Тагдыр

Көлөкө
(Уландысы.Башы өткөн санда.)
...Бул убакта таң кулан өөк салып бараткан эле.
Жаңы эле көзү илинген Дамира эшиктин катуу түрсүлдөгүнөн ойгонуп кетти. Тура калып чуркап жөнөдү. Эшикти шарт ачып жиберди. Жанчар экен деп ойлогон. Жо-ок, эшиктин алдында Жанчардын досу Капаш туруптур. Анын артында аялы, кошуна келиндер...Жүрөгү болк дей түштү!
- Айланайындар, деги тынччылыкпы?! -деп чаңырган Дамираны келиндер келип эле колунан кармап калышты.
- Дамира, кайрат кыл, кагылайын!!!
ХХХ
...Ошентип, отуз жашка жетпей сүйгөн жарынан ажырап, кара жамынып отуруп калды Дамира. Ошо баягы караңгы түн Жанчарын алып кете берди. А күнү кечке иштеп чарчагандарына карабай, талаадагы чөптү маялап үйүп коелу деп баарылап аракет кылып жатышкан чарбадагылар. Анүстүнө, төрт-беш машинелик эле чөп калган. Кашайып, акыркы чөптү жүктөгөн Айнабектин машинеси кырга барганда туруп калбадыбы. Караңгы кирип, калган болучу бул маалда. Алдыда бараткан Жанчарга бипилдетип сигнал берип, кайра кайрытты. Экөөлөп, арттагы машинени алдыдагы машинеге чиркеп жаткан болучу. Аңгыча эле болбой, кырдагы машине чөп-сөбү менен ылдый жакка жылып жөнөдү. Караңгы түндө кашайып, экөө тең байкабай калышты. Зырылдап жакын келгенде "Аай!" деп ачуу чаңырып эки жакка качышты. Бирок, арттагы машине келип алдыңкы машинени ушунча күү менен сүзүп, экөө тең кырдан ылдый томолонуп кетти! Булардан мурда кеткендер ар кимиси өздөрүнүн чөбүн түшүрүп, үйүнө кетишкен. Ошентип, бир гана караңгы түн күбө болгон окуядан Айнабектин чымын жаны араң калып, райондук ооруканага жеткирилип, Жанчардын жанчылган денесин машиненин алдынан араң алып чыгышыптыр...
ХХХ
- Боюнда бала калыптыр, шордуу Дамиранын...- деп бирөөлөр айтса, экинчилери:
- Кызы менен эле калса болмок экен. Жаш да, дагы деле бирөөнүн этегин кармап кете бергенге оңой болмок да,- дешип шыпшынышчу болду. А Дамира "өлгөндөн калгандарым, кызымды жалгызсыратпай, эми эптеп төрөп алайын, анан да кудайдын айтканы болоор" дейт өзүнчө.
Ошентип, айы-күнүнө жетип, Дамира эркек уул тапты. Ымыркайга ысымды кайненеси, Жанчардын апасы койду.
- Төлөгөн,- деп коелу. Жанчарымдын атын өчүрбөй, төлөп берди, жараткан...- дегенине Дамира да макул болду. Уулу да кудум Жанчарынын оозу-мурдунан түшүп калгандай. Дамира бир эсе бөксөсү толгондой кубаттанса, бир эсе балдарынын атасыз чоңоеорун ойлосо эсеңгиреп кетет. Бу жашоонун ушундай бир татаалдыгына баш чайкап кейип, эч ким жокто көлдөтүп көз жашын төгүп да алат. Анын шишиген көздөрүнөн эле ыйлаганын сезген кайненеси:
- Ыйлаба, Дамира, эми эки баланын амандыгын тилейли. Кантели, баары буйруктан болот, бешенедеги жазуудан болот экен. Али сенин алдыңда бир өмүр жатат. Балдарың кичине, жаш. Буларды чоңойтуп-чочойтуш үчүн канча күч керек. Ошон үчүн сен өзүңдү өзүң сакташың керек. Балдарың үчүн белди бек бууп, өзүңө өзүң бекем болбосоң, бу турмуш адамды тез эле сындырып коет...- деп ар бир отурганда кобурай берет. "Чын эле" деп кайраттанганы менен, кайра эле жүрөгү сыздап ичи өрттөнүп кетчү...
Ушундай күндөрдүн биринде адам турмушунда жолукчу эле кадыресе окуя болуп өттү. Кадыресе болбогондо, аны эмне деп айтышыбыз керек. Жашоо улана берет экен. Ошон үчүн "өлгөндүн артынан өлбөйт", "өлгөндүн өз шору" деп айтышат да. Дамиранын тагдырына Сарпек тартылды күндөрдүн бир күнүндө.
ХХХ
Уул-кызын ээрчитип ата-энесинин үйүнө барган. Көптөн бери келбеген кызын "ысык шорпо-шилең ичип кетсин" деп атасы айылдан оо бир топ чакырымда жайгашкан кыштоого ат минип жөнөдү. А жакта досу Сарпек мал бакчу. "Ушинтип, кызым балдары менен келип калыптыр" десе, "Анда, мен эле бир козу союп берейин" деп досу бир семиз козусун бөктөрүп алып айылга түшөт. Ошол замат козу союлуп, дасторкон даярдалып, кошуна келиндер казан башында каралашып жүрүштү. Ошо дасторкон үстүндө отуруп, атасынын досу Дамирага бул жашоонун жакшы менен жаманы, оору менен жеңили, кайгысы менен күлкүсү тизгиндешип, аралашып жүрөрүн кеп кылып отурду.
- Дамира, башыңды көп эле жерге салып, жаш жаныңды сар-санаага мала бербе, бу тагдыр ар бирибиздин башыбызда турат...-деп оор үшкүрүнгөн чабанды Дамира биринчи ирет көңүл бөлүп карады. Келиндин бет маңдайында кара торусунан келген алибеттүү, зоңкойгон адам отурду. Бир кезде, Дамира кичинекей кезинде, ушу киши бир топ сулуу көрүнчү. Атасына көп келген кишинин улуулугунан гана ыйбаа жасабаса, Дамирага ал жакчу. А негизи, ал деле Дамиранын атасынан он чакты жашка кичүү болчу. Бирок, чогуу иштешип, анүстүнө, ынак болушкандыктан улам экөө достошуп кеткен.
Ошо досу, Сарпек абасы мына бүгүн коңур үнү менен Дамиранын бет маңдайында отурду. Анын Акылай, Салтанат деген кыздары менен эчен ирет чогуу ойноп, бирге жүрүшкөн. Бата тартылып, колго суу куюлуп, коштошуп чыгып бараткан Сарпек дагы бир ирет:
- Жакшы тур, Дамира. Белиңди бекем буу,- деп келиндин колун катуу кысты.
...Дамира алаканына чок түшкөндөй ысып чыкты. Деги эле, жана дасторкон үстүндө отурганда эле Сарпектин көздөрүнө тик багалбай кызыктай абалда отурган. Баарынан да өзүнө таң калган. "Деги эмне болуп турам? Жанчарымды унутуп баратамбы? Аны кантип унутайын?!" деп өзүн өзү тыйганы менен, жүрөгүнүн бир башкача дикилдеп турганын тыя албады...
Мындан көп өтпөй, Дамира бир нече айылдын ортосундагы чоң дүкөндөн Сарпекти жолуктурду. Ал Дамираны көрө сала жаны калбай учурашып, балдарынын ал-абалын сурады. "Жакшы эле" деп нымтырап жер караган Дамиранын көздөрү жалжылдап, Сарпектин жүрөгүн өрттөп баратты. Ичинен: "О, кудай албагыр! Эри өлгөн келинге мынча көз арттым! Байкуш Дамира..." дегени менен, эркектик напсиси андан күчтүү болду.
ХХХ
Мезгил токтоп турбайт экен. Мына, кызы мектептен окуп, уулу Төлөгөн да көчөдө балдар менен чыбык атты ызгытып ойноп, чоңоюп баратты. Ага атасы тигинтип каза болгонун айтып, кулагын бышырып койгон чоң апасы. Дамира райондун борборундагы мектепке которулуп, ошол жактан мектептен там беришкен. Төргө Жанчардын сүрөтүн илип коюшкан. Атасы - ушул киши экенин, аты - Жанчар экенин апасы, чоң апасы, чоң атасынын айтканы менен билет. А кээде түшүнөн көрөт: атасы колунан жетелеп, ойноп жүргөн болот. Көчөдөгү балдар Төлөгөндүн атасына суктана карашат. Бою узун тура атасынын, анан аябай мээримдүү, боорукер экен. Айылдагы балдардын баарын ойнотуп жүрөт... Ошо түшүндө эле кайра атасы жок экенин, аны эчак, Төлөгөн төрөлө электе эле машине тебелеп кеткенин билет да, ыйлай баштайт... Атакелеп, артынан чуркайт. А мындайда атасы улам арылай берет... Төлөгөн болгон күчү менен чымылдап чуркаса да жетпейт!
Жүрөгү жарылып кете жаздап ойгонот. Жаздыгы суу... көз жашка чыланып ойгонот. Атасын аябай жакшы көрөт турбайбы, көрсө... Жана эле атасынын мойнун кучактап турганда эң сонун жытты жыттаган. Ата жыты... Аны жыттай албай калган Төлөгөн азыр эле көргөн түшү улам улана берүүсүн кудайдан тилейт...
Ошентип, өтүп аткан күндөрдө үйүнө кээде Сарпек аба пайда болуп калганына анча деле түшүнбөйт бала неме. А Сарпек абасы Төлөгөндөн эч нерсесин аябай, өткөндө белесебет сатып берди. Көчөдөгү балдардын баарына мактанып, чаң ызгытып белесебет тээп жүргөнүн көрүп Дамира ичинен сызган.
ХХХ
Кечке көчөдө ойноп жүрүп чарчаган Төлөгөн чоочуп ойгонду! Жүрөгү лакылдап калыптыр. "Апа-аа" деп жанында жаткан апасына кол созду. Апасы жок экен! Ордунан шак тура калып, оозгу бөлмөгө чыкты. Терезеден түшкөн айдын шооласынан апасы менен Сарпек абасынын кучакташып уктап жатканын көрдү.
- Апа-а! -деп катуу бакырып алган Төлөгөн эшикке атып чыкты. Кичинекей бала дайыма апасы аны менен бирге болот экен деп ойлочу. Андан апасын эч ким тартып албашы керек болучу. А тигинде, апасы Сарпек абаны кучактап жатпайбы!
(Уландысы бар)
Нурбүбү БӨДӨШОВА