Чайпалдык, төгүлбөйлү!

"Түштүк жергемде эмне үчүн өрт чыкты?"
Алды менен ордолуу Ош аймагында, жанга жагымдуу Жалал-Абад чөлкөмүндө болуп өткөн каргашалуу окуялардын капшабынан жантаслим болуп, көзү өтүп кеткен кандаш-жандаштарымдын, улутташ- мекендештеримдин ата-эне, ага-тууган жакындарына, бала-бакыраларына көңүл айтам, Жараткандан тирүүлөргө кайрат, аманчылык, мекенчилдик тилейм. Элдин ар-намысын, жердин ыйыктыгын коргоп, өрт кечкен азаматтардын өлүмү - ыйык өлүм, ак өлүм. Ылайым бейиштин төрүнөн орун алсын алар.

Куралсыз элге ок атып, ажал, кан көксөгөн коргошун ок колдонгондорго наалат, тынч жаткан элге бүлүк салып, бирине-бирин козуткан, ортолоруна чагым салган, байлык менен бийликке көзүн кутурган иттин көзүндөй кызарткан жексурларга наалат, биздин мамлекетте жашап, Кыргыздын жерин жердеп, тузун татып, нанын жеп, суусун ичип, жансактап жүрүп, кайра "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын", - дегенди турмуштук саясий принцип кылып алган айрым бир сасык саясатчы, эл бузар, журт бузарларга наалат, биз менен аралашып, колтукташып жүрүп, биздин элдин кең пейилдик, меймандостук, берешендик, ак көңүлдүк, кечиримдүүлүк, тең санагандык асыл сапаттарын тебелеп-тепсеп дөгүрсүп, Кыргыз элине текебер мамиле жасагандарга наалат, реваншисттик, сепаратисттик маанайда автономия сурап, "тилиме мамлекеттик тил статусун бер" деген сымал саясий талап койгон башка улут өкүлдөрүнүн лидерлерине наалат, ушуну көрүп-билип туруп, ага реакция кылбаган, алардын саясий талаптарына саясий баа бербеген өкмөткө, өкмөт жетекчилерине, мамлекет башчыларына наалат, айрым бир кыргыз саясатчыларынын, партия жетекчилеринин кылтылдаган, башка бир улут өкүлдөрүнүн добушуна ээ болуш үчүн, алардын добушун алыш үчүн саясий сойкулукка баргандыгына наалат.
Кече күнкүң - бүгүнкүңө сабак, бүгүнкүң - эртеңкиңе сабак, эгерде ушундан жыйынтык чыгарсак, эгерде ошого маани берсек, сабак алууга аракеттенсек. Өткөндөн сабак албаган өкүнөт, аттиң! - деп бармагын тиштеп. Бармак тиштеп өкүнгөндү жөн коелу, биз алмончоктой атуулдарыбыздан айрылып отурабыз, кабырга сөөгүбүз кайрылып, кан жутуп отурабыз, өткөндөн сабак албагандыгыбыз үчүн, өткөндөгү окуяларга кайдыгер карап, алардан жыйынтык чыгарбагандыгыбыз үчүн, мамлекеттик деңгээлде түпкүлүктүү улуттун улуттук кызыкчылыгын коргой албагандыгыбыз үчүн. "Өзүн агалай албаган өзгөнүн таманын жалайт, эшигин сагаалайт, жалдырап карайт" - дейт элибиз. 20 жылдан бери өзүбүздү өзүбүз агалай албай, ыркырашкан, чыркырашкан абалда башкаларга жем болуп келдик. Ушул саясатты Аскар Акаевич кичине баштады эле, Бакиев баарын башына чыгарды. Бакиевдин тушунда бийлик акчалуунун кулуна айланды, өзү, бир туугандары, бала-бакырасы менен криминалдык топторду уюштуруп, наркотрафикти көзөмөлдөөгө жетишти, бул учурда өзбек туугандардан өтүп, дунгандар автономия жөнүндө кеп козгоп, саясий талаптардын башын чыгара башташты.
20 жылдын ичинде майда барат ойпоң-тойпоңдорду эске албаганда кыргыздар менен өзбектер ортосунда 2 жолу чоң өрт чыкты, жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жабыр тартты, кыргыздар менен дунгандардын, кыргыздар менен месхет түрктөрүнүн ортосунда да ар кандай чыр-чатактар болду. Мына эгемен өлкө болгондон кийинки 20 жылдык тарыхыбыз, 20 жылдык ал-абалыбыз.
Суроо туулат: Эмне үчүн ушундай абал бизде эле боло берет? "Жамандын коногу, жардынын бойдогу билет" болуп жүрбөсүн. Өзүбүзгө эле жакын, чектеш, канатташ Казакстанда, Өзбекстанда тынч эле го. Ылайым эле тынч болсун, салыштыруу үчүн эле келтирдим. Эл чайпалбасын, төгүлбөсүн, бөлүнбөсүн, "тигишинен" сөгүлбөсүн.
Жогорку суроого, менимче, жооп мындай.: Анткени бүгүнкү окуянын келип чыгышынын ички жана сырткы себептери бар.
Биринчиден, Совет мезгилинин алгачкы жылдарында Орто Азия мамлекеттеринин чек араларын бөлүү маселелериндеги ар кандай кырдаалдын кесепетинен улам Тажикстан менен Кыргызстан, Өзбекстан менен Кыргызстан чек аралары такталбаган бойдон кала берген. Мунун себептери өтө көп, азыр аларды кеп кылуунун зарылчылыгы жок. Ушунун кесепетинен бул өлкөлөрдүн ортосунда ар кандай оорчулук түзгөн жагдайлар Совет мезгилинен бери эле уланууда. Өзгөчө бул эгемендик алган жылдары өтө курчуду. Өзбекстандын айрым бир өкүм зордугу, чек арадагы айрым бир инциденттер, Өзбекстандын жетекчилиги менен биздин мамлекеттин жетекчилеринин тең ата сүйлөшүүгө кудурет-духтарынын жетишсиздиги, чынын айтканда Каримовдун биздин Акаевди да (кийин Бакиевди да) теңине ала бербеген мамилеси Кыргызстанда жашаган айрым бир сепаратисттик маанайдагы өзбек интеллигенттерин, алардын лидерлерин, колунда байлыгы, карапайым өзбектердин үстүнөн жүргүзгөн бийлиги бар өзбектерди дөгүрсүтүп, текеберлентип, оозуна эмне келсе ошону сүйлөшүнө, саясий талап коюшуна, бизди теңсинбешине өбөлгө болгонун танууга болбойт. Ушунун кесепетинен эл тымызын тирешип келген, муну "сокурлар" эле көрбөй келбесе, баарыбыз көрүп-билип эле келгенбиз.
(Уландысы кийинки
санда)

Сыртбай Мусаев,
Илим жана техника боюнча КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КР Илимдер Улуттук академиясынын корреспондент- мүчөсү, ф.и.доктору, профессор




Редакции газеты "АЛИБИ"
от педагогического коллектива
Бишкекского музыкально-педагогического
колледжа. (ул. И.Ахунбаева, 121)

Обращение
Уважаемая редакция! Просим Вас опубликовать наш текст обращения Президенту Кыргызской Республики переходного периода Розе Исаковне Отунбаевой.

Мы, преподаватели и сотрудники просим призвать директора Бишкекского музыкально-педагогического колледжа Кубанычбека Эргешовича Осмонова и главного бухгалтера Н.Ю.Хурду к ответственности за их деяния, т.к. на протяжении их работы они крайне неуважительно относились и относятся к нам, абсолютно не заинтересованы в социально-материальной поддержке педагогов и сотрудников. Не выполняется статья №44 Закона КР "0б образовании". На наши многочисленные просьбы и требования (5-10 обращений в год) мы получали один ответ - Нет денег. Последней каплей нашего терпения явилось равнодушие директора К.Э.Осмонова и главного бухгалтера Н.Ю.Хурды на наше Обращение от 19 мая 2010 года. Ни одно наше требование не было рассмотрено и не выполнено. Их бездействия приводят к противостоянию коллектива с администрацией, что заставило нас обратиться к Вам.
Сегодня наше учебно-педагогическое учреждение, которое с 1966 года готовит учителей начальных классов, учителей музыки и музыкальных руководителей в детских дошкольных учреждениях, превращено в бизнес-центр:
o Ежегодно увеличиваются оплаты за контрактное обучение (очное и заочное формы обучения и дополнительные специальности);
o Сдаются в аренду учебные аудитории, спортивные и актовые залы (во внеурочные время и в выходные дни);
o I, IV, V этажи студенческого общежития также сдаются в аренду сотрудникам БМПК и квартирантам;
o Арендуют и столовую, и подсобные помещения, под кондитерский цех, стоматологический кабинет, здание находящиеся на спортплощадке;
o Вне закона построено современное помещение во внутреннем дворике учебного корпуса, который тоже сдаётся в аренду;
o Издан приказ №62 от 04.09.09г. "О платных услугах".

Это миллионы, миллионы сомов.!!!
Казалось бы, цель благая - повышение финансового состояния учебного учреждения. Однако, на заработных платах педагогов, на материальное стимулирование это ни как не сказывается, наоборот, ухудшается социально-материальное положение рядовых преподавателей. В соответствии с Указом Президента КР №50 от 14. 12. 2007г. не выплатил надбавку за педагогический стаж преподавателям, работающих в контрактных группах с 01.01.2008г. по 31.08.2008г. При этом ежегодно повышается от 100% до 300% персональная доплата 39 (тридцати девяти) сотрудникам, на что в год расходуется порядка одного миллиона сомов из внебюджетных средств.
03.05.2010г. была проведена проверка финансово-хозяйственной деятельности БМПК отделом по борьбе с коррупцией ГУВД г. Бишкек во главе с Джумадыловым Калыбеком Аманатовичем и были выявлены факты нарушения финансово-хозяйственной деятельности под руководствам К.Э.Осмонова.
В результате проверки были обнаружены, перепрофилированы и переоборудованы межблоковые пространства и служебные помещения (кухни) в жилые помещения. В этих жилых помещениях (семь комнат) проживают лица, не имеющие отношение к БМПК и оплачивали ежемесячно лично К.Э.Осмонову. Причиненный ущерб государству составляет 315 465 сом. Данный факт оперативными сотрудниками ОБК ГУВД г. Бишкек был зарегистрирован в книге учета преступлений (КУП) ГУВД г. Бишкек за №139. от 04.05.2010г. И собранные материалы сотрудниками ОБК г. Бишкек были переданы в следственное управление ГУВД г. Бишкек. После чего материалы были необоснованно отказаны в возбуждении уголовного дела. Как выяснилось, у К.Э.Осмонова в городской прокуратуре г.Бишкек работает близкий родственник с помощью и вмешательства которого дело было не возбуждено.
За 4 года его руководства при поддержке Досбол Нур уулу, К.О.Осмоналиева (экс-министров образования и науки КР), статс-секретаря МОиН КР А.Б.Абдрашева в БМПК не было ни одной проверки со стороны МОиН КР. Так же его "поддерживали" его братья - юристы Камчыбек Осмонов и Курманбек Осмонов (экс-председатель Верховного Суда КР). Но главной поддержкой его был Жаныш Бакиев.
К.Э.Осмонов абсолютно далек от образовательного процесса! В каком состоянии учебно-воспитательные, образовательные и методические работы - это другой вопрос. В его действиях присутствуют факты самоуправства, отсутствует контроль за расходованием бюджетных и внебюджетных средств. Он единолично управляет финансовыми вопросами, не согласовывая с коллективом.
Мы преподаватели и сотрудники БМПК выражаем недоверие к К.Э.Осмонову как директору БМПК и требуем освободить от занимаемой должности!
Надеемся на справедливость и на защиту наших учительских прав.

С уважением:

1. Джайчибекова Ж.Б.
2. Эрназарова У.А.
3. Асанова А.Т.
и т.д. (Общее 31 чел.)