Бирок, ушул Сарпекке !- деп жер муштады атасы. - Ой, менин теңтушума күйөөгө чыгабы? Өзүнө теңтуш бирөө табылбай калыптырбы?!
- Жүрөктүн каалоосу ошол болуптур да. Эмесе, канчалаган жигиттер айттырып келишти го. Алардын бирине көңүлү чаппай койду го, аны өзүң деле билесиң. Дамирага катуу айтпа. Мейли, өзүн бактылуу сезип жашап кетсе болду...
- Э, болуптур! - деп колун шилтеп басып кетти атасы. Анан, тигиндейрээк барып көчүк басып отурду да өзүнчө акыл тегеретти: "И, чын эле эй! А эмне болот экен. Айыл арасында уятыраак болуп турганы гана болбосо! А эмне үчүн уялышыбыз керек экен. Айыл, айыл деп коебуз, эмне, айыл кызыма эр болуп бермек беле. Маңдайына жазганын көрүп жатат да, шордуум..." Байбичесин карап алды. Анын көз карашынан эле байбичеси баарын түшүндү. Маанайы жакшы. Демек, макул болгону ошол.
Ошентип, Дамира Сарпекке башын байлады. Эки айыл ичи бир дуулдап барып басылды. Сарпек менен Дамира жөнүндө узун кепти айтып түгөтө албай атышты. Дамираны бир туруп шуркуяга теңешсе, Сарпекти бир туруп картаң карышкырга теңеп жатышты. Анан кайра, "Байкуш Дамира кантсин! Өлүп кетсинби! Өлгөндүн артынан өлмөк жок да" дешип өздөрү кайра актап да коюшат.
А Дамира менен Сарпекке эле оңой болду дейсиңби. Элдин айткан ар бир сөзү сөөгүнө жетип жатты. Анысы да эч нерсе эмес, Сарпектин бой жетип калган кыздары бир келип Дамираны талап кетишти. Жетээр жерине чейин жетип, сөөмөйлөрүн кезеп калганда, эшиктен кирген Сарпекти көрө селейип катып калышты. Алар деги эле атасынын мындай түрүн көргөн эмес. Ушунча сурданып, көзүнөн чаар чымын учуп алыптыр. Балдарына өмүрүндө катуу сүйлөбөгөн Сарпек катуу кыйкырды:
- Жетишет! Мен силерди кимден, эмнеден кем кылдым. Мен силерден мындан ары да кечип кетпейм. Балдарым, баарыңар балдарымсыңар! Апаңардын сөзүн укпай эмнеге бул жакка чуркап келдиңер!
- Апамды оозанбагын! - деп кыйкырды эң кичүү кызы.
- Оозанбай эле, апаң өзү уруксат берген, кыздарым! Ишенбесеңер, апаңардан барып сурагыла!-деген атасынын кыйкырыгынан улам шылкыя түшүштү. Алар чынында апасы менен даап сүйлөшүшкөн эмес. Дулдуюп, апасы эч кимисине унчукпай койгон.

ХХХ
Кыздары үйүнө киргенде эле апасы аларды капааттап кирди:
- А силерди ал жакка ким бар деди. Кишини таза уятка калтырдыңар го!
Булкуна сүйлөгөн апасына кыздары таң кала туруп калышты. Дале болсо, тыкылдаган кичүү кызы :
- Сизди уят кылган биз экенбиз да. Тескерисинче, биз сиздер үчүн уялып жатабыз!
- А силер эмнеге уяласыңар? Биз силерге эмне кылдык уяла тургандай?
- Эми, ушунча жашка келип калганда, жөн эле жашасаңар болмок.
- Ушунча жашка келип калсак да, жер үстүндө басып жүрөбүз. Жашап жатабыз. Демек, жер үстүндөгү боло турган нерселер бизге деле таандык болушу мүмкүн да. Ага эмнеге анчалык териктиңер? Эч нерсе эмес. Мындайлар боло берет...
ХХХ
Ошол - ошол болду. Кыздары да, балдары да атасы менен апасынын ишине киришкен жок. Айыл ичи да бастап калды. Бир гана кичинекей Төлөгөндүн чыгарган чатагы баарынан оор болду. Апасы канча ирет жалынып сураса да, кичине тынчып калат да, кайрадан эле чалкасынан бир кетет. Кабагын карыш салып, бултуңдап-тултуңдап кагынып кирет. Эч кимди жактырбайт. Керек болсо, жайылган дасторконго келбей, ары карап жатып алат. Андайда Дамира менен Сарпектин тамагынан суу өтпөйт. Бири-бири менен көздөрү аркылуу сүйлөшүп, ичинен тымып отура беришет.
А Төлөгөнгө ушу гана керек. Алардын ушинтип отурганын ичинен табалайт. "Карасаң мунун, менин атам болгусу келгенин. Менин атам - Жанчар!" дейт өз оюн бекемдеп. Мындайда Дамиранын тим эле зареси учуп кетет. Башынан өткөргөн жамандыктарын кайра бир баштан көз алдынын чубуртуп өткөрөт. Акыр аягы келип эле өзүн күнөөлөйт: "Ай, ушу мен! Жүрөгүм миң жеринен сүйүп-күйүп турса да, өзүмдү өзүм ооздуктай албай калдым. Ушу, Төлөгөнүм үчүн эле түз жүрсөм болбойт беле? Ай-ай-ай..." Башын чайкап, чайкап алат.
ХХХ
...Ыңаа-ыңаа...ыңаа!
Жарык дүйнөгө бейкүнөө наристе келди. Кипкичинекей, кызыл эт ымыркайдын келиши менен бардыгы башкача өзгөрдү. Сарпектин барбалаңдап кубанып алганын айтпа. Көздөрү жашылданып, жайнап алган. "Жакшылыгыңдан айланайын, кудайым, жакшылыгыңдан! Ушу кичинекей чүрпө үчүн канчаларга жаман көрүнүп, канча сөздү укканым жок. Өмүрүң узун болсо экен! Келечегиң кең, бактылуу-таалайлуу болсоң экен, күчүгүм..." - деп ичине миң ирет күбүрөнүп чуркап жүрдү.
- Бу, сенин иниң болот, балам,- дейт Дамира Төлөгөнгө жылмая карап. - Карачы, сага окшош экен. Атын ким деп койсок?
Кызыл этти ормое карап турган Төлөгөн алгач кызык болуп кетти. Негедир эч нерсеге түшүнбөй, башы айлан-көчөк. Чын эле бу кичинекей немеге да туура түшүнүш керек да. Өзү кичине болуп туруп, ушунча нерсени башынан өткөрүп жатканын карабайсыңбы! Анын тынч жашоосуна бүлүк салган - Сарпек абасы. Аны жек көрөйүн десе, апасы жакшы көрөт. Эми минтип кичинекей бала келди дүйнөгө. Бул - апасы менен Сарпек абасынын баласы. Бул бала - өзүнүн эле иниси.
... Көчөдөгү балдар инилерин томпоңдотуп ээрчитип ойноп жүргөндө, дайыма ошолордой болуп ээрчишип ойногусу келчү. Эми ошол иниси жатпайбы тигинде сөөмөйүн соруп...Анан калса, чын эле өзүнө окшош окшойт...
Төлөгөндүн кичинекей жүрөгүнө ысык илеп агылып киргендей болду. Наристенин тумсак жыты мурдун өрдөп баратты. И-иий! Кандай сонун бала эй. Колун алга сунуп, апасынын эмчегин эптеп соруп жаткан ымыркайга колун сунду. Ушуну эле күтүп турган Дамира ымыркайды Төлөгөндүн сунган колуна аяр салды.
- Апа, чын эле мага окшош экен ээ. Мунун атын ким койсок? Менин атыма уйкаштырып койгулачы...
Эшиктен кирип келаткан Сарпек эне-баланын сүйлөшүп аткан сөзүн угуп, кубаттап кирди:
- Ооба, Төлөгөн ырас айтат. Уйкаш ат табалы, мисалы, Төлөбай...
- Аний, анда анча жакшы угулбай калат экен,мм...мм...азыркы модный аттардан коелучу анда,- деп кол башындай чүрпөнү бооруна кыскан бала өзүнчө кыялдана сүйлөп кирди.
- Мисалы, Эрнис, Эрик, Эрбол...
- Ай, болуптур, анда өзүң кой, балам, -деп барбалаңдаган Сарпек Төлөгөндү башынан жыттады. Буларды Дамира бакытка балкып карап турду. Анын көңүлү чайыттай ачылып, сезиминде азыр нокоттой дагы көлөкө жок эле...

Нурбүбү
БӨДӨШОВА