Тараза ташында

МЫЙЗАМ БААРЫНА БИРДЕЙ!
Биздин редакцияга укук коргоочу Алтынбек Жээнбаев келип: "Ош шаарынын тургуну Эртабылды мырзанын өмүрүнө коркунуч келип жатат. Жардам берип, колдоо көрсөтүп коюңуздар"-деп суранган. Ошол себептүү Ош шаарына барып, Эртабылды мырзанын өзүнө жолугуп келген соң, гезитибиздин өткөн сандарына "Криминал дүйнөсүндө абал тынч эмес", "Кыргыз-өзбек жаңжалын Салимбай байбача менен Эртабылды токтотобу?" аттуу макалаларды жарыялап, Жунусовдун пикирин, абалын чагылдыргам. Мына ушул жогорудагы макала боюнча редакцияга экинчи тараптын пикири келип түштү. Экинчи тарап да чындыкты издеп келгенден кийин, алардын төмөндөгү "Кербен жүрө берет, ит үрө берет" деген темада жазып жиберген пикирин өзгөртпөстөн гезит бетине берүүнү туура көрдүм.


Кербен жүрө берет, ит үрө берет
Урматтуу "Алиби" гезитинин редакциясы!
Мен Алманбет аттуу жигит болом. Гезитке кат аркылуу кайрылуумдун себеби, алыс жакта ден соолугума байланыштуу дарыланып жүрөм. Сиздердин гезитиңердин мындан мурдагы санында мен жөнүндө туура эмес маалыматтар берилген экен.
Мен Кыргыз Республикасынын жараны жана патриот адамы катары, кыргыз элим чоң жоготууга учурап, жүрөгүбүз канап турганда ушундай оор кырдаалдан пайдаланып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн шылуундарга, бирөөнүн бетине көө сүйкөп, жалган ушак тараткандан көрө элибиздин ынтымагын биримдигин ойлосо болот эле деп айткым келет. Андан дагы жеке кызыкчылыгын ойлогон шылуундар эл ичине от жакпай, элди бири-бирине душман кылбай, кан көксөбөй турушуңар керек эле.
Кудай жолундамын, Аллага сыйынгандан башка эч жаман ишке аралашпаймын деп, бапыйтып сакал коюп, кырк күндөп, төрт айлап даватка барып, Алладан корккула деп, карапайым элди үндөгөндөр бүгүнкү күндө сакалдарын кыра салышып, саясатта төш койгулап, чоң кызмат көксөгөн "көсөмдөр", "билермандар" бийликке кошомат кыла башташты. Булар өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөлөргө жамандык издегендерге таң калам. Кыргызстандын келечегине балта чапчу бул адамдар эмнеге элибизди азапка салышат?
Сиздердин гезитке мен жөнүндө Эртабылды айткан жалган сөздөр менен коштолгон так фактылары жок макала жарык көрдү. Менин аброюма шек келтирген мындай бет тырмаган шермендечиликке ким жооп берет? Өзүн эр ойлогон "баатыр" Эртабылды деген оштук жигиттин айтканын айткандай чындык катары кабыл албаш керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына бирдей.
Эгер Кудай алдында ким күнөөлүү болсо аны Кудай жазалайт. Эгер мыйзам алдында ким күнөө кылса, анда андай адам күнөөсүнө жараша мыйзам алдында жооп бериши керек.
Сиздерди терең урматтоо менен
Алманбет.
23-июнь. 2010-ж.




Автордон:
Албетте, жогорудагы адамдардын кимисинде күнөө болсо мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Бирок, биз биринчи тарапты же экинчи тарапты күнөөлүү деп айткандан алыспыз. Аны сиздер, урматтуу Алманбет жана Эртабылды мырзалар, өзүңүздөр чечип аларсыздар. Керек болсо, мен үчүн Алманбет мырзанын ким экени да белгисиз. Ал эми Эртабылдыны өз көзүм менен көрүп, кулагым менен уккан соң жаздым. Мыйзам бардык жарандарга бирдей! Ошол себептүү сиз да башыңызга кыйынчылык түшүп кайрылсаңыз, сиздин да абалыңызды көрүп, кайрылууңузду көлөкөдө калтырмак эмесмин. Мен болгону журналисттик милдетимди гана аткардым!
Урматтуу Алманбет мырза!
Эгерде Эртабылды мырзанын сиз жөнүндө айткандары жалган болсо, ал үчүн мен сизден кечирим сурайм!!!
Урматтуу окурмандар! Жогорудагы макалалардын аягына ушуну менен чекит коюлат!


Назгүл МАМЫТОВА kyrchyn@mail.ru





АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?

Байланыш телефонубуз:
0772 68-21-99
0312 31-29-49;
Шейшемби, жума күндөрү саат 10-15.00гө чейин СМС кабыл алынат.


Ош менен Жалал-Абад окуяларында курман болгондордун жакындарына, тууган-уругуна терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул окуяга тиешеси барлар Кудай алдында өз жазаларын аларына терең ишенем. Бул канкорлор жазасыз калбайт!
Урмат, Бишкек шаары.

Мен азыркы өкмөттүн кадр маселелери боюнча бир топ кемчиликтерин айткым келет:
Алимбаев Жаныш - Социалдык өнүктүрүү, миграция жана жумуштуулук министрлигинде башкы инспектор болуп иштеп келет. Анын Бакиевдин сүймөнчүгү, Ү.Сыдыковдун кол баласы экенин көпчүлүк билет. Ушу азыр да ал жөн жүргөнүн ким билет? Ал эми Соцфонддун төрагасынын милдетин аткаруучу М.Абылгазиев Бакиев Адылдын кан досу экенин билгендер көп эле. Келдибек Акматбековду саунага түшүрүп жүргөн киши. Эми эле эски бийликти жамандап калганына таң каласың!
Миграцияда статс-секретарь болуп турган Табылдиев да Бакиевдердин бир кездеги сүймөнчүгү болчу. Аларга информация берип жүргөндөрдүн бири - ушул.
Бакиевдердин мына ушуларга окшош куйруктарынан кутулсак жакшы болоор эле.
Бакай Кыргыз.

Кыргызстандын атуулдарынын укугун коргоочу, Акыйкатчы Турсунбек Акунга суроо бергим келет. Кайсы жерде, кимдин укугун кыйратып коргоп жатыптыр. Мен мамлекеттик системада иштеген адаммын. Бирок, "Биздин укугубузду коргоп, акыйкаттыкка чыгып берди" деп деги эч кимден уга элекмин. Андан көрө, мурда, катардагы укук коргоочу болуп жүргөндө чырылдап-чыркырап ортого түшө калчу эле. Азыр ал бир топ токтоо тартып, каадаланып калгандай көрүнөт.
Саткынбү, Бишкек шаары.

Мен Жылдыз Жолдошеванын теледен айткан сөзүнө ыраазы болдум. Чын эле жүзгө жакын улуттун ичинде качан болбосун, ушул өзбектер менен алышып-жулушуп жатып калабыз. Менимче, буга өзүбүз да күнөөлүүбүз. Колтук ачып, ар кимди өзүбүздөй көрө беребиз. Кыргыздын момундугу, меймандостугу, ишенчээктиги бир күнү башына жетпесе болду. Куулук-шумдугу жок элбиз да.
Керемет, Ош шаары.

Референдумду өткөрүп, мамлекет болуп алсак, анан кайра "разборка" кылбасак болбойт эй! Мобу бийликте тургандар дагы башкача саясат кылып жибербесин. Бакиевди кууп, бийликти алгандар - Ак үйдүн алдында курман болушту. Эми ошол кан менен алган жеңишти дагы башка максаттарга пайдаланып кетишпесин. Мындайлардан жалкып калган жайыбыз бар.
Максүт, Бишкек шаары.

"Үмүтсүз - шайтан" дешет го. Үмүтүбүздү келечектен үзбөй туралы. Эртеңдерибиз жалаң жакшылыктарды алып келип, ишибиз илгерилеп кетсе экен деп тилек тилейли. Балдарыбыздын келечеги кең болсо экен. А биз го, көрөөрүбүздү көрүп бүттүк.
Татин эне, 81 жашта.

Жай келгени кандай сонун! Жеңил-желпи кийинип жүрөсүң. Кышында ушул мезгилди аябай эңсеген элек. Баарынан да, кыштын ызгаар күнүндө ушул күндөрдү кандай самадым эле...
Жазгүл, Талас шаары.

Бүтүндү бүлдүрүп албайлы. Жерибизди, элибизди бүлдүрбөй сактап калалы. Болбосо, кыргыз элине кыргыздан башка эч ким күйбөйт. Биздин бир эле жерибиз бар. Ал - Кыргызстан! Референдумга барып, Кыргызстандын абийирин башка мамлекеттердин алдында сактап калалы, калайык!
Жылдызбек, Ысык -Көл.

Дагы деле элдин башын айландырып жатышат. Түштүктө каза болгондордун саны -251 деп айтышканы, туура эмес экен. Дагы канчалар "без вести" деп айтып атышат го. Ал эми аты-жөнү билинбей көмүлүп жаткандар канча!..
Сонунбү, Ош шаары.

Жолборс жылында көптөгөн катуу иштер болуп өттү. Эми ушуну менен тынчып калсак экен.
Мекен, Токмок шаары.

Кыргызды бүтүндөй дүйнө жүзүнө кара бет көргөзүп жаткандарына аябай ичиң күйөт. Өздөрүнөн башкаларды кырып-жоюп, атып-союп таштаган жырткычтай көрсөтүп койду кыргызды. А бирок, чындыгына келгенде, биз андай эл эмеспиз го. Дагы деле биздин момундугубуздан пайдаланып жатышат. Каратып туруп калп айтып, бизге көө жаап жаткандарга айтаар кебибиз бар!
Жамгырчы, Нарын.

Тыйбасак деле тилдерин,
Тыңсынып кылса билгенин.
Кубалап кыргыз жок кылат,
Куйругун басса кимде ким.
Кыргызда башка улуттар.
Кысышы керек бир жерин.
Аалы, Бишкек шаары.