Жаш келсин ишке...

Жоомарт Сапарбаев, "Ата Мекен" партиясынын жаштар канатынын төрагасы:
"Бул тарыхый референдум"
- Жоомарт, сен кайгылуу окуялар учурунда түштүккө барып, окуяларды жеринен көрүп келдиң. Учурда айтып жатышат эки эл жарашып, элдешип жатышат деп. Кыргыз менен өзбектин элдешели, кечиришели деген аракеттерин кезиктире алдыңбы?
- Биз Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда болуп, эки-үч жерден кыргыз-өзбек аксакалдары жолугушуп, ынтымакка келели деп, сүйлөшүп жатышкандарын көрдүк. Ошондой эле, Ноокен районунун Чек айылында кыргыздар менен өзбектер блок постторду биргелешип, кайтарып жатышыптыр. Биз Бишкекке жөнөп жатканда да, Өзбекстандан Кыргызстандын Чек айылына 75 үй-бүлө кайтып келди деген кубанычтуу кабар уктук. Азыр болсо, күн сайын миңдеген үй-бүлөлөрдүн кайтып келип жаткандыгын угуп, көрүп жатабыз. Ошондуктан, эки эл жарашып, ынтымакта жашоого аракеттенип жатат дегенге кошулам, бул чындык.
- Эл кандуу окуялар үчүн кимди күнөөлөп жатышат?
- Эки тарап тең бул күтпөгөн жерден уюштурулду, чагымчылардын иши деп айтып жатат. Үчүнчү күч бар экенин алар эң сонун түшүнүп жатышат. Базар-Коргон районундагы кыргыз-өзбек аксакалдары жана жергиликтүү эл жолугушканда, бардыгы тең белгисиз машина менен чоочун адамдар келип, ар кимдерди атып, жаңжал чыгарышкандыгын айтышты. Албетте, бул окуядан көп карапайым адамдар зыян тартып, бүлгүнгө учураганы белгилүү. Бирок, эл муну башка бирөөлөр атайын уштургандыгын түшүнүшүүдө.
- Түштүктүн эли бийлик Кадыржан Батыровду эмне үчүн кармабайт? - деп талап коюп жатышпайбы. Чындап эле, Убактылуу өкмөт аны эмнеге кармабай жатат?
- Ооба, андай талаптар болуп жатат. Менин угушума караганда, Кадыржан Батыров ошол чаң-тополоң күндөрдө Жалал-Абаддан чыгып кеткен. Учурда белгисиз жерлерде жашырынып жүрөт. Бирок, бир нерсени белгилеп коёюн, ал кишиге кылмыш иши козголгон жана издөө аракеттери көрүлүүдө. Ал кармалып, сөзсүз өз жазасын алат деп ойлойм.
- Түштүк жергеси ушул оор күндөрдө Убактылуу өкмөттүн референдум өткөрөбүз деген идеясын кандай кабыл алып жатышат?
- Аксакалдар, качкындардын өкүлдөрү, жалпы эл түштүктөгү кандуу окуяларды уюштургандар, референдумду болтурбоону максат кылышкандыгын түшүнүп жатышкандыгына өзүбүз күбө болдук. Демек, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эл референдумга барып, өз добуштарын берет деп ойлойм.
- Ошондой эле, кээ бир саясатчылар мындай кыйын кырдаалда референдумду өткөрүүнүн кандай зарылчылыгы бар. Референдум адам өмүрүнөн да кымбат болуп кеттиби, деп жатышпайбы. Буга кандай дейсиң?
- Алар негизги ойлорун ачык айта алышпай эле, оор күндөр, өлгөндөргө али кырк күн өтө элек деп, ар кандай шылтоолорду айтып жатышат. Кырк күн өткүдөй, референдум бул той эмес. Референдум - бул Кыргызстанды мыйзам нугуна келтирүү, Убактылуу өкмөттү легитимдештирүү жана өлкөгө тынчтыкты орнотуунун негизги кадамы. Каршы болуп жаткандардын ойлору түшүнүктүү. Кээ бирлери алдыдагы парламенттик шайлоолордон өтпөй калуудан чочулап, айрымдары Кыргызстандагы туруксуз кырдаалда өздөрүн жакшы сезип, ар кандай мыйзамсыз иштерди жасоого мүмкүнчүлүктөрү болуп жатышы да ыктымал.
- Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы парламенттик башкаруу системасына өлкөнүн ичинде да, тышында да каршы болуп жаткандар аз эмес экендиги айтылып келүүдө...
- Өлкөнүн ичиндеги каршы болуп жаткандар тууралуу айтсак, алардын көбү өткөн бийлик менен чогуу иштегендер же алардын жан-жөкөрү болуп, камчысын чапкандар. Президенттик башкаруу системасы - бул бийликти бир адамга чогултуп, узурпациялап, ошол аркылуу байып, акча таап, саясий оппоненттерин жоготууга эң сонун инструмент. Муну биз өз практикабыздан көрдүк. Ошол себептен, алар президентик башкарууну каалап жатышы мүмкүн.
Ал эми тышыбыздан каалабай жаткандар тууралуу айтсак, биздин кошуна, шериктеш өлкөлөрдүн баары президенттик башкаруудагы авторитардык, атүгүл кээ бири тоталитардык режимдеги мамлекеттер. Парламенттик республикада болсо, президенттин күчтүү бийлиги парламентке жана өкмөткө бөлүнүп, президент мурдагыдай жеке бийлигин жүргүзө албайт.Ошол себептен, кошуна өлкөлөр Кыргызстандагы демократиялык "вирус" аларга да өтүп кетпесин деп, чочулап жатышкандыгы байкалат.
- Референдумдун алдында жаштарга карата айтар сөзүң бардыр?
- Ар бир жарандын, ар бир жаш жигиттин жана кыздын добушу Кыргызстандын келечеги үчүн чечүүчү ролду ойношу толук мүмкүн. Ошондуктан, жаштарды келечекке кайдыгер карабастан, референдумга барып, өз добушуңуздарды бериңиздер деп чакырат элем . Бул жөнөкөй эле референдум эмес, бул тарыхый референдум.
Маектешкен Заирбек БАКТЫБАЕВ




Сурагыла, жооп беребиз!
Адвокаттын кызматынан баш тартканыбыз туурабы?
Суроо: Менин жашы жете элек уулум кылмышка шектүү катары сотто каралып жатат. Уулум кылмыш кылбаганын айтып, адвокаттын кызматынан баш тартууда. Ал сөзсүз түрдө адвокат алышы керекпи же адвокаттын кызматынан колдонбосо деле болобу?


Жооп: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Сиздин редакциянын кабарчысы Г.Холкиндин суроолорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет:
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 391-беренесинин талаптарына ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иш жүргүзүүнүн тартиби ушул кодекстин жалпы эрежелери, ошондой эле 44-главанын беренелери тарабынан аныкталат.
Ошондой эле, аталган кодекстин 397-беренесине ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштары жөнүндө иштерди тергөөгө жана соттук териштирүүгө жашы жетпеген шектүүнүн, соттолуучунун, айыпкердин мыйзамдуу өкүлү катышат. Жашы жетпегендин мыйзамдуу өкүлүнүн ишке катышуусуна тергөөчүнүн токтому менен жашы жетпеген шектүү же айыпкер катары биринчи суракка алынган учурдан тартып жол берилет. Мыйзамдуу өкүлгө ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн укуктар түшүндүрүлүп берилет.
А.Айылчиев , Нотариат жана адвокатура боюнча
башкармалыгынын
башчысы


Күйөөм кызымдын үйүн алып койбойбу?
Суроо: Эки жылдан бери чогуу жашабаганыма байланыштуу, жолдошум менен толук ажырашып кеткем. Ажырашканыбызга 7 ай болду. Ортобузда никеден төрөлгөн бир кызым бар (бойго жете элек). Квартира алгам, аны мен кызыма каттайын деген болчум. Мен жолдошумду аталык укугунан ажыратсам болобу? Себеби, ал бир жылдан бери алимент төлөбөйт. Ошондой жол менен мен күйөөмдүн менчикке болгон кызыгуусун четтете аламбы?.


Жооп: Албетте, кээ бир учурда ата-энелерди, ата-энелик укуктарынан ажыратууга мүмкүн. Мындай чечимдер алар ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде кыянаттык менен өз баласына каралашуудан, алимент төлөөдөн туруктуу баш тарткан убактарда болот. Эгерде узак убактан бери негизсиз себептер менен кыянаттык түрдө алиментти төлөбөсө, балага колдоо көрсөтпөсө, анда ал соттун чечимин аткарууга ниети жок болгондугун аныктайт. Ата-энелик укуктардан ажыратуу - ата-энени өз баласына каралашуу милдетинен бошотпойт. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата тууганчылык фактыга негизделген бардык ата-энелик укуктарын, анын ичинде андан каражат алуу укугун жоготот. Эгерде ата-энеси жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана балага тарбия берүү мамилесин өзгөртсө, алардын (экөөнүн бири) ата-энелик укуктары калыбына келтирилиши мүмкүн.

Чолпон КУДАЙБЕРДИЕВА, "Юридикалык жардам" Коомдук фондунун адвокаты.




Балам атасына алимент төлөөгө милдеттүүбү?
Суроо: Менин мурунку жолдошум ортобуздагы балага өзүнүн каалоосу менен орто эсеп өлчөмүндө алимент төлөйт. Менин колумда соттун аткаруу баракчасы бар,. Аны сот аткаруучусуна аткаруу үчүн берген эмесмин. Уулум 18 жашка толгондон кийин, мурунку жолдошум баламдан алимент алууга укуктуубу?


Жооп: Аткаруу барагы боюнча болобу же, өз каалоосу менен болобу айырмасы жок. Эң негизгиси, сиздин мурунку күйөөңүз алимент төлөөдөн баш тартпаганы эсептелет. Ошондой эле, аткаруу барагын соттун аткаруучусуна берүү сөзсүз милдеттүү эмес. Бирок, үй-бүлөлүк мыйзамга таянсак, эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз, жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө милдеттүү.
Мыйзамда каралгандай эле, эгерде баланын ата-энеси, ата-энелик милдеттеринен баш тарткандыгы боюнча сот тарабынан аныкталса, анда жардамга муктаж болгон жана эмгекке жөндөмсүз өз ата-энесин багуу милдетинен балдары бошотулушу мүмкүн. Ал эми ата-энелик укуктарынан ажыратылган ата-энелерге балдары алимент төлөөдөн бошотулат.