Үнүмдү угаар бекен... "Жерүйдүн" келечегин ким калыс чечет? Акыркы убакта массалык маалымат каражаттарында бир нече жолу "Жерүй" алтын кени боюнча макалалар чыкканына күбө болдук. Макалалар менен таанышып, мен дагы Жерүйгө кайдыгер карабаган, Кара-Ой айылынын тургуну катары, өз оюмду айтууну туура чечтим. Себеби, Фрунзедеги Тоо-кен факультетин бүтүргөндөн кийин биринчи эмгек жолумду "Жерүй" геологиялык чалгындоо партиясында, геологиялык изилдоо иштери бүткөнчө, катардагы горный мастерликтен, башкы инженерлик кызматта иштегем. Кыргызстандын тоо-кен тармактарында үзгүлтүксүз 20 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Азыркы убакта "Талас Голд Майнинг Компани" (ТГМК) жабык акционердик коомунда Генералдык директордун өндүрүш боюнча орунбасары болуп иштейм. Эми "Жерүй" алтын кенинин чубалып келе жаткан чыры боюнча кыскача маалымат берейин. "Жерүй" "Кумтөрдөн" кийинки эле казып алууга даяр 74 тонна алтыны бар кен байлык. Биринчилерден болуп "Жерүйгө" 1991- жылы америкалык "Моррисон Кнудсен" компаниясы келген. Андан кийин 1997-жылы канадалык "Камеко" компаниясы келип, бир жылга жетпей ар кандай себептер менен жумушун токтотуп кетип калышкан. 1998-жылы дүйнөгө белгилүү, алтын кен казуу жагында тажрыйбасы бар англиялык "Оксус" компаниясы келген. "Оксус"тун астындагы "Норокс Майнинг" компаниясы "Кыргызалтын" менен биргелешип "Жерүй" алтын кенин иштетүү үчүн "ТГМК" ЖАК түзүшкөн. Айтып кетсем, "ТГМК" иштеп турган кезде компанияда 700 дөн ашык тургундар жумуш орду менен камсыз болуп, үй-бүлөлөрүн багып турган. Мурдагы талап тонолуп бүткөн имараттарды европалык стандарттагы жумушчулар үчүн жатакана, складдарды, административдик имаратын, ашканасын жана башка өндүрүшкө керектүү объектилерин курган. 23-майда 2005-жылы "Геология Агеттигинин" директору Мурзагазиев Ш., "Кыргызалтын" ААК Президенти Матеев У. менен биргелешип, биринчи Вице-Премьер Министр Керимкулов М. № 1/737 катында "МамГеология Агенттиги" жана "Кыргызалтын" ААК мурункудай эле "ТГМК"га лицензияны кайтарып берүү максатка ылайыктуу, "Жерүй" алтын кенин иштетүүнүн башка варианттары, бул проекттин ишке ашуусун жок эле дегенде 2-3 жылга созулуп кетет деп билдиришкен. 2005-жылдын август айында Талас облусунун губернатору Айдаралиев И. президент Бакиев менен "Жерүй" маселеси боюнча сүйлөшкөнүн айтат. Айдаралиевдин айтымында ал президентке "Жерүй" алтын кенинин иштери, проекттин каржылоосу жөнүндө, "ТГМК"дан түшүп жаткан салыктар боюнча, мамлекеттик органдардын "Жерүйдүн" үстүнөн жүрүп жаткан көзөмөл боюнча толук маалымат бергенин айткан. Ага президент Бакиев, "Жерүй"дөгү курулуш - монтаждык иштерин тездетүү боюнча талап койгонун билдирген. Ошого карабастан, 2005-жылдын 14-ноябрында премьер-Министр Кулов Ф. "ТГМК"нын Генералдык директоруна жөнөткөн №15/2-70 катында:"Эл аралык юридикалык фирманын жана Кыргызстандык юристтердин чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Жеүйдүн" лицензиясын "ТГМК"га кайтарып берүү мүмкүн эмес" деп жооп берген. Ошентип, 2006-жылдын мартында жаңы эле уюшулган, уставдык капиталы 35 миң. евро, алтынкен казуу жагында эч бир тажрыйбасы жок "Глобал Голд" компаниясына тендери жок эле Б. Березовскийге байланышы бар экени билинген компанияга, Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен "Жерүй" алтын кенинин лицензиясын берип коюшкан. Эч тажрыйбасы жок, каражаты далилделген эмес компания төрт жылдан бери курулуш иштерин баштай элек. Эгер "Жерүйалтын" компаниясы чынында эле туруктуу, акыйкатту инвестор болсо, өндүрүш иштери менен алек болмок. Анын ордуна булар курган "ТГМК"нын объектилеринин баарын М. Бакиевге таянып, күч менен тартып алышкан. Азыркы кездеги алтындын баасы менен алтын чыгып калганда Кыргызстанга көп пайдасы тиймек. Эртең алтындын баасы түшүп кетсе, дагы эле кыргыздар утулат. "Жерүй" алтын кенин өз каалоосундай, эч бир Кыргызстанга пайдасы жок шартка чечкен адамдар азыр деле сыналгыдан түшпөй акыл айтып, кээ бирлери ошол эле кызматтрында иштеп жүрүшөт. Ал кезде Бакиевдерге жагыныш үчүн, камчысын чаап "Бөрк ал десе, баш алып келсе" азыркы кезде ошолордун оңолуп Кыргызыстан үчүн иштерине коз жетпейт. Акыркы маалыматтарга караганда "Глобал Голд" компаниясын изин жашыруу үчүн "Консалитейт" компаниясына сатып жиберди деген сөз жүрүп жатат. Убактылуу Өкмөттүн ушул убакка чейин "Жерүй" маселесин билип туруп "Глобал Голд" Бакиевдердики экенин унутуп коюшкансып, унчукпай келе жатканы түшүнүксүз. Азыркы кезде Кыргызстандын өнүгүшүнө тиешелүү маселелерди көтөрүүнүн жана улутташтыруунун ордуна, кызматка өз кишилерин койгонго, партиянын иштерин алып барууга, пансионаттарды менчиктөөгө ж.б. иштерге алек болуулары туура эмес деп ойлойм. Азыр көпчүлүк, эл баарын түшүнөт жана баарын билет, туура эмес иштер болуп кетсе чыдап карап турбайт. Эгерде, дагы эле жең ичинен өз билгендерин кыла турган болсо, анда алар да Бакиевдердин таз кейпин киери бышык. 2006-жылдан бери "ТГМК" компаниясы куруп койгон алтын ылгоочу фабриканы кайтаруу ишин гана жүргүзүп келе жатат. Акыркы төрт жылдын ичинде Максим Бакиевдин буйругу менен ар кайсы мамлекеттик органдардан жалган жалаа менен 8 соттук иск берген, ошонун баарынан "ТГМК" тараптан законду бузуулары жогун далилдеп келе жатабыз. "ТГМК"нын объектилерин тартып алгандан кийин "Оксус" компаниясы ошондогу бийликтин кылып жаткан туура эмес иштерин көрүп, "ТГМК"ны Казахстандын "Казахалтын" компаниясына сатып жиберишкен. 2009-жылдын сентябрь айында Россиянын "Полюс Золото" ААК "Казахалтын" компаниясын сатып алып "ТГМК"нын ээси болуп калган. Айта кете турган нерсе, "ТГМК"нын акционери россиялык "Полюс Золото" компаниясы, дүйнөдөгү алтын казуу боюнча эң чоң беш компаниянын катарына кирет. Бир жылдык алтын чыгарган көлөмү 40 тоннадан ашат, 3118,4 тонна көлөмдөгү камылгасы бар, Россия эле эмес дүйнө жүзү боюнча 20 дан ашык алтын чыгарган фабрикалары бар. Иштеп турган жерлердин бардыгында социалдык багыттагы компания катары белгилүү. "Полюс Золото" ААК социалдык жактан жоопкерчиликтүү, жана иштеген жерлеринин баарында экономикалык, социалдык жана маданияттык турмушуна активдүү катышып келет. Иштеген жерлердин көп жылдык өнүгүү программаларына жана социалдык инфраструктуранын өсүшүнө өзгөчө маани берет. "Полюс Золото" каржы маселеси боюнча толук ачык айкын принцибин кармап, салыктардын бардык денгээлин толук төлөп, ар дайым маданият жана билим мекемелерине көмөк көрсөтүп жүрөт. "ТГМК"га "Полюс Золото" келери менен лицензияны алары чечилгенче эле, специалисттер келип, "ТГМК"нын объектилерин көрүп биринчи эле калдык сактоочу жайды калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарышты. Азыркы күндө, рекультивациянын иштеринин проекти түзүлүп, мамлекеттик органдардан экспертизадан өтүп жатат. Проект даяр болсо эле калдык сактоочу жерди кайра калыбына келтирүү иштери башталып, жыл аягына чейин негизги жумуштар бүтүп калат. Андан башка, ошол салынган калдык сактоочу ордуна, жер кыртышына келтирилген зыян үчүн төлөнүүчү 2 108 100 сомду жакын арада компания төлөп баштайт. Социалдык жактан дагы иштер жүрүп жатат. Биринчилерден болуп, 6-7-апрелде курман болгон 6 Таластын шейит кеткен уулдарынын үй-бүлөлөрүнө 20 миң сомдон жардам көрсөтүлдү. 9 -май Улуу Жеңиш күнүнө карата 3 согуштун жана 22 эмгектин ветерандарына белектер берилди. Талас областтык музыкалык мектебинин астындагы "Кыялкеч" бий тобуна Турцияга Эл аралык конкурска катышып келүүгө жол кире катары жардам көрсөттүк. Жаз убактысы болуп, ирригациялык каналдарды ордуна келтирүү максатында, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өтүнүчтөрү боюнча ар кандай жардамдарды берип келүүдө. "ТГМК" ЖАК 2010-жылдын 6-7-апрельде жабыркаган Талас мамлекеттик областык администрациянын имаратын калыбына келтирүүгө 200 миң сом турган кеңсе эмерек жана компьютердик жабдыктарын тапшырдык. Андан башка, түштүктө болуп жаткан коогалаңдуу кырдаалга байланыштуу кыйналып турган Оштук жана Жалал-Абаддык туугандарга мүмкүн болушунча, жардам катары 100 миң сомго тамак-аш оокаттарын жибердик. Берип жаткан жардамдарды дагы үзбөй уланта бермекбиз. Маалыматтын аягында, жаңы Өкмөт жеке кызыкчылыктарын четке коюп, "Жерүй" кенинин тагдырын Кыргызстанды өнүктүрүүгө салымы боло тургандай кылып, аракетин жумшап, калыс, ачык айкын чечет деп ишенем. Бакыт Сейталиев, Тоо-кен инженери, Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургуну Талас району |