Аялдан чыккан датка бар, акындыгын ким танар.

Зыйнат - Таластан чыккан даткайым
Апрелде болуп өткөн элдик төңкөрүш Кыргызстанда дээрлик 20 жылдай өкүм сүрүп келген үй-бүлөлүк-авторитардык башкарууну кулатып, эми Кыргызстан таптакыр жаңы демократиялуу коом куруу багытына кадам таштады. Турмуштун бардык чөйрөсү сыяктуу эле кыргыздын байыркы жана андан кийинки тарыхына да мындан ары жаңыча мамиле жасалат деген зор үмүт пайда болду. Ушул өңүттө Кокон хандыгынын тарыхында белгилүү орду бар Зыйнат датка жөнүндө элге анча белгисиз маалыматтарды жарыялайбыз.
Бул боюнча тарыхчылардан, жазуучулардан, тарыхка кызыккан окурмандардан кат-кабар күтөбүз.


(Уландысы.Башталышы гезиттин №№ 23,29,30-сандарында)

Музаффар өзү баш болуп, колу менен келип Кокон хандыгынын иштерине кийлигишкен. Жаркын айымдын бул дипломатиялык иштеринде Кокон хандыгын эмирге баш ийдирүү эмес, Кокон ордосунда топтолгон, саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан аягында уулдарынын, неберелеринин курман болушу, уулдарынын бири - бири менен аргасыз согуштары хан энесинин жүрөгүн оорутуп, мамлекеттик саясий иштерге кийлигишүүгө аргасыз кылган. 1862-63 жж. уулу Кудаяр хандын башкаруусунда көпчүлүк мамлекеттик кызматтар жана чиндер Жаркын айымдын көрсөтмөсү менен берилген. Жаркын айым бул жылдарда гана эмес, 1842-1868-ж. чейин хандын саясий иштерине аралашкан кыргыз аялзаты болгон. Ал эми Зыйнат датка бир тууган сиңдисине ушул кыйын күндөрдө кеңешчиси катары жардам берип, эже - синди бири - бирин колдоп, кубаттап турушкан. Эже-сиңдилер кыргыз эли гана эмес, жалпы Орто Азия ичинен артта калган, диний түшүнүктөргө сугарылган феодалдык заманда мамлекет бийлигиндеги жогорку чиндеги биринчи аялзаттарынан эле.
Демек, Зыйнат бир гана акын эмес,мамлекеттик ишмер болгондугуна, биз жогорку эмгектерден кийин ынынсак болот. Эже-сиңдилер көз жумганда ордодогулар гана эмес, бардык Фергана жана кыргыз эли, чоң жоготууга дуушар болушкан жана аларды чоң урмат-сый менен узатышкан. Экөөнүн тең сөөктөрү Кокон шаарына коюлган.
Жаркынайым менен Зыйнат датка Кокон бийлиги менен Фергана, кыргыз элинин ортосундагы алтын көпүрө же даанакер болгондугун көп улуттуу Кокон мамлекетинде кыргыз, казак элдеринин дагы жалпы мамлекети, о.э. кыргыздардын мамлекетте ээлеген ордун көрсөтүп кетишкен.
Кыргыз элинен чыккан эже - сиңди Жаркын айым менен Зыйнат датка тууралуу, буюрса али да алдыда көптөгөн сакталып калган маалыматтар бар . Жаркын айым менен Зыйнат датка жөнүндө кыргыз элинин арасында гана эмес, Кокон мамлекетинин тарыхы менен бирге эле Орто Азия элдеринин тарыхында унутулбайт го деп ойлойбуз. Замандын агымына жараша унутулуп, элибизде этибарга алынбай кеткен уулун, муундарын тарыхчылар, жазуучулар, санжырачылар, о.э. жалпы эле кыргыз эли тактап чыгып, орду-ордуна коюш биздин жана кийинки муундардын милдети.
Алмаз АБАСБЕКОВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу




Колдонулган адабияттар:
1. Алибеков М. Домашняя жизнь Худаяр - хана. Ежегодник Ферганской области т.II, вып. 1903, Новый Маргелан, 1903-ж.
2. А.Абасбеков, Зыйнат датка // Асылзат газетасы №3 (104) январь 2003-ж.
3. А.Абасбеков, Унутулуп бара жаткан улуу айымдар. /Эркин-Тоо 23- январь 2002-ж
4. Бабабеков Х. Кокон тарыхы. Ташкент, 1996-ж.
5. Бабабеков Х. Еш куч журналы. Ташкент, 1989- ж..
6. Плоских В.Н., Мамытов С., Жолдошева Ж. Курманжан - Алай ханышасы. Бишкек, 2002-ж.
7. К.Молдокасымов, Зыйнат - Курманжанбы? // Кыргызстан маданияты, № 17, (1265) 25 -апрель. 1991-ж.
8. К.Молдокасымов, //Зыйнат датка. Заман Кыргызстан. 6-март, 1998-ж.
9. К.Молдокасымов, Зыйнат датка. // Кыргыз руху, 18- сентябрь, 1996-ж..
10. К.Молдокасымов, Хан Кудаяр энеси - Жаркынайым.// Кыргызстан маданияты, № 11- ноябрь. 2002-ж.
11. К.Молдокасымов, Кароолонгон шам чырак. Ала-Тоо журналы.
12. Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханство. Ташкент, 1973-ж.
13. Наливкин В.П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886-ж. В.П.Наливкин М.С.Наливкина Ферганада жашаган жергиликтүү аялдардын турмушунан очерктер. Казань, 1886-ж.
14. Эсенкул Төрөкан уулунун "Сол канат санжырасы" Бишкек, 1995 -ж.

Оозеки булактар
Б.Тилемишев, Өзгөрүш айылы, Бакай-Ата району. 1920-жылы т.
Б.Өмүралиева, Кара-Буура району, Үч-Булак айылы. (1896-1992)
С.Миңбаева, Кара-Буура району, Үч-Булак айылы.(1909-1984)
Н.Абазбеков, Кара-Буура району, Үч-Булак айылы.
С.Сооронкулов, Талас областы




Ачуу чындыктын далилдери

"Алиби" газетасынын 2010-жылдын 25-майындагы № 27 санына жарык көргөн макала, биздин өлкөбүздө дагы эле баягы штамп болуп калган ыкма менен иш жүргүзүү күчүндө экендиги, биздин айылдын элинин кыжырын келтирди. Анткени, сиздердин гезиттин бетинен жарык көргөн биздин Садыр аке айыл өкмөтүнүн ичиндеги баш-аламандыктардын эмне себептен бир жактуу, бир тараптын үнү менен чагылдырылгандыгы болду. Макаланын аягына 100 киши кол койгон деп коюптурсуздар, эмнеге алардын жок дегенде үчөөнү жазып койбодуңар.
Биздин Садыр аке айыл өкмөтүнүн ичиндеги баш-аламандыктар буга чейин Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысына, прокуратурасына, Ысык-Көл областынын убактылуу жетекчиси - Губернатордун милдетин аткаруучуга чейин кабарланып, областтан комиссия түзүлүп арыздардын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн (Комиссиянын корутундусу тиркелет).
2009-жылдын декабрь айында Садыр аке айыл округунун башчылыгына ушул эле айылдын тургундары мурунку айыл өкмөтү болуп иштеген Токчулуков Бектурсун жана дагы бир начальник Азаров Мамат экөө кандидатурасын коюшкан. Шайлоого 7-8 күн калганда эле айылда жашабаган, биз, айыл тургундары билбеген Жумабек Шатенов деген пайда болуп, анын кандидатурасы коюлуп калды. Ал, мурунку губернатор Кыдыкбек Исаевдин бир тууган бөлөсү экендиги дайын болду. Мурунку бийлик тамырын бекемдеш үчүн ар бир айыл өкмөтүнө чейин өз кишилерин коюп жаткан мезгил болчу. Бул жолу да Ысык-Көл районунун акими Т. Мансүров менен К. Исаев айылдык депутаттарды чогултуп, коркутуп-үркүтүп, Жумабек Шатеновду шайлабасанар өзүңөрдү таратып жиберем дегенге чейин барып, акыры 18 депутаттын 10у макул, 7си каршы, 1и бузулгандыгына карабастан аны шайланды деп эсептешкен, мыйзам боюнча 13 киши макул болуш керек эле.
Кандидатурасын коюп жаткан Б. Токчулуков менен М. Азаров эл колдоп турса да кайда, кимге арызданарын билбей кала беришти. Бул өзү Жумабек Шатенов деген ким дебейсиңерби? Ал ОБХСС системасында иштеген МВДнын отставкадагы полковниги, Ж. Бакиевдин досү, (үй-бүлөсү Бишкекте түрат), К.Исаевдин бөлөсү. "Айылды, айыл турмушун, элди, кимдин кандай жашаарын билбей туруп, ал кантип айылга башчы болом деп келди" деп айыл эли да таң калып жаттык. Ал келген күндөн тартып, айыл эли жөнөкөй справканы да ала албай калдык.
2009-жылдын 21-декабрында шайланган Шатенов бийлик кулаган 7-апрелге чейин эле (кыска убакыттын ичинде) агасы Тенти Шатеновгө балдар бакчасынын участогунан үй салууга жер берди. Айылдагы Жетимдер үйүн башкарып турган Таштан кары аксакалдан 1 000 000 (бир миллион) сом бересиң деп талап кылган, ошондой эле өз оокатын кылып жаткан чакан ишкерлерге да салык сала баштаган. Иниси Жапар Шатеновду мал базарга башчы кылды, айылга таанымал криминалга аралашкан Улан деген жигитти өзүнө жан сакчы кылып, элге сес көрсөтүп, айылга өзүнүн "хандык" саясатын жүргүзө баштаган.
2010-жылдын 14-майындагы Айылдык кенештин депутаттарынын сессиясында Ж. Шатеновдун маселеси каралып, ага ишеним көрсөтпөө боюнча жашыруун добуш берилди, катышкан 14 депутаттын 14ү тең каршы, же болбосо жаңы көрсөтүлгөн талапкер Нурлан Карабековду бир добуштан (14 депутат) шайлашкан.
Сиздердин гезитке жарыялангандай Ысык-Көл областынын Губернаторунун убактылуу милдетин аткарып жаткан Мирбек Асанакуновду ченеп караласачы, эгерде ал Бакиевдин камчысын чаап, Ысык-Көлдү "жумуртка" менен коргоп жүрсө анын уялаш агасы Бакыт Асанакунов 2009-жылдын 23-июлундагы Президенттик шайлоо күнү болгон "Балыкчы окуясында" бөөдө караланып 6 ай түрмөдө жатпас эле го, бул бешиктеги балага да түшүнүктүү эмеспи. Өз кылганын өңгөгө жүктөй салганга маш Ж. Шатеновдун, өзү жазган макаланы айыл элине жүктөп, 100 киши кол койду дегени акылга сыйбаган иш болду.
Арызга 312 кишинин колу коюлган:
Бакасова К.
Чокоева З.,
Кабатаева А.К.,
Жакыпова Г.,
Акунов,
Карасартова Э.
Усубакунова Н.К ж.б. айылдын жалпы тургундары. (Кол коюлган кагаздар тиркелет).

Редакциядан:

Садыр-Аке айыл өкмөтүндө болуп жаткан башаламандыкта кимдир бирөөнү күнөөлүү деп редакция айталбайт. Күнөө ким тарапта экенин так айтуу үчүн атайын журналисттик иликтөө керек. Мыйзам баарына бирдей! Ошондой эле редакцияга келген кайрылуулар редакциянын көз карашын билдирбестен берилет жана аны оңдоп, редакциялоого укугубуз бар. Жогорудагы башаламандык, учурда бардык жерде болуп жатат. Андыктан, бардыгын сабырдуулук гана жеңет демекчибиз.