Философиялык эссе

Санат
Укмуштуудай шайкештик
бар дүйнөдө,
Аны адамдар тааный албай жүрөбүз.
Алдуу болсок байкуштарды кор
кылып,
Дөгүрсүгөн кыял күтүп көңдөйбүз.

Өзү бүтүн өмүргө эгиз төрөлгөн,
Таң каларлык гармония
бар дүйнөдө.
Адам болуп бул
турмушка шаңкайып,
Сездиңерби силер аны өмүрдө.

Адам кейпин кийген менен а бирок,
Айбан болуп тургандардан
коркомун.
Күчтүүлөрү алсыздарын муунтуп,
Адамдык нарк тайгандыгын
жоктодум.

Бул дүйнөдө баары шайкеш. Ар нерсенин өз орду бар. Алар жөн жерден эмес, тегин жаралбаган. Ар нерсеге аяр мамиле кылып жырткычтардан сактаныш керек. Өз дүйнөңдөн ыркырап чыккан айбанды убагында токтото билсең - азаматсың. Адам болуп турганың да, эрдигиң да ошол . Сабыр кылганды үйрөн. Жети өлчөп, бир кескенди бил. Алабарман, кара ,жин кыялдан арыл. Жамандык кылба. Жамандык кылгандын өзүнө жамандык келет. Колуңдан келсе, жакшылык кыл. Жакшылык кылгандан танба. Мээнет менен өмүрдү сүйүнтүп жаша.
Биз өзгөчө көзү бар дүйнөдө жашап жатабыз. Баарыга тең теңирдин мыйзамы бар экенин ар бир адам эстеп жүрүш керек. Кудай ар бир пендеге кылган ишине жараша акыры өз энчисин берет. Муну эстей жүргөн абзел. Кудайга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирип жашаганга үйрөн. Ал үчүн абийириң таза болсун.
Дайыма сабыр кылып өзүңдү кармай билгениң, бул чоң дөөлөттү сактап турганың. Сабыр кылганды билбесең, баары түккө арзыбай калат. Сабыр кылганды билбесең - там-таш, дүйнө-мүлк, Ак сарай, самолет эмес, өз шаарыңды, сага кымбат өмүрлөрдү сактай албай каласың. Тээ эзелтен "сабырдын түбү - сары алтын" деп келген кыргыз элинин генийин көрдүңүзбү.
Адамдын эң чоң байлыгы - ден соолугу, бактысы болсо - аман-эсен жүргөнү. Бул дүйнө-өмүрдү тогоштуруп турган керемет күч, көрөңгө, кудайдын кудурети ыйгарып турган гармония башаты. Адамдын ден соолугу менен өмүрү болбосо, ага жыйып койгон дүйнөнүн, заңгыратып салып койгон ак сарайлардын кажети канчалык. Биз үчүн эң башкы байлык - адамдын өзү. Адам жок болсо, дүйнө ал үчүн жалп өчөт. Ошондуктан аман-эсенчиликти чоң дөөлөт деп коебуз. Жараткан бак-таалайды алтын-зер мыкчыган төрөпейил жанга да, таман акы маңдай тери менен күн көргөн адамга да бирдей эле жиберет. Материалдык байлык, адам башын айландырган мансап дарты, үстөмдүк корстондугу бактылуу болуунун символу же чен өлчөмү эмес. "Адамдын алтын башы аман болсо, акыры алтын аяктан суу ичет" деген элдик философиянын аалам кезип, космоско чыгып турган улуулугун, айкөл чабытын, айбарланган айкөл дүйнөсүн көрдүңүзбү. Адам баласынын бешенесине теңирдин жазган тагдыр жазмышы ушундай. Ал чексиз ааламга айкашып, кайталангыс ньюанстары жана контрасттары менен бүтүндөй дүйнө өмүрдү тербеп, түбөлүктүүлүктүн жаркын гармониясына угут болуп уюп турат.
Кийинки кезде ушулар туурасында көп ойлонуп, четинен ак кагазга түшүрүп келем.

Меңдибек Асылбеков,
эркин журналист, акын-публицист