"БИЙЛИКТИ БАЙЛЫК ДЕП ТҮШҮНГӨНДӨР ЭЭРДЕН ЭРТЕҢ ЭЛЕ ШЫПЫРЫЛЫШАТ"
(Башы 9-бетте)

- Анда не, Убактылуу өкмөттү колдоо начар бекен?
- Жок, эл негизинен, Убактылуу болсо да ушу азыркы өкмөтүбүздү колдоого алыптыр. Акаевден, Бакиевден алданып бүткөн элдин жылтырап күйгөн үмүтү - ушул Өкмөт. Бир жаңыча иштей турган, жаңы жол таап, жакшы турмушка алып бара турган ушу УӨ деп ишенип отурушат. Ар биринин көзүнөн көрдүм ал ишенимди. Менин таң калганым - кызматтарга жаңы келгендерге таң калып жатам. Ушуларды УӨтүн токтому же көрсөтмөсү менен болдубу, же өздөрү барып алдыбы, мен түшүнгөн жокмун. Мисалы үчүн, Ысык-Көлдүн Асанакунов деген губернатору бар экен, СДПКнын мүчөсү. Алар бир машинеге 5 СДПК отурат экен да, жакшынакай эле иштеп аткандарды түшүрүп, өздөрүнүн эки ооз сөз сүйлөй албаган тааныштарын коюп алышыптыр. Бул -бийликти шылдыңдоо. Бул - Алмаз Шаршеновичти шылдыңдоо. Алмаз Шаршенович өзү өтө пунктуалдуу, тактикалуу саясатчы. Акаевдин убагында иштеп калганы үчүн эле ал акаевщик эмес, Бакиевдин убагында иштегендердин арасында да эл дегендер бар. Аларды жөн эле кызматтан ала бербеш керек. Ушинтип алмаштырабыз деп отуруп, бүркүттүн ордуна күйкө келди. Референдум деген эмне экенин билбеген акимдер отурушат. "Эки ай,бир ай болду" деп эл шылдыңдап атышат. Ал шылдың - Ак үйгө угулуп туруш керек.
- Эми, кудай буюрса, референдум өткөн соң, артынан кайра эле шайлоо келет. Аны кандай өөтөт деп ойлойсуз?
- Мен ушундай ойлоп калдым, шайлоо эң курч өтөт. Мен муну пайгамбарчылык кылып айтып жаткан жокмун. Ар бири өзүнүн көмөчүнө күл тартып, азыр ушундай болуп жаткандан кийин, андан кийин эмне болот? Партиялар менен партиялар атышат, шерменде болушат. Ошон үчүн партиялык иш алып барыш, партиялык жол менен бийликке барыштын өз маданияты бар экендигин түшүнүшү керек алар. Кыргыз андай даражага бышып жете элек экен.Эгер, азыркы аким-губернаторлор мыкты болсо, мен минтип айтпайт элем.
- Бир эле СДПКны айтып жатасызбы?
- Мейли, "Ата Мекендиби" же башка партиябы , мен ушуну айтмакмын. Мага партиянын кереги жок. Мага кыргыз керек. "Эл багар уул ээрде уктайт" деп коет кыргыз . А булар машине минип чайпалып, ошого корстон болуп жүрүшөт. Өздөрүнөн башка кишини "сен кимсиң?" деп койбойт. "Эмнеге келдиңер?" - деген жок көлдүн губернатору. Салам бергенге жараган жок. Мен ачык эле айтып коеюн, ал - партиянын лидери болушу мүмкүн бирок, элдин лидери боло албайт экен. Ушундай кебетеси менен эл кубалап жиберген Бакиевдин системасын оңдой алабы? Булар оңдой албайт. Акыл парасаты, билиминин жоктугу билинип эле турат.
- "Көч бара-бара түзөлөт" дейт го кыргызда...
- Кыргыз жөн эле сүйөп айтып койгон: "көч бара-бара түзөлөт" деп, антпей эле бара-бара кулайт. Ошон үчүн бардыгын башынан караш керек. Ким күнөөлүү буга? Эмне үчүн ушундай кылыш керек?- деп суроо бергим келет гезит аркылуу.Бул менин эле суроом эмес, жалпы элдин ою ушундай. Мага "жеткирип бар" деп айтышты. Жооп берсин, өкмөттүн прессасы?!
- Референдумга токтолуңузчу...
- Башынан айтайын. Төңкөрүш эмнеден чыкты? Чыдабагандыктан, зордук-зомбулуктан улам чыкты. Эки президент тең жерди сатты, элди чачты, тойду, качты. Башка эмне кылды? Кыргыздын канын-жанын сорду. Ак үйдүн алдына келип өлгөндөрдү түшүнүш керек өкмөт. "Башка жерге барып өлгүчө, ушул жерде эле өлөлү" деди да. Ошону түшүнүш керек. Ак үйдө отургандар өздөрү ток болгону менен өлкөбүздү мыйзамдуу деп тааныбай атышат башкалар, кабыл албай жатат. Ошон үчүн референдум бизге суудай керек. Референдумду болтурбаш үчүн Бакиевдер Оштогу окуяны тутандырышты. Минтип отура берсек, мындай коогалуу окуялар дагы тутанат.
- Сиз көбүнчө таарынычыңызды билдирдиңиз окшойт...
- Кыргыздын башына күн түшүп турганда кыргыздын мыкты деген уулдары четке чыгып байкоочу болуп отурганына нааразымын.. Алар кыргыз эмес. Кыргыздын эсебинен байып, чычайып турушат. Ичинде Акаевди да, Бакиевди да жакшы көрүп турушат. Эртең аларды "келсе экен" деп турушат. Булар патриот эмес. Кыйналышта ким болбосун жардам бериш керек элине. Ата-Түрк: "эл-журт, мага жардам керек. билимдүү түрк кыз, билимдүү түрк жигит керек, ал кайсы региондон болбосун" деген . Мына ошону жасады. Азыр Түркия дүйнөдөгү он мыкты өлкөнүн бири. Ушундай болсо, ким таарынат бийликке! Бийликти - байлык деп түшүнгөндөр бийликтен эртең эле шыпырылат. Бир күндө үч министрди алмаштыргандан түңүлсө болот да. Элге жек көрүндү болбош керек. Мен УӨкө айтайын дегеним, нааразылык деген эмнеге айланып кетээрин көрүп калдык .Элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек.
- Ошентип эле ант берип жатышат го...
- Ант бере беришет экен. Акаев да, Бакиев да анттарды аянбай беришкен. Ант бергенди - ант урат! Бүгүнкү кылган ишин таразалап көрүш керек. Айтайын дегеним, айылда бышып жеткен проблемалар аябай көп экен. Анын баары Кудай буюруп, референдумду жакшылап өткөрүп алсак, баары жазылат...
Маектешкен Нурбүбү БӨДӨШОВА.





"Эркиндик" партиясынын саясий бюросунун мүчөсү, коомдук ишмер Анаш КАДЫРОВА:
"Уурусу күчтүү болсо - ээсин доого жыгат..."
(Башталышы 9-бетте)
Бардыгы толук жазылбаганы менен негизги себептери ачылып берилген. Азыркы окуя деле ошого окшош сценарий менен даярдалганын Ошто жашап, көздөрү менен көрүп күбө болгондор далилдеп айтышууда.
Эң негизги себеп катары, өзбектерди кыргыздарга ар кандай жолдор менен кайраштырып, уюштурган бузукулардын арам иш-аракети жана аргасыздан аларга каршы өлүп калбас үчүн жана кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн коргоп, Ошту сактап калыш үчүн көтөрүлгөн кыргыздардын ортосундагы кандуу кагылышуу болгонун айтышууда. Оштогу окуя сепаратисттик мүнөздө болгондугун өткөндө тарых иликтөөчү Байас Турал телекөрсөтүүдө ынанымдуу далилдебедиби.
Айырмасы, 90-жылы мынчалык көп миңдеген өзбектер Өзбекстанга өтө качкан эмес. Кыргыздар гана тоо аралап айылдарга качышкан. Азыр деле кыргыздардын көбү тоо тарапка качып алардын эсебин алган киши жок. Дагы бир айырмасы, 90-жылдары снайперлер болгон эмес. Мында снайперлер далай эрди өлтүрдү.
Окшоштугу, бирдей эле убакытта Оштун бардык жеринен өзбектер куралчан чыгып, тынч жаткан кыргыздарды аткылап, өлтүрүп киришкени жана окуянын түштүктүн көп региондоруна дароо жайылышы болду.
Мындан сырткары, 90-жылдары да, азыр дагы кыргыздарда автомат, мылтык жок, колдоруна таяк, арматура кармап, татыратып атып аткан окко каршы барышкандыгы - дагы бир окшоштугу десем болот. Эми болору болду.
Эң негизгиси, тартипти орнотуш үчүн Убактылуу өкмөттүн жетекчилери эл колдоосуна таянып, бузукуларды тазалап, зыянсыздандырышы керек. Өзбек эли да бийликтен ошону күтүп атат...
- "Бакиевдин күчтөрү уюштурду" деп жатышат. Башка күчтөр дагы барбы?
- Бул боюнча официалдуу маалыматтарда жар салып эле атышат. Аны кайталап отурбайын. Тактап айтсам, ким уюштурганын Коопсуздук кызматы, Ички иштер кызматы жана башка кызматтар аркылуу аныктап, тактап, эл алдына алып чыгыш керек. Саясий баа бериш керек. Токсонунчу жылдарга да, Аксы окуясына да баа берилбей калган. Ак-карасын, кимдер уюштургандыгын аныктап элге көрсөтүп, жазалаш керек. Ошондо элдин көкшүнү сууйт. Эгерде андай болбосо, уюштурганга тиешеси барлар азыр жашырынып калат да, кайра эле карапайым калкты курмандыкка чалган бузукулугун улантышы мүмкүн. Айкөл кыргыз эли "элдешели, ынтымакка келели" десе өзбек махалалары тосуп койгон баррикадаларын албай каршылык көргөзүп жатышат. "Уурусу күчтүү болсо - ээсин доого жыгат..." деген ушул да.
- Гуманитардык жардам боюнча ар кандай сөздөр айтылып жатат?
- Бул, гумжардам деген нерсе- ар бир кишинин өз эрки менен маданияттуу түрдө кайыр берүүсү болуп эсептелет. Гумжардам бергендер өзүлөрүнүн тиричилиги үчүн жумшай турган каражатты берип атышат. Чоң соопчулук иш кылып атышат.. Анан ушул кайыр-садаганы бөлүштүрүп алган, же сатып, үчүн пайдаланган адам эзели жарыбайт. Кудай жазалайт. Бул көпчүлүк эл курган көпүрөнү бузгандай эле чоң күнөө болуп эсептелет.
- Коомдук ишмер жана Ошто жашап-иштеген атуул катары Сиз кандай жардам бердиңиз?
- "Гумжардам туура эмес бөлүштүрүлүп атат" дегенди угуп, тааныштарыма жекече жардам жөнөтүүгө аргасыз болдум. Анткени, 91-жылдары Кетмен-Төбөдө катуу жер титирөө болгондо айылым Толукка баргам. Ошондо гумжардамга келген фин үйлөрүн жана башка керектүү материалдарды туура эмес бөлүштүрүлүп аткандыгын көрүп, КТРге келип атайын топ менен сындап телеберүү даярдаткам. Анын жыйынтыгы чыгып, элге бөлүштүрүү тартипке салынган, шылуундардын бети ачылган.

- Референдумду өткөрүү боюнча ар кандай пикирлер, сындар айтылууда?..
- Биз мамлекеттүүлүк үчүн, улуттуулугубузду сактап калыш үчүн референдумду өткөрүп, укук талаасына чыгышыбыз зарыл. Бизде азыр башка айла да жок. Көрүп турасыздар, өлкөдө, сыртта абал кооптуу болуп турат. Бирок, КР жаңы Конституциясын өзүнчө бланкага, өткөөл мезгилдин Президентин өзүнчө бланкага чыгарыш керек эле. Же болбосо, КР жаңы Конституциясын кийинкиге кое туруп, өткөөл мезгилдин Президентин өзүнчө шайлап алып, бир баш болуп иштей берсек болмок.
- "Эркиндик" партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев жөнүндө газеттерде аны сындап атат го?
- Сын деген обьективдүү болуш керек. Топчубек Тургуналиев А. Акаевге чейин демократ болуп, Акаевди бийликке "илимдүү экен" деп алып келгендердин бири, Ал ишенимди актабай койгондон кийин ачык каршы чыгып, күрөштү. Анан бийликке келген К.Бакиев да ишенимди актабай калганда, ага да ачык каршы чыкты. Биз аны "Топчуке, сизди жок кылып койбосун, этият болуңуз" десек "өлө турган адам, үйдө деле өлөт, чындык үчүн кыйкырганым - кыйкырган" деп ири алдыда жүрдү. Т. Тургуналиев иштин көзүн билген, кайсыл кызматты болсо да аткара ала турган тажрыйбасы мол, адилет инсан. Анан, аны кызматка койбой, иштин көзүн билбеген, куру кыйкырык, тажрыйбасы жок адамды кызматка коюш керек беле? "Сын - обьективдүү болсун" дегеним ушул.
- Коомдук иштериңиз кандай? Мындан сырткары ыр-чыгарма жазат деп угуп атабыз?
- "Эркиндик" партиясында эркиндикти сүйгөн, эркиндикти жактаган адам катары коомдук иштерге катышам. Мектепте, студент кезде ыр жазчумун. Кийин Ошто диктор болуп иштедим. Андан кийин жетекчиликте, коомдук иштерде жүрүп, колум тийген жок. Азыр илхам келгенде ыр жаза коем. Мына бул ырым кыргыз-өзбек тууралуу.
Эл башына үйлөп кара булутту,
Эл бузарлар бөлөт дайым улутту.
Бир короодо миң жыл жашап келген эл,
Бүгүн неге туугандыгын унутту?

Кыргыз-өзбек - куштун эки канаты,
Түбү бирге түрк атанын баласы.
Бир тууганга кылган күнөө уктатпайт,
Бизге азыр болбойт эч ким арачы.

Эгиз элдин бирге жолу, өткөнү,
Кубанычы, кайгы жашын төккөнү.
Кыргыз-өзбек таарынычты унутуп,
Сактагыла, коргогула өлкөнү.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз!

Даярдаган
Нурбүбү БӨДӨШОВА