Анатай Өмүрканов:
"БИЙЛИКТИ БАЙЛЫК ДЕП ТҮШҮНГӨНДӨР ЭЭРДЕН ЭРТЕҢ ЭЛЕ ШЫПЫРЫЛЫШАТ"
Кыргыз элинин көктөмдөн бери зарыгып күтүп келе жаткан күнү жакындап келип калды. Апрелдин алтысында башталган көтөрүлүштөн мурдагы бийликти көтөрүп алып ыргыткан элге Убактылуу өкмөт келип, эми аны укук талаасына киргизип, легитимдештирүү процессин аяктай турган ушул күндү -Референдумду чыдамсыздык менен күткөндөр көп.

Жалпы кыргыз эли алдыда боло турган жакшылыктан үмүт этип турган кезде республикабызда "Үгүт кербени" уюштурулуп, эл аралап келди. Бүгүн ал кербендин активдүү катышуучусу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси Анатай Өмүркановду сөзгө тартып отурабыз.
- Анатай агай, айтсаңыз, бул кербендин уюштурулуш максаты эмнеде болду?
- 27-июнда болуучу референдумга чакырык таштап, Убактылуу өкмөтүбүздү легитимдештирүүгө элди чакырып эл араладык. Кербендин составын акындар, ырчылар, коомдук ишмерлер түзүп, Талас, Нарын, Көл, Чүй облустарында болуп кайттык.
- Сөзүңүзгө аралжы, эл аралап келсеңиз, жалпы кыргыз элинин азыркы маанайы кандай экенин да өз көзүңүз менен көрүп келген турбайсызбы.
- Ооба, өз көзүм менен көрүп, аны кайра элге, Убактылуу болсо да, бийлик башындагыларга айтууга шашылып, ичим бышып келди. Баатыр уулдарыбыз курман болуп жасап кеткен төңкөрүштүн натыйжасы кандай болуп жатканын айтуу мезгили да бышып жетилип калган өңдөнөт. Айтайын дегеним, Акаевди карышкыр десек, андан кийинки Бакиеви чөөгө теңелди. Ал эми азыркы өкмөт - өзүнчө эле жарым жан күйкөгө айланып отурбайбы...
- Эми, кыйын кырдаалда эл башына келип отурган бийликке да кыйын болду, аны ар тараптан колдобосок болбос...
- Албетте, ар тараптан жардам беришибиз керек. Мен дагы атуул катары колумдан келген жардамымды бергим келет жана колдон келген жардамымды берип жатам деп ойлойм. Бирок, ошол УӨ ичинде дагы кандайдыр бир өзүнүн жеке кызыкчылыгы жана партиялык кызыкчылыктары менен туура эмес иштер жасалып жатканына күбө болдум. Таласты эле алалы. Губернатор - ал жерде падыша экен. Эки киши жанында, бирөөсү телефонун көтөрүп жүрсө, экинчиси кумганын көтөрүп чуркап жүрөт. Сен элден эмнеге коркушуң керек. Өзүңүн элиң. Сен мыкты коомдук ишмер болсоң,элге түз барышың керек. Керек болсо, ошол эле жерде "референдумдун кереги жок, өткөрбөйбүз, мындайды уккан эмеспиз" деген мэр бар экен. Биз айттык: "Ой, бул өкмөттүн токтому. Биз өзүбүз эле чыга калган жокпуз. Отунбаеванын колу коюлган" дедик.
- Андайлар бир эле Таласта бар бекен?
- Өкмөттүн токтомуна моюн толгогондор жалаң эле Таласта эмес, башка жактарда да - Нарында, Көлдө деле жолукту. Мына ушул жерде, бийлик башында туруп эл башкарыш үчүн да өзүнчө талант керек экен деп калдым. "Мен кыйындыгыман ушул жерге келдим" деген сокур түшүнүктөн алыс болуш керек. А карапайым эл ары түртсөң ары, бери түртсөң бери болот. Эл азыр вакуумда жашап жатат. Айылдарга гезит барбайт, маалымат жактан жарды. Ооздон оозго өтүп айтылса, "ийне да устунга айланат" дегендей болуп калыптыр.

(Уландысы 11-бетте)




"Эркиндик" партиясынын саясий бюросунун мүчөсү, коомдук ишмер Анаш КАДЫРОВА:
"Уурусу күчтүү болсо - ээсин доого жыгат..."
- Анаш Кадыровна, 12-июнда болгон коогалаң Сиз үчүн, Ошто 25 жылдан ашуун иштеп, жашап келген инсанга өтө кыйын болгондур...
- Албетте алгач, түштүктөгү коогалаңдуу окуядан курман болгон жарандардын ата-энелерине, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындан 20 жыл мурун, 90- жылкы Ош окуясы эсиме түшөт. Ошол жылы мен, Ош телевидениесинде диктор болуп иштеп турган кезим эле. Ошондо да бүгүнкүдөй атышуулар, өрттөөлөр болуп, бейкүнөө адамдар каза болгон. От күйгөн ошол учурда атылган окко карабай күндө түз эфирге чыгып, элди ынтымакка чакырган көрсөтүүлөрдү алып барып турган элем.
Бул кайгылуу окуяга Ошто жашаган-жашабаганына карабай бүтүндөй кыргыз журтунун жаны кейип турган убагы. Ошол кезде деле так талашуу, саясий интригалардын, чагымчылдардын кесепетинен эки эл жабыр тарткан, саясаттын курмандыгы болгон.
Баары айтып жатат, бул коогалаңдуу окуяга карапайым элдин же кыргыз, же өзбек калкынын эч кандай тиешеси жок деп. Мен өзбектер менен аралашып коңшу жашап, жамандык-жакшылыгыбызды тең бөлүшүп, алыш-бериш кылып келгем...
Бул коогалаң башталаардан бир аз алдыраакта коомдук ишмер Анвар Артыков КТРден "өзбек элин бузуп-жарган Кадыржан Батыров, муну жоготмоюнча бир балээ болот" деп кан-какшап эскерткен. Ага маани берип, алдын ала чара көрүлбөгөндүктүн натыйжасы бул болду. К. Батыров "ОШ ТВ", "Мезон ТВ" аркылуу жергиликтүү өзбек калкына күйгөн киши болумуш болуп, элди бузуп-жарды. Бул жакта ага окшогон беш-алты эл бузар бар экени белгилүү болучу. Алардын оозун басып, мыйзам чегинде жоопкерчилигин сездире албагандык, акыры - орду толгус кайгылуу окуяга алып келди.
Ошондуктан, мен карапайым элге сөз тийгизе албайм. Алар тынч жашаганына, дасторкону кур эмес экенине каниет кылып, бири-бирине сыйкор мамиле күтөт.
- Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз; А.Акаев да, К. Бакиев да түштүккө анча көңүл бурбагандык ушу кайгыга алып келди деген сөз жүйөөлүүбү?
- Түштүккө көңүл бурганы - "Борборду түштүккө көчүрүш керек!", "Министрликтерди түштүккө жайгаштырабыз?" деген сөздөр менен чектеп келишкени Сизге да белгилүү. Түпкүрү, бул чатактын башы - менчиктештирүү деген балээге байланыштуу болду. Ошондо негизги пайда түшө турган обьектилерди ага жооптуу жетекчилер "шапкесин" алып, өзбектин байларына сокур тыйынга менчиктештирип берип, кыргыздар куру жалак калышты. Анан эле чатырай байып алган алар көөп, кутуруп, автономия, тил статусу дегендерди баштап, титулдук улуттун, мамлекеттин эгемендигин кемсинтүүгө чейин бара башташты. Жыйырма жылдан бери түштүк региондо жумуш жоктугунан күчкө толгон жигит-кыздар базарларда араба сүйрөп, кафе, ресторандарда, түнкү барларда жалчы болуп, кадимки эле укуктары кандай тепселенип жатканын жазып жатышпайбы. Ош жергесинде ал - улут аралык социалдык теңсиздик катары баалана баштаган.
Байып алган айрым өзбектер кудайын тааныбай, ар кандай бузуп-жаруу иштерин уюштурууга аттанып киришкен. Аны жергиликтүү эл ачык билдиргени менен өткөн эки бийлик маани бербеди. Өз өлкөсүндө өз улуту кордолуп, социалдык теңсиздикке кабылганы бул окуяны бат эле бышырып жетилтти. Бул теңсиздикти жоймоюн, мындай окуя кайра кайталанышы мүмкүн. Азыр бул коогалаңды К. Батыров жана башка авантюристтер жаратып, тынч жашап жаткан элдин башына күн түштү. Карапайым кыргыздар менен карапайым өзбектер анын курмандыктары болушту. Буга күнөөлүүлөрдү тез таап, элдин алдына алып чыкпаса - абал оор бойдон калат...
- Окуя болор алдында ал чагымчылар "өзбектер кыйналып жатат, укуктары тепселди" деген күңкүл сөздөрдү жайып жиберишиптир го...
- Ал сөздөрдү ашынган чагымчылар таратты да. Анын баары калп. Жогоруда айтпадымбы, бай өзбектердин кандай жашап жатышкандыгын. Мисалы, Өзбекстанда жашаган миллиондогон кыргыздар Кыргызстандагы өзбектердей болуп депутаттыкка тобу менен шайланып, чоң кызматтарда иштебейт. Бригадир түгүл, жаңы трактор айдоого укугу жок. Кыргызстанда тес-керисинче. Ал турсун Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын начальниги өзбек болучу. Керек болсо, өзбек улутундагылар генерал да болушту. Кантип эле алар тымызын коогалаң уюштурулуп жатканын билбей калышты? Түштүктө жумушсуздуктан жана өзбек байларына кор болгон кыргыздар чыдай албай, эки бийликтин тушунда Чүйгө көчүп келишти, Россияга өтө качышты. Бийликтегилер муну билсе да билмексен болуп келишкен.
- Токсонунчу жылдардагы Ош окуясы менен азыркы окуянын айырмасы кайсыда?
- Токсонунчу жылдары деле так талашып, байлыгы ашып- ташкан адамдардын уюштуруусу менен коогалаң чыккан. Анда дагы өзбектер соода кылган чайканалар жана башка обьектилер алдын ала жабылып, даярдыктар жүргөн. Бул боюнча айтып, фактылап жазышты. Т. Разаковдун "Ош коогалаңы" деген китебинде.

(Уландысы
11-бетте)