Тактоо

Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилинин Президенти , Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Р. И. Отунбаевага Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басарлары О. Ч. Текебаевге, А.А. Бекназаровго
"Кыргызайылтехсервис" лизингдик компаниясынын жамаатынан

Кайрылуу
Урматтуу Роза Исаковна, Өмүрбек Чиркешович жана Азимбек
Анаркулович!
Кыргыз элибиз башынан оор, кайгылуу кырдаалды өткөзүп жаткан учур. Акыйкатсыз бийликке каршы чыгып, далай эр азаматтарыбыз шейит кетти. Кан жуткан ата-энелердин, ага-эжелердин көз жашы кургай электе, минтип түштүктө кандуу окуялар кайталанып жатат.
"Алиби" гезитинин 11- июндагы (2010-ж. № 32(097) чыккан санында "Кыргызайылтехсервис" лизингдик компаниясынын профсоюз төрагасы Жумагулов А. Д, жана 38 адамдан турган жамаатынынын Убактылуу Өкмөттүн төрайымына жана анын орун басарларына жасаган кайрылуусу жарыяланган. Мурдагы канкор президенттин инилеринин, бир туугандарынын касам ичирип, тапшырып кеткен иштерин жан дили менен аткарып жаткан Молдокулов Такендин "Кыргызайылтехсервистин" "жамааты" деп, жок жамаатты жамынып, эл арасында өзүн коомдук ишмер кылып көрсөтүп, элге күйгөн киши болуп бирөөнү каралап жатканына күйүп, биз да аргасыздан кайрылып жатабыз.
Туура, компания 1997-жылы түзүлүп, карамагына 12 мекеме, 145 трактор, 65 комбайн, баары 71 миллиондук уставдык капиталы болгон. Ушул мүлктүн тегерегинде 21 филиал, 4 өндүрүштүк бөлүмчө түзүлгөн. Бул компанияда Асанов К., Эгембердиев Т.Б., Эргашев В. жана Рахманов П.П. дегендер иштеп келишкен. Компаниянын мамлекетке 2003-жылга чейин эле Япон грантына 200 миллион сом карызы болсо, ошол учурда 5 (беш) гана миллион сом мамлекетке кайтарылган. Ал эми Бегалиев Мырзабек 2003 - жылдын ноябрь айынан баштап, 2006-жылдын январь айына чейин мамлекетке 61 миллион сом каражатты кайтарган. Натыйжада, компаниянын келечеги көрүнө баштаган болучу.
Ал эми, 2006-ж. ушул компаниянын мүлкүнө кызыккан Бакиевчилер жалган жалаа менен аны иштен алып, алты күн камап, компаниянын мүлкүн бир заматта менчиктештирип алышкан. 11 өндүрүштүк база, 153 трактор, 60 га жакын комбайн, эсепте 1,3 миллион сом, бардыгы 190 миллиондук жарактуу актив бар эле ошол кезде. Азыркы убактачы? Азыркы күндө мунун баары белгисиз, мыйзамсыз түрдө таланып, Бакиевчилерде турат. Ал эми Т. Молдокуловдун ушул мыйзамсыз жасалган иштерде үлүшү бар экендигин айтпасак да түшүнүктүү.
Бегалиев М. А. 2006-жылкы кысымдан кийин соттун бардык баскычтарынан өтүп, акталып, утуп чыккан. Ал ишке биз да күбө болгонбуз. Бийлик аргасыздан 2009-ж. апрель айында компанияны жандандыруу иретинде аны жетекчиликке кайрадан дайындаган. Мурдагы жетекчи Абдуллаев Р. жана орун басары Молдокулов Т. бир жума өтпөй эле Жаныш Бакиев, Улукбек Ормонов жана Бектур Зулпуевдердин колдоосу менен Мамлекеттик мүлк комитетин сотко берип, иштен кетпөөнү чечишкен. Анткени, алар кызматынан кетип калса, мыйзамсыз иштеринин бети ачылмак. Молдокулов Т. болгон күчүн жумшап, Абдуллаевге орун басар эмес, адвокат болуп алган. Бирок, алар райондук соттон утулуп, ага карабастан, кабинеттерди талкалап, документтерди жоготууга аракет жасап, мыйзамсыз сатылган мүлктү мөөр аркылуу менчиктештирүү болгон. Бирок, компаниянын мөөрү бүгүнкү күнгө чейин алардын колунда эмес. Ал эми Молдокулов Т. учурда кимдин дайындоосу жана кайсы мөөр менен иштеп жатканы бизди таң калтырат.
Учурунда Турдумамбетов чогулуш өткөрбөстөн эле, аны кабинеттен мыйзамсыз дайындаган. Анткени, Молдокулов алардын Бишкектеги, Токмоктогу, Оштогу менчиктештирип алган чоң-чоң кыймылсыз мүлктөрүн жашырып, жаап бермек. Чынында эле ошондой болду. Азыркы учурда, ошол мүлктөрдү башкарып келген мекемелердин жетекчилери арыз-армандарын кайда, кимге айтаары белгисиз.
Ал эми Бегалиев М. А. компанияга жетекчи болоюн деп суранган эмес. Апрель окуяларынан кийин Жумгал районунда сегиз күнү сегиз адам аким болобуз деп орун талашып, отуруп чыккандыгын баарыбыз билебиз. Ошондой кыйын кырдаалда Бегалиев М. А. Убактылуу өкмөттүн декрети менен аким болуп дайындалып, аны эл туура кабыл алып, эки ай иштеп, айыл өкмөттөрдөгү кыйын акыбалды оңдоп, чечилбеген Кара -Кече маселесин өкмөт менен бирдикте чечип, Жумгалдын жолуна деп, бирок, ортодо жок болуп кеткен 43 миллион сомдук каражатты кайрадан кайтарууга жетишкен. Ал киши өкмөт менен макулдашкандан соң гана ал жактан кызматтан бошоп, Бишкекке келгендиги белгилүү.
Ал эми "Молдокулов ишке белсене киришип, компанияны жандандыра баштады" деген күлкү келерлик нерсе. Бул Молдокуловдун ойлоп тапкан чагымчылдыгы- мурдагы бийликтен үйрөнгөн нерсеси. Анткени, алдын ала каралоо менен өз мүдөөсүнө жетүү. Өзүн коомдук ишмер деп санаган Молдокулов 2002-ж. аталган компаниянын мүлкүн туура эмес пайдаланганы үчүн Панфилов райондук сотунун чечими менен 525382 сом доо коюлуп, иштен четтетилген.
Азыркы учурда жүздөгөн лизингге техника алып, өз учурунда эсептеше албай калгандар, компаниянын конторасы кайда экенин биле албай кыйналууда. Компаниянын кеңсесин Молдокулов өзүнүн менчик юридикалык фирмасына айландырып алган. Биз билген складдагы япон гранты аркылуу дыйкандарга келген он сегиз миллион запастык бөлүктөрдүн канчасы жок болгондугу белгисиз. Эгер алар сатылса, акчасы мамлекетке кайтарылыш керек болчу. Ошондой эле, элде турган 18 миллион акча каражат мамлекетке кайтарылабы же Молдокулов эбин таап, өз "жамааты" менен чөнтөккө салабы? Түп, Ак-Суу, Жайыл райондорундагы, Новопавловка айылындагы, Токмоктогу, Оштогу Кашкар-Кыштак айылындагы, Өзгөндөгү, Кочкордогу чоң-чоң базалар учурунда тракторлорду чогулта турган завод кылууга сунушталган мекемелер болчу. Алардын тагдырычы?
Урматтуу биздин өкмөт жетекчилери! Биз сиздерге жогорудагы компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө мурдараак кайрылганбыз. Тилекке каршы, оюбузду толук жеткиргенчекти, жогоруда өзүн жамаат деп атаган адамдар тобу референдумдун алдында убакытты создуктуруп, аны банкротко алып барууга аракет жасап жатат . Ушул жагдайга сиздерди калыс, так жана чечкиндүү карайт деп ишенебиз.
"Кыргызайылтехсервис" ачык түрдөгү акционердик коом лизинг компаниясынын мурда иштеп кеткен жамааты:
Мураталиев У. - директор
Ибраимов С. - склад башчысы
Молдошев Т. - менеджер
Такырбашева Э. - кадрлар бөлүмү
Абдесова. Т. - бухгалтер
Маданбеков А. - склад башчысы
Досматов М. - менеджер
Бабоснова р. - бухгалтер
Тилегенов Э. - айдоочу
Оморов Б. - лизигнгдик бөлүмдүн башчысы
Орозакунова Б. - текшерүү комиссиясынын мүчөсү
Максутова М. - бухгалтер
Сартбаев О. - тармак башчысы
Айтикеев Ш. - юрист
Азизов А. - тармак башчысы




  Түштүк десе түрүбүз сууп...

Түштүк окуялары түбүбүздү бекемдеди
Эркин мамлекет болуп саналган Кыргызстандын азыркы абалы адам ыйлагыдай болуп турганы менен, улут катары көп жагынан утушка ээ болду. Эл аралык саясый серепчилердин сендиретип жаткан айрым ушак-айың болжоолору канчалык дүйнөгө дүң кылбасын, улут катары кайра бир жаралуунун доору сыяктуу сезилүүдө. Көп улутту кучагына батырган кыргыз журту, өзүнүн улуттук гана аң сезиминдеги чыныгы кыргызчылык кыянаттыктар менен алпурушуп жүрүп, бөлөк улуттардын бөтөн зордук саясатына же мамилесине салмактуу, анан айкөлдүк менен гана мамиле кылып келди. Ачык айтканда, кыргызым башка бир мамлекеттер сыяктуу сыртынан сыпайы көрүнүп, ичтен ириген, ит өлүгүн көмгөн ит жоруктарды кылышкан жок. Кыргыз жеринде кытайы менен дунганы кылы кыйшайбай жашаса, өзбек менен казак баурдастар кыргыздар менен, комуздун үч кылындай болуп турду. Дегеле, дүйнөлүк практиканы карап көргөндө, бир улуттун өкүлдөрү жашаган мамлекетте, бөлөк улуттар бөжөңдөп эле жашашат. Бул чындык. Маселен, орус ичиндеги кыргыздар менен казак баурдастардын койнундагы кыргыздардын жашоосун баарыбыз билебиз. Угуп да жүрөбүз. Эми ойлонуп көргүлө, мамлекетке ээлик кылган элдин ичинде жашаган бөлөк улуттар, алар үчүн баш көтөрө алыш керекпи? Керек, эгер достугун ыйык кармап, өздөрү ал өлкөдө жашап жаткандан кийин аны - ыйык мекени, киндик кан тамган Ата Журту катары сезе алса гана. Бирок, биздин койнубузда жашап жаткан улуттар антүүгө дит байлашпай келбедиби. Керек болсо, канатташ жашаган, каныбыз, анан жаныбыз да бир деген казактар кастарын тигип келсе, өзбектер өздөрү гана бек болуп каалагандай жүрдү. Алардын эркин жүргөнү өлкөдөгү элдин эркин жашоосунун белгиси. От кайдан тутанат эле? Мына ушундай улуттардын эркиндигин көргөндө "биз эмнеге өз мекенибизде ушулардай жашай албайбыз?" деген ички сезимдин аңтарылуусунан чыкмак. Кыргызстанда карапайым адамдар үчүн жашоо эркин болгондуктан, кыргыздар бөлөк улуттарды да "аларда биздей эркин жашоого укуктуу" деген түшүнүктүн айынан улуттар ортосундагы чыр чатактар жокко эсе болуп келди. Көрсө, улут катары намысыңды бийик кармоо туура экен. Мамлекеттин ээси катары "жамандын коногу бий" кылбоо сыяктуу түшүнүктөр, түштүк окуяларынан кийин кыргыздын намысын тирилтти. Түштүк тараптагы жашоо шартты, өзбек менен кыргыздардын ымала жашап жатканын же өзбектердин өз билгенин жасап, тайраңдап келгенин биз ачык билген эмеспиз. Туурасына келсек, өзбектер түштүк тараптагы кыргыздарды адам катарына көрбөгөн көрпенделиги ашынып кеткен окуялар арбын. Айталы, көпчүлүк мектептер өзбек тилинде окутулуп, жогорку окуу жайлар өзбек багытында ачылган. Уруп-сабоо көбөйүп, акыркы кезде өзбектер "эй кыргыз, кысып жашай бергилечи, сени миң сомго сатып алам, акча берсем катыныңды деле сатасың кыргыз" таризде сөлтүк сөздөрдү да айтышканын азыр угуп, чачыбыз тик турду. Буларды айтып, "азыркы болуп жаткан түштүк окуялар абдан туура болду" деп айтуу адам аттууга жакпас. Бирок, кыргыздардын буга чейин бугуп келген ич күптүлөрүн чыгарып, мамлекеттин эгеси экенин көрсөтүп, кыр таштап койгону башта сөз кылган дүйнөлүк практиканын жел аргысы тийип, улуттар улут экенин көрсөткөн таасирдин бири бизде болуп жатканын гана атоодобуз. Түштүк окуясында кыргыздар үчүн дагы бир чоң утуш, түштүк-түндүк маселесинин унутта калышы болду. Ооба, бул маселе аябагандай курчуп бараткан эле. Өзгөчө өз көмөчтөрүнө күл тарткан саясатчы сөрөйлөрдүн жоруктарынан улам. Эми ал нерсе унутулуп, жалпы кыргыз биригип, улуттук аң сезимдин айланасында ой жүгүртө баштады. Сыягы "бир элбиз, кыргызга кыргыз гана күйөт, мекенибиз - жалгыз Кыргызстан" таризде. Муну менен бирге, мамилелери келишпеген саясатчылардын да башы бирикти. Баары жалпы Кыргызстандын бейпилдиги үчүн иштөөнү максат кылышты. Бийлик талашып, "ал эски эле, бул мурункунун тарпындысы болчу" дегенди унуткандай түр берет. Анысына, бали! - деп туралы. Бардык иш бүткөндө кайра түтөп кетпесе болгону. Айтор, азырынча Кыргызстан азаптуу күндү башынан кечирип жатканы менен азаматтык иштер арбын болуп, чыныгы биригүүнү сөз менен эмес иш менен жасашып, аргасыздан болсо да акырындан жолго салына баштаганы "мен кыргызмын" дегендердин мээсинде кайнап жатат.
Баймырза Накай