Учур талабы

Москва районунда "Болуш" укук коргоо коомунун жетекчиси, 2009-жылы Петровка окуясы боюнча бейкүнөө камакка алынып, бир жыл абакта отурган Сапар Аргынбаев, 7-апрелден кийин Бакиев бийлиги тарабынан караланып, коюлган айыптары боюнча толук акталып чыккан. Андан соң, Москва районуна аким болуу сунушу түшүп, он күн өтпөй кызматынан кеткени таң калыштуу бойдон калган эле. Мына ушул туурасында жана учурдагы кырдаал туурасында Сапар мырза менен маек курдук.


"эл башына түшкөн кыйынчылыктан сабырдуулук менен чыгуубуз керек"
- Сапар байке, учурунда Бакиевдин кордугунан сиз да кур калган жоксуз. Революция өткөндөн бери үч айдын жүзү болуп калды. Биз күткөн оппозиция да бийликке келди. Бирок, эмне себептен мамлекет бир калыпка түшпөй жатат?
- Ооба. Эл ушул кезге чейин чыдап, акыры чыдамы түгөнгөндө селдей болуп, көтөрүлүп, Бакиевдин бийлигин алып түштү. Учурда көптөгөн жетишпестиктер болуп жатат. Ошол себептүү, барган сайын элдин чыдамдуулугу да түгөнүп бараткандай. Бирок, 2005-жылы бийлик өзгөргөнү менен эл өзгөргөн эмес. Ал эми азыркы учурда бийлик анча өзгөрүлбөй, эл өзгөрүлдү. Элдин өзгөргөнү биздин келечек жакшы жакка бурулганы. Түштүктөгү кырдаал курчуганы бул мурда бийликте майлуу сүттүү жерде отурган адамдардын кызматынан айрылып калганда уюштурган паракорчулардын иши деп билем. Мына ушулардын бардыгы өз убагында балдарым жакшы жакка иштеп калсын, байлыгымды сактап калайын, кызматымды сактап калайын деп, Бакиевдин бийлигине жагалданып жүргөндөр. Учурда эл башына түшкөн кыйынчылыктан сабырдуулук менен чыгыш керек. Менин оюмча бардык окуялар элге да, келе жаткан жаңы бийликке да чоң сабак болот. Мектептеги балдардын келечеги кандай болот, кандай билим алат? Мына ушул сыяктуу суроолордун жандырмагын биздей болгон улуу муундар, келе жаткан жаңы бийлик ойлонуп, чечиш керек. Келечекте баары жакшы болот деген ишеним бар. Мына мындан жыйырма жыл мурда Ош окуясы болуп, мен карындашымдан айрылгам. Карапайым элде күнөө деле жок. Бирок бир тууган деген баарынан кымбат нерсе.
Америкада эки жүздөн ашык улуттар болсо деле өсүп-өнүгүп жашап жатышат. Кудай буюрса биз да алдыда ошол өлкөлөрдүн катарында болбосок да жакыныраак өнүп-өсүп, ынтымактуу жашап калаар күн да алыс эмес.
Мен укук коргоочу болуп жүргөндө чоң тилегим бар эле. Ушул өзүм элдин алдында жүрүп, элге мыйзамды үйрөтөйүн, элге көрсөтөйүн деп жүрдүм эле. Мен ошол тилегиме аз да болсо жеткендей болдум.
- Петровка окуясы боюнча бейкүнөө камакка алынып, бир жыл абакта отурдуңуз. Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлиги кулап, сиздер да акталып чыктыңыздар. Сиз Москва районуна аким болуп, он күн өтпөй иштен кеттиңиз. Буга эмне себеп болду жана учурда эмне менен алектенип жатасыз?
- Жаңы бийлик келди. Көп катачылыктар болуп жатат. Аларды көрүп-билип эле турам. Бирок, элдин өзгөргөнү алардын өзүм билемдигине жол бербейт. Мени кубандырганы мына ошол элдин өзгөргөнү.
Москва районуна аким болоюн деген деле оюм жок болчу. Менден туруктуулукту кармап тур деп суранышканынан, мен аким болгом. Анан бир жума өткөндөн кийин иштен алындым. Мен ойлойм, бул саясат. Кез-кезде саясатчылар, аким биздин киши болсо эле шайлоодо жакшы упай топтойбуз деп ойлошот. Менин оюмча, бул чолок ой. Тим кой, кимиси иштесе иштеп көрсүн. Министрдин койгон кадрларын да билишсин. Менин буга эч кандай ич тардыгым жок. Учурда "Болуш" коомунун ишин улантып, мурдагыдай эле укук коргоочу болуп жүрөм. Акимден кеткенден кийин официално сунуш болгон. Ал сунуш ишке ашканда айтам. Азыр жооп боло элек.
- Ал эми сизге карата жасалган укук коргоочулардын мыйзамсыз иш-аракеттерине кандай реакция кылуудасыз?
- Соттун чечимин колума алгандан кийин, бизге карата соттук териштирүүдө каршы сөз сүйлөп, каралаган күбөлөрдүн айткандарын аныктабастан эле божомолдоп, мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөргө өз жазасын берүүсү үчүн Башкы прокуратурага 3-майда арыз менен кайрылгам. 10-июнда прокуратура биздин иш боюнча жыйырма беш кишинин үстүнөн кылмыш иши ачылды деген токтомун чыгарып берди. Анын ичинде УККнын Кадинов башында турган сегиз тергөөчүсү, булардын артында туруп тастыктап берген Башкы прокурордун орун басары Асангелдиев, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азиз Турдалиев бар. Учурда бул ишти Башкы прокуратура тарабынан Азамат Чынбаев, Учкун Каримов тергөө тобу менен өзгөчө көзөмөлгө алып, иштеп жатышат.
- Аларга карата негизги талабыңыз эмне болууда?
- Биринчиден жанагы мыйзамсыз иштерге жол берген тергөөчүлөрдүн бардыгынын кызмат күбөлүктөрүн алып, иштеген иштеринен четтетүү. Андан кийинкисин тергөөнүн жыйынтыгы жана убакыт көрсөтөт. Азыр алардын элдин тагдырын чечкенге моралдык укугу жок.
- Сапар байке, Петровка окуясы кимдердин уюштуруучулугу астында болгондугу табышмак бойдон калып келет. Табышмактын жандырмагын чечкенге убакыт жетти го дейм?
- Убагында мен энергосекторду приватизациялоого жана тарифтин өзгөрүлүүсүнө каршы чыккам. Энерго сектор приватизация болгондо тариф көтөрүлөөрүн ошондо эле айтып жүргөм. Анан мен ушул позициям жана сөзгө келбестигим менен Максим Бакиевдердин максатына каршы чыкканымды сезип калдым. Мына ошондо Бакиевдер Петровкадагы окуя чыга калганда ушул аркылуу эсине келтиребиз дешкен дагы өз мүдөөлөрүн ишке ашырышкан. Мен ойлойм Петровка чатагы бул атайын даярдалган операция. Атайын операциянын ишенимдүү аялдары зордукталган 4 жаштагы наристенин укугун коргоп берүүмдү суранышкан. Алардын суранычы боюнча Петровка айылынын чегине кирээрим менен эле чыр-чатак болуп кетип, мени кармап кетишкен. Ушунун кесепетинен үй-бүлөмдү да аябай кыйнашты. Таң калычтуусу ошондо аким болуп жүргөндөрдү бүгүн угуп жатам. Ошол эле Сыйданов баш болгон "Ак жолчулар" "Ак шумкар" партиясына киришиптир. Алар "Ак жолду" "Ак шумкарга" алмаштыра коюшуп, "бийликке кайра келебиз. Өзүбүз келбесек да балдарыбызды алып барабыз" деген үмүттөрү бар экен. Мен илгертеден бери айтып келе жатам "Кулдун уулу кул болот, кулдун издегени акча - пул болот". Жогорудагылар ойлоп жатышса керек, партиядан партияга өтүп кетсек эле жакшы болуп, балдарыбыздын келечеги кең болот деп. Эч качан андай болбойт! Кыргыз эли ушундай оор кырдаалда турганда, өлкөбүздө паракорчулук күч алып турганда менин айтарым, бүгүнкү бийлик эң биринчи паракорчулукка бөгөт коюу керек. Убактылуу өкмөт бийликке келгенде "паракорчулукка бөгөт коебуз. Чыдап тургула. Паракорчулукка баштан аяк малынып калыптырбыз"-деп, бирөө да айта элек. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Бүгүнкү бийлик алдыда келаткан референдум менен парламенттик шайлоону ойлоп жатышат. Бүгүнкү күндө коррупцияны таптакыр жок кыла албасак да деңгээлин түшүрүүгө аракет жасоо керек. Дагы бир айта кетчү нерсе, криминал менен бийлик бир боло берсе, эч качан мамлекетте өзгөрүү болбойт! Жакшы турмуш келет деп да ойлобой эле коюу керек. Азыркы криминалдар кичинекей бир саясатчы топторго жардам бериши мүмкүн. Бирок, мунун акыр түбү эң жаман болот. Мына ошону эске алышыбыз керек. Өз убагында Бакиевдер интеллектуал жагынан, бийликти колдон чыгарбоодо өздөрүнүн алсыздыгын билишип, айласы кеткенде криминал аркылуу саясатчыларды эсине келтиребиз дешип, аларды бийликке алып келген. Кайсы бир саясатчы болобу же топ болобу криминалдарды пайдаланып, өз мүдөөлөрүн ишке ашырган соң, бардыгын четке кагып коебуз деп ойлошпосун. Криминалдын көрсөткөн жардамы кийин чоң проблемага айланат. Бүгүнкү Оштун чатагынын эң чоң себеби, өлкөбүздүн наркотрафиканын жолуна туруп калганы болууда. Далай эле күч структураларынын тээ башында турган чиновниктери наркотрафикти криминалдык күчтөр менен көзөмөлдөп турганга аракет кылышат. Бүгүнкү күндө наркотрафикти көзөмөлдөөнү кимдир бирөө колго алганда гана абал турукташышы мүмкүн. Буга чет өлкөнүн, бийликте турган криминалдык элементтердин да кызыкчылыктары бар.
- Түштүктөгү окуя Убактылуу өкмөттүн алсыздыгынан жана ал жактагы кадрлардын алмашылбаганынан келип чыкты дешүүдө. Буга сиз кошуласызбы?
- Убактылуу өкмөттөгүлөр өздөрү деле айтып жатышпайбы, кадрлардын бардыгын алмаштыра албай калдык. Татыктуу кадрлар жок деп. Бизде чет өлкөдөн окуп келген татыктуу жаштарыбыз, элдин ишениминен чыкпаган кадрларыбыз бар болчу. Жок дебестен мына ошол жаштарды бийликке алып келиш керек болчу. Алдыда келе жаткан жаңы бийликке бир чоң маселе турат. Бул чиновниктердин санын азайтуу, ошол аркылуу башкалардын айлык акысын көбөйтүү. Бийликтен криминал менен аралашкан кадрларды элекке салып туруп, четтетүү керек.
- Жакында өтө турган референдумга барып, добушубузду берип, Конституцияны кабыл алышыбыз керекпи?
- Ушул референдумга акыркы айдагы болгон окуялардан кийин жалпы аргасыздан барышыбыз керек. Эң биринчи ушул референдум аркылуу бийликти мыйзамдуу жолго салыш керек болуп жатат. Бир өкүнүчтүү иш болууда. Жанагы парламенттик шайлоого партиялык система менен барууга бүгүнкү күндө партиянын бечелдиги болууда. Партиялардын жер-жерлерде таасирин, идеологиясын тийгизген жерлерде аксап турабы же жоктугун бир маселе билдирип турат. Шайлоо участкаларында партиялардын мүчөлөрү комиссиянын составында жок. Бул алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолордун таза өтүшүнө күмөн ойлорду жаратат.


Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА