Жалал-Абаддагы жаңжалдын уюштуруучулары кармалууда Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов май-июнь айларындагы облуста болуп өткөн башаламандыктар боюнча иш козголуп, кээ бир адамдарга айып коюлуп, издөө жарыялангандыгын билдирди. Май айындагы окуялар боюнча прокурордун айтканына таянсак, Жалал-Абад шаарындагы "Элдердин достугу" университетинин жанында 15-май күнү мурдагы депутат Кадыржан Батыров өзбек диаспорасынын өкүлдөрүн чогултуп, митинг өткөргөн. Андагы айтылган сөздөр жергиликтүү "Ош ТВ" жана "Мезон ТВ" телеканалдары аркылуу чагылдырылып, айтылгандарга нааразы болгон облус жашоочулары 19-майда Жалал-Абад шаарындагы ат майданда митинг өткөрүшкөн. Нааразы болгон 2000ден ашуун адам К.Батыровду кылмыш жообуна тартууну талап кылышкан. Кийин алар саат 14:00 ченде"Элдердин достугу" университетинин алдына барышып, кимдиги такталбаган адамдар университеттин имаратын таш менен ургулашкан. Андан соң чогулган көпчүлүк окуу жайдын имаратына кирип барышкан. Кирип баргандарга каршы окуу жай ичинен ок атылып, натыйжада 73 адам жаракат алып, алардын үчөө октон каза тапкан. Учурда улут аралык жаңжалды чыгаргандыгы үчүн "Дидар" гезитинин шеф-редактору Улукбек Абдусаламов жана Жалал-Абад шаарындагы "Билал" мечитинин имамы Мухаммеджан Ахмедовдор кармалышкан. Май айындагы баш аламандыктарды уюштургандар деп, Ильязбек Кубатов, Санжарбек Бакиевдер эсептелүүдө. Мындан сырткары, Курманбек Бакиевдин туугандарын жана таламдаштарын облус прокурору бардык чатактарды уюштурган деп айыптоодо. 20-апрелдеги окуялар боюнча Акмат, Каныбек Бакиевдерге, Пайзуллабек Рахмановго жана Кубанычбек Төрөбаевге мыйзамсыз курал алып жүрүү, массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча кылмыш иштери козголуп, издөө жарыяланган. 12-15 июндагы жаңжалдар боюнча 14 адам шектүү катары кармалып, 12 адамга эч кайда чыкпоо боюнча эскертүү кагаздары берилген. Өзбек лидерлери эмне үчүн куралданып, кимдерге каршы "согушкан"? Ош шаарында 23-июнь күнү күч органдары жүргүзгөн тазалоо операциялары учурунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, республикалык өзбектер борборунун жетекчиси Жалалидин Салахутдиновго таандык "Ошкрастекст" ЖЧКсынан ок-дарылар табылып, бул боюнча иликтөө иштери башталды. Май айларында Жалал-Абаддагы Кадыржан Батыровдун "Элдердин Достугу" университетинин ичинен элге карата автоматтан ок атылгандыгы да белгилүү. Ушундан улам, өзбек туугандар куралданып, түштүктөгү жаңжалды чыгарууга атайын даярдык көрүшкөнбү деген ой келет. Болбосо, илим-билимдин очогу болгон университетке жана чакан фирмага курал - жарак жыйноонун кандай зарылчылыгы бар эле. Муну күч органдары аныктаар, бирок ал куралдардан адамдар набыт болуп, үй-бүлөлөр жакындарын жоготуп, сыздап калышкан жок болду бекен!? Башка бир маалыматтарда, мурдагы депутат Иномжан Абдрасулов Оштун Нариманындагы 60 миң адамга генералдык кылса, Амир Темир районундагы куралчан өзбектерди , ошол эле Жалалидин Салахутдинов башкарып турган. Мындай командирлер ар бир аймакта болгондугу билине баштады. Дегеле, өзбек туугандарыбыздын каалаганы эмне эле!? Же Кыргызстандагы жыргал турмуштарын чанып, жылкы мүнөздүк кылыштыбы? Муну менен алар карапайым өзбек туугандарды кайгыга салып коюшкандыгын билип жатышат болду бекен!? Бордюжа баштаган ЖККУнун өкүлдөрү келет Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстанга жардам берүү боюнча чечим кабыл алганын билдирип, 9 тик учак, сооттолгон унааларды жана милиция кызматкерлерине керектүү жабдыктарды берерин маалымдады. А.Орозовдун айтымында, согуштук куралдар берилбейт. Аталган техникалык жардамдар бир жуманын аралыгында келиши керек. Ал аралыкта, ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа жана ЖККУнун убактылуу жумушчу комиссиясынын негизги максаты, Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн окуяларга саясий-аскердик баа берип, укук коргоо органдарына жана массалык жаңжалдын кесепеттерин тезинен жоюуга ар тараптуу көмөк көрсөтүү болмокчу. Камчыбек Ташиевдин каалаганы эмне? "Ак Жол" партиясынын мурдагы мүчөлөрү жана министрлер өлкөдөгү кырдаалды дестабилизациялоого аракеттенишкен болушу мүмкүн,- деп айтылууда. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев, Ош жана Араван районунда Эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Искендер Гаипкуловдун мындай иш-аракеттери байкалган. Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Учурда экс-министр Камчыбек Ташиевге карата оперативдүү иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын да кошумчалады. Жакында эле, "Убактылуу өкмөт элдин ишенимин актабай калды, өлкөдөгү туруктуулукту орнотууга жарамсыз, андыктан аны алмаштыруу керек" деген сыяктуу маанайдагы иш-аракеттердин планы интернет сайттарга жарыяланган эле. Анын да Камчыбек Ташиевге тиешелүү экендиги айтылган болучу. Ал эми "Искендер Гаипкулов Араван районунда элге курал таратыптыр" деп, буга чейин кээ бир маалымат каражаттарында айтылган. Эсиңиздерге сала кетсек, мындан бир айга жакын мурда Убактылуу өкмөттүн төрагасынын сот тармагын тейлеген орун басары Азимбек Бекназаров Искендер Гаипкуловго, Камчыбек Ташиевге жана Акматбек Келдибековго карата кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун билдирген болчу. Ошондон кийин гана булар саясий кадамдарын активдештирип башташкан. Мындан сырткары, "Азимбек Бекназаров "Ата журт" партиясы менен биригип, шайлоого барат экен" деген сөздөр да чыгып кеткен. Түштүктөгү окуялардан кийин Бекназаров "Ата журтчуларды" КТРден аябай мактаган. Балким, бул ошол көрсөтүүдөн кийин чыккан сөз болушу мүмкүн. Бекназаров Атамбаевди телефондон үчүнчү революция жасайм деп коркутту эле, аны балким "Ата журтчулар" менен бирге жасап жүрбөсүн деген кооптонуулар да жок эмес. Иномжан Абдрасуловдун үйүнөн курал-жарактар табылды Жогорку Кенештин экс-депутаты Иномжан Абдрасуловдун Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылында үйүнөн курал-жарак жана ок-дары табылды. Атайын операциянын жүрүшүндө, 4 Калашников мылтыгы, 8 даана маркировкасыз Ф-1 жана РГД-5 гранатасы, талаа шарттарында жашоого ыңгайлаштырылган аскер шаймандары, 10 даана камуфляж формалары табылган. Ошондой эле, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоочу аппаратуралар, акча каражаттары, тактап айтканда, кыргыз металл тыйындары табылган. Тыйындар полиэтиленге салынган жана аларды мындай жол менен жасалма жарылчу каражаттарды даярдоодо колдонуларын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. "Алиби" пресс |