Өлкөнүн тынчтыгы үчүн КСДП киришти
Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын Чүй бөлүмүнүн демилгеси менен өткөн жумада Бишкек шаары жана Чүй аймагы боюнча тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүчү ыктыярдуу топ түзүлдү. Ага 18 жаштан жогорку аталган дубандын тургундары катталып, алгачкы 150 жигит 17-июнда Арашан айылынан "Ата бейит" мемориалдык комплексине жөө жүрүш жасап, анда 7-8 апрелде курман болгон мекендештерибизге, репрессия учурунда көз жумган аталарга жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго багыштап куран окутушту.
"Чүй Арашан" деп аталган бул кошуундун башкы максаты: Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча тартипти орнотууда укук коргоо органдарына жардам берүү. Зарыл болгон абалда, ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү Ош, Жалалабаддагы абалды турукташтыруу үчүн аймактарга жөнөп кетүүгө даяр. Аталган кошуундун мүчөлөрүн көк түстөгү футболкалары аркылуу ажыратып, билүүгө болот.
Өлкөдө тынчтык толугу менен орногонго чейин акысыз ишин уланткан бул кошуунду даярдоого Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн полковниктери тартылган. Жалпы кошуундун командири Уралиев Асылбек - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын полковниги, анын орун басарлары Райымов Тойчубек - өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги, Алыпсатаров Мелисбек - милициянын отставкадагы подполковниги, Момбеков Анарбек - Куралдуу күчтөрдүн запастагы майору.
"Алиби" пресс





  ТИЛИҢЕ - ТИБИРТКЕ!

РОЗАГА ЧЫРМАЛЫШКАН ЧЫРМООКТОР
Ушу тапта өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин мойнуна алган Роза Отунбаева - ар кандай "балиттехнологдордун" көө жабуусуна эч шек бербей келаткан эң сейрек кездешүүчү саясатчылардын бири. Отунбаева политтехнологдор кандайдыр бир саясатчыны каралоо үчүн анын алсыз жактарын пайдалана тургандыгын жакшы билгендиктен, аларга андай мүмкүнчүлүк берген жок.
Ырас, мындан бираз мурда, Бакиевдердин Кыргызстандан чыгып кетүүсү үчүн Отунбаева менен Атамбаевдин пара алды деген куру доомат коюлгандыгына карабастан, аталган саясатчылардын банктагы эсеп-чоту делген документтердин бардыгы жасалма экендиги расмий түрдө төгүнгө чыгарылгандан, айлалары алты кеткен окшобойбу. Анткени, алар өздөрүнүн сасык саясаты менен ыплас бизнесинин башында кара булут айланып калгындыгын жон териси менен сезип жатат. Заманасы куурулуп турат окшобойбу.
Кантсе да, чагымчылардын айласы чындап кеткен окшойт. Эми, Отунбаеванын түштүктүк саясатчы Анвар Артыков менен байланышы жөнүндөгү илмийген имиштерди ойлоп таап, жанталаша жайылтууга киришти. Анткени, Анвар Артыковдун насили - өзбек. Демек, Отунбаеванын өзбек саясатчысы менен байланышы тууралуу ушактын түпкү максаты - Ош коогалаңынын фонунда аны "улут чыккынчысы" катарында жаманатты кылуу. Мындай жасалган кептин жайылтылышы дал ошол кандуу кагылыш маалына туш келиши көп нерсени каңкуулап турбайбы. Мындай кадам Роза Отунбаевага, ал башында турган Убактылуу Өкмөткө ишенбөөчүлүк туудуруу, ошону менен бирге, кыргыздарды өз жакындарынын өчүн алууга көкүтүү болуп саналат.
Дегеле, сергек жана сезимтал, акылгөй жана күйүмдүү адам анын аркасында кимдер тургандыгын өздөрү деле баамдап тургандыр. Ушундай, ушак болсо, тушак деле табылат. Бир сөз менен айтканда, розага чырмалышкан чырмооктор тикенекке сайылды.

Баймырза
Накай




Кыргыз Республикасынын Өткөөл мезгилинин президенти Р.Отунбаевага
Арыз
Биз, Илим изилдөө жана кайра калыбына келтирүү институтунун жумушчулары, бүгүнкү күндө болуп жаткан саясий окуяларды туура баалоо менен жана Ата Журттун келечеги баарыбыздын колубузда турганын жакшы сезебиз. Мурдагы бийликтин ээси болгон Бакиевдин үй-бүлөлүк, тууганчылдык, ичип-жеген бийлигин кулатабыз деп канча балдар курман болуп, канчасы жарадар болгонун баарыбыз билебиз. Ошондой болгон күндө дагы Бакиевчилердин куйруктары үзүлбөй, арабызда саясий сасык оюндарын уюштуруп жатканын көрүп-билип турабыз. Май айындагы Бишкекте, андан кийин түштүктөгү, үч областта болгон бийлик төңкөрүштөрү, июндагы улут аралык кагылышуулар дал ошол Бакиевчил күчтөрдүн иши. Ошондуктан биз да айланабызда болуп жаткан терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө акылуубуз жана милдеттүүбүз деп ойлойбуз.
Мындай көрүнүштөр биз иштеген мекемеде да бар. Ушул күнгө чейин көптөгөн кемчиликтерин айтып, далилдеп, институттун кирешеси эки эсе өссө да кызматкерлердин айлык акысы көбөйбөй келет. Ушундай себептер менен жетекчибиз Молдоташев Ишенбай Курмановичти мурдагы " Ак - Жол "партиясынын активдүү мүчөсү жана азыркы кездеги демөөрчүлөрүнүн бири деп билебиз. Ушул күндөрү да Бакиевдин саясатын жүргүзүп жатканын көрүп жатабыз.
Ошондуктан, бул кишиге саясий баа берип, жумуштан кетирүүңүздү суранабыз жана бизге өз кызыкчылыгына эмес, эл үчүн иштеген жетекчи келсе деген үмүттөбүз. Биз Бакиев феноменинен канчалык эртерээк кутулсак, ошончолук салымыбыз орчундуу болот жана жашообуз жакшы жакка өзгөрөт деген ойдобуз.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине канчалаган кайрылуу болсо да, эч кандай жооп болгон жок. Ушул жолку катыбызга жооп болбосо, иш таштоого туура келет.
Көптөн-көп үмүт менен сиздерге кайрылган төмөнкү кызматкерлердин атынан Кыргыз Илим изилдөө жана кайра калыбына келтирүү институтунун кызматкерлери:
С. Акматов,
А. Омушева,
Троянская
жана башкалар.Бардыгы 50 адам кол койгон.




  Сактасын суук көздөрдөн

"Садагам Оштой жеримден"
"Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу..?"
Атаганат, жыйырма жыл илгери башталган биринчи Ош коогалаңынан кийин ырдалып башталган ушул саптардан кийин Ош шаары дагы бир жолу ошондой коогалаңга туш болуп, кыргыз - өзбек маселеси экинчи жолу көтөрүлүп олтурат. Артында турган башка күчтөрдүн бар экенин билсек да, муну улут аралык араздашуу деп атап жатабыз. Тереңирээк ой жүгүрткөн адамга анысы да, мунусу да бар экени айдан ачык. Дегинкиси, берекеси төгүлгөн Оштой жериме көз арткандар көп окшобойбу. Сулайман тоосунун сулуулугунан тартып, Абширдей ыйык , керемет жайларына көз тийип кетпеди бекен? Кыргызда жакшы бир макал бар: "Түбү бирге кошулат, учу бирге жазылат "деп айтылат . Эки элдин тең канына сиңген өз менталитети, канында ойногон, укумдан - тукумга келаткан кулк- мүнөзү, көз караштары бар. Демек,канчалык боордош, куда - сөөк болбойлу, бир казанда кайнай албай турганыбызды кырдаал өзү далилдеп келатпайбы. Түбүбүз бир элдерден эмеспиз. Кыргыз эли байыртан шартылдап түз сүйлөп, түз жүргөн, таза кандуу, эркиндикти сүйгөн, кошоматчылыкты көп жактырбаган,ток пейил, өзү тийишпегенге биринчи катылбаган, бирок катылгандын катыгын берген, намысын алдырбаган эл. Өзбек эли тескерисинче "сизиң-бизиң" деп сылык-сыпаа мамиле түзгөнү менен керек учурда канжарды артыңдан келип сайып, адам керек болуп турган учурда пайдаланып, кереги жок болуп калган учурда сыртын салып кете бере турган, биринчи кезекте пайда чыга турган жерге жантыгынан жата калчу адамдар. (Ырас, эки элдин ичинде тескерисинче мүнөз күткөн адамдар да жок эмес). Андай болгондон кийин маселени тереңинен чечип, ар ким өз мекенинде, өз жеринде султан болсо деген ниетти айтмакчымын. Акыр замандын бир белгиси да ушул экен - ар бир улут өз мекенин, ата-бабалары жаткан жерин табат экен. Акыркы жылдары ички-тышкы миграция күч алып, көчүп-конуу көбөйүп, мекенчилер , улутчулдар арбып баратканы да ошондон болсо керек. Бакиевчилер чаң тополоң чыгарып кеткен мезгилден берки окуялар да көп нерсеге көзүбүздү ачкандай эле болду. Буга чейин тил маселесин көтөргөн болгонубуз менен ага анчалык маани бербей келдик. Чынында, дал ушул маселе бардык балээнин башы болуп турганын дагы деле айткыбыз жок. "Автономия болобуз" деген сөздүн мааниси да түздөн-түз тилге байланыштуу. 70 жыл СССРдин курамында турган элдерге орустардын жүргүзгөн шовинисттик саясаты да дал ушул тилден башталган. Орус тилин билбегендер окуу жайларга өтө алчы эмес, мамлекеттик кызматтарга алууда орус тилин билгендерге биринчи кезек берилчи, орус мектептер көбөйүп, бардык деңгээлдеги иш-чаралар орус тилинде жүргүзүлчү. Демек, өзүнчө мамлекет болуу деген бул - өз тилинде иш жүргүзүү, өз тилинде окутуу, өз тилинде сүйлөө эмеспи. Анан эмне үчүн аз сандагы башка улуттун өкүлдөрү Кыргызстанда жашап жатып, өз тилдерин расмий тил кылабыз деп таңуулашы керек? Эгер алар өз тилинин тагдырына аябай кызыкса, сүйсө, өз тилдеринде окуганы, сүйлөгөнү аздык кылып жатса, өнүкпөй жатат десе, алардын керектөөлөрүн канааттандыра албай жатат десе, анда алардын тили, дини, маданияты гүлдөп-өскөн өздөрүнүн тарыхый мекени бар го, ошол жакка көчүп кетишпейби? Сыйлаганды билбей, эшиктен кирип төр меники деген өзбек элинин айрым лидерлеринин бул аракети минтип, эки элдин кагылышуусуна алып келди. Көз жоосун алган, Кыргызстандын керемет аймактарынын бири болуп калган Ош жеримдин бүгүнкү абалына жүрөгүм ооруп, жүлүнүм сыздап олтурат.
"Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу..?
Көркөмүн дагы арттырып,
Же көпөлөк болуп консомбу?"

АК БАЙЫР