Ааламдан келген каттар Манас: Өмүрбүбү Бегалиева Экинчи жолу көрбөйүн кыргыз өлгөнүн! Тууганым Кыргыз тууруңа конот Алтын Куш, Жолдорун Кудай, Манастын Сөзүн сактагын! *** Экинчи жолу көрбөйүн кыргыз өлгөнүн! Кыргыздардын жан дилинде адилдиктин тутуму, Чындык жолун издей берип жашоо-тирлик жупуну. *** Жүрөктө калган жаратым дале шүүшүндөйт, Кыргыздын бүгүн оңолбой турса салмагы. 19.06.2010 14:43 - 17:20 Кеменгер адам кечикпей келсе жаныма, Кечээги кепти ойлонуп турган маалымда. Эр Манас эргип эртеңки күндү айтат деп, Тыңшадым түндө, күндүзү дагы сагына. Саргайткан күндөр элимди каптап келгени, Эзелки кыргыз кыйналып турган чагында. Элеттин эли экчелип эстен танганы, Канкорлор каптап кыргынды салып барганы. Бак-шагы соолуп элеңдеп турду бир даары, Көк түтүн каптап өрттөнүп жатса мал-жаны. Маанайың түшкүр кан ичкич нени каалайсың, Кыргызды кыйнап жок кылган эле хандары. Сынганын көрдүм ааламдын ыйык нурлары, Ыйлаган сайын кыргыздын сансыз балдары. Сай-сайлап калгыр санатын кыргыз унутпа, Курутам деген куруйт дейт, атпа кыйланы Асманда жылдыз жыбырап айтып жатат дейт, Өрттөсөң кыргыз кабылат турмуш зынданы. Жанымды сабап эсиме алдым баштагы, Кудайдын айткан сөздөрүн бүгүн шактагы. Шаңкайып тийген күн нуру түшүп жаныма, Төмөнкү сапты Кудайым айтып жатканы: - Жайнаган гүлүм, жадыңда болсун ар бир сөз, Түгөнбөйт деди кыргыздын ачык асманы. Ардагым, кыргыз! Ааламдын сөзүн тыңдаса, Кудай да ага мамиле кылат башкача. Баатырың Манас жол баштап өзү барган соң, Башталат шондо өзгөчө болгон тамаша. Бак-шагы кыргыз коробойт коомай болбогун, Кырчылдап турган кыргызга жылдыз тараза. Тандамал кыргыз алдыга чыгып баргыча, Арамдык жолду түп-орду менен алгыча. Кыйсыпыр жашоо өйдө-ылдый болот жолунда, Алыстан тийген ак жылдыз башта калгыча. Кудайдын үнүн угалбай турат кыргызың, Ойлонсун кыргыз эс-учтан абдан тангыча. Чалкалап жатып тайраңдап барган жолунда, Талкалап салган таажыны алсын колуна. Коромжу эмес ошондо келет жакшылык, Көтөрүп көккө колдорун алсын бооруна. Асманга карап сыйынсын кыргыз балдары, Баарысы бирдей карабай ачка-тогуна. Тоолордун боору билдирет белги барганда, Кыргыздар неге келишкен ушул жалганга? Жантайып жатып издебе ыйык жашоону, Көтөргүн азап Кудайың башка салганда. Кыргыздар ачык тапмайын ыйык жолдорун, Ызы-чуу кыргын түгөнбөйт дале таңдарда. Кыргыздын сыры, табылгыс болгон жолдору, Өзүңдө эле, апачык тагдыр колдогу. Коомайлык сыры эмнеден чыгат угуп тур, Түзалбай дагы турасың ыйык ордону. Оозанып далай айттык го, дале билбедиң, Ак Мөөрдө жатат кыргыздын ыйык чордону. Чогулуп кыргыз ойлонуп сырды көргүлө, Далайлар барды жалбырттап кыздын өртүнө. Өзөктөн чыккан өрт жаман деген ушу экен. Бербегин эми абийирин кыргыз төктүрө. Ордосу кыргыз оозансын кыргыз сөздөрүн, Кыргызым эми оожалгын сыпат, көрк кире. Келечек иште кемибе кыргыз жаштары, Кенендик кылып колдогун Кудай каттарын. Канатташ бооруң Ак Мөөрдүн шыңгыр күлкүсү, Угулса жерде ачылат кыргыз асманы. Башкача жолду көралбай бүгүн турабыз, Кыргызга башчы Ак Мөөр деп Кудай каттады. Кагылам кыргыз карааның бийик болот дейт, Жоголуп азап, маңкайып маанай толот кеп. Жагылып оттор, казанда кайнап оокат-аш, Көңүлүң толуп, бакубат болуу улуу сеп. Ургаалы кыргыз ошондо барып толгону, Түбөлүк кыргыз Кудайдан алчу Улуу Чеп! Тыңдагын кыргыз жаңылып дагы барганың, Өйдө-ылдый болгон турмушту кайра алганың. Канаты кыргыз кайрылбай барчу жол ушул: Кудайдын сөзүн кулакка илгин балдарым. Бактысы кыргыз Ак Мөөрдө турат эсиңе ал, Акылы Аалам согот дейт кыргыз арбайын! Чындыктын сыры, чыныгып Манас барганы, Алыстан мына көрүнөт Шердин карааны. Каныкей менен келишет бирге жакындап, Жанына алып алыптыр кичик баланы. Маанайы кыргыз жарыла албай турганда, Басат го бүгүн көөдөнгө толгон санааны. Сарпайы чепкен кийгендер мында келишсин, Кыргыздын сырын мынчалык кимиң кемиттиң? Кечээги эле бийликте туруп эсирген, Эсерлер неге канкорду мынча элирттиң? Эскертүү керек: эсиңе келгин эсиңе, Түшпөсун сенин башыңа шумдук каран түн! Эскерттим сага бир мөөнөт бүтсө кетээриң, Көгүлтүр от да басаңдап барып өчөөрүн. Эскерттим беле? Эсиңе алгын Курманбек, Баш бийлик андан Ак Мөөргө ыйык көчөөрүн. Максимиң эми уруштан башын тартсын дейм, Желмогуз, жексур, тойбосту токтот, бечелиң. Кан ичкич канкор канжалап турат көздөрү, Көзүнө илбей өрөпкүп тилдейт өзгөнү. Өктөмдүү сүйлөп тебелеп тепсеп барганды, Эр Манас баштан сылабайт дегин көпкөндү. Көөнүндө жоктун жолдорун өзүм жабамын, Эсиңе алгын Курманбек эми өткөндү. Балаңа айткын асмандан чаап бараарым, Алаамат тилеп тургандын жанын алаарым. Эрегиш салбай эсине келсин балдарың, Акыркы жолу мына ушул болсун жардамың. Акчаны, алтын алганы азбы какмардын, Болбосо эле ашырам баштан арманын. Адамдын жолу, акыйкат сыры төгүлөөр, Болбосо арттан арманын айтат өлүүлөр. Өрттөдүң бизди, өрттөнүп өлгүн өзүң да, Өлүгүң сенин чет жерде калып көмүлөөр. Арамдык жасап калкына азап салгандар, Адамдар эмес, кан күсөп турган бөрүлөр! Жолдору Максим жабылып какшып калганы, Байлыгын кыргыз күргүштөп ташып салганы. Чет жерге барып жыргаарың көрүп турабыз, Башында болот түгөнгүс толгон арманы. Атаңдын көрү кыргызга күйбөйт турбайбы, Бөтөндөн жалгап, бөтөндөн туулган балдары. Байрагы кыргыз башыңа салсын мүшкүлдү, Ушинтип айтып Эр Манас абдан үшкүрдү. Өрттөнүп өлгүр,өрттөнүп өлгүр канкорлор, Адалдар тегиз кечиге берип күттүрдү. Көөнүмө батпас азаптын сыры ушунда, Кыргыздар дагы сезалбай турат өткүрдү. Кыргызым кымбат кыйналып турган чагымда, Кыргыздан эрлер чыкпады менин багыма. Маанайың көтөр, кыргызга келген эр кыз бар, Кошкула аны эрлердин мыкты сабына. Кыргыздын багы, тагы да ушу кызында, Баш кылуу үчүн көргүлө бекем камылга. Асмандан карап айланып турат Кудайым, Өчпөсүн жерде чырагы анын ылайым. Бир боорун кыргыз жанындай көрөт жанындай, Кыргызым эми Ак Мөөрдөн чепти курагын. Кудайым айткан кыргыздын жолун көргөздүм, Тандамал кыздын кезеги келген убагын. Каалаба-каала капчыгың бошоң болгон чак, Боортоктоктоп кыргыз өлүмтүк болду кансырап. Каныкей баштап калчайт дейт кыргыз кыздарын, Баарыга салып алаамат салчу жан сурак. Сарпайы чепкен жапкызып чыгар кызыңды, Бекерден-бекер барбагын күндө алсырап. Эр Манас баштап кыргыздын жолун баштаарын, Ак Мөөрдү таптап турмушун кыргыз ачмагын. Эскертип бүгүн баарыга кабар салалык, Болбосо эле кайрадан күндүн батмагын. Мырзалар эми жол ачкын Ак Мөөр тарапка, Ошондон тарта эрлердин жолун таптагын. Асманда кыргыз жолдору шундай жазылган, Айланам сенин аталган Ак Мөөр атыңдан. Жүрөгү кыргыз , тилеги кыргыз Ак Мөөрдө, Ак Мөөргө далай адамзат жүгү артылган. Буйругу Кудай ушунда кыргыз билип ал, Жолдоруң танда асмандан жерге айтылган! Кең пейил, айкөл, күжүрмөн Кыргызстандын элине КАЙРЫЛУУ Алдыдагы референдумга сунуш кылынган Конституциянын жаңы долбоорунун айланасында ар кандай кайчы пикирлер болуп жатат. Айрым топтордун айтымында, бул долбоорго альтернатива болсун дешет. Ошондой пикир айткандар - билбейсиңерби, 20 жыл ичинде Акаев, Бакиев канча "Конституция" кабыл алып жиберишти? Ошол "Конституциялар" кандай "түшүм" бергенин? Эки президент, эки революция- мына бизге альтернатива! Азыр каршы пикирлерин сунуштап жаткан эр азаматтар, 5 жылдан бери Бакиевдин "Конституциясына" альтернатива издебей кайда элеңер? Сиздер элди ойлобойт деген пикирден алыс-пыс, бирок кыргыз элинин келечегине салым кошо турган силерсиңер, башы көрүнгөн төбөлдөр. Болгону ошол акылыңарды, күчүңөрдү ансыз да саясаттан чарчап турган элди түкшөлтпөй, элдин ынтымагына, биримдигине аракет кылсаңар, эл ыраазы болор эле. Кыргызда сөз бар: "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген. Сунушталып жаткан парламенттик бийликти эл сынап көрсүн. Конфуций айткан экен: "Жакшы закон менен, жаман бийлик башчылары менен коом алдыга жылбайт, а жаман закон менен жакшы адамдар менен өнүгөт" деп. Келгиле урматтуу мекендештер, алдыдагы боло турган референдумду, кечээ эле революцияга чыккандай, жапырт "Бир жеңден кол, бир жакадан баш" чыгарып колдойлу. Артка жол жок, үчүнчү революцияны кыргыз эли көтөрө албайт! Манас атабыздын тандап алган Ала-Тоосу, Ысык-Көлү жана башка не бир керемет жерлери үчүн, байлыктары мол кыргыз жери үчүн добуш берели! Кыргызстандын байлыгы укум-тукумдарыбызга таандык. Ушул улуу максаттар ар бирибиздин милдетибиз. Талас облусунун Элдик Революцияны коргоо кыймылы |