Учур маек

Феликс Кулов:
"Түштүктөгү жаңжалды уюштурууга тажик жана чечен "боевиктери" даярданышкан"
Өлкөдөгү курч кырдаал тууралуу ММКларда байма-бай орун алган ар кыл саясатчылардын билдирүүлөрүнө улай, эгемен Кыргызстандагы дээрлик бардык орчундуу окуялардын активдүү катышуучусу, белгилүү саясатчы Феликс Кулов менен маек курдум.

- Феликс Шаршенбаевич, учурда өлкөдө акыбал өтө оор. Деги эле генерал катары түштүктөгү окуялардын себептерин эмнеден көрөсүз?
- Мен эң биринчи кезекте, бул окуяны толугу менен мурдагы президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев уюштурганын баса белгилейм. Тээ апрель айынын ортосунда эле булар Москвадан атайын даярдыктагы согушчан адамдарды жалдашкан. Алар 90-жылдары Тажикстанда болгон жарандык согуш учурунда ар кандай оор кылмыштары үчүн күнөөлөнүп, издөөдө жүргөн адамдар. Айрымдары чечен согуштарына активдүү катышкан согушчандар. Булар бир ай бою, Кыргызстандын ар кайсы жеринде ар кыл ыкмадагы чагымчылдык иш-чараларды уюштуруу үчүн дыкат даярдыктан өтүшкөн. Мына жакында болуп өткөн кайгылуу окуялардын өзөгүн ушулар башташкан. Алар снайперлер менен имараттардын үстүлөрүнө чыгып алышып кыргыздарды дагы, өзбектерди дагы атып турушкан. Муну мен тыкыр изилденген ишенимдүү булактарга таянып айтып жатам. Буга улай бизде дагы болуп өткөн чагымдарды Жаныш Бакиев уюштурган деп айтканга негиз бар. Өзүңүздөр билесиздер, Жаныш Бакиев тынчый албай жатат. Аны Максим экөөнүн телефон сүйлөшүүлөрү тастыктап турат. Ал жерде 500 адам жалдап Бишкекте ар кандай терракттарды уюштуруу тууралуу сөз болгон. Биз ушул сүйлөшүүнү гана уктук. Ал эми дагы канча телефон сүйлөшүүлөр болгонун биз билбейбиз да. Болуп өткөн чагымдарды карасаңыз, бир туруп кыргыздардын театрын өрттөшөт. Кайра барып өзбек университетин өрттөшөт. Бир жерде кыргыздардын кварталын сапырып кетишет, кайра барып өзбектердин үйлөрүн өрттөшөт. Анткени, эки тарапты бири-бирине кагыштырыш аларга максат болуп атат. Анысы аз келгенсип, аскердик бөлүктөн БТРди уурдай качышып, куралдарды алышып, милициянын, солдаттардын формасын кийип алышып өзбектерге ок чыгарышкан. Анан ушак чыгарышып, "Кыргызстандын өкмөтү Коргоо министри Исмаил Исаков аркылуу өзбектерди кубалап чыгуу үчүн карапайым элге курал тараткан, аскерлерге атайын өзбектерди атууга буйрук берген. Бул геноцид" деген имиш таратышты. Көрдүңүзбү, алардын ойлору кандай арам болгон. Мунун баары жаңжалды уюштурган адамдар абдан тыкыр даярдангандыгын билдирет. Алардын максаты ушундай ыкмалар аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин элдешкис конфликтке алып келүү болгон. Эгерде ушундай аракеттерди уланта берсек, айласы кеткен өзбектер Каримовго кайрылып жардам сураса, ал өз армиясын Кыргызстанга киргизсе деп ойлошкон.
Ошондуктан менин кеңешим, тез арада ОДКБнын күчтөрүн киргизишибиз керек. антпесе кыргыз армиясы өз алдынча стабилдүүлүктү орнотушу кыйын. Айрымдар айтып атышат, эгерде тынчтык күчтөрү кирсе эгемендигибизди жоготуп алабыз деп. Андай болбойт. Эсиңерде болсо керек, 1990-жылы да ушундай араздашуу болгондо тынчтык күчтөрү аймакка кирген. Биз эгемендигибизди сактап калганбыз. Элестетип жатасызбы, ошол убакта бардык коңшуларыбыз эгемендигин ала башташкан. Эгерде ошол кезде согуш токтобой калганда бизди, "аа булар мамлекет болууга жөндөмсүз экен" деп, Өзбекстан менен Казакстанга кошуп салышмак. Ошондуктан, азыр бизге БУУнун же болбосо ОДКБнын күчтөрү тез арада кириши керек. Ал эми Убактылуу өкмөт буга чейин "все под контролем" деп келишти эле, эми болсо, "абал стабилдүү" деп калыптыр. Өзүң ойлосоң, кайдагы стабилдүүлүк? Чек аранын ары жак, бери жагында 200 миңге жакын качкын турат. Шаарлар талкаланган. Алардын үйлөрү да жок. Гуманитардык катастрофа башталды. Анан кайдагы стабилдүүлүк?
- Окуя башталгандан бери бир топ саясатчылар Ошко кетип атышат. Мирослав Ниязов өзүнүн ротасы менен кетти. А сиз эмнеге барган жоксуз, генерал катары?
- Согуштук аракеттерге таасир этүү үчүн ар бир аракет аскердик тартипте болушу керек. Же, сени мамлекет чакырышы керек, же болбосо, ыктыярдуу топторго кошулуш керек. Мындай учурда мага катардагы аскер болуп баруудан башка жол жок болуп атпайбы. Мен биринчиден - генералмын, экинчиден - мен 60 жаштан ашып калдым. Кечирип коюшсун, мен ал жерге катардагы аскер болуп бара албайм да. Эгерде мага өздөрү отставкадагы генерал катары жоопкерчилик жүктөшсө, албетте бармакмын. Ал гана эмес, бир топ жарандар Убактылуу өкмөткө мени күч органдарындагы жооптуу кызматтардын бирине дайындоо сунушу менен кайрылышкан. Бирок, Убактылуу өкмөт баш тартты. "Кырдаалды өзүбүз жайгарабыз" дешти. Эми бул - алардын укугу. Ошентсе да, Ички иштер министрлигине кырдаалды кантип жайгаруу боюнча сунуштарымды берип жатам. Тартип орнотуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир нече декреттерди чыгарууга жардам бердим.
- Өлкөдө катуу тартипти орнотуу боюнча Убактылуу өкмөт, кандай зарыл чараларды колдонушу керек деп эсептейсиз?
- Биринчиден, элди тез арада куралсыздандырыш керек. Ал үчүн тиешелүү зарыл чараларды колго алуу абзел. Бул жерде коопсуздук кызматынын ролу жогору. Алар күндүр-түндүр иштеши керек. Экинчиден, бардык жердеги чек ара посттору, аскердик бөлүктөр, курал сакталган кампалар катуу кайтарууга алынышы керек. Мен айтып атам, "эгерде өзгөчө кайтаруудагы жерлерге олуттуу коркунуч болсо албетте, тартынбай туруп курал колдонуш керек. Анткени, тартип ушундай" десем "милициялар элден коркуп калды, кантип атабыз, элге ок чыгаруу жакшы эмес го" дешет. Мен тактап айтып коеюн, алар эл эмес! Алар мамлекеттин тынчтыгын бузгусу келген, элге бүлүк салгысы келген арам ойлуу провокаторлор! Андайлар аеосуз жазаланууга тийиш. Анткени, ар бир октун артында адам өмүрү турат. Мамлекеттин бүтүндүгү турат. Бул баарынан маанилүү. Ал эми, 7-апрелдин жөнү башка. Анда Бакиевдин ыплас саясатына кыжырданган эл, кан кечкенине кайыл болуп туруп берди. Ал жерде жалпы элдик көтөрүлүш болду. ал эми бир жерди басып, куралдарды тартып алуунун артында канча адамдын өмүрү, мамлекеттин тагдыры жатат. Ушул эки нерсени айырмалай билиш керек. Ошондуктан, коркунучтуу жагдайда курал колдонуудан башка чара жок. Анткени алар ант берип, погон алышкан. Биринчиден, алар антын бузуп жатышат. Экинчиден, жигит катары дагы туруксуздугун көргөзүп жатышат. Мындай адамды эркек деп айтууга дагы ооз барбайт.
Ал эми, болуп жаткан коркунучтарга каршы эч бөлүнбөстөн чогуу аракеттенишибиз керек. Өзүң жакшы билесиң, 2007-жылы апрель митинги учурунда аны басуу үчүн Ош шаардык ИИБ нин кызматкерлери келишкен. 19-апрель күнү алар провокация жасашып, митингди таратышкандан кийин "биз аркалыктардын сазайын бердик" деп мактанышкан. Бул акмакчылыктын жеткен чеги. Биз бир элбиз, бир журтпуз, бөлүнүүгө эч кандай себеп да жок. Ал эми бул жактан Ошко барып жаткандар дагы ыплас ойдон алыс болуп, "Мен Мекенимди коргогону баратам, элимдин ынтымагын бекемдөө үчүн баратам" деген түшүнүктө болушу керек.
- Эми кайрадан сөз башына келели. Сиз түштүктөгү чагымды Курманбек Бакиевдин жакындары уюштурду дедиңиз. Балким буга кошумча дагы башка күчтөр барбы? Мисалы, айрымдар муну Өзбекстан бийлигинин инсценировкасы деп жүрүшөт. Кай бирлери Кадыржан Батыровду күнөөлөшүүдө.
- Мен Өзбекстандын бийлиги жасады дегенге кошула албайм. Бул маалымат чындыкка коошпойт. Анткени, Анжиян окуясынан кийин Өзбек бийлиги тынчтык орнотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп келе жатышат. Каримов кайрадан ошол ызы-чуу кайталанышын каалабайт. Мен бул тууралуу Өзбекстан бийлигинин позициясын жакшы билем, органда иштеген адам катары. Анткени мен премьер-министр болуп турганда биздин ар бир жолугушуубузда түштүктөгү, Фергана аймагындагы тынчтык тууралуу сөз болуп турчу. Ошондуктан, мен муну бир гана Жаныш Бакиевден көрөм. Менде башка вариант жок.
Ал эми Кадыржан Батыровго келсек, бул окуяга анын кыйыр түрдө тиешеси бар. Анткени, ал киши кимдир бирөөнү "ат, өлтүр" деп атайын провокация даярдабаса да элге жакпаган, айрыкча өзбектердин нааразычылыгын жараткан реалдуу эмес талаптарды көтөрүп турган. Анын артынан ээрчиген айрым фанаттар муну өз амбициялары үчүн колдонгон. Мисалга алсак, өзбек тилине "расмий тил" деген статус берүү боюнча талап. Мындан тышкары, түштүктөгү күч органдарынын жетекчилерин эки улуттун өкүлдөрүнөн теңме-тең коюу сыяктуу реалдуу чындыкка төп келбеген талаптар бар. Керек болсо, өзбектер өздөрү айтып атышат, Кыргызстанда биз үчүн Өзбекстандагыдан дагы жакшы шарт түзүлгөн, биздин укугубузду эч ким бузган жок, каалаганыбыздай жашап жатабыз, ашыкча талап коюунун эмне кереги бар деп. Бул маселеге керек болсо, Өзбекстан бийлиги да каршы болду.
Мындан тышкары, Батыров дагы бир чоң ката кетирген. Жалал-Абад мамлекеттик администрациясын бошотуу үчүн "Ата Мекен" партиясынын адамдары менен Батыровдун жактоочулары биригишип, бакиевчилерди кубалашкан. Тейит айылындагы Бакиевдин үйлөрүн, кыргыз желегин өрттөшкөн. Ушул окуядан кийин Жалал-Абаддын стадионунда 8 миң адам чогулушуп, "өзбектер менен ынтымакта жашайбыз, бирок Батыровду камакка алгыла" деген талап коюшкан. Алар Бакиевди колдоо үчүн чыгышкан эмес, керек болсо өздөрү жек көрүшкөн. Бирок кыргыздардын үйүн, болгондо дагы мурдагы президенттин үйүн өзбек улутундагылар кыргыз желеги менен кошо өрттөшкөнү үчүн кыжырданышкан. Логика менен алып карасаң туура да. Алардын талаптарын түшүнсө болот. Эмне үчүн кыргыздардын ички маселесине өзбектер кийлигишүүсү керек? Алар ансыз да өздөрү эсептешип алышмак да. Мына ушул жерден чоң ката кеткен. Алар эмне үчүн "Батыров кыргыздарга каршы саясат жүргүзүп атат" деп нааразы болуп жатышат.
- Кечээ Роза Отунбаева референдум өткөрүү чечими күчүндө каларын айтты. Буга оюңуз кандай?
- Мен бул тууралуу БУУнун эксперттери менен сүйлөштүм. Алар айтып атышат, "Эгерде референдумга Ош, Жалал-Абад катышпаса, анда ал Баш мыйзамды кантип тааныйбыз? Эгерде биз бул референдумду тааный турган болсок, Кыргызстандагы трайбалисттик бөлүнүүлөрдү тааныган болуп калабыз. Бизге Кыргызстандын бүтүндүгү керек. Убактылуу өкмөт жалпы абалды эске албай, бир гана референдумду ойлоп жатышат" дешти. Мен бул пикирге макулмун. Буга чейин Убактылуу өкмөттү эч качан сындаган эмесмин. Бирок, алар бүгүнкү күндө кокустуктан эмес, ойлонулган каталарды кетирип жатканы өкүнүчтүү. Мындай учурда кантип мен унчукпай тура алам? Ошондуктан, референдумду токтото туруу керек. Албетте, алар менин кеңешимди эске албасын билем. Ошентсе да, айтып коюу милдетим деп эсептейм. Эгерде алар өткөрөбүз деп чечишсе, өткөрүшөт. Ага эл өз баасын берет.
Маектешкен Адилет АЙТИКЕЕВ
(уландысы кийинки санда)

Гезитибиздин кийинки санында 1990-жылдагы Ош окуясы, Акаев менен Бакиев, жогорку эшелондогу бир топ интригалар, айтор буга чейин белгисиз болуп келген кызык жагдайлар тууралуу сөз болот.