Ишенгиң келбейт…
Коомчулукта Убактылуу өкмөттүн кадыр-баркына доо кетип турган учурда дагы бир такталбаган маалымат редакцияга келип түштү. 10-июнь түнү Ошто тополоң башталып, бейкүнөө адамдар каза таап жатканда, Убактылуу өкмөттүн айрым лөктөрү баш болуп, таң аткыча айтылуу аты бар бир министрдин 60 жылдык мааракесинде чардап отурушкан имиш. Бир карасаң ишенгиң келбей кетет. Бирок, чоң эле кишилер айтып аткандан кийин шектенбей кое албайсың. Анын үстүнө Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү 11-июнь күнү теледен кызымтал жылмайышып интервью бергендеринде бир мандем бар.


Жапаровдун эшиктен кирип, тешиктен чыкканы эмнеси?
Негизи адам баласы башына кыйынчылык түшкөндө, Кудайга жалынып калаары белгилүү эмеспи. Акылбек Жапаров да, учурда мечитке каттап, Кудайдан кечирим сурап жүргөн убагы. Бирок, жарыктык киши Кудайдын үйү болгон мечитте да саясаттан сөз кылып, молдокелерди эриктирбей жүрөт. Акылбек Жапаровдун молдокелер менен жасаган мындай субхаттарынын бирине биз да күбө болуп калдык. Өткөн жума күнү Акылбек мырза мечиттин чайханасында отуруп, молдокелер менен ой да, саясат жөнүндө сүйлөштү дейсиз. Акылбек Жапаров жакында эле мүчө болгон "Ар-Намыс" партиясынын катары молдокелер менен толукталып калган болсо, анда бул Жапаровдун эмгегинин акыбети деп түшүнгөнүбүз туура.
Андан сырткары, Жапаровду жакында эле Жорорку Кеңештин эшигинен кирип, чыгаарда тешигинен (черный ход) чыкканын көргөндөр бар экен. Акылбек мырза неге Убактылуу өкмөттүн тешигинен чыгат, кимдер менен жолуккан? Же кызмат сурап кирип, пикир келишпей, чарт-чурт боло кеткенде, тешиктен чыга качканбы? Убактылуу өкмөттө андай чоң муштумдар деле жок эле? Бул суроолордун жообун бир Жапаров өзү гана билбесе...


Роза Отунбаева Жалал-Абадда болду
Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева түштүктөгү кандуу окуяларда талкаланган Жалал-Абад шаарына иш сапары менен барып, шаардын абалына тик учак аркылуу асмандан көз салды. Ошондой эле, Роза Отунбаева облустун жетекчилери жана коменданты менен жолугушуп, аймактагы кырдаалды талкуулап, жабыркагандардын ал-абалын сурады. Жолугушууда жергиликтүү тургундарга эркин микрофон берилип, алар Кадыржан Батыровду кармамайынча, тынчтык орнобосун Роза айымга катуу эскертишти. Чындыгында эле, бүгүн бүткүл Кыргызстанды Батыров неге кармалбайт? - деген суроо тынчсыздандырууда.


Түштүк Бек Борбиевдин да жүрөгүн канатып...
"Бүлдүрүш оңой бүтүндү, бүтөлбөйт кайра бүлүнгөн" деген чындык кептин астында бүтүндүүлүктү туу кылган ырчы Бек Борбиев, Түштүктөгү кырдаалды өз көзү менен көрүп келип, маалымат жыйынын өткөргөнүн коомчулук жакшы билет. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей, ал жактагы болгон чындыкты ырчы өз көзү менен барып көрүүнү ылайык көргөн. Кыргыз элинин башына каран күн түшүп турганда, элине кол сунуп, кыйналгандарга жарым миллион сомдук жардамын да берип келген.
Алааматты көргөндө, чыгармачыл жүрөгү зыркыраса керек. Зыркырады да, анткени ал чыгармачыл адам. Жерге кыямат келсе, курт-кумурскалар, ал эми элге кыямат келсе, оболу чыгармачыл адамдардын жүрөгү канайт деп айтылып келет эмеспи.
Ал жакта абал кыргыз телеси сайган саймадай эмес. Жаап жашырабыз деп ушул күнгө жеттик го. Же калппы. Элге эмес бийликке жакканды сайрайбыз деп эки бийлик "шейит" кетти. Ал жакта канчалаган адам өмүрү кыйылып, мамлекетибизди жоготуу деген чоң коркунучка кириптер болбодубу. Мындай кырдаалда күчтүү, бирдиктүү идеология жүргүзө алдыкпы? Кыргыз кыйынчылыгын өзү жеңиш керек. Жаманчылыкта бир бололу дегибиз келет.


Ош жана Жалал-Абад шаарлары кайра курулат
Ишемби күнкү жыйында Убактылуу өкмөт ушул боюнча эки декрет кабыл алды. Анын биринчиси менен Ош, Жалал-Абад шаарын кайра куруу жана өнүктүрүү боюнча дирекция түзүлгөн. Ал дирекция кыска убакытттын ичинде бул эки шаардын генералдык планын иштеп чыгып, ошонун негизинде чон, курулуштарды баштайт. Ага Өнүктүрүү фондунда турган акча каражаттары бөлүү каралууда. Бул боюнча, каржы министри Темир Сариев билдирди.


Референдумда добуш берүү жеңилдетилди
"Жарандардын референдумга катышуу укугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар" жөнүндө Убактылуу өкмөттүн ишембиде кабыл алган декретине ылайык, Кыргызстандын атуулдары 27-июнда кайда болбосун добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул чечим, түштүктөгү окуялардан көптөгөн шайлоочулар качкын болууга аргасыз болуп, шайлоо күнү өз участокторунда болбой калышынан улам кабыл алынган. Мындан тышкары, референдум күнү коомдук коопсуздук күчөтүлөрүн Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Эркин Баев билдирди. Анын айтымында,референдум күнү коопсуздукту жана тартипти сактоо үчүн бардык күч структуралары тартылат жана ага элдик кошуундун өкүлдөрү көмөктөшөт. Шайлоо күнү, ар кандай терракт актылары, жардыруулар болуп кетиши мүмкүн экендиги айтылууда.


Качкындар кайтып келүүдө
Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч. Кандуу окуяларда Өзбекстанга кире качкандар кайрадан өз үйлөрүнө кайтышууда. Өткөн күнү эле кайра келгендердин саны 7 398 адамды түзгөн. Ага чейин да бир нече миң адам кайтып келген болучу.


"Алиби" пресс