Адам аласы-ичинде

Мелис Мырзакматовдун билинип-билинбеген жоруктары

"Алибиден"
Буга чейин эле Мелис Мырзакматовдун айланасында көптөгөн имиш-кептер жүрүп, аны кызматтан эмнеге кетирбейт деп, көптөгөн адамдар Убактылуу өкмөткө нааразы болуп келишкен. А бүгүн болсо, Оштогу коогалаңга шаардын мэри Мырзакматовдун түздөн-түз тиешеси бар экендиги ачык айтылууда. Бирок, Убактылуу өкмөт ага болбой эле, Мырзакматовдон коркуппу, же дагы башка себеби барбы, аны кызматынан кетирүүгө батына албай турат. Деги эле, түштүктөгү коогалаңдан кийин дагы, Мырзакматовго ишеним артып жаткан Убактылуу өкмөттүн аракетин кандайча түшүнөбүз? Угушубузга караганда, анын атайын даярдалган, тагыраак айтканда криминалдардан турган 100 чукул жигиттери бар. Аларды мэр өзү куралдандырып, ичиндирип жана багып келет. Мэр жыйын өткөргөн жайларда ал балдар: "Мырзакматов жашасын!!!" - деген сыяктуу ураандарды көтөрүп, көпчүлүккө аны мыкты адам катары көрсөтүүгө далалаттанышат. А карапайым эл, мунун атайын даярдалган сценарий экендигин кайдан билсин.
Ошондой эле анын орун басарлары Мырзакматовду ошко келген гум жардамды жең ичинен бөлүштүрүп жатат деп айыпташууда.


Бүткүл дүйнөдөгү эксперттер жана талдоочулар, саясатчылар жана саясат таануучулар, тарыхчылар жана этнологдор жүздөгөн курмандыктардын жана миңдеген качкындардын пайда болушуна алып келген Кыргызстандын түштүк шаарларындагы жана айылдарындагы кандуу кармаштын себептерин билүүгө аракеттенип жатышат. Бирөөлөрү, чыр-чатакты улут аралык жаңжал десе, башкалары буга криминалдарды жана наркобарондорду айыпташууда. Кай бирлери, бул үчүн үчүнчү күчтөр деп, тагыраак айтканда, мыкаачылык менен улут аралык жаңжалга от коюуну уюштурууга жана кыйратууларга Орусия менен Американын да катышы бар деп, айыптап жиберүүлөрүнө аз гана калышты. "Фергана.Ру" интернет гезити түштүктөгү бүгүнкү бийликтин эки өкүлүнөн-эки вице-мэринен интервью алган. Ал экөөсү бул окуяларга түз эле мурунку бийликтин өкүлдөрүн -Бакиевдердин кланын айыптап жатышат.


Эгер мага бир нерсе болсо,
буга Мелис Мырзакматов
күнөөлүү болот

15-июнда, шейшенби күнү Оштун вице-мэри Тимур Камчыбеков кызматынан бошоп калды. Анын кызматтан кетиши түшүнүксүз жана мыйзамдарды бузуу менен ишке ашкан. Тимур Камчыбековду кызматынан Ош шаардык администрация башчысы Мелис Мырзакматов кетирген. Окуя кандайча болгондугун Тимур Камчыбеков "Фергана.Рунун" башкы редактору Даниил Кислов менен болгон телефон аркылуу маегинде айтып берди.

- Камчыбеков мырза, сиз качан вице-мэр болгонсуз жана акыркы күндөрү - кандуу окуялар мезгилинде эмне менен алектенип жаттыңыз эле?
- Мен шаардык администрациянын орун басары болуп, апрель окуяларынан кийин элдик курултайда дайындалгам.
Бүгүн мына үч күндөн бери чатакташкан эки тарапты - шаардагы кыргыз-өзбек жамааттарынын өкүлдөрүн жараштыруу менен алектенип жатам.
- Сиз бул ишти кантип жүргүзүп жатасыз?
- Биз кыргыздар менен өзбектер чогуу жашаган жерлерге барып, жарандарды провокацияларга алдырбоого, таарынычтарды унутуп, өч алуудан баш тартууга чакырып жатабыз. Башаламандыкка ким күнөөлүү, аны менен акырындап тергөө органдары алектенет жана күнөөлүүлөрдү жазалайт. Бирок, биз баарынан мурда кан төгүүнү токтотушубуз керек. Көптөгөн кичи райондордо биз түшүнүүчүлүккө жетиштик жана биздин аракетибизди колдоп жатышат.
Бүгүн мен шаардагы кайсы бир кварталда аксакалдар менен элдешүү боюнча сүйлөшүп жатканымда, мэр Мырзакматов күтүүсүздөн эле мени өзүнө чакырып калды. Анын кабинетине кирип барганымда, мени отуз чакты куралданган балдар тосуп, мени кызматымдан кетүү боюнча арыз жазууга мажбурлашты. Мен "атып салсаң да, арыз жазбайм" деп айттым. Бирок, ал мени жумуштан өзү кетирерин айтты. Ошол эле учурда, ал менин ордума башка адамды дайындап коюптур. Чындыгында, орун басарларын жумуштан кетирүүгө же кызматка коюуга анын укугу жок.
- Мырзакматовдун кабинетиндеги куралчандар эмне болгон адамдар? Милиция кызматкерлериби же спецназбы?
- Жок, алар чың денелүү, спорт менен машыккан, куралчан балдар. Булар мамлекеттик укук коргоо органдарынын өкүлдөрү эмес.
- Окуя башталгандан бери биз менен сүйлөшкөн жергиликтүү тургундар бул окуяларга - мэрдин катыштыгы бар деп жатышат. Сиз кандай деп ойлойсуз?
- Бардык жерде эл мэрге нааразы болушуп, анын окуяга кандайдыр-бир катышы бар экендигин далилдеп жатышат. Биздин мэр-Мырзакматов-жүз пайыз Бакиевдин кызматкери.
- Эмне үчүн Убактылуу өкмөт аны кызматтан кетирип, Оштун мэрин алмаштырбайт?
- Акыркы бир жарым-эки айдан бери ал "эгер мени кызматтан алсаңар, жактоочуларымды көтөрүп, башаламандык уюштурам" деп, Убактылуу өкмөттү коркутуп келүүдө.
Ошондой эле, белгилеп койгум келет, эгер мага бир нерсе болсо, буга мен алдын ала Мырзакматовду күнөөлөйм.

Бакиевчилердин экинчи реваншы
Тимур Камчыбеков менен бирге Ош шаардык администрациясынын башчысы өзүнүн экинчи орун басарын - Бакыт Аманбаевди да кызматынан кетирген. Ал мэрди гуманитардык жардамдарды өзүнүн ишенимдүү адамдары аркылуу гана бөлүштүрүп жаткандыгын айтты.
- Мелис Мырзакматов башынан эле Бакиевдин кишиси. Революциядан кийин Бакиев Ошко келгенде, дал ушул Мырзакматов мурунку президентти тосуп алган. Ошто башталган жана болуп жаткан чыр-чатакка, биринчи кезекте биздин шаардын мэри күнөөлүү. Ал Ошто иштеп турган учурда, бул жерде тынчтык болбойт.
- Бизге Тимур Камчыбеков айтты, Мэрди милиция да, спецназ да эмес, кандайдыр бир куралчан адамдар коргоп жүрөт деп. Бул эмне, бандиттерби?
- Мен билбейт экем, Тимур Камчыбеков Мелис Мырзакматов менен көптөн бери иштейт, ал мага караганда жакшы билет. Мэрди кандай адамдар курчап жүрөт, мен билбейм.
- Бул окуялардын артында кимдер турат? Тынч үйлөргө кол салган бандиттерди ким куралдандырган?
- Ким экендигин айтыш үчүн кайсы-бир далилдер болуш керек. Бул боюнча атайын кызматтар аракеттениш керек.
Мелис Мырзакматов өзүнүн рейтингин көтөрүш үчүн акыркы учурларда ар кайсы жерлерде кандайдыр бир кагылыштарды уюштура коюп, бирок кайра аларды өзү жойгонго аракеттенип келди. Андан соң, баарын жалгыз гана ошол басып жаткандай болуп, "эгер мен болбосом, этникалык чыр-чатак болуп кетмек" деген сыяктуу маалымат жыйындарын өткөрүп турду. Болуп өткөн окуяларга анын түздөн - түз тиешеси бар. Албетте, муну далилдеш керек, бирок, эл муну ансыз да билет. Кыргыздар да, өзбектер да бул окуяларга Ош шаарынын мэринин түздөн-түз катыштыгы бар экендигин билет.
- Болуп өткөн окуяларга мурдагы жетекчилердин жана Бакиев кланынын тиешеси бар деп айтууга болобу?
- Албетте, мен муну бакиевчилердин экинчи реваншы деп эсептейм. Биз, Максим менен Жаныш Бакиевдердин Бишкекте төңкөрүш жасоо боюнча телефон аркылуу сүйлөшкөнүн укпадык беле. Алар экинчи жолу, кайрадан реванш алууга аракеттенди. Анткени, аларда акча абдан көп, керек болсо, алардын акчасы Кыргыз Республикасыныкынан да көп. Мунун артында бакиевчилер турганындыгы анык. Провокация жасаган отуз-кырк адамдан турган топтор бар.
Азыр болсо, Оштун мэриясы биздеги тынчтыктын орношуна тоскоол болуп жатат.
Даниил Кислов,
"Фергана.Ру" 16.06.2010 г.