Күйдүм чок...

Жапаровдун жоруктары
Айрым басылмалардын бирине президент Бакиев Курманбектин даана кызылдай куйругу экс вице -премьер Жапаров Акылбектин, Таластагы каргашалуу окуялар боюнча, "болору болуп, боегу кангандан" кийинки кыргызча-орусча тантыраган "аудиозаписи" жана интервьюсу жарык көрдү.


Кызыгы ал "аудиозапись" толугу менен жарыяланбай, кыскасын айтканда Жапаровго жагымдуу айрым кыскартуулар менен берилип, "сууга салса чөкпөгөн, отко кактаса күйбөгөн" атка конгон экс-вице -премьер Жапаров Талас элине тынччылык каалап баргандай эле көрүнүптүр. Андан да кызыгы Болот Шерниязовду " Вы же умный человек" деп ага тымызын мораль окуптур. Ошону менен бирге эле экс-премьер-министр Данияр Үсөновду элге жек көргөзүп, өзүн болсо арамзалык менен коомчулукка жакшы жагынан көргөзүүгө жандалбастаптыр.
Убагында президент Бакиев менен жабыша түшкөн сүрөттөрүн жанталашып гезит беттеринен түшүрбөскө чоң аракет жасачу эле, эми бүгүн минтип гезиттерге Шерниязовдун колтугуна башын каткан сүрөтүн жарык көрдүрүптүр. Баракелде! Жойпулуктун да чеги болуш керек го жолдош Жапаров? Андан да Жапаровдун күйгүзгөнү "80 ден ашык адамдын акыйкат үчүн өмүрлөрү кыйылганын мурунку бийлик да (өзүн айтып атат), азыркы бийлик да эстеринен чыгарбашы керек.
Азыркы саясий бийлик эл үчүн кызмат кылбаса, меникинен да кыйын саясий тагдырларга дуушар болушу мүмкүн" деп, өзүнүн Таластан өтө кордолгон тагдырын терең кайгыруу менен эскерип, бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө акыл үйрөтүп отуруптур. Күйгүзгүр. "Өлө албай жатып өлөң айтат" болуп атат дагы эле. Өзү эл үчүн кызмат кылып келгенсип. Деги, Жапаровдун ушинтип айтканга моралдык акысы барбы? Анткени, вице -премьер Жапаров өзү активдүү аралашып жүргөн өкмөт кыргыз элин кырып кое таштабадыбы! Бул факт. Натыйжада, Таластын эли экс-вице-премьер Жапаровду өкүртө токмоктогону аз келгенсип, Жапаровду кой короолоруна жетелеп барып, паспорт ала элек койлорбектердин "жыттуу" жерлерин кадимкидей жыттатып, Жапаровдун эсинен кеткис кылып өкүртө "сыйлашып", анан экс-вице-премьер Жапаровду туугандарына жакшы баага "пулдап" жиберишиптир деген сөз Таласта да, Бишкекте да аябай күч алууда жолдоштор.
Экс-вице-премьер Жапаров, досум генерал Конгантиев Молдомуса экөөбүз Таласка барып, ошондогу оппозиционер Шерниязовдун көпкөн туугандарын эки саатта эстерине келтиребиз, Бакиевдин уулу Максим Курманбекович экөөбүз өтө ишенимдүү ысык мамиледебиз, азыркы күнү мен жетектеген министрлик менен Максим досум жетектеген агентство биригип, бир чоң республиканын деңгээлиндеги финансылык проектини баштап атабыз деп элдин көзүнчө Максимге жүгүнүп, сыйынып, жаланып да жиберди эле. Антип жаланып атса да, Акылбек "очередной раз" суусап калган го - деп ойлоп койгонбуз.
Ал эми 2005-жылкы депутаттык ат салышууда өз жери жана эли Кочкорлуктарга барып, мени депутат кылбайсыңар деп эркелеп "дупль" мас болуп алып "беспредел" чыр чыгарып, Кочкорлуктарга каршы кадимки "Рембодой" талтайып туруп алып автоматтан ок жаадырып эрдик жасады эле. Анын үстүнө өзү да олбурлуу, "Рембого" окшоштугу бар дегеним да. Ошондон кийин Кочкордун абышка-кемпирлери "Рембо" Жапаровду көргөндө "ой балакетиңди алайын", бул биздин баягы көзгө атар мергенчи- министр балабыз Акылбек турбайбы - дешип кирээрге тешик таппай будуң-чаң түшүп калышат. экен. Андан дагы кызыгы, "снайперщик" Акылбек баарыбызды автоматы менен чайкап сулатып салбай, көзгө атар мергенчилигин көргөзүп өзүнүн депутаттык шайлоодогу атаандашы, Кочкор элинин атасы болгон урматтуу Турдакун Усубалиевичтин жээнин эле жайлап кое жаздады деп, аман - эсен калгандары кудайга тобо кылып, келме келтирип жүргөндөрү андан көп. Бирок, кызыгы ушул факты боюнча кылмыш иши козголмок тургай, эч жерде катталган эмес. Жапаровдун кылмыш жоопкерчилигинен кутулуусуна ошол эле достору МВДнын министри Конгантиев Молдомуса менен Максим Бакиевдер аябай чоң көмөк көрсөтүшкөн деп "Рембо" Жапаровдон кордук көргөн кочкорлуктар ушу күнгө дейре чоң "ыраазычылык" менен эскеришип, "көңүлдүү" жүрүшөт.
Ал эми бүгүнкү күнү Жапаров "Азаттык" радиосунан, өзү буттарын жалап-жуктап, өөп жүргөн президент Бакиев Курманбекти, анын уулу өзүнүн кан досу Максим Курманбековичти душмандарындай жамандап кирди. Ошолордун арты менен адам болуп, тынып алганын кантип танат. Бул Жапаровдун түбүнөн ушундай, өзүнө жакшылык жасаган адамдарга карата жаманчылык жасаган акмакчылык "касиети" бар окшойт. "Аш менен урганды-таш менен уруп" дегендей. Дегеним, Бакиевдерден мурунку экс президент Акаевдин дагы көп жардамын жана жакшылыктарын алып, 2005-жылдын 24-марты күнү, түшкү саат 123 де өзү жанынан чыкпай жүргөн Аскар Акаевичтин кабагым-кашым дебей "кидайт" этип, Бакиевдердин төшөгүн эринбей издеп жүрүп таап, кылт этип башы менен сүзүп кирип кетип "төшөк жаңыртып", 2010-жылдын 5-апрелине чейин быкшып чыкпай койгон деп, дегеле жалпы кыргыз эли өтө "ыраазы".
Жойпу Жапаровдон тышкары, ага удаалаш эле Кочкордон дагы бир саясат талаасында сойкулугу чеңде жок сойку саясатчы (политическая проститутка) чыккан. Ал сойку саясатчы дагы убагында Аскар Акаевдин баш жана бут кийимдерин көпчүлүктүн көзүнчө эч тартынбай (телевизордон) колу менен эле күбүп сүрбөстөн, "тили" менен да жалап жедеп "саясый- минетчилик" менен жашап калганын айдан ачык далилдеген.
Чиновник болуп туруп, ошентип өзүн-өзү кемсинтип шермендеси чыгып "мерзавец-подлиза" деген атка өзүнүн чайлаш жакын тааныштары тараптан конгон. Кызыгы жана таңкалычтуусу, бул "голубойдой" чоюлуп тымызын жүргөнү менен кеңири белгилүү сойку саясатчы "подлиза" бүгүнкү күнү өзүнө окшогондорду чогултуп алып, ар кандай коомдук жайларда бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жана кыргыз элине акыл айтып "морал" окуп жүрөт.
Автандил САКЫБАЕВ