Кырк уруунун кыргыздары, бириккиле!

"ЖЕКШЕМБИДЕ БАР БОЛОБУЗ, ЖЕ ЖОК БОЛОБУЗ"
1848-жылы К.Маркс менен Ф.Энгельс "Коммунисттик партиянын манифестин" жазып бүтүшкөндө "Бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле!" деп эл аралык маанидеги чакырык менен аякташкан. Ошол чакырыктын эң алгачкы ийгилиги 69 жылдан кийин - 1917-жылы Россияда ишке ашып, Октябрь социалисттик революциясы жеңгенин коом таануу сабагынан агайым Ислам Сарыгулов кулакка куюп, аң-сезимге сиңдире берип, унутулгус болгон экен.


Анын сыңарындай, кыргыз мамлекети же бар болуу, же жок болуу тагдырына туш келип турган азыркы кыйчалыш учурда Манас бабабыздын мезгилиндегидей болуп, биз дагы "Кырк уруунун кыргыздары, бириккиле!" деген ураан-чакырык таштагыбыз келип турат. Мында башка чакырык азыр бизге маанилүү эмес. Оң кыргызсыңбы же Ичкилик, Солсуңбу, "Ата Мекенсиңби" же "Ата Журтсуңбу", "Ак шумкарсыңбы" же СДП, "Бүтүн Кыргызстансыңбы" же "Жаңы Кыргызстансыңбы"- деги койчу, бийликке жетип, үстөл кучактап отуруп калганың да, бийликтен ажырап, көчөгө чыгып эл менен кошулалбай калганың да, каалаган кызматка жетпей калдым деп ич күптү болуп жүргөнүң да бир гана күн-27-июнь күнү пенделик, саясатчы, чиновниктик амбицияңарды, ичи тардыгыңарды, кекчилдигиңерди унутуп, Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү алган багыт үчүн, жаңы Кыргызстан үчүн, жаңы система үчүн деп Баш мыйзамды кабыл алууга катышып, үлүшүңдү кош, кыргызым!
Түштүктөгү кыргыз-өзбек окуяларына байланыштуу ансыз да кыргызды Батыш маалымат каражаттары тукум курут саясатын жүргүзүп жаткан улутчул эл катары дүйнөгө жар салып жатканда (Рейтер, СNN ж.б.) кыргызды кыргыз гана колдоорун, кыргызды кыргыз гана сактаарын унутпа. "Кыргызга кыргыз гана душман боло алат, болгону экөөнү папке талаштырып кой" деген душмандын сөзүн унут. (Аттиң, ушундай учурда кыргызга Манастай бир баатыр жетишпей жатканын карачы?)
Кыргыз коому ушу тапта эң кыйын учурду баштан кечирип жаткан убагы. Сыягы Теңирим кыргызды сынап, "биригип алсын, келечегин аныктап алсын, ким дос, ким кас экенин билип алсын" деп ушундай учурга туш келтиргендир. Кыйынчылыктардын, тирешүүлөрдүн келип чыгуу себептерине жакындан аралашып жүргөндөр "мунун баарын Бакиевчилер уюштуруп жатат" деген пикирде. Убактылуу өкмөттүн саясатын оң-солунан да, узун-туурасынан да сындап жаткандар болсо, "бул жаңы бийликтин кемчилиги" деп шыбап жатышат. Бул айтылган пикирлердин үчөөнүн тең эске алчу жагдайлары арбын.
Көз карандысыздыкка кыргыз эли кансыз, уруш-талашсыз ээ болгонуна Жаратканга миң мерте ыраазы болуп жүрдүк эле. Же улуу ийгиликти, Теңирден түшүрүлгөн ошол тартуунун кадырын баалай албадыкпы? Же анын кемчиликтери менен жетишпеген жактарын убагында оңдой албай - азыр ушундай учурга, айрылыш жолго туш келип отурсак керек?
Эки президент башкарган 20 жылда, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого караганда ар бир президент өзүнүн үй-бүлөлүк бийлигин чыңдоого, үй-бүлөлүк байлыгын арттырууга көбүрөөк кызыгып келишти. Анын аягы 2 президенттин тең качышы менен бүттү. Качып кеткен президент качкан жагында тынчып калса да жакшы тура. (Ырас, Акаевдин артынан кууп барып кол койдуруп, мыйзамдуу кылып алганыбыз туура болгон окшойт. Бакиев бийлигин да ошентип мыйзамдаштырып, ошондон кийин көчүккө тепсек, балким Маевка, Бишкек, Жалал-Абаддагы баш аламандыктар, эми болсо, кыргыз-өзбек чатагы чыкмак эмес беле деген ой кетет). Бирок болоор иш болду. Ушунун баары жаңы бийликке, эң башкысы элге чоң сабак болду. Ошондуктан, жаңы системага негизденген жаңы Кыргызстан курууга негиз берчү, жол ачуучу жаңы Конституцияга ниети ак, жүрөгү таза жаран "ооба" деп гана ак бата бериш керек.
Жаңы Конституцияга "ооба" деп добуш берүү менен Кыргызстандын эли К.Бакиев башында турган үй-бүлөлүк-кландык-криминалдык уюшма топтордун үчилтигинин бетин ачууга, аларды эл алдында жоопко тартууга добуш берген болот. Демек жаңы Конституцияны кабыл алуу менен кыргыз эли 6-апрелден берки кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн да, жана 2005-жылдын 24-мартынан берки Кыргызстанды талап-тоноонун бардык айыпкерлеринин саясий жана криминалдык адам өлтүрүүлөрдүн бетин ачууга добуш берген болот.
Референдумга келип "ооба" деп добуш берүү менен Кыргызстандын эли 1917-жылдын 7-ноябрында бийликке келген Россиянын жумушчу- дыйкандардан турган Убактылуу өкмөтүнө окшоп, жалаң элдик жигер менен, элдик шык-дем менен иштеп жаткан кыргыздын Убактылуу өкмөтүнүн колуна "ме, эми ушул Конституцияга таянып иште" деп Баш мыйзамды карматат. Эл аралык эрежелердин тили менен айтканда жаңы бийлик легитимдешет, ата- бабалардын тили менен айтканда, Отунбаеванын, чын-чынында 90 эр азаматтын каны-жаны менен келген элдин бийлиги ак кийизге отургузулуп, ак боз бээ союлат.
... Жакында айылга барып келдим. 90 го чукулдап калган апам Сонунбүбү аман, эжелерим Стижамал менен Тажамал, Жамила менен Айымбүбү жезделерим менен аман. Апамдай болгон жеңем Токтоян, тең өскөн жеңем Батмакан аман. Баарысы сотка менен макулдашып алгансып мага берген суроолору да окшош: "Бишкек менен Ошто эмнеге эле чаң-тополоң болуп жатасыңар? Бийликти алсаңар таластыктарча албайсыңарбы?!"
Мен да баарынын намысына тийип, бирдей эле жооп узатып жүрдүм: "27-июнь күнү-жекшембиде же бар болобуз, же жок болобуз". Алар мындай жооп күтпөсө кере, баарысы селт этишет.
"Кой, антпе, бар бололу, бир бололу деп жүргүлө. Отунбаевага абысын болуп, тескери сүйлөп жүргөндөр - эркек эместер. Болбосо, аялдын көйнөгүнө баштарын катпай, "Сиз аял кишисиз. Алдыда биз бололу" дешпейт беле"- дейт апам. "Тескери сүйлөгөндөр шакирттери эмес, кызматка жетпей калгандар же кызматтан жыдып түшкөндөр" десем, "Анда Отунбаевага айт, ошолорго иш берсин. Жок болобуз деп айтпай жүргүлө. Жылкы түктүү кытай жок кыла албаган, омуроолуу ойрот, жунгарлар жок кыла албаган, замбирек, мылтыктуу орус жок кыла албаган, танка, самолёттуу немис жок кыла албаган кыргызды жети бир тууган Бакиевчилер жок кыла алмак беле? Антип экинчи айтпай жүргүлө" дейт. "Жаңылдым - жаздым, жаагымды бастым" дедим ичимде.
ЖЕКШЕМБИДЕ БАР БОЛОБУЗ, БИР БОЛОБУЗ!

Машакбай РАХМАНКУЛОВ