КРнын Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары А.А.БЕКНАЗАРОВго "АЛИБИ" газетасынын башкы редактору К.А.МОМОКОНОВго МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШТИРИЛГЕН МҮЛК КАЙТАРЫЛАБЫ? Урматтуу Азимбек Анаркулович! Урматтуу Күнболот Аргынбекович! Сөз Кыргыз Агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасына тиешелүү илим-изилдөө лабораториясы тууралуу болот. Бул жерде бир убакта мени да окуткан агайларым иштешет. Алар бир колуна күрөк, бир колуна керектүү башка шаймандарды көтөрүп алып, студенттерге ар кандай тапшырмаларды берип, кечке чейин талаада жүрүшчү. Ошол жерге барсаңыз Айыл чарба институтуна караган тажрыйба талаасына тиешелүү илим-изилдөө лабораториясы тууралуу сын пикирди укпай койбойсуз. Тажрыйба талаасы Бишкектен 40-50 чакырым алыстыкта Сокулук районунун аймагында жайгашкан. Шаардан келген окутуучулар менен студенттер агрономия боюнча илим-изилдөө иштерин жүргүзүшөт. 1996-жылга чейин алар окуу-семинарларын ушул жерде жатып өткөрүшчү. Жатакана жана лабораториялар бар эле. Азыр алардын баары жалган документтер менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча мен убагында К.Бакиевге жана Башкы прокуратурага кайрылгам. Мага Чүй облпрокурорунун орун басары Г.О.Акимбаевден "жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдү менчиктештирүүдө О.Мамаев тарабынан КР менчиктештирүү жөнүндөгү талаптары бузулганы аныкталган жок" деген жооп келген (4.11.2008-ж. №11/1-08.) Бирок менчиктештирүү жөнүндөгү мыйзамдарда мындай деген жоболор бар: 1. КР Президентинин 02.02.1993-ж. №24 Указында "Окуу-тажрыйба, илим-изилдөө окуу жайлардын менчиктери мүлк фондусу тарабынан корголот, жеке менчикке берилбейт."(6-пункт) 2. "Тажрыйба" фирмасынын 1996-ж. 20-майдагы №5-буйругунда "Передать в личную собственность квартиру по адресу с.Студенческое, ул. Опытное поле №1 Эргешовой Сейилкан Дубанакуновне" деп жазылган. Ал эми С. Д.Эргешова ушул буйрукту чыгарган О.Мамаевдин аялы. Ал квартираны өз аялы С.Д.Эргешовага 71 сомго саткан.Мыйзамсыз сатылып алынган бул үй, ушул убакка чейин Агрардык университеттин балансасында катталуу. Ушундан 5 жыл өткөндөн кийин 2001-жылдын 26-сентябрында Агрардык академияга караштуу Сокулуктагы "Студенттик" айылындагы окуу-тажрыйба чарбасына "Тажрыйба" фирмасынын мүлктөрүн өткөрүп берүү тууралуу академиянын президенти Ж.Акималиевдин буйругу чыккан. №37-буйрукта Агрардык академия Жарандык Кодекстин 117-беренесине ылайык "Тажрыйба" фирмасын уюштуруучулардын катарынан чыгат деп жазылат. Ошол эле Кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Айыл чарба институтунун уюштуруучулук үлүшү, б.а. турак үй, техника сактоочу бастырма, жумушчулар үчүн жай, "ИЖ 271501" автомобили окуу-тажрыйба чарбасына берилсин - дейт. Ошентип окуу-тажрыйба чарбасына "Тажрыйба" фирмасынын укук-милдеттери өткөрүлүп берилет. Тилекке каршы Ж.Акималиевдин бул буйругу аткарылган эмес. Түпкүлүгү Сузактан болгон О.Мамаев "Ак жол" партиясынын мүчөсү, Сокулук райкеңешинин депутаты эле. К.Бакиевге жамынып алып, мыйзамсыз кредит алган фактылары боюнча 2.05.2008-ж. анын үстүнөн КР КЖКнын 185-ст. 2-б., 166-ст. 2,3-б. боюнча кылмыш иш козголгон, бирок ушул убакка чейин жыйынтык чыга элек. Себеби, О.Мамаев К.Бакиевдин жакын жээни эле. Эми жаңы бийлик бул фактыны калыс карап, Агрардык университеттин мүлктөрүн өздөрүнө кайтарып берет деп ишенем. Эрнис ЫМАНОВ, Сокулук районундагы Студенттик айылынын тургуну Качкындар кайтып келүүдө Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун билдирген маалыматына караганда, бир эле күндө 25 миң 867 качкын Кыргызстанга кайтып келген. Ал эми жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул күнгө чейин 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келгендигин билдирди. Ал эми Исмаил Исаков 23-июнга карата, Өзбекстандан 52,5 миң качкын кайтып келгендигин кабарлаган болучу. Ошол эле учурда, кыргыздар менен өзбектер элдешүү аракеттерин улантып, биргелешип түлөөлөрдү өткөрүшүүдө. Картайганда калжаңдап... Садыкбек Аблесов деген бир аксакал бар, чүйлүк. Курманбек Бакиевдин "Ынтымак Курултайында" төркеңештин төрагасы болуп, ар кандай спектаклдерди койгондугу жалпы журтка белгилүү. Бу кишинин төрагалыгында өткөн "Ынтымак Курултайынан" кийин элдин Бакиевдерге болгон нааразычылыгы ого бетер күчөп, ал акыры 7-8-апрелдеги окуялар менен аяктаган. Ошол Аблесов, кайрадан "Ынтымак Курултайын" жандандырып, президенттин милдетин аткаруучунун талапкерлигин сунуштоого аракет кылып жаткандыгын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Карыганда нарк сактап, элди ынтымакка чакыруу колунан келбесе, калжаңдабай үйүндө отурбайбы десең... АЛТАЙГА САПАР Жол азабы, көр азабы (Башталышы өткөн санда) Машинабыз башка мамлекеттин сериясы болгондуктан казактардын МАИлери сөзсүз токтотушуп, автомашинанын документтерин кылдаттык менен текшеришип, эч себеп таба албаганда кур тагынган эмессиңер же башка себептерди жол эрежелери боюнча тийиштик кылышып, эптеп акча алуунун аракетинде болушат. Кыскасы Россиянын чек арасына келгенче биз үчүн казактардын талаасы бул жашоодо кыйноонун аймагы, тозогу болуп сезилди. Качан Семей облусунун түндүгү болгон Россиянын Рудовск трассасынын чек арасына келгенде казактардын таможнясында туптуура 4 жарым саат кармалдык, ал эми Россиянын чек арасында баш аягы болгону 10 минуттун ичинде эч токтоосуз автомашинабызды да тинтпестен документтердин туура экенин көрүшүп, эч бир токтоосуз Россия аймагына андан ары сапарыбызды уланттык. Россиянын чек арасынан өткөндө орустарга ичибиз аябай жылып ыраазы болдук да, ал эми боордош бир элбиз деген казактарга ушунчалык жек көрүү сезимибиз пайда болду. Ушул окуялардан кийин биз го бир жолу эптеп кыйналсак да өтүп кете берет экенбиз, ал эми Казакстанда көр тириликтин айынан дайыма иштеп, жашап, соода кылып жүргөн биздин мекендештер кантип буларга чыдап жашап жүрүшөт? - деп ичиңен аларга зээниң кейийт. Эх, кайран кыргыздар чачылдык го, же башчыларыбыз оңолбоду, өз элин бакмак турсун элибизди мите курттай болуп соруп, акыры өз туулган жерине батышпай "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт, эки президенттин башы бир Москвага батпайт" - дегендей ар бири туш тарапка качышууда. Биз андан ары сапарыбызды улантып, Барнаул, Бийск шаарлары аркылуу бат эле Алтай Республикасынын борбору Горно-Алтайск шаарына жете келдик. 2. "Манас жолу" Алтай Республикасына жолго чыгарда улуттук телевидениенин кызматкери Молдоканова Назирага кокустан телефон чалып: "Назира мен бүгүн Алтай Республикасына иш командировка менен "Манас" коому аркылуу бара жатам" десем, Назира мага "ий байке ырас болбодубу жакында 12-майда ошол жактан религия борборунун президенти Акай Нике келип кетти эле, ошол кишиге сөзсүз жолугуп келиңиз" деп, Акайдын телефонун мага берип калды. Мен Кыргызстанга чыгарда Назира айткан Акайга телефон чалсам ошол замат жооп берип, мен силерди Горно-Алтайск шаарынан өзүм күтүп алам деп, элпек жооп берди. Качан биздин курам жакындаганда чөнтөк телефон менен чалсам, Горно-Алтайск шаарына 30 км. жетпей Алтай Республикасы деген жазуусу бар Катынь дайрасынын жээгинде Акай өз машинасы менен бизди күтүп алып, шаардын конок үйлөрүнүн бирине жайгаштырды. Үч күн ыраактан жол жүрүп кыйналгандыктан биз ал күнү эс алууну чечтик. Эртеси саат 9 00до Акай биз жаткан жерге келип: "мен Алтай "эл курултайынын" билим, Маданият жана илим боюнча комитет башчысы Уханов Евгений Николаевич менен сүйлөштүм. Ошол кишиге жолугабыз" - деди. Ал адам улуту кыргыз, тоодош уруусунан экен. Уханов ошол жерден бизди Маданият министри менен байланыштырды, биз "эл курултайы" имаратынан чыгып жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Батыров Николай Егорович, кыргызча аты Качканак менен жолугушуп, бир топ убакыт сүйлөшүп отурдук. Биз алып барган кыргызча адабий китептерди жана Манастын төрт томдук жаңы китебин аларга тартуу катары бердик. Качканак менен Акай дайыма бизди коштоп, биз менен болушту. Биздин Алтайдагы сапарыбыз карып, эртең кетебиз деген күнү Акай биздин эмне максат менен келгенибиз тууралуу алардын ГТРК телеберүүсүнө интервью уюштуруп берди. Ар бирибиз телеберүүгө интервью бергенден кийин Акай Нике экөөбүз телеберүүгө өзүнчө Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга жана буга чейин Кыргызстандын мурунку президенттери кандай иштегени тууралуу Акай кыскача төмөнкүлөрдү мага айтып берди. Акай: "мен буга чейин 3 жолу Кыргызстанга баргамын" - дейт. Биринчи жолу Аскар Акаев президент болуп иштеп жатканда Алтай Республикасынан Манастын туулган жери Чамалган деген жерден бир таш алып барып, ушул ташты сиз ыйык тутуп кабинетиңизге коюп, бир жылда бир жолу элдик курултай өткөрүп, элиңди ыйык тутуп, таза иштебесеңиз, анда сиз акырында эли, жериңизди таштап качып кетесиз дегем- деди. Чындыгында Акаевдин тарыхый окуясы дал ушу Акай айткандай болгону баарыбызга маалым го. Экинчи жолу Акай: "2005-жылы Кыргызстандын 2-президенти иштеп жатканда дагы Манастын туулган жеринен ыйык таш алып Курманбек Бакиевге бергем жана бул ташты сиз кабинетиңизге коюп белги катары ыйык тутуп жакшы сактап, жылда бир жолу жалпы элдик курултай өткөрбөсөңүз сиз дагы эли-жериңизди таштап качып кетесиз деп эскерткем"-деп сөзүн андан ары улады. (Уландысы кийинки санда) Асыкбек ОМОРОВ (ЧынТемир) жазуучу Бишкек-Горно-Алтайск-Бишкек |