Учур маек

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ:
"Референдумга каршы чыккандар - элдин душмандары"
Кыргызстандагы акыркы кырдаал, геосаясий акыбал, улуттар аралык араздашуу жана башка бир топ маселелердин тегерегинде белгилүү саясатчы, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрага орун басары Равшан Жээнбековду кепке тарттык.

- Равшан Бабырбекович, жакында эле болуп өткөн улуттар аралык жаңжал араң турган мамлекетти алсыратып койду. Деги эле окуянын башаты кайсы тарапта? Айрымдар Бакиевди, дагы бири Өзбекстанды, кээ бирлер Россияны күнөөлөшүүдө. Сиз кайсы жагдайды башкы себеп деп эсептейсиз?
- Түштүк окуяларынын обьективдүү жана субьективдүү бир топ себептери бар. Фергана өрөөнү тээ совет доорунан бери эле ойлонулуп жасалган чатактардын башаты болуп эсептелет. Биринчиден, бул территориялык бөлүнүү. Анткени атайылап кыргыздар менен өзбектерди, өзбектер менен тажиктерди, кыргыздар менен тажиктерди чагыштырыш үчүн территориялар бири-бирине кийгизилип, кыргыздарга жана өзбектерге жолтоо боло тургандай формада бөлүнгөн. Экинчиден, Фергана өрөөнү адам жыштыгы боюнча да эң алдыда турган региондордун бири. Мурдагы совет мезгилинде ушундай жолдор менен жасалган жана обьективдүү жагдайлардын негизинде пайда болгон эки чоң маселе бар. Мындан тышкары, эгемендик алган 20 жыл аралыгында биз бул аймактагы социалдык жана саясий маселелерди кылдат чече алган жокпуз. Бул дагы өзүнүн кесепетин тийгизип атат. Мына ушул маселелер азыркы болуп аткан чатактардын негизги себеби, түпкүрү десек болот. Азыркы акыбал - ошонун жыйынтыгы.
Албетте, бул окуяны ар кимге шылтай берсек болот. Бирок аны далилдөө кыйын. Бакиевдер жасады десек да болот. Аны эч ким далилдей элек, менимче далилдей дагы албайт. Бирок теоретикалык жактан ой-жүгүртүп, көз караш менен божомолдой берсе болот. Дагы бир маанилүү нерсе, биздин Убактылуу өкмөттүн дагы бир топ туура эмес иштеринин жыйынтыгы десек да болот. Ушул коркунучтардын болорун мурунтан байкап, билип туруп алдын алуу чараларын көрүшкөн эмес. Ошол жерге барып келген, жашаган адамдар мага маалымат берип атышат, окуя болордон 10-15 күн мурда эле ушундай тополоң болот деген имиштер, сөздөр тараган, бирок алдын-ала эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Улуттар арасындагы ар кандай ынтымак иш-чараларын, тынчтыкка карата чакырыктарды жасашкан эмес. Ошондуктан өкмөттүн шалаакылыгынан, алардын иш билбегендигинен ушундай нерселер келип чыкты.
- Айрым жерде шайлоого бармак түгүл көчөдө кенен басууга мүмкүн болбогон учурда референдум өткөрүүнүн канчалык кажети бар эле? Бул жарандардын коопсуздугуна шек келтирбейби?
- Менин оюмча мамлекеттеги болуп жаткан согушка карабай, социалдык абалыбыз начарлап, дестабилизация чегине жетип турганына карабай, биз референдумду өткөрүүгө аракет жасашыбыз керек. көптөр айтып атышат, референдум өтөбү, өтпөйбү, мамлекетте мыйзам барбы же жокпу, бул анчалык деле маанилүү эмес деп. Менимче, бул абдан маанилүү. Анткени ар бир нерсенин өзүнүн кезеги бар. Биз референдумду өткөрүшүбүз керек, Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Баш мыйзамды кабыл алгандан кийин ошол мыйзамдуу жол менен легитимдүү бийлик келиши керек. Мына ушунун баары эртеби-кечпи катары менен жасалчу нерселер. Тилекке каршы, буга чейин "все под контролем" деп атышып элдин ишениминен кетип калган өкмөттүн, бул ирет референдум өткөрүүгө даярбыз деп айтканына да коомчулук ишенгиси келбей жатат. Ошентсе да мен ойлойм, биздин өкмөт референдум өткөрүүгө бардык аракетин жасап атат. Ал аракет оңунан чыгарына ишенем.
Албетте ар кандай саясатчылар, мурдагы бийликте иштеп жүрүп кызматынан кол жууган адамдар, тышкы күчтөрдүн жардамына таянгандар "референдум өтпөшү керек, бизге парламенттик башкаруу формасы ылайык келбейт" деген сөздөрдү байма-бай айтышууда. Мен эсептейм, бул саясатчылардын бардыгы - биздин мамлекеттин душмандары. Бул пикирди кармангандар эптеп эле коомчулукту козутуп, азыркы өкмөттүн ордун ээлеп алгысы келген саясий күчтөр. Бул менин жеке көз карашым. Тескерисинче бардык саясатчылар, саясий күчтөр референдум өткөргөнгө, өлкөнү мыйзамдуу талаага алып келгенге салым кошушу керек. Мындан тышкары, Убактылуу өкмөт Өзбекстандагы качкындарды кандай жол менен болсо дагы жашаган жерлерине кайтарышы керек. Анткени, алар биздин толук кандуу жарандарыбыз. Алар дагы сөзсүз түрдө жалпы элдик добуш берүүгө үн кошушу керек.
- Ушул жерде кыйынчылыкты туудурган жагдай бар. Мисалы, кошуна жашаган айрым адамдар бири-биринин туугандарын өлтүрүп койгон учурлар болот. Мындай учурда тууганынан ажыраган адам ал коңшусун кечириши кыйын болот. Анан кантип алар мурдагы жашоосун улантышат?
- Ооба, туугандарынан ажыраган адамдар бири-бирин оңою менен кечире алышпайт. Ошондуктан айрым эксперттер айтып атышат, Ош, Жалал-Абад аймактарында конфликттин дагы экинчи стадиясы болушу мүмкүн деп. Чындап эле, кеткен адамдар кайра кайтып келсе уюшулган топтордун жаңжалы кайра башталышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Бул дагы Убактылуу өкмөттүн алдыдагы приоритеттүү иштеринин бири болуп эсептелет. Мунун эң башкысы - түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ошондой эле ак жана таза иштеген укук коргоо органдарын түзүү. Мамлекеттик пропаганда катуу иштеши керек. Анткени, кыргыздар менен өзбектер бири-бирибиз менен канчалык тирешкенибизге карабай эртеңки күнү кайрадан чогуу жашашка туура келет. Анткени, биз тарыхый тагдырлаштарбыз.
- Түштүктөгү кырдаал чыңалып, өрткө чулганып калганда Убактылуу өкмөт кечээги каршылаштарын кызматка чакырууга аргасыз болду. Бул убактылуу өкмөттүн кадр саясатынын начардыгынанбы же…
- Бул абдан туура маселе. Биздин мамлекетти башкарып жатышкан Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү - булар коллективдүү диктаторлор. Көпчүлүгүнүн өмүр бою оппозицияда жүрүп, мамлекетти башкаруу тажрыйбалары болгон эмес. Тек гана, бийликти сындап оппозицияда жүрө берүү кандайдыр бир деңгээлде жеңил. Ал эми, бийликке келип, мамлекеттин жүгүн көтөрүп, жоопкерчилигин алуу бул өтө кыйын нерсе. Бүгүнкү бийликке профессионал эмес адамдар көп келгендиктен алар да өздөрүндөй чабал адамдарды кызматка алып келип, натыйжада жүздөгөн адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болуп өттү. Мындай учурда өз кесибин мыкты билген адамдар четте кала беришти. Эмне үчүн милиция убагында иштей алган жок? Эмне үчүн атайын кызматтар оперативдүү маалыматтарды чогултуп бере алган жок бийликке? Мунун баары ошол бийлик башында турган адамдардын алсыздыгынан болду. Эмне үчүн айла кеткенде айланып келип Субаналиевге, Байболовго таянышка туура келди? Менимче, булар кеч болсо дагы профессионалдар керек экенин түшүнүштү.
- Мыйзамды сыйлаган кандай өлкө болбосун, биздегидей окуялар орун алган кезде кырдаалды тынчытып туруп, бийлик башындагылар дароо кызматтан кетет. Буйруса референдум ийгиликтүү өткөндөн кийин биздин Убактылуу өкмөт дагы толук курамы менен кызматтан кетүүсү керек деп эсептейсизби?
- Расмий эмес маалыматтарга таянсак, 4 миңден ашуун адам өлдү деп жатышат. Мамлекеттин экономикасы миллиарддаган зыян тартты. Бул окуялардан кийин мен дагы башка жарандар сыяктуу эле "Убактылуу өкмөт кетсин" деп кыйкыргым келип турат. Бирок антип кыйкыра албайбыз. Анткени, эгерде бул адамдар да кызматтан кетсе, анда кыйынчылыктар, жаңжалдар мындан дагы көбөйөт. Ар кандай араздашуунун толкуну бүт Кыргызстанды толук каптайт. Мамлекетте хаос түзүлөт. Эгемендикке коркунуч келет. Ошондуктан азыр бул адамдарды "кызматтан кет" деп талап кылганга эрте. Бирок, бул күндөр да өтөт. Баары калыбына келет. Ошондо, азыркыдай миң сандаган адам өмүрүн алган окуяга жооптуу адамдар элдик сот тарабынан жазаларын алышы керек.
- Айрым адамдардын божомолунда, түштүктөгү окуяларга Ислам Каримовдун кыйыр тиешеси бар дегендей ойлор айтылып жүрөт. Себеби, Өзбекстан бийлигинин Кыргызстандагы суу, электроэнергиясына болгон кызыгуусу күч дешет. Буга кандай карайсыз?
- 2009-жылы Америкадагы эң күчтүү аналитик, эксперттер чогулуп, президент Барак Обамага "сөзсүз конфликт чыкчу жерлер" деп атайын отчет жасап беришкен. Ошол отчетто Фергана өрөөнү дагы көрсөтүлгөн. Негизги себептери мен жогоруда айтып кеткендей 3 маселе. Биринчиси - адамдардын жыш жайгашуусу, экинчиси - улуттар арасындагы ар кандай келишпөөчүлүктөр. Ал эми үчүнчүсү - суу маселеси. Мына ушул маселелердин тегерегинде Өзбекстандын дагы, Казакстандын дагы Кыргызстанга претензиясы бар. Келечекте бул маселеге байланыштуу конфликттер чыгышы мүмкүн. Бирок, бул ирет болуп өткөн окуялардын артынан мен Каримовдун караанын көрө алган жокмун. Эгерде ошондой мамлекет аралык жаңжал чыгып кетчү болсо, анда Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек улутундагылар Өзбекстанга агып барышат. А булар, Өзбекстандагы жергиликтүү өзбектерге караганда билимдүү, эркин көз карашты көбүрөөк карманган адамдар. Алар Өзбекстанга баргандан кийин ал жактагы абалды кыйла өзгөртүшөрү анык. Албетте, бул көрүнүштөр Ислам Каримовго жаңы баш оорууларды алып келээри бышык.
- Көпчүлүк саясат таануучулар, дип-ломаттар Кыргызстанда бирдиктүү тышкы саясат болбой жатат деген пикирде. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн жеке амбицияларынан көтөрүлө алышпай ээн ооздук кылып эл аралык мамилелерге доо кетирип коюшту деген сөздөр бар.
- Учурдагы айрым мамлекеттердин жетекчилеринин Кыргызстанга жана кыргыздарга болгон мамилелери мени бир топ өкүндүрөт. Айрыкча Россия, Казакстан мамлекеттери бүгүнкү күндө кыргыздарга жана Убактылуу өкмөткө шылдыңдоо, түрткүлөө менен мамиле жасап жатышат. Бул менин оюмча, туура эмес нерсе. Алардын массалык маалымат каражаттары кыргыздарга начар мамиле жасап коюшту. Экинчи жагынан, албетте биздин бийликтин дагы күнөөсү бар. Анткени, канча жылдан бери оппозицияда жүрүп эркин, жоопкерчиликсиз көз карашты тутунуп калышкан биздин бийликтеги айрым адамдар аларга жооп беребиз деп ооздоруна келгенин сүйлөп атышат. Ушул эле өкмөттүн тышкы саясаттагы бирдиктүү пропагандасынын жоктугунан чет жерлерде бизге карата бир топ терс мамиле пайда болуп калды. Ошондуктан биздин азыркы жетекчилерибиз өздөрүнүн эл алдында, эл аралык коомчулук алдындагы жоопкерчилигин сезип, ырааттуу иш алып барганга көнүшсө. Анткени, биздин мамлекеттин тагдыры, жүзү алардын колунда.
Маегиңизге рахмат!
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ
adilet77@mail.ru